Саякбай Каралаев - Каныкейдин Тайторуну чабышы(үзүндү)

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 8 сен 2024

Комментарии • 30

  • @user-jh8tu6gr2t
    @user-jh8tu6gr2t Год назад +18

    Саякбай Каралаев Манасты ото мазмундуу айткан.
    Атабыздын жаткан жери жайлуу болсун.Ыйманы саламат болсун.

  • @user-kz9od4nx6v
    @user-kz9od4nx6v 2 года назад +16

    Бала кунiмде Кызыл алма деген кино коретiнбiз. Сонда осы Манасшынын бейнесi мен даусы есiмде калыпты.
    Керемет, журек дурсiлiн жиi соктырады.

  • @user-zx8th9hn5t
    @user-zx8th9hn5t 9 месяцев назад +9

    Керемет адам болгон экен.

  • @user-jf5rl9vn9n
    @user-jf5rl9vn9n 2 года назад +10

    Каран саябай улуу манасчы 👍❤👏🇰🇬

  • @user-xe8jw6lm6l
    @user-xe8jw6lm6l 4 месяца назад +2

    Керемет

  • @KaRaGaT_BS
    @KaRaGaT_BS 6 месяцев назад +12

    Каныкейдин Тайторуну чабышы.
    Кайран гана энең Каныкей,
    Көңүлү жаман бөлүнүп
    Көзүнүн жашы төгүлүп.
    Казгалдак деген кайран куш
    Кайрылбай учкан талаадан.
    Оргуп турат туура кыр
    Карындан чыккан баладан.
    Ай караңгы бүркөлөт
    Түн эмине болот деп
    Артта калса Тайтору
    Күн эмине болот деп.
    Ошо кезде жеңекең
    Көзүнүн жашы төгүлүп,
    Кабырга сөөгү сөгүлүп.
    Карагаттай кайран көз
    Камчы бою жаш кетип.
    Бөдөнө сындуу кайран көз
    Бөлөк бөлөк жаш кетип.
    Кайран Манас өлгөндө
    Канкордон калган сан дүйнө
    Абыке, Көбөш алты арам
    Камчыга ченеп бөлгөндө.
    Адыбай, Төртай экөөнү
    Майлай келген эмеспи.
    Белдемчинин түбүнө
    Берениңдин дүрбүсүн
    Бир кереги тиер деп
    Берен энең бейтаалай
    Ала келген эмеспи.
    Белдемчинин бүгүнө
    Бек бекиткен дүрбүнү
    Чыңырып алып чыркырап
    Жеңекең акборчук оозун бурду эле
    Аттарга дүрбү сунду эле,
    Аттарды карап турду эле.
    Караса көзгө илинбей,
    Кара баскан Тайтору
    Кайда экени билинбей
    Белгилүү күлүк жан эле
    Берен төрөң өлгөндө
    Катагандын кан Кошой
    Азага берген мал эле.
    Асыйын санап келгенде
    Алтымышка толду эле
    Ушу быйыл Тайтору
    Алтымыш асый болду эле.
    Күн эмине болот деп,
    Дүрбү салып караса
    Калк аманын кааласа
    Көрүнгөндө көрүнүп
    Көрүнбөсө көк мунар
    Көк тумандап бөлүнүп.
    Тоодо калган урчукта
    Томурайган тумшукта
    Кезеңче кырдын жолунда
    Келе жатат Тайтору
    Алтымыш аттын соңунда.
    Алтымыш асый Тайтору
    Эми кайдан жүгүрдү
    Деп ошондо жеңекең
    Чымындай жандай түңүлдү.
    Карагаттай кайран көз
    Камчы бою жаш кетти
    Казгалдак деген кайран куш
    Кайрылбаган талаадан
    Ат чабам деп карабет
    Бүгүн өлөр бекемин
    Кардымдан чыккан баламдан.
