Роза Айтматова / "ТАРЫХТЫН АКТАЙ БАРАКТАРЫ - 1" / АУДИО КИТЕП

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 8 сен 2024
  • Чыгарманын автору: Роза Айтматова
    Аудио китепти үн коштоп окуган: Эрнис Кыяз
    ** АУДИО КИТЕПТИ толук жана бөлүп колдонууга тыюу салынат, колдонууга уруксат алынган учурда шилтеме берилүүсү тийиш

Комментарии • 43

  • @gulnarakazybekova4924
    @gulnarakazybekova4924 3 года назад +30

    Карагылачы кандай гана таза ЭЛБИЗ.!!! Аманатка кыянаттык кылбаган жана таза ДООР учун ,урпактарынын КЕЛЕЧЕГИ учун, жанын да аябаган, аталарыбызга,агаларыбызга ТААЗИМ!!!

  • @user-rs5zz5qq8x
    @user-rs5zz5qq8x 3 года назад +12

    Кыргыздын каймактарын олтуруп, ошондоле тамырыбызга Балта чабышкан екен 😥😥😥

  • @user-dd9xo2qi1u
    @user-dd9xo2qi1u 2 года назад +5

    Кыргыз үчүн курман аталарыбыз бейиштик болсун! Эрнис агай, сизге чоң рахмат! Дагы да тарыхый китептерди окушуңузду суранам!

  • @syyagulasyranova6612
    @syyagulasyranova6612 3 года назад +25

    Оо нанайым Эрнис унуно баракелде рахмат укем бар бол.Мага окшогондор коп кыргыз китептерине колу жетпегендер.Аралыктан ун менен жеткирип турганынан ананайым кем болбо чырагым

  • @Akmatov_A
    @Akmatov_A 3 года назад +13

    Өттө таасирду аудио китеп экен көзгө жаш алдым экен буйруса Бишкеке барсам сөсүз Ата бейитке барып куран окуймун

  • @user-yp2kd3xv7t
    @user-yp2kd3xv7t 3 года назад +8

    Эрнис биринчиден сага ыраазычылык абдан чон жакшы ишти аткарып жатасын унун ото уккулуктуу ошол заманга жетелеп алып барасын экинчиден бул чыгарма укмуш эстелик сабак алчу жагы коп биздин Мамлекетибиз учун курман болгондордордун жаркын элесине туболук таазим арман кун баары атылбаганда кандай сонун болмокко ...........

  • @aseldaniyarova4120
    @aseldaniyarova4120 21 день назад

    Роза эжекебиз кандай акылдуу, маданияттуу адам. Чыныгы интеллигент! Биздин элибизде ушундай терең ойлогон адамдар көбүрөөк болсун деп тилеймин

  • @emkakanybekov590
    @emkakanybekov590 3 года назад +15

    Чыныгы жигиттер ошол мезгилде өлүп кетиптир😔😔😔

  • @user-df5fr8bc7j
    @user-df5fr8bc7j 2 года назад +3

    Кудай болуп кудай басынтпасын
    Кудайдын көзү түз болсун деп бекер айтпаган да канча куугунтукталып канча балам баласы басмырлап кудай өзү колдоп келген атасы жалган жалаа менен адам аркылуу көрдүк алса балдарына кудай түз көзү менен караган кудайга шүгүр ушундай уул кыздарды жөлөп таяп жаман жолго салбай түз жолду гана эсине салып келген кудайга шүгүр Эрнист Кыязов уулубузга да чооң ыраазычылык

  • @alatoomekenim2856
    @alatoomekenim2856 3 года назад +37

    Роза Торокуловна бул китепти кыргыз тилинде жазганбы же которулдубу?Чынгыз агасынан калышпайт экен, жазуучулук таланты.Энелуу жетим,эрке жетим,деп,энеси канаты менен калкалап,балапандарына "башынды ойдо котор,сен эл душманынын баласы эмессин,атан менен сыймыктан",деп куч-кубат берип,акыры эмгеги кайтып,балдары баары белгилуу инсандар болуп чыгышты. Дуйнону дунгуротуп Чынгыз Айтматов кандай сонун из калтырды,Акаевди адам,деп ишенгени гана болбосо, кайталангыс инсан.Ар бир чыгармасында бир узум уламыш менен тарыхты баяндап койгон.Ушул откон каталыкты кайра кайталабасак экен,кыргыз деген баатыр элдин урпагы жакшы жактан дуйного таанылсак.Жусуп Абрахманов,Баялы Исакеев,Тыныстанов,Арабаев сыяктуу эли учун башын сайган улуу инсандардын курмандыгы бекер кетпесе экен.Алардын ишеничин актай алабызбы же цивилизация- бул баягы эле бай-манапбы биздин тушунукто?Элдин азыркы кайдыгерлиги, жалкоолугу кайрадан акылдууларга бут тосуп, манкурттарга бийликти кармата салганы окундурот.

