Эмне үчүн Чынгыз Айтматов президент болгусу келген эмес? / Роза Айтматова / МАЕК

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 1 окт 2024
  • ** ВИДЕОНУ толук жана бөлүп колдонууга тыюу салынат, колдонууга уруксат алынган учурда шилтеме берилүүсү тийиш
    #РозаАйтматова #маек #ЭрнисКыязов

Комментарии • 459

  • @Shortvideo-cd2nj
    @Shortvideo-cd2nj 2 года назад +90

    Мындай рахаттанып бир нерсе көрө элек элем. Тим эле жыргап көрдүм !
    Рахмат чыгармачылык топко🙏

  • @Клара-п6о
    @Клара-п6о 2 года назад +170

    Чынгыз Айтматовдун бир туугандары байлык деп бийлик деп жулунбаган билимдуу адамдар Чынгыз Айтматов кыргыз болуп жаралып калганына сыймыктанам

    • @KYRGYZ-ELI
      @KYRGYZ-ELI Год назад +4

      Кыргыз болуп жаралбаганда жаралмак эмес

    • @МээримБагышова
      @МээримБагышова 3 месяца назад

      ​@@KYRGYZ-ELIКУДАЙ. КЫРГЫЗГА БЕРГЕН,🇰🇬ТУРА.. АЗ ЭЛ МАНАСТЫН УРПАКТАРЫНАН 20% калк жашайт. Деп...80%Абыке,Көбөш, ТАЗБАЙМАТ, Кыргылчалдын урпактары

    • @МээримБагышова
      @МээримБагышова 3 месяца назад +3

      Ооба БАЙКУШ Кыргызстанга 1адам берейин деген тура Кудай....2-3-берсе, көтөрө албайт Кыргыз...7ге 40ка бөлүнүп кетмекпиз....Сиңире албай ...Баркына жетпейбиз😢🇰🇬🫁🇰🇬

    • @Амирбек-к8б
      @Амирбек-к8б 2 месяца назад

      Эн 😢 жаманы Акайди бийликке алып келип,кыргыздын кен байлыгын талап тоноту

    • @Багдоолат
      @Багдоолат 2 месяца назад

      Туура айтасынарЧынгыз Акаевди прездент кылган адаи 15 жыл элдин кыйналганын корсо да Акаевди Илгиз экоо колдоп келишкен

  • @ТинаУсубайева
    @ТинаУсубайева 2 года назад +82

    Керемет,кыргызча суйлогону тан калтырды,таза,нукура

    • @ЖамилаДоотуева-щ7ъ
      @ЖамилаДоотуева-щ7ъ Год назад +1

      Эн ЖОНОКОЙ ,Адам экен .
      Карапайым Роза Айтматова
      Таза нукура ,кыргыз ТАРЫХТА
      Очпос из калтырды !

  • @Berkay706
    @Berkay706 2 года назад +55

    Ушундай улуу инсандардан кобурок интервью алып калыш керек, аябай жакшы элестер👍

  • @faridashatmanova1054
    @faridashatmanova1054 2 года назад +94

    Роза эже физика кыргыз турмушунда деп, сабак отоор эле. Роза эже эн жонокой адам. Бактылуу болунуз.

  • @marleskadyrov2951
    @marleskadyrov2951 2 года назад +180

    Ушундай бир жөнөкөй эле адам экен Роза Айтматова. Мактанса кыйынсыса ушул адамга жарашат. Абдан жакшы маек болуптур. Жакшы таасир алдым... Ушундай адамдардан көп маек алыңызчы Эрнис агай.

  • @chch3283
    @chch3283 2 года назад +118

    Акылы тетик, маданияттуу аял болгон экен. Бизгк да ушундай бактылуу, ыймандуу карылык берилсин, кудайым.

    • @NoName-un3bk
      @NoName-un3bk 2 года назад +2

      Туура айтасыз. Аллах насип кылсын.

    • @БатмабуТургунбаева
      @БатмабуТургунбаева Год назад +2

      Кудайым бизге дагы нускалуу,ыймандуу карылык берсин.
      🙏🙏🙏

    • @БатмабуТургунбаева
      @БатмабуТургунбаева Год назад +3

      Роза Айтматова эжекебиз кыргыз кыздарынын нарктуулугунун үлгүсү..кадырлуу,торколуу 85 жашыңыз кут болсун!👏🤝💐

    • @БатмабуТургунбаева
      @БатмабуТургунбаева Год назад +1

      Эң сонун маектешүү болуптур..Эрниске рахмат.

