КУДАЙБЕРГЕН КУТУЕВ - Сүйүү балы - кыргызча караоке / текст

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 22 сен 2022
  • 🎵 Гүлзина Өмүрбекованын сөзүнө жазылган Саип Азимбаевдин "Сүйүү балы" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Кудайберген Кутуевдин аткаруусундагы варианты тексти менен.
    🎤КУДАЙБЕРГЕН КУТУЕВ - Сүйүү балы ырынын үнү жок (минус) варианты • Кыргызча минусовка кар...
    🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
    🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
    ✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
    ✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
    ☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
    ☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
    🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
    🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
    🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
    👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
    💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
    Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
    ❗ ЭСКЕРТҮҮ:
    © Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
    #ыркесе #кудайбергенкутуев #суйуубалы #karaoke_kg #yrkese
    ======================================================
    "Сүйүү балы"
    Сөзү: Гүлзина Өмүрбекова
    Обону: Саип Азимбаев
    Кудайберген Кутуев
    ===================
    Нөшөрлөп ээ-жаа бербей жамгыр төксө,
    Жамгырдай толгон карек жашын сепсе.
    Жүрөгүң жашка эзилип келээр беле?
    Жанымдын кыйналганын жаның сезсе.
    Кайырма:
    Сезбеди сагынганым сенин жаның,
    Саргартып кан жүрөктү ажарладың.
    Күтүүдөн күйүп бүттү күлгүн жаным, а,
    Жутпадым сен жыттанган,
    Жутпадым сен жыттанган сүйүү балын.
    Тарта албай убакыттын эрте-кечин,
    Сыялап сырлар төгүп кагаз бетин.
    Кетипсиң кайра келбес сапарыңа,
    Калтырып махабаттын ыр кесесин.
    Кайырма:
    Конбодуң чынарымдын бутагына,
    Кыспадың койнуң толо кучагыңа.
    Түбөлүк тартуу кылып бериптирсиң,
    Карматып кыпкызыл чок тутамыңа.
    Кайырма:
  • ВидеоклипыВидеоклипы

Комментарии • 30

  • @user-sf5pi1kf1q
    @user-sf5pi1kf1q 20 дней назад +1

    Азамат талантын оркундой берсин балдыз

  • @ainagulkokoeva6553
    @ainagulkokoeva6553 2 месяца назад +3

    Эч ким озундой ырдай албайт аман болсун эн сонун азамат!

  • @user-xr5yc3cb1m
    @user-xr5yc3cb1m Год назад +8

    Эн кучтуу талант Кудайберген каякта болдукен Аман болсунчу дарение айтып койгулачы барбы ОЗУ деги талант кучтуу го

  • @user-uw1ev9fd9w
    @user-uw1ev9fd9w 11 месяцев назад +6

    Унуно.береке,азыр угуп балалык эске келди❤😂

  • @samsunggalaxy8084
    @samsunggalaxy8084 Год назад +8

    Кутуевди таап эфирге чыгарсан Чон ачылыштар болот эле мындай голос бир келет

  • @user-it5xw1bi6x
    @user-it5xw1bi6x Год назад +8

    Эн сонун ырдачу,дагы көп ырларды ырдамак.

  • @aisalkynisakova75
    @aisalkynisakova75 5 месяцев назад +2

    Менин студенттик күндөрдөгү ырлар. ⚘⚘⚘

  • @user-fx1vc1ck4e
    @user-fx1vc1ck4e 2 месяца назад +1

    Кутуев,таланту,кудашке,

  • @programservice387
    @programservice387 Год назад +4

    Охххты таудм бул ырды Чаткалдк Тайыр деген байке ырдачуу биздикине Озбекстанга конокко келгенде ке Бир создоры эсимде калганн таудм

  • @user-yy4nv8ux3s
    @user-yy4nv8ux3s Месяц назад +1

    Талантын бары ушунда экее

  • @user-vc6hv5up1b
    @user-vc6hv5up1b Год назад +4

    Балалык кез эске түшөт экен эх кайрылып келсе ээ

  • @user-xn6el9cz2z
    @user-xn6el9cz2z 9 месяцев назад +2

    Кандай сонун аткарган.