    • @user-qs5hu7zc6i
      @user-qs5hu7zc6i 2 года назад +2

      Кыргызча жазып өзүм орусча котордум деген интервьюсу бар.

  • @Iskak_krasavchik
    @Iskak_krasavchik 3 года назад +11

    Кыргыздын кыйындары ошондо эле кырылган экен да, алар жашаганда Кыргызстан башкача болот беле...
    Сонун окулган, ыраазычылык!

  • @MairamgulKushubakova
    @MairamgulKushubakova 18 дней назад +1

    Кровь не вода, дейт эмеспи жазуучулук булардын генинде болсо керек да.Рахмат Роза эже,, угуп жатып кайра, кайра ыйладым.

  • @alatoomekenim2856
    @alatoomekenim2856 3 года назад +11

    Жараткан Аллах озу жолун таап,карачы зирек пендеси Бубурайра энени тандаганын,ал кайдыгер болсо,анда кантип жакшылардын кабарын билмек эли?Атасынын керээзи болгон баштыкчаны тапшыра албаса да,"атан олсо да,козун коргон олбосун"деп,акыркы жолу жолуккан карыя да Айтматовдун балдарына акыркы создорун жеткиргенге жетишкенин.Эх,ушул аудио китепти бийлик дегендер да укса,мумкун оз элинин тагдыры менен ойнобой, келечегин ойлошот беле?

  • @user-ty2if5kv6u
    @user-ty2if5kv6u 3 месяца назад +1

    Ошол чыгаан аталар олумго тартылбаганда азыркы жашоолорубуз такыр башкача болмок беле деген ойго келдим, арты кайырлуу болсун🥹

  • @user-df5fr8bc7j
    @user-df5fr8bc7j 2 года назад +1

    Бул окуу эң жакшы заманбап жолу экен Эрнист үнүнө береке

  • @Aidanek77
    @Aidanek77 Год назад +1

    Алтындай эжеке ! Сизди өтө сыйлайм!

  • @user-hs7ck5kx9t
    @user-hs7ck5kx9t 8 месяцев назад +1

    Чыныгы инсандар азыр да иштей албай үйдө
    Азыр иштерман акылдуу өкмөткө кызмат кыла турган инсандар үйдө

  • @user-ke6yy1nj6x
    @user-ke6yy1nj6x 2 года назад +5

    Ушул кунго чейин (24.01.2022) 8200 адам коруптур, угуптур. 820.000 адам укса, бир топ эле адамдын сабаты жоюлмак болуш керек..😏🤔

  • @gulkaiyrtaalaibekkyzy1308
    @gulkaiyrtaalaibekkyzy1308 3 года назад +2

    🇰🇬👍👏👏💕Чон рахмат!

  • @user-vj4yk2jj2j
    @user-vj4yk2jj2j 2 года назад +2

    Сонун окугансыз козго жаш келтирип 💐💐💐💐

  • @juguruk9858
    @juguruk9858 3 года назад +2

    👍👍✔️✊✊👍🏻👍🏻

  • @user-sy3lr7zy7t
    @user-sy3lr7zy7t 2 года назад +1

    Азамат терен разыыычлык❄❄❄❄❄❄

  • @user-pz1uu3wz7r
    @user-pz1uu3wz7r 3 года назад +1

    👏👏👏👏👍👍👍

  • @baktigulyoson7275
    @baktigulyoson7275 Год назад

    Айчуроктун урпагы Роза папабыз журогуно ыйманды уйууткан кечиримду адам экенинзди тушундум
    сиздей кечиримду адамдар кобойсо жашо оной болмок бизи учун канын токон АТАЛАРБЫЗДЫН жаткан жерлери жайлуу босун 🤲🤲🤲😥😥😥