    • @Miru_Mir.
      @Miru_Mir. Год назад

      Болгон экен эмес, болуп эле туратго.

  • @sjhhevhshjsh6937
    @sjhhevhshjsh6937 2 года назад +41

    Аябай сонун карыптар 85 жашка окшобойт дагы коп жашап Ден соолукта болунуз энеке

  • @aselzhunusbaeva4700
    @aselzhunusbaeva4700 2 года назад +29

    Аябай тын, акылы тунук киши экен жашы 85 барса да . Коп жашаныз дагы

  • @AS-ud4no
    @AS-ud4no 2 года назад +164

    Кайран Гана Таласымдын КЫЗДАРЫ, дуйнону дунгуроткон агасы болсо да, маданияттулугу менен эн алдынкы кыргыздын кызы! Азыркы кыргыз Кыз келиндер тилинерди 2метр кылбай ушул эжекеден УлГУ насаат уйронгуло!!!

    • @kymbathdjdj5573
      @kymbathdjdj5573 2 года назад +10

      Аккан арыктан суу агат демекчи Роза эже Ата энениз Бир туугандарыныздын арбагы колдоп кооп жашап кадырлуу карылык берип бала бакыра небере чеберелер Эл журтунуздун сыймыгы болуп журо бериниз сиздей болуп суйлошкон адамдын созун угуп эле олтургун келет РАХМАТ

    • @БатмаКуюкова-я7ш
      @БатмаКуюкова-я7ш 2 года назад +6

      Эн соонун рахмат эже сиздин жашынызды берсин бизгеда Роза эжеке Акылмандуулуктун белгиси тубундо тупкусу Акылман.рахмат коп жашан дагыда жап жаш экенсиз оомийин. Аллахым колдосун..

    • @РозаКарисова
      @РозаКарисова Год назад +5

      Эже эки дуйно бактылуулук каалайм

    • @zhusup2343
      @zhusup2343 Год назад

      Ай келтирдинизда🥰😇

    • @КалимаБолотова
      @КалимаБолотова Год назад

      Кыз дегендин баарын бир өлчөм менен өлчөй бербе ,кыргыздын кызымын дей ала турган кыздар көп.....

  • @НургулБолотбекова-ь2ц

    Керемет аңгемелешүү болуптур!

  • @rasbekcormsex6895
    @rasbekcormsex6895 2 года назад +21

    Роза Айтматова кандай жонокой кандай жагымдуу аялсыз аа Аллах омур берсин.

  • @anara9712
    @anara9712 2 года назад +38

    Эң мыкты маек болуптур. Роза эжебизге чың ден соолук берсин. Кандай сонун адамдар бар.

    • @Шекер-й8э
      @Шекер-й8э Год назад +2

      Эрнист рахмат сага эң жакшы маектешүү болуптур

  • @DEKAN40K_officlai
    @DEKAN40K_officlai 2 года назад +27

    Аял затына суйлоо маданияты, аял дык сапаты,бир тууганды баалоосу, коптогон сабак болуучу таасирдуу маек болуптур. Ушундай маектеринизди кобойто бериниз, жетишип калыныз, рахмат.

    • @МарааРаддв
      @МарааРаддв Год назад

      Мен.чыныз.айтматовтун..китептерин.жакшы.кором.жамийла.толгонай.биринчи.мугалим.ерте.келген.туруналар.дегенкитептерин.коп.окуйт.елем

    • @ЖакшыбайОморов
      @ЖакшыбайОморов Год назад

      @@МарааРаддв коп китеп окуганыныз корунуп турат 😊

  • @РахатЖапанов
    @РахатЖапанов 2 года назад +40

    Ушул көрсөтүүдөн рахат алдым, жан дүйнөм кудуңдап сүйүнүп калды. Абдан жакшы, таасирдүү жана жөнөкөй маек болуптур. Роза Айтматова апабыздын жөнөкөйлүүгү, билимдүүлүгү сүйлөгөн сөзүнөн эле билинип турат, жөнөкөйлүк адамдагы эң мыкты сапаттарынын бири экендигине, дагы бир ирет ынандым. Роза Айтматовага бактылуу карылык тилеймин. Эрнис агама иштерине албан,албан ийгиликтерди каалаймын, бар болуңуздар!