    Эбин таап көйнөк кие элек,
    Мен шордуунун эне экенин биле элек.
    Ээликмелүү катын деп,
    Ээлигип жүргөн капыр деп
    Жолуман кармап алат ээ
    Жол үстүнө сүйрөтүп
    Курмандыкка чалат ээ
    Көмүлбөй сөөгүм калат ээ
    Карагаттай кайран көз
    Каркылдап карга оет ээ
    Аяктай болгон ак эмчек
    Ак кажыр чукуп тоет ээ
    Ат чабам деп ээлигип
    Карганын богу болом ээ
    Ай караңгы бүркөлсө
    Түн ушундай экен деп.
    Атаңдын көрү алакчын
    Күн ушундай экен деп.
    Кайран жеңең Каныкей
    Кайра тартып дүрбүнү
    Чыгырыгын имерип
    Чындап көзгө жиберип
    Чыңырып ыйлап чыркырап
    Чындап дүрбү салды эле.
    Жолду тиктеп ошондо
    Ат кабарын алды эле.
    Мына ошондо Тайтору
    Тулпарлыгы көрүнүп
    Туйлаганда кара жер
    Туш тушунан бөлүнүп.
    Туяк тийген жерлери
    Темир бою оюлуп.
    Мына ошондо Тайтору
    Кезеңче кырдын оюнда
    Келе жатат жаныбар
    Отуз буудан соңунда
    Атаңдын көрү дүнүйө
    Көңүлү бөлүнүп
    Көк жал эрдин арбагы
    Көз-көрүнө торуну
    Капырай сүрөп алган көрүнөт.
    Оңжоңдогон кула атын
    Он эки чоро жетелеп.
    Мына ошондо Манаскан
    Көрүнгөндө көрүнүп
    Көрүнбөсө жөн эле
    Көк аскар тоодой көрүнүп.
    Адамдын көөнү бөлүнүп
    Асман мн жериңдин
    Тирөөсүнөн бүткөндөй.
    Айың мн күнүңдүн,
    Бирөзүнөн бүткөндөй
    Ай алдында булуттун
    Салкынынан бүткөндөй
    Аңырайган капчалдын
    Алкымынан бүткөндөй.
    Кыймылдаса кара жер
    Кызыталак канкорго
    Калыңынан түткөндөй.
    Кырк чоронун барысы
    Кыргыл, Бакай карысы
    Кыйкырыгы таш жарат
    Кымбат абаң Бакай кан
    Кыйкырыкты салыптыр.
    Өзүң көргөн кан Манас
    Кошула сүрөп калыптыр.
    Бияк жагын караса
    Айсарала ат минген
    Сары жаргак шым кийген
    Түпөгү жок найза алган
    Жанына жалама кылыч байланган.
    Алтын айдар, чок белбоо
    Азизкандын жалгызы
    Талак кылган буттарын
    Таштап кытай журттарын
    Өлбөгөн жерде калышкан
    Алоокенин Коңурбай
    Тозо келген кезинде
    Алты миң кытай, сан калдай
    Шуру отогот маржан таш
    Лунтуңдун каны аралаш
    Тынбай алты ай салышкан
    Азизкандын Алманбет
    Катар сүрөп алыптыр.
    Бияк жагын карасаң
    Көк ырапыс тон кийген
    Көгала сындуу ат минген
    Кыргыздардын кырааны
    Кан Балтайдын Чубагы
    Алышса адамдын алы жетпеген
    Арстандын тиши өтпөгөн
    Ач кыйкырык куу сүрөн
    Салып ийип Чубакең
    Кошо сүрөп алыптыр.
    Мына ошону көргөндө
    Кайран жеңең долунун
    Көңүлү бөлүнүп
    Көздүн жашы төгүлүп
    Мурдунун суусун тарта албай
    Көздүн жашын арта албай
    Чыңырып ыйлап чыркырап
    Энекең боздоп эле турду буркурап.

  • @Oljobay99
    @Oljobay99 2 месяца назад

    🌍🕊🇰🇬 Кыргыз тарыхы Алга Кыргызстан Саякбай Каралаев керемет Манасчы ✊️💪👏👍🤲🤝

  • @mederbeknurmatov5046
    @mederbeknurmatov5046 10 месяцев назад +5

    Сонун жерине келгенде бутуп калды.

  • @user-nj5kv1tm5t
    @user-nj5kv1tm5t Год назад +5

    👍👍👍👍👍

  • @TorogeldiAzamatov
    @TorogeldiAzamatov 3 месяца назад

    ❤😢

  • @user-cf3jx5xk7s
    @user-cf3jx5xk7s Год назад +7

    Чынгыз Айтматовдон Журналист Интерьвю алып атып Кыргыздын эн улуу чыгармачыл инсаны ким деп. сураганда .Албетте Саякбай деп Токтоосуз жооп берди эле.Өтө суктануу менен

    • @user-el7yg8xp9z
      @user-el7yg8xp9z Год назад +2

      Жыйырманчы кылымдын ГОМЕРИ .

  • @user-yj2mb2fn4d
    @user-yj2mb2fn4d 8 месяцев назад +2

    Чон Атам айткан да Саякбай 14 жашында Атасы Манас айтасын деп уктап жатканда озуна кум толтуруп салган деп анан ошодон баштап айтып баштаган деген

