Жолдошбек Мамажанов "Алма гүлү"

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 14 окт 2024
  • "Алма гүлү"
    Сөзү : Ж.Сыдыковдуку
    Обону : Ж.Мамажановдуку
    Канча ирет аппак болуп алма гүлү,
    Канча ирет куурап түштү гүлдүн бүрү.
    Калган бейм ал гүлдөрдүн далдаасында,
    Кыз жандап жүргөн кезим кечээ күнү,
    О-о-о-о-о,
    Кыз жандап жүргөн кезим кечээ күнү.
    A-a-a-a-a, O-o-o-o-o.
    Ишенбейм сен "улгайдың" десең мага,
    Боз улан эмес белем кечээ гана.
    Ал кезги махабатты эстеп алып,
    Азыр да жүрөгүмдө сыздайт жара,
    О-о-о-о,
    Азыр да жүрөгүмдө сыздайт жара.
    A-a-a-a-a, O-o-o-o-o.
    Ах, чиркин, сонун мезгил артта калып,
    Түнкү оттой тээ алыстан бүл-бүл жанып.
    Тутантат куса болгон жүрөгүмдү,
    Ээрчитип, өзүн көздөй тартып алып,
    О-о-о-о-о,
    Ээрчитип, өзүн көздөй тартып алып.
    A-a-a-a-a, O-o-o-o-o.
    “Дүрт” этип, махабаттан келсе мээрим,
    Дагы эле келет сага эркелегим.
    Кайдасың, айтсаң боло, кызыл алма?
    Кайдасың жүрөгүмдүн эңсегени?
    О-о-о-о-о,
    Кайдасың жүрөгүмдүн эңсегени?
    A-a-a-a-a, O-o-o-o-o.
    Кайрадан жаз жадырап мына бүгүн,
    Аралап, тиктеп турам алма гүлүн.
    Элесиң көз алдыма келе калып,
    Угулду кулагыма сенин үнүң,
    О-о-о-о-о,
    Угулду кулагыма сенин үнүң.
    А-а-а-а-а, О-о-о-о-о

Комментарии • 63

  • @КокташевНурдин
    @КокташевНурдин 3 года назад +22

    Ушул ырчылар баркталбай калды кайдагы бок жеген курал чокоев наам алды жолдошбек авамды барктай албадык окунучту

    • @BSD860
      @BSD860 Год назад

      Бизнес Эля барктайбыз

  • @valerijscheller3253
    @valerijscheller3253 3 года назад +12

    Безценный талант заслуживает глубокого признания и уважения ,огромный творческий вклад гордость сынов и дочерей Кыргыстана

  • @КайыргулБаатаева
    @КайыргулБаатаева 3 года назад +12

    "КАЙТАЛАНГЫЗ"- деген улуу обончулардын бири.Бейишин берсин .Таазим.

  • @Mairamhan
    @Mairamhan 2 года назад +5

    Жолдошбек Мамажанов человек легенда. Балдары, кыздары сыймыктанып жашагыла ушундай улуу кишинин балдарыбыз деп. Аллахым бейиштин торунон орун берсин.

  • @АнарбекАлакев
    @АнарбекАлакев 2 года назад +3

    Жолдошбек агай жаткан жерин жайлуу болсун,озгочо кайталангыс стилдуу талант эле ,кайран киши.

  • @ЧуйБеловодск
    @ЧуйБеловодск 3 года назад +13

    Мамажановдун озунун аткаруусундагы ырларды жуктогулочу сураныч . Аябай сагындык!

  • @МавланбекКаназаров
    @МавланбекКаназаров 3 года назад +7

    Соонун ыр, моокум канып укканга не жетсин. Жайыныз Жаннаттан болгон болсун 🤲🤲🤲

  • @kubaisabekov2361
    @kubaisabekov2361 3 года назад +6

    Эргип, эргип ырдаган экен агай. Аттин, нукура талант. Азыркыларга наамдын да баркы жок.

  • @Хузайфа-ю1м
    @Хузайфа-ю1м 3 года назад +6

    Кылымда бир жаралчу талант эле, оо Аллахым жанын жаннаттан бер....

