Жакшы көргөн атым өлөрүн укканда...

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 27 сен 2024
  • Каримбек Кадыркулов - саяпкер
    Тайбас деген белгилүү атым бар болчу. Бир күнү эле эртең менен атам чалып калды. "Карим, тез кел. Атың ооруп жатат. Жатып калды. Мал доктурлар да келди. Укол сайып жатышат, бирок абалы оор" деп. Бишкектен чыгып катуу ылдамдык менен кетип бара жаттым. Ыйлап кетип жатам. Көзүмдөн тып-тып жаш агып... "Менин эң жакшы көргөн атым. Алла, бул өлүп калбасын" деп ичимден зикир чалып.... Үйгө бардым, бирок сарайга кирген жокмун. Дароо даарат алып туруп эки рекет намаз окудум. Атам өзү кичине малдан алысыраак киши. "Өлүп калат, союп сал! Адалдап алалы" деп бычакты сунуп жаткан экен. Үйгө кирип эки рекет намаз окуп чыксам атыбыз ордунан туруптур. Атымды көрүп туруп кайра көздөн жаш кетти да.

Комментарии • 263