  • @user-yj2mb2fn4d
    @user-yj2mb2fn4d 8 месяцев назад +3

    Ушунун текстин чыгар жакшы болмок

    • @KaRaGaT_BS
      @KaRaGaT_BS 6 месяцев назад +1

      Каныкейдин Тайторуну чабышы.
      Кайран гана энең Каныкей,
      Көңүлү жаман бөлүнүп
      Көзүнүн жашы төгүлүп.
      Казгалдак деген кайран куш
      Кайрылбай учкан талаадан.
      Оргуп турат туура кыр
      Карындан чыккан баладан.
      Ай караңгы бүркөлөт
      Түн эмине болот деп
      Артта калса Тайтору
      Күн эмине болот деп.
      Ошо кезде жеңекең
      Көзүнүн жашы төгүлүп,
      Кабырга сөөгү сөгүлүп.
      Карагаттай кайран көз
      Камчы бою жаш кетип.
      Бөдөнө сындуу кайран көз
      Бөлөк бөлөк жаш кетип.
      Кайран Манас өлгөндө
      Канкордон калган сан дүйнө
      Абыке, Көбөш алты арам
      Камчыга ченеп бөлгөндө.
      Адыбай, Төртай экөөнү
      Майлай келген эмеспи.
      Белдемчинин түбүнө
      Берениңдин дүрбүсүн
      Бир кереги тиер деп
      Берен энең бейтаалай
      Ала келген эмеспи.
      Белдемчинин бүгүнө
      Бек бекиткен дүрбүнү
      Чыңырып алып чыркырап
      Жеңекең акборчук оозун бурду эле
      Аттарга дүрбү сунду эле,
      Аттарды карап турду эле.
      Караса көзгө илинбей,
      Кара баскан Тайтору
      Кайда экени билинбей
      Белгилүү күлүк жан эле
      Берен төрөң өлгөндө
      Катагандын кан Кошой
      Азага берген мал эле.
      Асыйын санап келгенде
      Алтымышка толду эле
      Ушу быйыл Тайтору
      Алтымыш асый болду эле.
      Күн эмине болот деп,
      Дүрбү салып караса
      Калк аманын кааласа
      Көрүнгөндө көрүнүп
      Көрүнбөсө көк мунар
      Көк тумандап бөлүнүп.
      Тоодо калган урчукта
      Томурайган тумшукта
      Кезеңче кырдын жолунда
      Келе жатат Тайтору
      Алтымыш аттын соңунда.
      Алтымыш асый Тайтору
      Эми кайдан жүгүрдү
      Деп ошондо жеңекең
      Чымындай жандай түңүлдү.
      Карагаттай кайран көз
      Камчы бою жаш кетти
      Казгалдак деген кайран куш
      Кайрылбаган талаадан
      Ат чабам деп карабет
      Бүгүн өлөр бекемин
      Кардымдан чыккан баламдан.
      Эбин таап көйнөк кие элек,
      Мен шордуунун эне экенин биле элек.
      Ээликмелүү катын деп,
      Ээлигип жүргөн капыр деп
      Жолуман кармап алат ээ
      Жол үстүнө сүйрөтүп
      Курмандыкка чалат ээ
      Көмүлбөй сөөгүм калат ээ
      Карагаттай кайран көз
      Каркылдап карга оет ээ
      Аяктай болгон ак эмчек
      Ак кажыр чукуп тоет ээ
      Ат чабам деп ээлигип
      Карганын богу болом ээ
      Ай караңгы бүркөлсө
      Түн ушундай экен деп.
      Атаңдын көрү алакчын
      Күн ушундай экен деп.
      Кайран жеңең Каныкей
      Кайра тартып дүрбүнү
      Чыгырыгын имерип
      Чындап көзгө жиберип
      Чыңырып ыйлап чыркырап
      Чындап дүрбү салды эле.
      Жолду тиктеп ошондо
      Ат кабарын алды эле.
      Мына ошондо Тайтору
      Тулпарлыгы көрүнүп
      Туйлаганда кара жер
      Туш тушунан бөлүнүп.
      Туяк тийген жерлери
      Темир бою оюлуп.
      Мына ошондо Тайтору
      Кезеңче кырдын оюнда
      Келе жатат жаныбар
      Отуз буудан соңунда
      Атаңдын көрү дүнүйө
      Көңүлү бөлүнүп
      Көк жал эрдин арбагы
      Көз-көрүнө торуну
      Капырай сүрөп алган көрүнөт.
      Оңжоңдогон кула атын
      Он эки чоро жетелеп.
      Мына ошондо Манаскан
      Көрүнгөндө көрүнүп
      Көрүнбөсө жөн эле
      Көк аскар тоодой көрүнүп.
      Адамдын көөнү бөлүнүп
      Асман мн жериңдин
      Тирөөсүнөн бүткөндөй.
      Айың мн күнүңдүн,
      Бирөзүнөн бүткөндөй
      Ай алдында булуттун
      Салкынынан бүткөндөй
      Аңырайган капчалдын
      Алкымынан бүткөндөй.
      Кыймылдаса кара жер
      Кызыталак канкорго
      Калыңынан түткөндөй.
      Кырк чоронун барысы
      Кыргыл, Бакай карысы
      Кыйкырыгы таш жарат
      Кымбат абаң Бакай кан
      Кыйкырыкты салыптыр.
      Өзүң көргөн кан Манас
      Кошула сүрөп калыптыр.
      Бияк жагын караса
      Айсарала ат минген
      Сары жаргак шым кийген
      Түпөгү жок найза алган
      Жанына жалама кылыч байланган.
      Алтын айдар, чок белбоо
      Азизкандын жалгызы
      Талак кылган буттарын
      Таштап кытай журттарын
      Өлбөгөн жерде калышкан
      Алоокенин Коңурбай
      Тозо келген кезинде
      Алты миң кытай, сан калдай
      Шуру отогот маржан таш
      Лунтуңдун каны аралаш
      Тынбай алты ай салышкан
      Азизкандын Алманбет
      Катар сүрөп алыптыр.
      Бияк жагын карасаң
      Көк ырапыс тон кийген
      Көгала сындуу ат минген
      Кыргыздардын кырааны
      Кан Балтайдын Чубагы
      Алышса адамдын алы жетпеген
      Арстандын тиши өтпөгөн
      Ач кыйкырык куу сүрөн
      Салып ийип Чубакең
      Кошо сүрөп алыптыр.
      Мына ошону көргөндө
      Кайран жеңең долунун
      Көңүлү бөлүнүп
      Көздүн жашы төгүлүп
      Мурдунун суусун тарта албай
      Көздүн жашын арта албай
      Чыңырып ыйлап чыркырап
      Энекең боздоп эле турду буркурап.