  • @Yrkese
    @Yrkese  Год назад +7

    🎵 Гүлзина Өмүрбекованын сөзүнө жазылган Саип Азимбаевдин "Сүйүү балы" ырынын караокеси тексти менен.
    ❤ Достор, ыр жактыбы? Кыргыз ырларын кенен жайылтууга каналга жардам бериңиз:
    👍 ВИДЕОГО ЛАЙК БАСЫҢЫЗ! Бул каналдын өнүгүшүнө чоң түрткү берет!
    📢 СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДА ушул видеону БӨЛҮШҮҢҮЗ (ПОДЕЛИТЬСЯ кнопкасы)!
    📝 КОММЕНТАРИЙ ЖАЗЫҢЫЗ же сунуш / суроо бериңиз - биз дайым жооп беребиз!
    ♫ ♫ ♫ ЫРКЕСЕ каналына жазылыңыз
    Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!

  • @user-gt1qb9mx1w
    @user-gt1qb9mx1w Год назад +3

    Шедевр

  • @user-cv4hg6dt4q
    @user-cv4hg6dt4q Год назад +2

    Керемет.

  • @user-nr2jd4hm9w
    @user-nr2jd4hm9w Год назад +11

    Ушул ырды эчким сендей ырдай албайт.аа деген жерин вапшеле

  • @user-pn2xo9kj8n
    @user-pn2xo9kj8n Год назад +2

    Рахмат

  • @tazaguljakupova8998
    @tazaguljakupova8998 Год назад +7

    биздин мектеп убактагы кундор эске тушот укмуш жагат

  • @amirjigit6441
    @amirjigit6441 3 месяца назад +1

    Ошбазар Радио узел, кайра кайра бакыртчу эле кулак тешилип калганча😂

  • @user-ju2zt5cw3w
    @user-ju2zt5cw3w 10 месяцев назад +3

    Саип Азимбевдин башка дагы ырлары барбы?

  • @user-fx1vc1ck4e
    @user-fx1vc1ck4e 2 месяца назад +2

    2019,масквада,тойдо,бирге,олтурп,сурасак,турсидамындегегн,,ощондо,телефону,алып,ватсапта,суйлошуптурдук,кийтелефонуда,очту,кыргызтандан,розускадамындеген,помни,турсиягада,чакырган,алжака,баралбадым,кыргыстанда,келебергенмин,телефону,очук

  • @Gulnur-sw4pw
    @Gulnur-sw4pw 11 месяцев назад +1

    Бек Борбиевдин унуно окшош эуен

  • @janbolottagaibekuulu2617
    @janbolottagaibekuulu2617 4 месяца назад +1

    Бул ырды Нурлан Насип жаңы ырдап чыккандан бери ырдайм го 😂😂

  • @user-tz5bq2vv8q
    @user-tz5bq2vv8q Год назад +4

    Кутуев Кайда азыр

    • @user-so6qo7qe3n
      @user-so6qo7qe3n Год назад

      Кайтыш болуп кеткен

    • @user-om2ir3zn1c
      @user-om2ir3zn1c Год назад

      @@user-so6qo7qe3n чын элеби

    • @user-ju2zt5cw3w
      @user-ju2zt5cw3w 10 месяцев назад

      Кайда экенин эч ким билбейт. 10 жылдан ашты, " Мен кордум" деген адам жок. Олуп,жерге коюлганын коргондор болсо айткыла.

    • @user-ju2zt5cw3w
      @user-ju2zt5cw3w 10 месяцев назад

      ​@@user-so6qo7qe3n Эмнени негиз кылып айтып жатасыз? Мен чынындада билбеймин,тируубу же о дуйно салганбы. Бир адам жок тируу же олук деген. Канча адамдар издешти,сурашты,дайнын таппай коюшту.

  • @user-on8ze7bb1s
    @user-on8ze7bb1s Год назад +3

    Кутуевдин ырларынын минусовкасын чыгарыныздарчы сураныч.

    • @Yrkese
      @Yrkese  Год назад

      ruclips.net/video/oXOU0Ie8Lj4/видео.html