КҮЗГҮ НӨШӨР - ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВ
HTML-код
- Опубликовано: 7 сен 2024
- КҮЗГҮ НӨШӨР
с. Б. Сейитбекова
о. С. Бейшекеев
Сапырылган сары жалбырак,
Санааларга мени азгырат.
Терезеге келип тигилсем,
Үнсүз дарак тиктейт жалдырап.
Кайырма:
Жаш жүрөгүм мынча кайгырды,
Көңүл кушун кимге алдырды.
Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт,
Көздөрүңдөн жааган жамгырбы?
Теребел да мынча көңүлсүз,
Теректер да ойдон бөлүнгүс.
Тегерете курчап буюмдар,
Термелише тиктейт өзүңсүз.
Кайырма:
Болом деген өзүң түбөлүк,
Асман дагы бүркөө түнөрүп.
Өзүң тургай атыңды укканда,
Жүрөгүмдө турчу гүл өнүп.
Кайырма: