Мыкты аткаруу Роза Аманова

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 1 окт 2024
  • Оомал токмлу,
    Бу заманыбыздын бир пендеси,
    Журогундогу бир ууч мунун, ыйын, зар кайгысын ыр кылып айткан экен,
    Уулумду улгайганда таптым эле,
    Уулума "орук комуз" чаптым эле.

Комментарии • 40

  • @ОоОо-э4ю
    @ОоОо-э4ю 4 года назад +93

    Жашамал бир адамдын муңун угуп,
    Жашырбай айтып берген сырын угуп.
    Жүрөгүм тилингендей тыз-тыз этип,
    Жүрөмүн ичтен сызып, кыңырылып.
    Эмесе, ошол сырды баяндайын,
    Тагдырдын табышмактуу ыры кылып:
    Таластын суусу тынбай шарпылдаган,
    Таластын толкундары тартылбаган.
    Татына бир өйүздөн турак алып,
    Там салдым, жарды күттүм жаркылдаган.
    Терезе тушка тигип бир түп өрүк,
    Теңирим берсе дедим артын маган.
    Биз көргөн бай турмушту кошо көрүп,
    Биз көргөн жай турмушту кошо көрүп,
    Черткилеп жалбырагы тереземи
    Тез эле бой тиреди ошол өрүк.
    Жемиши жерге батпай төгүлгөндө
    Перзенттүү болдум бакыт кошо келип.
    Уулубуз оозангандан өрүк жечү,
    Умтулуп, там-туң басып терип жечү.
    Баланын тили таттуу, аттиң арман!
    Өрүккө тили келей "өлүк" дечү.
    Өнөрү жылда күчөп, улам бийик
    Өйдөкү бутактарын элик дечү.
    Кийимдин сатып келем жаңысынан,
    Таттуунун тандап берем дагысынан.
    Оюнсак уулум бир күн тайып кетип,
    Оң колу сыйрылыптыр далысынан.
    Өрүккө өчөгүштүм сениби деп,
    Бир чака бензин таптым издеп араң.
    Короого камап уулум тыйып салдым,
    Кокустук уланат деп кыйыктандым.
    Уулумдун убалына калдымбы деп,
    Өрүккө жаба бензин куюп салдым.
    Арбайып-тарбайып ал куураганда,
    Араалап, балталадым, кыйып салдым...
    Аттигиң, өрүктү не кыйып салдым?
    Аябай неге бензин куюп салдым?
    Аттигиң, эрке өскөн кулунумду
    Эркине койбой неге кыйыктандым?
    Киндиги туташ тура ал экөөнүн,
    Билбепмин ыйыктыгын ыйык талдын!
    Өрүктүн байкалганда кургаганы,
    Уулумдун күчөй берди чырлаганы.
    Бай турмуш, жай турмушту бүлүндүрүп,
    Башталды тагдырымдын бурганагы.
    Бир чака бензин өрттөп кеткен тура
    Бир өрүк менен кошо бир баламы!
    Өрүктүн байкалганда кургаганы
    Уулумдун күчөй берди кыйнаганы.
    Ушунча жанга батты туйлаганы.
    Далысы сыйрылганы тез айыкты,
    Жүрөгү сыйрылганы кыйнап аны:
    "Өлүгүм, өлүгүм" деп угулгансыйт,
    "Өрүгүм, өрүгүм" деп ыйлаганы.
    Балта чаап мен өрүктүн тамырына,
    Өзүмдүн балта чаапмын тамырыма.
    Сырдуу күү кайрыктары жаңыргансыйт,
    Сыйпалап кол тийгизсем кабыгына.
    Акыры өрүк комуз чапмай болдум
    Өзөктөн чыккан өрүк зарын уга.
    Өрүктүн денесинен кулап жаткан,
    Өлүктүн табытындай сулап жаткан.
    Уулума эм болор деп, дем болор деп
    Капкагын бул комуздун курап жатсам,
    Кыл тагып, ичегиден күүлөгөндө
    Кулагым укмуштуу бир угат дастан.
    Капкагын бул комуздун курап жатсам,
    Кыл тагып, кулактарын бурап жатсам,
    Кулунум баш көтөрүп жаздыгынан
    Кудуңдап, көзү жайнап угат дастан...
    Ошентип, күлүмсүрөп кете берди
    Оо, арман, кышкы таңда бубак баскан.
    Ошентип, жалгызымдан мен айрылдым
    Оо, арман, кышкы таңда бубак баскан.
    Күү ошол бүтүп-бүтпөй чала калып,
    Канатын күүлөй берет сабаланып...
    Көргөндө куурап турган өрүктөрдү
    Көзүмдөн жаш куюлат салааланып.
    Биз канча карагайды кыйып салып,
    Биз канча арчаларды арааладык?!
    Уулумду улгайганда таптым эле,
    Уулума өрүк комуз чаптым эле,
    Ушунум эм болор деп, дем болор деп,
    Уңгусун боеп, тумар тактым эле.
    Акыры өчүн алды жаратылыш,
    Ай, арман, балта чаптым бактыма не?!
    Үн катпай үйүбүздө турат комуз,
    Көргөндүн көңүл оюн бурат комуз.
    Кокустан колуң тийсе кылдарына
    Комуздан муңканган бир чыгат добуш.
    Уулумду улгайганда таптым эле,
    Уулума өрүк комуз чаптым эле...