    • @ИдаятПерханова
      @ИдаятПерханова 27 дней назад

      Биз химбиология факультетинде окучубуз Чынгыз Айтматовдун карындашы деп карап калчубуз ото зынкыйган жонокой эжей болчу, Бактылуу карылык каалайм

  • @gulbayragulbayra711
    @gulbayragulbayra711 2 года назад +34

    Менин эжейим,институтта физикадан сабак берген 1981-1986 жылы окуганмын.Аман болунуз эже көөөп жашаныз

    • @user-ke5ye5jz6j
      @user-ke5ye5jz6j 2 года назад

      Мынча бактылуусуз

    • @АбдыкалыкДосбеков
      @АбдыкалыкДосбеков Год назад

      Тупку Ата тегинизге Аллахымдын Назары тушкон киши экенсиз кооп жашаныз .Эрнис и ним сен табиятын Бир башкача кишини экенсин Рахмат суйлошуп олтургандай болдум белгилуу инсандар мм кобуроок суйлоштур Аллахым раазы болсун

    • @nurbekizrailov6485
      @nurbekizrailov6485 Год назад

      Менин Ушшундай эжем бар экенине сыймыктанам

  • @Нурсултанкасымкулов-г2п

    Айтматов кеменгер улуу инсанда.
    Президент болбогону жакшы болду. Кыргыз элине ыйык инсан катары таза бойдон калды да деп ойлойм. ЭРНИСТ иним сиздин ар бир чыгарышынызды коруп турабыз. А тугул кутобуз. Ишинизге ийгилик! Дайыма жаны чыгарылыштарды кутобуз

    • @ЖамилаДоотуева-щ7ъ
      @ЖамилаДоотуева-щ7ъ Год назад

      Чынкыз, Торок....ович АЙТМАТОВ
      Кыргызсдын Оз Уулу ! Таза нукура
      Инсан ! Талантуу , Акын ! Жазуучу
      Президенти , каалабаганы ,
      ОЗУНУН ,Чыгармачылык ,жолун
      Таланттын , ЧЫН -Дили менен
      Суйгон ! Токмо акын ,писатель
      ТАРЫХТА ,Очпос ,изи калды !!!

  • @ainashkhan7312
    @ainashkhan7312 2 года назад +21

    Керемет майек болду.Роза
    Эже кандай жакшы ангеме айтып берды.Эрнис байке Чон Рахмат!Лайк!

  • @УулканОзонова
    @УулканОзонова 2 года назад +12

    Айтматовдордун уй булолору байлыкка, бийдикке кызыккан да жана жулунган да жок. Булардын уй булолору Илимге,Билимге кызыккан инсандар.

  • @ТурсунканБакировна
    @ТурсунканБакировна 2 года назад +27

    Абдан соонун дил маек болуптур, Розетта эжекенин айткандарын элестетип кино коргондой эле болдум, Эрнис балам рахмат сага, кызыктуу кино коргондой эле жыргап калдым, эжеге ден соолук, коп жашасын ото билимдуу инсан

  • @АйжанТЖаныгулова
    @АйжанТЖаныгулова 2 года назад +27

    Роза эжеке аман болунуз, менде сиздин колунуз коюлган открытка бар, озунуз кол коюп, каалоо тилек жазып бердиниз эле, ошону учун сыймыктанам!!!Ден соолукта болунуз!!!!!

  • @АбдылдаПайзилдауулу-н9ы

    Эрнис агай Кыргыз элине коп салым кошуп келе жатасыз Аллах ыраазы болсун.

  • @ЗинаидаКуменова
    @ЗинаидаКуменова 2 года назад +19

    Роза Төрөкуловна,ден-соолукта болуп,көп жашаңыз.Абдан токтоо,сабырдуу,акылдуу, илимдүү адамсыз.Чынгыз Айтматовдун арбагына сыйынабыз.Кыргыз болуп калганына сыймыктанабыз!Бар болуңуз.Бакыбат,бактылуу карылык берсин,жараткан.

  • @ДашаЖуманалиева
    @ДашаЖуманалиева 2 года назад +18

    Эн сонун маек болуптур! Баракелде! Роза Эженин маеги ото кызыктуу болуптур! Канча укпаган нерселерди уктум. Керемет! Аллахым Эжебизге узун омур, бекем ден соолук, доолоттуу карылыкты насип этсин! Эрнис Мырзага чыгармачылык илхом Берсин!

  • @Миксер-о8з
    @Миксер-о8з 2 года назад +27

    Роза апа мерин мугалимим,адамкерчилиги ото бийик,эн жонокой адам Аллагым эки дуйнонун бактылуулугун берсин.

    • @user-ke5ye5jz6j
      @user-ke5ye5jz6j 2 года назад

      Мынча бактылуу адамсыз

    • @СайраБекжанова-э3ш
      @СайраБекжанова-э3ш Год назад

      Мыкты аял, жөпжөнөкөй түшүнүктүү сөзү менен жагымдуу эжебиз!