  • @user-vb3zj8ch1e
    @user-vb3zj8ch1e 3 месяца назад

    Өңгөнү коюп..МАНАСТЫ айт.

  • @user-oj2sv4je9e
    @user-oj2sv4je9e 6 месяцев назад +1

    Суранам текст бергилечи😢❤

  • @user-yj2mb2fn4d
    @user-yj2mb2fn4d 8 месяцев назад +1

    Пожалуйста ушу Манастын текстин чыгарсаздарго пожалуйста

    • @TalantAbdykasym
      @TalantAbdykasym 7 месяцев назад

      Эмнеси тушунуксуз?

    • @street_atlet
      @street_atlet 6 месяцев назад

      ​@@TalantAbdykasymазыркы жаштарга коп жерлери тушунуксуз

    • @KaRaGaT_BS
      @KaRaGaT_BS 6 месяцев назад +1

      Каныкейдин Тайторуну чабышы.
      Кайран гана энең Каныкей,
      Көңүлү жаман бөлүнүп
      Көзүнүн жашы төгүлүп.
      Казгалдак деген кайран куш
      Кайрылбай учкан талаадан.
      Оргуп турат туура кыр
      Карындан чыккан баладан.
      Ай караңгы бүркөлөт
      Түн эмине болот деп
      Артта калса Тайтору
      Күн эмине болот деп.
      Ошо кезде жеңекең
      Көзүнүн жашы төгүлүп,
      Кабырга сөөгү сөгүлүп.
      Карагаттай кайран көз
      Камчы бою жаш кетип.
      Бөдөнө сындуу кайран көз
      Бөлөк бөлөк жаш кетип.
      Кайран Манас өлгөндө
      Канкордон калган сан дүйнө
      Абыке, Көбөш алты арам
      Камчыга ченеп бөлгөндө.
      Адыбай, Төртай экөөнү
      Майлай келген эмеспи.
      Белдемчинин түбүнө
      Берениңдин дүрбүсүн
      Бир кереги тиер деп
      Берен энең бейтаалай
      Ала келген эмеспи.
      Белдемчинин бүгүнө
      Бек бекиткен дүрбүнү
      Чыңырып алып чыркырап
      Жеңекең акборчук оозун бурду эле
      Аттарга дүрбү сунду эле,
      Аттарды карап турду эле.
      Караса көзгө илинбей,
      Кара баскан Тайтору
      Кайда экени билинбей
      Белгилүү күлүк жан эле
      Берен төрөң өлгөндө
      Катагандын кан Кошой
      Азага берген мал эле.
      Асыйын санап келгенде
      Алтымышка толду эле
      Ушу быйыл Тайтору
      Алтымыш асый болду эле.
      Күн эмине болот деп,
      Дүрбү салып караса
      Калк аманын кааласа
      Көрүнгөндө көрүнүп
      Көрүнбөсө көк мунар
      Көк тумандап бөлүнүп.
      Тоодо калган урчукта
      Томурайган тумшукта
      Кезеңче кырдын жолунда
      Келе жатат Тайтору
      Алтымыш аттын соңунда.
      Алтымыш асый Тайтору
      Эми кайдан жүгүрдү
      Деп ошондо жеңекең
      Чымындай жандай түңүлдү.
      Карагаттай кайран көз
      Камчы бою жаш кетти
      Казгалдак деген кайран куш
      Кайрылбаган талаадан
      Ат чабам деп карабет
      Бүгүн өлөр бекемин
      Кардымдан чыккан баламдан.
      Эбин таап көйнөк кие элек,
      Мен шордуунун эне экенин биле элек.
      Ээликмелүү катын деп,
      Ээлигип жүргөн капыр деп
      Жолуман кармап алат ээ