    • @fatimabeisheeva1511
      @fatimabeisheeva1511 3 года назад +4

      Бул ыр менин журогумдун тупкурундо жашайт. Ушул ырды уксам,😭😭😭менин инимда 7жашында чарчап калган. Ушул ыр инимдин каза болгон кунун эстетет. Инимди катуу сагынганда угуп ыйлып-ыйлап алам 😭😭😭😭. Ээ Алла инимди Жаннаттык кыл🤲🤲🤲 😭😭периште болуп учуп жургондой эле сезилет мага🥺🥺🥺🤲🤲🤲

    • @aijamalaijamal1339
      @aijamalaijamal1339 3 года назад

      @@fatimabeisheeva1511 сизге сабыр тилейм бир боорунду жоготуш оор экенин билем буулугуп ыйлап женилдейсинго

    • @Айчолпон-и3э
      @Айчолпон-и3э Год назад

      Өтө туура сонун ❤

  • @МедеткановаБактыгуль

    Жашамал бир адамдын муңун угуп,
    Жашырбай айтып берген сырын угуп.
    Жүрөгүм тилингендей тыз-тыз этип,
    Жүрөмүн ичтен сызып, кыңырылып.
    Эмесе, ошол сырды баяндайын,
    Тагдырдын табышмактуу ыры кылып:
    Таластын суусу тынбай шарпылдаган,
    Таңкы кез толкундары тартылбаган.
    Татына бир өйүздөн турак алып,
    Там салдым, жарды күттүм жаркылдаган.
    Терезе тушка тигип бир түп өрүк,
    Теңирим берсе дедим артын мага.
    Биз көргөн бай турмушту кошо көрүп,
    Биз көргөн жай турмушту кошо көрүп,
    Черткилеп тереземди бутактары
    Тез эле бой тиреди ошол өрүк.
    Жемиши жерге батпай төгүлгөндө,
    Перзенттүү болдум бакыт кошо келип.
    Уулубуз оозангандан өрүк жечү,
    Улам бирин кармалап терип жечү.
    Баланын тили таттуу, аттиң арман!
    Өрүккө тили келбей "өлүк" дечү.
    Өнөрү жылда күчөп, чоңойгону
    Өйдөкү бутактарын эликтөөчү.
    Кийимдин сатып келем жаңысынан,
    Таттуунун тандап берем дагысынан.
    Оюнсак уулум бир күн тайып кетип,
    Оң колу сыйрылыптыр далысынан.
    Өрүккө өчөгүштүм сениби деп,
    Бир чака бензин алдым АЗСыдан.
    Короого камап уулум тыйып салдым,
    Кокустук уланат деп кыйыктандым.
    Уулумдун убалына калбасын деп,
    Өрүккө жаба бензин куюп салдым.
    Арбайып-тарбайып ал куураганда,
    Араалап, тал түбүнөн кыйып салдым...
    Аттигиң, өрүктү не кыйып салдым?
    Аябай неге бензин куюп салдым?
    Эрке өскөн кулунумду аттигиң ай
    Эркине койбой неге кыйыктандым?
    Киндиги туташ тура ал экөөнүн,
    Билбепмин касиетин ыйык талдын!
    Өрүктүн байкалганда куураганы,
    Уулумдун күчөй берди чырлаганы.
