Замир Арыкбаев - Кыргыз калкым (+текст)
HTML-код
- Опубликовано: 5 фев 2025
- #2023 #ЗамирАрыкбаев #кыргыз #мурас
Кемер кур, сайма өтүк, ак калпагы,
Кээ бирөө билбейт жүрөт анын баркын.
Элиме белги берип тааныштырган,
Атыңдан кагылайын, кыргыз калкым.
Кайырма:
Кыргыз калкым, кыргыз калкым,
Атыңдан кагылайын, кыргыз калкым.
Үйүнө мейман келсе жүзү жарык,
Кой союп, сыйлай билет ата - салтын.
Кызытып кымыз берип, май жегизген,
Пейлиңден кагылайын, кыргыз калкым.
Кайырма:
Кыргыз калкым, кыргыз калкым,
Пейлиңден кагылайын, кыргыз калкым.
Ак кар тоо, бийиктиктен жаралганбыз
Бир ата, бир энеден таралганбыз.
Булактын тунугундай мөлтүрөгөн
Ак көңүл, ак пейилдүү кыргыз калкым.
Кайырма:
Кыргыз калкым, кыргыз калкым,
Атыңдан кагылайын, кыргыз калкым.
Кыргыз калкым, кыргыз калкым,
Пейлиңден кагылайын, кыргыз калкым.