      Жол үстүнө сүйрөтүп
      Курмандыкка чалат ээ
      Көмүлбөй сөөгүм калат ээ
      Карагаттай кайран көз
      Каркылдап карга оет ээ
      Аяктай болгон ак эмчек
      Ак кажыр чукуп тоет ээ
      Ат чабам деп ээлигип
      Карганын богу болом ээ
      Ай караңгы бүркөлсө
      Түн ушундай экен деп.
      Атаңдын көрү алакчын
      Күн ушундай экен деп.
      Кайран жеңең Каныкей
      Кайра тартып дүрбүнү
      Чыгырыгын имерип
      Чындап көзгө жиберип
      Чыңырып ыйлап чыркырап
      Чындап дүрбү салды эле.
      Жолду тиктеп ошондо
      Ат кабарын алды эле.
      Мына ошондо Тайтору
      Тулпарлыгы көрүнүп
      Туйлаганда кара жер
      Туш тушунан бөлүнүп.
      Туяк тийген жерлери
      Темир бою оюлуп.
      Мына ошондо Тайтору
      Кезеңче кырдын оюнда
      Келе жатат жаныбар
      Отуз буудан соңунда
      Атаңдын көрү дүнүйө
      Көңүлү бөлүнүп
      Көк жал эрдин арбагы
      Көз-көрүнө торуну
      Капырай сүрөп алган көрүнөт.
      Оңжоңдогон кула атын
      Он эки чоро жетелеп.
      Мына ошондо Манаскан
      Көрүнгөндө көрүнүп
      Көрүнбөсө жөн эле
      Көк аскар тоодой көрүнүп.
      Адамдын көөнү бөлүнүп
      Асман мн жериңдин
      Тирөөсүнөн бүткөндөй.
      Айың мн күнүңдүн,
      Бирөзүнөн бүткөндөй
      Ай алдында булуттун
      Салкынынан бүткөндөй
      Аңырайган капчалдын
      Алкымынан бүткөндөй.
      Кыймылдаса кара жер
      Кызыталак канкорго
      Калыңынан түткөндөй.
      Кырк чоронун барысы
      Кыргыл, Бакай карысы
      Кыйкырыгы таш жарат
      Кымбат абаң Бакай кан
      Кыйкырыкты салыптыр.
      Өзүң көргөн кан Манас
      Кошула сүрөп калыптыр.
      Бияк жагын караса
      Айсарала ат минген
      Сары жаргак шым кийген
      Түпөгү жок найза алган
      Жанына жалама кылыч байланган.
      Алтын айдар, чок белбоо
      Азизкандын жалгызы
      Талак кылган буттарын
      Таштап кытай журттарын
      Өлбөгөн жерде калышкан
      Алоокенин Коңурбай
      Тозо келген кезинде
      Алты миң кытай, сан калдай
      Шуру отогот маржан таш
      Лунтуңдун каны аралаш
      Тынбай алты ай салышкан
      Азизкандын Алманбет
      Катар сүрөп алыптыр.
      Бияк жагын карасаң
      Көк ырапыс тон кийген
      Көгала сындуу ат минген
      Кыргыздардын кырааны
      Кан Балтайдын Чубагы
      Алышса адамдын алы жетпеген
      Арстандын тиши өтпөгөн
      Ач кыйкырык куу сүрөн
      Салып ийип Чубакең
      Кошо сүрөп алыптыр.
      Мына ошону көргөндө
      Кайран жеңең долунун
      Көңүлү бөлүнүп
      Көздүн жашы төгүлүп
      Мурдунун суусун тарта албай
      Көздүн жашын арта албай
      Чыңырып ыйлап чыркырап
      Энекең боздоп эле турду буркурап.

  • @user-oj2sv4je9e
    @user-oj2sv4je9e 4 месяца назад

    Текст барбы бериниздерчи

  • @zamir-63
    @zamir-63 8 месяцев назад +4

    Эмне деген гана залкар адам я? Башымды ийем 5

  • @user-oz8nk1dh1w
    @user-oz8nk1dh1w Месяц назад

    Мындай улуу инсандар Кайра жаралбайт.

  • @user-fg2wp8bw1u
    @user-fg2wp8bw1u 4 месяца назад

    Манасты суйгуло уккула билгиле Манаста ата бабабыз душманндардан жашырып каймана создор менен айтып кеткен сырдуу дуйно бар
    Сардарбек дербиш.Аманбаев айылы.

  • @user-ny8vi4jv5y
    @user-ny8vi4jv5y 7 месяцев назад +3

    Керемет

  • @user-yj2mb2fn4d
    @user-yj2mb2fn4d 8 месяцев назад +2

    Ушунун текстин чыгар жакшы болмок

    • @KaRaGaT_BS
      @KaRaGaT_BS 6 месяцев назад

      Каныкейдин Тайторуну чабышы.
      Кайран гана энең Каныкей,
      Көңүлү жаман бөлүнүп
      Көзүнүн жашы төгүлүп.
      Казгалдак деген кайран куш
      Кайрылбай учкан талаадан.
      Оргуп турат туура кыр
      Карындан чыккан баладан.
      Ай караңгы бүркөлөт
      Түн эмине болот деп
      Артта калса Тайтору
      Күн эмине болот деп.
      Ошо кезде жеңекең
      Көзүнүн жашы төгүлүп,
      Кабырга сөөгү сөгүлүп.
      Карагаттай кайран көз
      Камчы бою жаш кетип.
      Бөдөнө сындуу кайран көз
      Бөлөк бөлөк жаш кетип.
      Кайран Манас өлгөндө
      Канкордон калган сан дүйнө
      Абыке, Көбөш алты арам
      Камчыга ченеп бөлгөндө.
      Адыбай, Төртай экөөнү
      Майлай келген эмеспи.
      Белдемчинин түбүнө
      Берениңдин дүрбүсүн
      Бир кереги тиер деп
      Берен энең бейтаалай
      Ала келген эмеспи.
      Белдемчинин бүгүнө
      Бек бекиткен дүрбүнү
      Чыңырып алып чыркырап
      Жеңекең акборчук оозун бурду эле
      Аттарга дүрбү сунду эле,
      Аттарды карап турду эле.
      Караса көзгө илинбей,
      Кара баскан Тайтору
      Кайда экени билинбей
      Белгилүү күлүк жан эле
      Берен төрөң өлгөндө
      Катагандын кан Кошой
      Азага берген мал эле.
      Асыйын санап келгенде
      Алтымышка толду эле
      Ушу быйыл Тайтору
      Алтымыш асый болду эле.
      Күн эмине болот деп,
      Дүрбү салып караса
      Калк аманын кааласа
      Көрүнгөндө көрүнүп
      Көрүнбөсө көк мунар
      Көк тумандап бөлүнүп.
      Тоодо калган урчукта
      Томурайган тумшукта
      Кезеңче кырдын жолунда
      Келе жатат Тайтору
      Алтымыш аттын соңунда.
      Алтымыш асый Тайтору
      Эми кайдан жүгүрдү
      Деп ошондо жеңекең
      Чымындай жандай түңүлдү.
      Карагаттай кайран көз
      Камчы бою жаш кетти
      Казгалдак деген кайран куш
      Кайрылбаган талаадан
      Ат чабам деп карабет
      Бүгүн өлөр бекемин
      Кардымдан чыккан баламдан.
      Эбин таап көйнөк кие элек,
      Мен шордуунун эне экенин биле элек.
      Ээликмелүү катын деп,