    Бай турмуш, жай турмушту бүлүндүрүп,
    Башталды тагдырымдын бурганагы.
    Бир чака бензин өрттөп кеткен тура
    Ал өрүк менен кошо бир баламы!
    Уулумдун улам күчөп кыйнаганы,
    Ушунча жанга батты чырлаганы.
    Далысы сыйрылганы тез айыкты,
    Жүрөгүнүн сыйрылганы кыйнап аны:
    "Өлүгүм, өлүгүм" деп угулгансыйт,
    "Өрүгүм, өрүгүм" деп ыйлаганы.
    Май куюп ал өрүктүн тамырына,
    Мен өзүм өрт коюпмум тамырыма.
    Сырдуу күү кайрыктары жаңыргансыйт,
    Сыйпалап кол тийгизсем кабыгына.
    Акыры андан комуз чапмай болдум
    Өзөктөн чыккан өрүк зарын уга.
    Өлүктүн табытындай кулап жаткан,
    Өрүктүн устунунан сулап жаткан,
    Каралдым ай эм болор деп, дем болор деп
    Капкагын ал комуздун курап жатсам,
    Кыл тагып, күүгө салып тыңшап көрсөм
    Кулагыма угулгансыйт укмуш дастан.
    Капкагын ал комуздун курап жатсам,
    Кыл тагып, кулактарын бурап жатсам,
    Кулунум баш көтөрүп жаздыгынан
    Кудуңдап, көзү жайнап угат дастан...
    Ошентип, күлүмсүрөп кете берди
    Перзентим, кышкы таңда бубак баскан.
    Жоодурап боюн түзөп кете берди,
    Жалгызым кышкы таңда бубак баскан.
    Күү ошол бүтүп-бүтпөй чала калып,
    Канатын күүлөй берет сабаланып...
    Көргөндө сайын куурап турган өрүктөрдү
    Көзүмдөн жаш куюлат салааланып.
    Биз канча карагайды кыйып салдык
    Биз канча арчаларды арааладык?!
    Уулумду улгайганда таптым эле,
    Уулума өрүк комуз чаптым эле,
    Ушунум эм болор деп, дем болор деп,
    Уңгусуна мончок тумар тактым эле.
    Акыры өчүн алды жаратылыш,
    Ай, арман, балта чаптым бактыма не?!
    Үн катпай үйүбүздө турат комуз,
    Көргөндүн көңүл оюн бурат комуз.
    Кокустан колум тийсе кылдарына
    Комуздан муңканган бир чыгат добуш.
    Божурап эрмек болор уулубуз жок,
    Мүрзөдөй мисиреет салган комуз.
    Комузду кармаганда колума алып,
    Таластын суусу толкуп долуланып,
    Топон суу жерди каптап келаткансыйт
    Суу эмес капкара май болуп алып.
    Түшүмдө өрүкзарга чыга качам,
    Уулумду так көтөрүп колума алып.
    Уулумду улгайганда таптым эле,
    Уулума өрүк комуз чаптым эле...
    Уулумду улгайганда таптым эле,
    Уулума арнап комуз чаптым эле...

  • @niyazabdybekov7105
    @niyazabdybekov7105 4 года назад +18

    Эмне деген талантуу эжебиз.