  • @КарыпбекАсанов-е3е
    @КарыпбекАсанов-е3е 3 года назад +5

    Жолдошбек байкебиздин ырын угуп чонойдук эле аттин ай азыр байкебиз арабызда жок ырын угуп алып козумо жаш келет жаткан жерин жайлуу болсун 🤲

  • @МансурАкбаров-в7щ
    @МансурАкбаров-в7щ 3 года назад +5

    Унду КУДАЙ берген екен жаннаты да берген болсун

  • @kulnaraabdykulova6408
    @kulnaraabdykulova6408 3 года назад +13

    Кайталангыс талант.унундо соз жок.козунун тируусундо эл артисти наамын берсе болмок

  • @ruslan2110
    @ruslan2110 3 года назад +10

    Жайыныз бейиштен болсун🙏🙏🙏

  • @АлександрИвановичЗиновьев

    Как же он прекрасно исполняет песни, после Рыспайа, на втором месте однозначно.

  • @СардарбекАйдаралиев-е9ц

    Рахмат Гулсина. Жайы жайлуу болсун Акебиздин. Мындай инсан бир жаралат.

  • @rcvjsdg873
    @rcvjsdg873 3 года назад +20

    Ырчылаардын асыл тукуму экен байкебис Бейишин берсин 🌹🥀

    • @АлтынайСыдыкова-р3з
      @АлтынайСыдыкова-р3з 3 года назад +2

      Туура айтасыз асыл тукум ырчывыз болгон экен жайыныз жаннаттан болсун

  • @ФаридаАкматова-р4з

    Улуу талант,ырлары ар бир адамдын журогундо сакталат

  • @sjjxcgsjfs779
    @sjjxcgsjfs779 3 года назад +11

    Атин канча кыздарга тартууладык ал кундордо ыйман сабыр кайталангыс кундор мамажанов озу да ырында да соз жок ал кундор кети ыр дееп ушуну айт

  • @ТБТ-ж5о
    @ТБТ-ж5о 2 месяца назад

    Гулсина саламатсынбы Жолдоштун соонун ырын жибериптирсин ыраазычылык Сага кайраттуулук каалайм Бишкек портал

  • @СкладКладовщиков-н5ф
    @СкладКладовщиков-н5ф 3 года назад +6

    Бизде тируусундо баалабайт ,аккан суунун кадыры жок дегендей.Жолдошбек аке жаткан жериниз жаннаттан болсун .сиздин атыныз эч качан очпойт анткени ырларыныз кылымдан кылымга отуп ырдалып келе берет,эн сидей эч Ким окунучтуусу созолонто ырдай албайт.

    • @Кыргызстанкыргызстан-ж5ж
      @Кыргызстанкыргызстан-ж5ж 3 года назад

      Бир кылымда бир жаралат мындай адамдар ,уну ырдаганы ,келбети аттин жайы жаннаттан болсун ,соз менен жеткируу кыйын

  • @МаксатАкбиев-е4и
    @МаксатАкбиев-е4и 3 года назад +9

    Олбос талант Туболук о жашайт Тушунгон адамга жайыныз жанаттан болсун 🤲🤲

  • @jumagulmamajusova8689
    @jumagulmamajusova8689 Год назад

    Аттиңа кандай талант

  • @barchinaysatarova6404
    @barchinaysatarova6404 3 года назад +3

    Унунузго береке жайыныз жаннатта болсун

  • @mashategin1144
    @mashategin1144 Год назад

    Биздин студенттик кезибиздеги жанган жылдыз кычыраган жигит кези эле

  • @ГульбарчынАйтиева
    @ГульбарчынАйтиева 3 года назад +4

    Элдин журогундо туболук калат

  • @Андрей-ф3р8р
    @Андрей-ф3р8р 2 года назад

    Азамат кайталангыс талант ээси обондорунуз кыргыз элинин журогундо туболукко сакталат

  • @askarmoloshev5308
    @askarmoloshev5308 3 года назад +6

    Легенда

  • @jyldyzatakulova7605
    @jyldyzatakulova7605 3 года назад +5

    Атаганатай алтын ундор

  • @НурмухаммедШукуров-п6и

    Керемет ун

  • @Абвгд-п9ы
    @Абвгд-п9ы 3 года назад +5

    Наам албай отуп кетти кайран киши😢

    • @roseblackpink7689
      @roseblackpink7689 Год назад

      Ушунчалык унутулгус ырларын эл баалап сагынып угат, мындай сыйлыкты эл эчаак берген

  • @АйкаОрозбаева
    @АйкаОрозбаева 3 года назад +1

    Сонун👍👍👏👏👏

  • @BSD860
    @BSD860 3 года назад +4

    Каждый золото но не каждый бриллиант

  • @СагынШакиров-ц4ф
    @СагынШакиров-ц4ф 3 года назад +10

    Болсо жуктоп койунуздар дагын башка озу ырдаган видеолору болосо рахмат

  • @ЭрболиЭржан
    @ЭрболиЭржан 2 года назад

    Кайран киши бейишин берсин Аллах.