    • @МарааРаддв
      @МарааРаддв Год назад

      Коп..китеп.окуган.адам.копту.билет.ансезими.осот..мен.мактанып.атканым.жок.чынгыз.айтматовтун.чыгармаларын.баалап.жаштар.окуш.керек

  • @БарчынайАбдуллаева-б5п

    Пайдалуу маек болуптур 👍. Ыраазычылык сизге.
    Балалыгым эске түштү, Чыңгыз Айтматовдын чыгармалары менен чоңойдум. ,,Кыямат" романын кыргызчасын тапбай орусчасын 3 күндө окуп бүтүргөн элем. Дээрлик бардык чыгармаларын окудум.
    Азыркы жаштар китеп окубай калганы өкүндүрөт.

  • @ЯсноеНебо-ц9ъ
    @ЯсноеНебо-ц9ъ 2 года назад +16

    Кыргызга жаралган бермет эле Чынгыз Айтматов. Кадимкидей китептери эсиме тушуп, Толгонайга боор ооруп ыйладым♥️😔

  • @jarbat1129
    @jarbat1129 2 года назад +30

    Аябай сабаттуумун десе жараша турган Адам десе болот.Кыргыздын сыймыктана турган кызысыз.Аллах раазы болсун.ото жонокой маданияттуу улгу боло турган адам

  • @ainursmailova6648
    @ainursmailova6648 2 года назад +22

    Кандай Гана залкар Адам создорун угуп озумо коп сабак алдым. Роза айым кудайым сизге Ден соолук Жана Узун омур берсин. Мен дагы Кыз келинден институтун бутургом ошол кезде сиздин иштеп жургон кезиниз эле сыртыныздан коруп Чынгыз атанын карындашы деп суктанып учурашып отчу элек. Факультет и башка болгондуктан сизден сабак алалган жокмун. Кудай омур берсин эжеге козу барында барктап сыйлайлы. Эрнст мырза сизге чон Рахмат ишинизге ийгилик. Сиздин беруулорунузду кызыгуу менен кором. Бар болунуз.

    • @АФамилия-к3ч
      @АФамилия-к3ч 2 года назад +1

      Мен да кыз-келиндер институтунда окугам. Роза Айтматованы корот элек. Башка факультете сабак отчу. Чынгыз Айтматовдун карындашы деп кызыгып карап калчубуз. Кудай омурун узак кылсын.

    • @ГулбараНарбаева-э8з
      @ГулбараНарбаева-э8з 2 года назад +1

      Аябай эжени сыйлачубуз.Бизге физикадан сабак берчу.Эже грамодный,аябай таамай суйлогон эже.Коп жашаныз. сизден билим алган студенттер бардыгы жакшы жактарынызды уйрончубуз

  • @kubakubantai4015
    @kubakubantai4015 2 года назад +15

    Кайталангыс көз ирмем, кайталангыс асылдар, эң жакшы кылыпсыз Эрнис мырза!! Азаматсыз, кудай жалгасын сизди! 🙏🙏🙏

  • @ЖыргалКасымова
    @ЖыргалКасымова 2 года назад +31

    Эрнис мырза сизге чон рахмат! Уй-булонуз менен аман-эсен болунуз.

  • @ЗамираЗупуева-щ6ц
    @ЗамираЗупуева-щ6ц 2 года назад +11

    РОЗА ЭЖЕНИН ГУМАНДУУЛУГУН, БИЛИМДУУЛУГУН, ПАТРИОТТУУЛУГУН АЧЫП БЕРДИН.👍👍👍

  • @ТариелТойчубеков-э4г
    @ТариелТойчубеков-э4г 2 года назад +11

    Рахмаат абдаан сонун, мыкты дилмаек болуптур!. Ушул маектин озу эле, бир чоон чыгарма сыяктуу кабылдадым! Автор Эрнис Кыязовго да чоон рахмаат! Иштериниз ийгиликтуу!!! Болсун!...

  • @urumkanzhumalieva2674
    @urumkanzhumalieva2674 2 года назад +20

    Эн сонун тарыхый ангеме болуптур. Розе эжеке сизге ден соолук,омур каалайм. Эрнис иним орконун оркундоп сонун казыналарды жарата бер. Биздин кыргыз элинин нарктуу ,насилибизге суусап турган чагыбыз.

  • @КенжеАмирова-г3в
    @КенжеАмирова-г3в 2 года назад +37

    Эрнис агай,аудио китеп азыркы замандын талабына ото ынгайлу,сизден аудио китептерди дагы коп кутобуз.Роза Айматова менен сонун маек болуптур,Алла ыраазы болсун!

  • @ГулкайырМолошева
    @ГулкайырМолошева 2 года назад +15

    Эрнис ага өмүрүңүз узун болсун! Улуу адамдар менен маектешкен сонун да аябай рахаттандым чоң апам менен сүйлөшкөндөй болдум

  • @СалтанатУрустамова
    @СалтанатУрустамова 2 года назад +14

    Сонун маек болуптур👍👍👍"Тарыхтын актай барактарын"окугам.Нагима апанын Төрөкул атаны бир өмүр күткөнүнө ыйладым...

  • @user-ze4uq9jn3e
    @user-ze4uq9jn3e 2 года назад +12

    Бул Эжени орусча суйлосо керек дечелем простой эн жакшы эже Аллахым разы болсун сизден эн жакшы маек болуптур

  • @АйжамалБактыбек
    @АйжамалБактыбек 2 года назад +10

    Эрнис Кыязов ото чон Рахмат сизге.👍🏻👍🏻

  • @БакынКалиллаева
    @БакынКалиллаева 2 года назад +23

    Кыргыздын сыймыгы,нарктуу байбиче Роза эже коп жашаныз!Эрнис
    ишине ийгилик,аудио китептеринди кунт коюп угам,китеп окуганды жакшы корчу элем азыр сенин аудио китептерине оттум,

  • @НазираАкматова-щ8ъ
    @НазираАкматова-щ8ъ 2 года назад +26

    АСЫЛ РОЗЕТТА ЭЖЕКЕ Сак-саламат амандыкта бар болунуз! Эрнис мырза, мындай керемет тарыхый эскеруулорду жаздырып, кийинки урпактар учун мурас катары калтырсам деген демилгенизге ыраазычылык билдиребиз. Ийгилик, чыгармачылык изденуулор жылоолосун

  • @БИРБОЛЫНТЫМАК
    @БИРБОЛЫНТЫМАК 2 года назад +13

    Интелегент деген ушундай уй було,кандай гана сонун адамдар мына кыргыздар ушундай адамдар коп болсун

  • @istedigini_sec_ve_olustur
    @istedigini_sec_ve_olustur 2 года назад +30

    Аябай күчтүү, сонун аял экен. Мен өтө баа берем. Темир аял баарын көтөрүп акылы менен калчап акыры жеңишке жетип карылыктын бакытын сезип жашап калды.

  • @Доброзлопобедит
    @Доброзлопобедит 2 года назад +11

    Кандай кана баалуу адамдар болот ээ заманда!!
    Биз учун чон сыймык, Чынгыз Айтматовдордун заманында жашоо.

  • @Robasrafi
    @Robasrafi 2 года назад +15

    Ооба мен дагы, сиздин аудио китептерди укканда, каармандарга аралашып, ыйласа ыйлап, күлсө күлүп угам. Сизге аудио китептериңиз үчүн абдан ыраазычылык. Башка өлкөдө жашаганыма байланыштуу, кыргыз тилинде, орус тилинде китептер жок. Сиздин аудио китептериңизди калтырбай угам. Азыркы учурда Сынган Кылычты угуп жатам. Окуучулук кезде окуган элем. Сиздин интонацияңыз, үнүңүз абдан сонун.

    • @КапарКамчыбеков-м4ь
      @КапарКамчыбеков-м4ь Год назад

      Аскар Акаев белгилуу жана билимдуу окумуштуу болгон менен президент болом,деп озун жаман коргозуп алды...Чынгыз Айтматов атабыз ото акылдуу,алдын ала коро билген кеменгер адам да,Горбачев сунуштаса да болбой,президенттиктен баш тартып,тарыхта таза жана улуу жазуучу,ойчул адам катары калды...

  • @УулкелсинОсмоналива
    @УулкелсинОсмоналива 2 года назад +11

    Сонун адамдар ,коп жашаныз ден соолукта болгула

  • @Nurbek8523
    @Nurbek8523 2 года назад +28

    Илимдуу билимдуу инсандарыбыз коп болсун сонун маек болуптур Аллахым ыраазы болсун

  • @БекмирКудайбергенов-щ3я

    Айтматовдордун уй булоосу жонундо угуудан тажабайбыз го,керемет маек болуптур👍👍👍👍

  • @АйбекНышанов-ы1ь
    @АйбекНышанов-ы1ь 2 года назад +11

    Сонун майек болуптур , Эрнст сага чоон рахмат ишине ийгилик

  • @МайрамЧоткараева-е8ч
    @МайрамЧоткараева-е8ч 2 года назад +10

    Керемет аңгеме болуптур! Уккуң эле келет.
    Роза апага бекем ден соолук, дөөлөттүү карылык каалайм, бар болуңуз!
    Эрнис мырзанын ишине ийгилик.