      Ээлигип жүргөн капыр деп
      Жолуман кармап алат ээ
      Жол үстүнө сүйрөтүп
      Курмандыкка чалат ээ
      Көмүлбөй сөөгүм калат ээ
      Карагаттай кайран көз
      Каркылдап карга оет ээ
      Аяктай болгон ак эмчек
      Ак кажыр чукуп тоет ээ
      Ат чабам деп ээлигип
      Карганын богу болом ээ
      Ай караңгы бүркөлсө
      Түн ушундай экен деп.
      Атаңдын көрү алакчын
      Күн ушундай экен деп.
      Кайран жеңең Каныкей
      Кайра тартып дүрбүнү
      Чыгырыгын имерип
      Чындап көзгө жиберип
      Чыңырып ыйлап чыркырап
      Чындап дүрбү салды эле.
      Жолду тиктеп ошондо
      Ат кабарын алды эле.
      Мына ошондо Тайтору
      Тулпарлыгы көрүнүп
      Туйлаганда кара жер
      Туш тушунан бөлүнүп.
      Туяк тийген жерлери
      Темир бою оюлуп.
      Мына ошондо Тайтору
      Кезеңче кырдын оюнда
      Келе жатат жаныбар
      Отуз буудан соңунда
      Атаңдын көрү дүнүйө
      Көңүлү бөлүнүп
      Көк жал эрдин арбагы
      Көз-көрүнө торуну
      Капырай сүрөп алган көрүнөт.
      Оңжоңдогон кула атын
      Он эки чоро жетелеп.
      Мына ошондо Манаскан
      Көрүнгөндө көрүнүп
      Көрүнбөсө жөн эле
      Көк аскар тоодой көрүнүп.
      Адамдын көөнү бөлүнүп
      Асман мн жериңдин
      Тирөөсүнөн бүткөндөй.
      Айың мн күнүңдүн,
      Бирөзүнөн бүткөндөй
      Ай алдында булуттун
      Салкынынан бүткөндөй
      Аңырайган капчалдын
      Алкымынан бүткөндөй.
      Кыймылдаса кара жер
      Кызыталак канкорго
      Калыңынан түткөндөй.
      Кырк чоронун барысы
      Кыргыл, Бакай карысы
      Кыйкырыгы таш жарат
      Кымбат абаң Бакай кан
      Кыйкырыкты салыптыр.
      Өзүң көргөн кан Манас
      Кошула сүрөп калыптыр.
      Бияк жагын караса
      Айсарала ат минген
      Сары жаргак шым кийген
      Түпөгү жок найза алган
      Жанына жалама кылыч байланган.
      Алтын айдар, чок белбоо
      Азизкандын жалгызы
      Талак кылган буттарын
      Таштап кытай журттарын
      Өлбөгөн жерде калышкан
      Алоокенин Коңурбай
      Тозо келген кезинде
      Алты миң кытай, сан калдай
      Шуру отогот маржан таш
      Лунтуңдун каны аралаш
      Тынбай алты ай салышкан
      Азизкандын Алманбет
      Катар сүрөп алыптыр.
      Бияк жагын карасаң
      Көк ырапыс тон кийген
      Көгала сындуу ат минген
      Кыргыздардын кырааны
      Кан Балтайдын Чубагы
      Алышса адамдын алы жетпеген
      Арстандын тиши өтпөгөн
      Ач кыйкырык куу сүрөн
      Салып ийип Чубакең
      Кошо сүрөп алыптыр.
      Мына ошону көргөндө
      Кайран жеңең долунун
      Көңүлү бөлүнүп
      Көздүн жашы төгүлүп
      Мурдунун суусун тарта албай
      Көздүн жашын арта албай
      Чыңырып ыйлап чыркырап
      Энекең боздоп эле турду буркурап.

  • @GulnazJotogonova
    @GulnazJotogonova 6 месяцев назад +1

    Керемет