  • @АОАо-р4в
    @АОАо-р4в 11 месяцев назад +3

    Безумно интересная композиция , хочу перевести на русский язык.

  • @helsinki2493
    @helsinki2493 2 года назад +5

    Роза Аманованын үнү абдан жакшы .! Өзү да, сулуу айым.. мыкты аткаруу !!..

  • @gipartglobal1816
    @gipartglobal1816 8 месяцев назад +1

    Уулумду улгайганда кордум эле уулума орук комуз чаптым эле эмне деген терен саптар

  • @АйданаМамбетова-ф4ц
    @АйданаМамбетова-ф4ц 10 месяцев назад +1

    Бул болгон окуябы укканда ушунчалык элестптип угам коз алдыма элестелип

  • @КыргызбекШарафидинов

    ❤❤

  • @NurelKubatbekov-t4b
    @NurelKubatbekov-t4b 8 месяцев назад +1

    Бирок кыйын экен

  • @aselbakanovna5630
    @aselbakanovna5630 2 года назад +2

    Текст песни

  • @ЫнтымакЖапарбековаЫнтымак

    Роза эже мен сизди жакшы көрөм
    .🤗🤗

  • @ТусяБереке
    @ТусяБереке 5 лет назад +10

    Эже сол кол менен чертет турбайбы ээ? Мынаке тубаса талант деген!

  • @mariatabubaldieva4693
    @mariatabubaldieva4693 Год назад +1

  • @nurzatjursunova6365
    @nurzatjursunova6365 3 года назад +2

    👍👍👍👍👍👍👍

  • @ЖыпаргулНиязахунова

    Роза эжеке сиз аябай сонун айтыптырсыз сизге ийгилик

  • @Жаку-ц8ъ
    @Жаку-ц8ъ Год назад

    💖💖💖💖💖❤️❤️❤️❤️❤️🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬❤️❤️🇰🇬🇰🇬😍😍😍😍😍😍😍

  • @ТалантбекБаймуратов-р6р

    Жене аман болун

  • @ЖумагулЭшматова-ш4у

    ❤Онорун оркундой берсин

  • @beekg4937
    @beekg4937 Год назад

    Соз жок мен жонундо экен го кайран комуз

  • @ЖумагулЭшматова-ш4у

    ❤Онорун оркундой берсин❤

  • @ДжумаказыЧакиев
    @ДжумаказыЧакиев 3 года назад +1

    Толик

  • @tologonanarbaev2528
    @tologonanarbaev2528 Год назад

    Роза аманова мага жакты

  • @manasbektoktonaliev5659
    @manasbektoktonaliev5659 Год назад

    ❤❤❤❤

  • @Жаку-ц8ъ
    @Жаку-ц8ъ Год назад

    👍👍👍👍👍👍

  • @zarianarbekovna8896
    @zarianarbekovna8896 3 года назад +1

    Кумирим элениз 😍

  • @Аіі_Айико
    @Аіі_Айико Год назад

    Привет

  • @АйсакынАйтмаматова

    Алтын эжебиз

  • @КумондлрАйылчиев
    @КумондлрАйылчиев 3 года назад +2

    Роза менин апчемда мен Таластан болом негизинде апчем болот

  • @nazimaabdyzaparova1039
    @nazimaabdyzaparova1039 2 года назад

    Ноту можно?

  • @ЖаннаСултанова-б3о
    @ЖаннаСултанова-б3о 2 года назад

    Кав

  • @КумондлрАйылчиев
    @КумондлрАйылчиев 3 года назад +2

    Роза менин апчемда мен Таластан болом негизинде апчем болот

  • @БаймуратовТалантбек

    Миндеген адамынан айрылдын

  • @АОАо-р4в
    @АОАо-р4в 11 месяцев назад +1

    Всегда плачу когда слышу эту песню

  • @ooganbekov9925
    @ooganbekov9925 3 года назад +2

    Ушунун концертине барбагыла. Афферистер куйосу экоо.