  • @БагышбекБазилов
    @БагышбекБазилов 2 года назад +4

    Жийде айылында ошол там дагы эле бар,сиздерди ушу убакка чейин
    Жийде Эли сыймыктануу менен эскеришет.

  • @suban9996
    @suban9996 2 года назад +12

    Өтө сонун маек болуптур. 👍👍👍

  • @faridausakbaeva9078
    @faridausakbaeva9078 2 года назад +5

    Билим менен бут Аалам багынткан,
    Калем менен канча элди тааныткан.
    Ойлорунда жашап откон тагдырды,
    Эн озгортпой чыгармага чагылткан.

  • @ТурсуналиГазыбеков
    @ТурсуналиГазыбеков 2 года назад +9

    Чон ырахмат ото жакшы ! Бир китеп окуп эс алгандай таасир калтырды. Роза эже сиз деле жазуучулук менен шуглдансаныз болмок экен.?.

    • @АтомКЖ
      @АтомКЖ 2 года назад +3

      Жазуучулук менен дагы алектенет "Тарыхтын актай барактары"

    • @AbdujapparOmoshov
      @AbdujapparOmoshov 2 месяца назад +1

      Эрнс кыяз аудио критерии жакшы окуйт.

  • @АкайБегалиев
    @АкайБегалиев 2 года назад +9

    Тарыхта кала турган аңгеме болуптур,жакшы.
    Ч.Айтматовдун балдарынан да аңгеме алуу керек,көп нерселер чыгат,мен бул аңгеменин көбүн Ч.Айтматовдун Манас атанын ак кар көк мусу,аңгемесинен окугам.
    Эрниске рахмат.

  • @Мирбек-х9м
    @Мирбек-х9м 2 года назад +10

    Сонун маек болуптур,
    Денсоолукта болунуз Роза эне.

  • @МээримгулТурдукулова

    Сонун маек болуптур Роза Айтматованын жөнөкөйлүгү, токтолугу акылдаанышмандуулугу мени абдан таасирленти. Сиз аудио китептеринизди угуп журуп менда таенемден улгайып калган эжекелеримден Аудио маек алып калсам деп ниеттенип журом.

  • @АлымбекДатка11
    @АлымбекДатка11 2 года назад +8

    Эн мыкты...Роза эжеке мынча жонокой,асыл адам!!!!!...Эрнис сага рахмат!

  • @user-bd1ed8tm1p
    @user-bd1ed8tm1p 2 года назад +7

    Ден -соолукта болуңуз, Роза эже! Акыл паразаттуу, терең ойлуу, айкөл, кыраакы, кадырман энелердин күзгүсү болуп аман жүрүңүз!

  • @sanzharsheraliev4947
    @sanzharsheraliev4947 2 года назад +10

    Керемет, сонун маек болуптур,
    Ернис аке ишинизге ийгилик, чыныгы эл агартуучусуз.

  • @ergeshovadalfina5718
    @ergeshovadalfina5718 2 года назад +15

    Аябай жапжаш ко,коз тийбесин 100го чыгыныз эжеке.сизге ден соолук берсин

    • @ОрозбайСеитов
      @ОрозбайСеитов Год назад

      Башынан откон тарыхын кобуроок сурап койбопсунда.

  • @timajusupov4177
    @timajusupov4177 2 года назад +10

    Эрнис аке сизди кочодон корсом колунузду кыса кармап рахматымы айтмакмын. Ушунчалык маанилуу маек болуптур

  • @kozoevakumara
    @kozoevakumara 2 года назад +8

    Сонун маек болуптур!

  • @ЖыпаргулЭмилбекова

    Озу учун жашап озу учун омур сурду ачкылачы архивди бут королу элге кандай мактабагылачы сактай турган адамдар калып кетип атат

  • @asankulovanurai1932
    @asankulovanurai1932 2 года назад +8

    Абдан соонун маек болуптур кызыгып уктум
    Туголбай Казаков аганын да маегин чыгарсаныз

  • @Robasrafi
    @Robasrafi 2 года назад +8

    Эрнис Кыязов сизге чоң рахмат. Тарыхта калчу эң сонун маек болуптур.