  • @savetbekovich2825
    @savetbekovich2825 3 года назад +1

    Жош кезибиз агабыздын ырларын угуп чонойдук

  • @ТалайканИлибаева
    @ТалайканИлибаева 3 года назад +4

    Аттин не деген обондору калды журоктон чыккан,эрте кетип калды эл артисти наамына татыктуу эле жаштыгыбыз эске тушот ырларын бейпил тун радиодон угаар элек кутуп бейишин берсин туболук эмне бар

  • @ФаридаАкматова-р4з

    Эл артисти наамын эл берип койгон

  • @user-dl5vb8dh9n
    @user-dl5vb8dh9n 3 года назад +1

    Эээх жаштык кез ай😪😪

  • @aziztemirkul5780
    @aziztemirkul5780 3 года назад

    Аллахым экоон тен бейиште суйшондлру мн чогуу кылсын, Аминь!!!

  • @АбдибекАбдыразаков
    @АбдибекАбдыразаков 3 года назад +3

    Гульзина эже ушундай чыгармаларды жуктой берин кино жонундо суйлошолу номеринизди таппай журом

  • @ЖамалЖумабаев-л1л
    @ЖамалЖумабаев-л1л 3 года назад

    Ушул ырларды укканда;-Кашкарт досумду эстейм;-ээээх жаштык.

  • @СаддамХусейинСаддамХусейин

    ГулзинаЧотоноваМамажановдунЫрларынанЧыгарыбТурчуСуранычжашКездеСуйубУкчуэлэкНоокат

  • @АдилетРавшанбекУулу-ц1о

    Сонун 👍👍👍

  • @annaaliveya3908
    @annaaliveya3908 2 года назад +1

    Отуп кетти беле

  • @ПолмРодт
    @ПолмРодт 3 года назад +3

    Кайталангыс талантты убагында баалашпады.Бирок калган ырлары ар бир кыргыздын уйундо жанырары шексиз.Адамды озуно тартууда алдына эч кимди чыгарбайт.Автордун аткаруусундай эч ким ырдай албайт.Ошон учун автор да.Жылдыздуу,сулуу ырчым.Бейиши бол.

  • @кыргызкыргыз-т3ъ
    @кыргызкыргыз-т3ъ 3 года назад

    Гулсина эжее! Мен сизди аяваай суйооом,,

  • @БактыгулТурдалиева-ь3б

    Дизлайк ты ким басты экен шумдугун кургурлар мынча ичинер жаман таар, бир кылымга бир жаралган обондор эч качан өчпөйт ырдала берет

    • @Амир-ю2я7л
      @Амир-ю2я7л 2 года назад +2

      Ким басмак эле азыркы сомапал ырчылар басып жатса керек да

  • @Гуливер-с9в
    @Гуливер-с9в 3 года назад +2

    Атинай ......

  • @aziztemirkul5780
    @aziztemirkul5780 3 года назад +6

    Абабыз Таттыбубу энебизди каты суйгон тура

  • @Dron-p5q
    @Dron-p5q Год назад

    дизлайк баскандын баскан колу гонгрена болсун

  • @СанжарбекАжибаев-ж5с

    Ок юг

    • @aruukeurusova3047
      @aruukeurusova3047 2 года назад

      Табылгыс талант, аттин омуру кыска экен, бейиши болсун.

  • @СагынШакиров-ц4ф
    @СагынШакиров-ц4ф 3 года назад +10

    Соз жок

  • @Rahmatali.76
    @Rahmatali.76 Год назад

    Кайрат примбердиев погуна ям Тен келбейт ошол алды агай жоок

  • @airdresserass4547
    @airdresserass4547 3 года назад +10

    Соз жок.Талант.туболуко сыйлап.угуп журобуз..таазим

  • @Айпери-я4я
    @Айпери-я4я Год назад

    Мына сага ыр деп ушуну айт обонго сох жок