"Ак Шоола" балдар хору - Күндү көздөй баратам (+ текст)

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 15 апр 2023
  • Сөзү, обону: Гульмира Эсенгулова
    Солисттер: Боронбаева Авазкан, Усенкулова Адеми, Арстанбекова Адинай, Асанкожоева Амина
    Текст:
    Шоола чачып күндө, күндө, күндө,
    Күндө жаңы таң атат.
    Уялыңкы гүлдөр, гүлдөр, гүлдөр,
    Көзүн ачып жылмаят.
    Коштоп мени түркүн, түркүн, түркүн,
    Куштар ырдайт үн салсам,
    Гүл аралап күндү, күндү, күндү,
    Күндү көздөй баратам.
    Таң агарса күндө мага
    Салам айтып келип жүр!
    Аппак шоола берем сага,
    Алып кеткин, деди күн.
    Шоола кармап колдорума,
    Кайтам кайра шашыла,
    Аппак шоола берем мына,
    Алгын жетет баарыңа.
    Шоола чачып күндө, күндө, күндө,
    Күндө жаңы таң атат.
    Уялыңкы гүлдөр, гүлдөр, гүлдөр,
    Көзүн ачып жылмаят.
    Коштоп мени түркүн, түркүн, түркүн,
    Куштар ырдайт үн салсам,
    Гүл аралап күндү, күндү, күндү,
    Күндү коздөй баратам.
    Жүргүн, досум, күнгө барып
    Чогуу салам айталы.
    Алып келип асыл журтка,
    Аппак шоола чачалы!
    #АкШоолаБалдарХору #ДетскийХорАкШоола
  • ВидеоклипыВидеоклипы

Комментарии •