  • @МединаКубатбековна-с9м

    Абдан кутуп журдум эле ар кимге жазып , рахмат Эрнст байке мыкты адамсыз !Жакшыны жайылта бериниз .Откондо китебди да тынбай угуп, кечирим туралу ото таасир алган элем .Чын журоктон ыраазымын !🙏🙏🙏

  • @Бишкек2021
    @Бишкек2021 Год назад +4

    Кыргыз элинин асыл кыздарынын бири Роза Айтматова эжебиз менен баарлашуу эң сонун болуптур!
    Кыргыздын кымбат кызысыз Роза эжебизге чың ден- соолук, узак бакубаттуу өмүр, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!
    Кыргыз айымдарынын, кыргыз кыз- келиндеринин баардык тарабынан үлгү тутаар,үлгү алаар улуу
    кызысыз Роза эжеке бар болуңуз, бактылуу болуңуз! Сиздин аңгеме, баяндарыңызды, интервьюларыңызды дайыма көрүп, угуп Чыңгыз Айтматовду көрүп, угуп тургандай болуп жүрөгүбүз кубанып калат! Дагы көп баяндарды, эскерүүлөрдү элге айтып,жазып элибизге дагы көп тартуулайсыз деп ишенебиз! Кылымды карыта жашаңыз бактылуу болуңуз!

  • @nurumjanerlanova1587
    @nurumjanerlanova1587 2 года назад +2

    Алыкул Осмонов жонундо иликтоо кылсаныз

  • @играАбдулла
    @играАбдулла Год назад +1

    Анткени президент болушту Аллах буйруган эмес

  • @АйшекеКурманова
    @АйшекеКурманова 2 года назад +6

    Эң сонун берүү болуптур! Рахмат Эрнис!(Кипрден)

  • @МединаКубатбековна-с9м

    Чыныгыз Айтматов менен Бубусара Бейшеналиевнын суйуусу тууралу кыргызча таппай ,койдум суранам болсо окуп беринизчи . Бул легенда да .

  • @БайышМадазимов-о1л
    @БайышМадазимов-о1л 2 года назад +14

    Кызыктуу маек болуптур.Роза эне коп жашаныз.Улуу инсандын урпагы.

  • @kybatmyrza7716
    @kybatmyrza7716 2 года назад +8

    Роза эже биздин ден соолугу бекем болсун.

  • @МадинаКенжебаева-и7в
    @МадинаКенжебаева-и7в 2 года назад +6

    Рахмат, аябай сонун маек болуптур,ишинерге ийгилик👍

  • @ГульбараАбдрахманова-э5п

    Соонун маек бар болунуз Эжэке!!!

  • @flowerflower7998
    @flowerflower7998 Год назад +6

    Такая мудрая,приятная,добрая женщина.От нее исходит позитив, свет, тепло ❤ Живите долго, дорогая наша Роза эже❤Мне посчастливилось видеть и слышать её,сидеть за одним столом и получить ее книгу с автографом 😊

  • @um9478
    @um9478 2 года назад +8

    Роза эже сизди жакшы кором .Ушунчалык жонокойсуз,сиздин ар бир айтылган создорунуз жакшы тасир берет.Ден соолукта болунуз , балдарыныздын торундо сыйлуу , доолотуу карылыкты каалайм 🤲🤲🤲

  • @БактыгулБалтаева-с3у
    @БактыгулБалтаева-с3у 2 года назад +2

    Эгер Айтматов президент болгондо Кыргызтсан онугуп осуп гулдоп кетмек экен го

  • @НарынгулАбдиева-м2ы
    @НарынгулАбдиева-м2ы 2 года назад +5

    Кандай сонун адамдар,сизге рахмат

  • @ЖолдошбекБайсеитов
    @ЖолдошбекБайсеитов 2 года назад +5

    Эрнистке чон рахмат абдан жакшы ангемелешуу болуптур, ишин ийгиликтуу Болсун.

  • @СалимаЖээнбаева-с8ц

    Чынгыз ажоо болгондо кыргызтанды талатпай кармап калатбеле

  • @gulzhanboston612
    @gulzhanboston612 2 года назад +10

    Менин институтта окуткан эжекем,өмүрүнүз узун болсун.

  • @asankanrustamov6276
    @asankanrustamov6276 2 года назад +5

    Эрнис иним Атана Рахмат эн мыкты маек.Нукура кыргыз тилинде.Боегу жок.

  • @АбдуллаИсманалиев
    @АбдуллаИсманалиев 2 года назад +6

    Ассалом алекум балким Президент болгондо Кыргызстан башкача болобуле

    • @ГулайымКошалиева
      @ГулайымКошалиева 2 года назад

      Анда куумакпыз жанында жалан уурулар курчамак. Ишенчек киши.

    • @buasiaabdugaparova6496
      @buasiaabdugaparova6496 2 года назад

      Сен жана мен онолмоюнча Кыргызстан онолбойт.

  • @МанзураАбылкасымова
    @МанзураАбылкасымова 2 года назад +4

    Рахмат,эжеке,ото маанилуу,эн негизгиси нукура,ото сабаттуу,маданияттуу ,терен ,бир да жасалмалуулук жок маек бериптирсиз,башынан аягына чеин токтобой кордум,Сизге таазим!

  • @БоронбайЧолпонбаев

    Касым Ата журобу былтыр даватта чогу болгонбуз

  • @nurkajannat6327
    @nurkajannat6327 Год назад +2

    Чыңгыз атабызга копия экен Роза апабыз..Аман болуңуз!

  • @irlanilyazumetbekov3008
    @irlanilyazumetbekov3008 2 года назад +9

    Бар болунуз, Роза эжекебиз, данышман, корогоч, токтоо, баардык жакшы сапат сизде бар, Кыргыз элинин дагы бир сыймыгы сиз, Роза Айтматова.

  • @АдинайТынарбекова-п9л

    Кандай сонун керемет кишилер! Каймактар кетип, калдыктар калды….

  • @БектурАпсатаруулу
    @БектурАпсатаруулу 2 года назад +12

    Эн биринчи мер кордум 😇рахмат сизге Эрнис байка дагы коп коп ийгиликтерди каалайбыз

  • @АзерВолк
    @АзерВолк 2 года назад +4

    Менин бугун Алиманды Жайнакты Касымды эстеген кунум деген Толгонайдын монологун ото кооп айтканмын мен 1967 жылы Озгондо торолгонмун эх колумдан келген бирок менин атамдын акчасы жооок болгон бул кишилердин колдоочулары бар болгонда азыр деле кучум жетет колдоочум жокда ☝☝☝☝☝☝☝☝☝

  • @БелекЖаныбеков-й4ф
    @БелекЖаныбеков-й4ф 2 года назад +6

    👏👏👏

  • @ТаттыбекХалматов
    @ТаттыбекХалматов 2 года назад +3

    Өтө сонун дилмаек👍👍👍.
    Кандай керемет жөнөкөй аял,бактылуу эне.Аллахым өмүрүн узуун кылсын🤲

  • @Бара-ы1я
    @Бара-ы1я 2 года назад +7

    Орусча кошпой таптаза кыргызча сүйлөгөнү керемет экен. Уга эле бергиң келет. Эх, кыргыздын баары ушундай сүлөсөк кана! Орусча сүйлөп кыргыз тилин чангандар сабак алса бул кишиден.

  • @ЖийдегулБудуева-ф5ч
    @ЖийдегулБудуева-ф5ч 2 года назад +6

    Аудио китептерди коп коп окуй беринчи. Иште иштегенче угуп жатам. Ишинизге ийгилик.

  • @Aizhamal105
    @Aizhamal105 Год назад +1

    Роза Айтматова И Арабаевада сабак берчу биз студент кезде 90-95 жылдарда

  • @АйжамалБактыбек
    @АйжамалБактыбек 2 года назад +11

    Мен куткон, мен издеген адам менен соонун маек.🤗🤗🤗

    • @ГульзинаМамырова-ю2т
      @ГульзинаМамырова-ю2т 2 года назад

      Чыңгыз атабыз президенттик бийлик үчүн эмес,бийликтин табиятындагы таасирине миллиондордун тагдыры байланыштуу болорлугун искусствонун тилинде ачып көргөзгөн улуу жазуучу.

  • @Гульназмолдоматова
    @Гульназмолдоматова 2 года назад +4

    Эрнис мырза көрүнбөй калдыго деп жүрдүм эле....... эң жакшы маек болуптур, кандай жөнөкөй,улуу адамдар ээ,тарбия алалы.

  • @ЭлмираЖаналиева
    @ЭлмираЖаналиева 2 года назад +2

    КУДАЙ АЙ АДАБИЯТКА КЫЗЫКАН АДАМДАР ЧЫН ЭЛЕ МАТЕМАТИКАГА ШЫГЫ ЖОК БОЛОТ ОКШОБОЙБУ🤭🤭