Бир ырдын баяны: "Каниет ыры"

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 7 сен 2024
  • Эсенгул Ибраевдин сөзүнө жазылган Гүлмира Айдосованын "Каниет ыры" деген ырынын тарыхы.
    #бирырдынбаяны
    #бирырдынтарыхы
    #эсенгулибраев
    #гүлмираайдосова
    #каниетыры
    #мирланбаеков
    "Каниет ыры"
    Өмүр менен жашымды,
    Арнаймын деп мен элге.
    Мен да жүрөм мекендин,
    Эң керектүү жеринде.
    Өтүп жаткан өмүрдү,
    Токтотууга ал кайда?
    Ага болгон кумарым,
    Жашарткандай ал кайра.
    Түйшүктөнүп кайра эле,
    Түбү бүтпөс санаамдын.
    Ошон үчүн тирүүмүн,
    Ошон үчүн адаммын.
    Мен өмүрдүн четинен,
    Кетилгенин сезгенде.
    Мазем кетип жанымды,
    Батыра албайм эч жерге.
    Күндөр жылат агылып,
    Жамгыр төгүп өткөндөй.
    Жашай албай сагынып,
    Жазды күткөн көктөмдөй.
    Эмне мынча кызылдап,
    Калуучудай кечигип?
    Ал ансайын четинен,
    Өмүр барат кетилип.
    Өнүп чыккан гүл көрдүм,
    Басып өткөн изимден.
    Муңум тарап көңүлдөн,
    Топук кылам ичимден.
    Ошон үчүн тирүүмүн,
    Ошон үчүн адаммын

Комментарии • 9

  • @user-wd1iz6gi6w
    @user-wd1iz6gi6w 8 месяцев назад +1

    Ушул обондун автору Гулмира экенин мен бугун билдим,кандай керемет обон,азаматсын Гулмира.

  • @samaraduishonalieva9024
    @samaraduishonalieva9024 2 месяца назад

    Бул ыр аябай жагат мага.Бул ырды казактар биздики деген жери бар экен.

  • @user-kd6pv2ln2s
    @user-kd6pv2ln2s 3 месяца назад

    Гулмира чын ден соолук,чыгармачылык ийгиликтерди каадайм Аравандан Бекмамат аган.👍👍👍.

  • @user-mk2ui7hd8b
    @user-mk2ui7hd8b Год назад

    👌👍👍😍

  • @user-sn3tc5pp2l
    @user-sn3tc5pp2l 10 месяцев назад

    Эн жакшы обон

  • @alijkaelo6006
    @alijkaelo6006 2 года назад +1

    Сонун

  • @user-tu8lh5sn2m
    @user-tu8lh5sn2m Год назад

    Сонун обон ээээ...

  • @user-yz1ww7fd8w
    @user-yz1ww7fd8w 8 месяцев назад +1

    Ырга патент алыш керек.

  • @user-cq8li6ne6t
    @user-cq8li6ne6t 2 года назад

    Роо