  • @user-rb7ie6jk4f
    @user-rb7ie6jk4f 2 года назад +2

    Кыргыздын каймактарын чыгаан уулдарын олтурушкон экен балким алар тируу болгондо мамлекетибиз башкача система болмок беле

  • @abdulkadirk88
    @abdulkadirk88 3 года назад +5

    Ушул китепке снарий жазып кино тартса. Айабай тасырдуу чыкмак

  • @user-tc4vn1cc1o
    @user-tc4vn1cc1o 3 года назад +2

    Мен чындыкты Эми билдим 2021 4 февраль 😪

  • @juguruk9858
    @juguruk9858 3 года назад +5

    Дагы аудио күтөбүз

  • @ghazgulkalybaeva4174
    @ghazgulkalybaeva4174 2 года назад +2

    Татыктуу урпак бололу жана татыктуу урпактарды тарбиялайлы!

  • @dears621
    @dears621 3 года назад +1

    😭😭😭😭😭

    • @aigulk8326
      @aigulk8326 Год назад +1

      Бубуйра Эжени мен коруп калдым ,абдан кайраттуу , чечкиндуу , созду майын чыгара суйлогон эже эле

  • @premiumaiym
    @premiumaiym Год назад +1

    Абдывахап Нурбаев алкышым чексиз.

  • @user-mp9gk4bx3m
    @user-mp9gk4bx3m 2 года назад

    Ушуну мектепте адабият сабагын окуганда Айтматовдун атасы репрессияда атылып кеткен деп эле айтылчуу мен азыр угуп алып шок болуп жатам😶

  • @user-zh7ke5lt5r
    @user-zh7ke5lt5r Год назад

    Келини Сабиранын каналындагы узундуну коруп калып кызыгуум артып чекеден коруп отурам
    Корустондогу соокторду комгонду бир элестетип ошол жердеги балдарынын ахыбалдарын тушундум
    Чынчыл адамдарыбыз отуп кеткенго чекеден😢

  • @user-yp8tv5se1h
    @user-yp8tv5se1h Год назад

    Менинда Чон Атам репрессияга туш келип Чон Апам 27 жашта 1 бала 2 кыз дагы 2 эгиз балдары менен калыптыр, коп отпой Чон Апам каза болуп андан кийин эгиз балдарда каза болуп калыптыр, кийин чон Атам 8 жыл дегенде аман-эсен эсен кайтып келиптир, Атам эстеп бизге айтып бергенде жаш баладай ыйлайп калат эле...

  • @user-vh3us6ch4n
    @user-vh3us6ch4n 3 года назад +4

    Мынаке сага,санжыранын санжырасы гоо,бул аңгемени Роза Айтматова,Чыңгыз Айтматов акеси көзү өткөндөн кийин жазыптырбы, баары бир генинде,канында бар экен да аа,физика бойунча шугурланса да,бар болсун Роза Айтматова,өз убагында Нагима апасынын граммотныйлыгы да таасирин тийгиздиби дейм да,ал Чыңгыз,Розалардын атасы Төрөкулдун карындаштарынын балдары да,ушуларга окшоп өткүр чыккандары бар бекен аа,Шекерликтердин жээндери..?

  • @user-po3yw6zh5h
    @user-po3yw6zh5h Год назад

    БУЛ ОКУЯНЫ УККАН САЙЫН КӨЗ ЖАШЫМДЫ ТОКТОТО АЛБАЙМ.
    ЧООГУ ЖАНЫНДА АРАЛАШЫП ЖҮРГӨНҮМДӨЙ СЕЗЕМ ӨЗҮМДҮ.😭

  • @user-lt6np7mi2p
    @user-lt6np7mi2p 3 года назад +2

    Кайран гана аталар

  • @user-pg5pe7yk7y
    @user-pg5pe7yk7y 3 года назад +1

    Теңирберди ак сакал сибирден Таласка келиптир.Төрөкул атанын туугандарына балдарына барып койсо болмок экен.

  • @user-gp7ju8wc6h
    @user-gp7ju8wc6h 2 года назад

    Менин Таятам да дайынсыз жок болгон

  • @user-np8vo4be3n
    @user-np8vo4be3n Год назад

    Оурсча, Англисче, дагы кооп тилде которулса жакшы болмок. Бардык башка мамлекеттер да угат эле. Кыргызды ким кордогонун билмек

  • @user-qz8so6mc4e
    @user-qz8so6mc4e 10 месяцев назад

    Үнү бирде чыгып чыкпай жатат