Болот Назаров - ТОПОН СУУ | Айт Айт Десе

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 9 фев 2025
  • Асылып ар ким шактаган
    Асылым сенсиң мекеним
    Ашынып ар ким таптаган
    Ашыгым сенсиң мекеним
    Кайгырып турган журтума
    Кайратым айта кетейин
    Сабыркап турсаң сел алып
    Сабыр кыл дебей нетейин
    Эсен болсун жаныңар
    Ээсин тапсын малыңар
    Кейибесин жаныңар
    Кемибесин саныңар
    Бала чака кашыңда
    Бар болгула барыңар
    Дүркүрөп селде кетсеңда
    Дүрүйөң кайра жаңырар
    Дүйнөдө тынчтык болсунчу
    Дүнүйө курсун табылар
    Толкундап суулар шаң аккан
    Топон суу болсо шар аккан
    Амылына жараша
    Ахыбалын тараткан
    Жардырба казба тоону деп
    Жарлыкты таккан жараткан
    Жеб алгандай жемишин
    Жебегин деген дарактан
    Жаңылтат тура пендени
    Жаңылыш жолдор бараткан
    Тоба кыл тоого баа бер деп
    Тооңду сакта тийбе деп
    Төрт китепте так айткан
    Төрт жүз миң ашуун пайгамбар
    Вахий алган кайактан
    Баарысы тоого барышып
    Кайыптарга кабышып
    Пай камбарлык ат алган
    Пайда камы бар үчүн
    Пайдалуу далай элчиден
    Падышалар бата алган
    Каскатар тоону ким бусса
    Касалайм деген катардан
    Куранда да далмутда
    Инжилде да тооратта
    Касык кылып тоо кактым
    Сууруп алба соогатка
    Калдайган тоого тийишсең
    Каласың деген дооматка
    Окуганың билерсиң
    Ошондой делет ал жакта
    Ойуп тоону касчулар
    Ойду тоону айтчулар
    Обуң менен жалжакта
    Мөңгүнүн суусун ичкер жер
    Мөмөсүн кантип бербесин
    Мөгдөтпө тоону ардакта
    Бешиктен кабырга чейин
    Бербеген соң күбөлүк
    Доо койбогун досуңа
    Сатаары сатпас бүдөмүк
    Калтарыбайм душманга
    Каласың атса бир өлүп
    Кайдыгер коомдон коркомун
    Канчалаган бушманга
    Басып берген түбөлүк
    Эзелтен бизди Айкөлүм
    Эл кылып эркин курады
    Кутуң башта турганда
    Куш болгон эле кулалы
    Кулу бийи тептегиз
    Куралган эле курамы
    Жерине түспөл чөп чыгат
    Элине түспөл бек чыгат
    Эгемдин иши будагы
    Эчкиртпей ыйык тоолорду
    Экчебей мөңгү зоолорду
    Эл эсин жыйаар убагы
    Сен эгерде сурасаң
    Сел каптоо бул эмнеси
    Аба ырайдын абалын
    Аркайган тоолор теңдечү
    Алп тоолор эмчек мөңгү сүт
    Айарлап аны эм дечү
    Эзелтен жерди элимде
    Эне деп айткан кербези
    Ырыстуу тоону талкалап
    Ырааты бузса бербечи
    Эгер сен кассаң тоолорду
    Энеден туулуп келбечи
    Адамдар тоого окшошчу
    Тоону адамга окшотчу
    Шайысы кымбат көпөстөр
    Шайкештикти козгошту
    Шагылына кызыгып
    Шаа тоолорду боздотту
    Тойбосо мейли карының
    Тоо касканыңды токтотчу
    Ак мөңгүлүү аска зоо
    Асыл кутуу талалаар
    Элибиздин эзелтен
    Жаны менен барабар
    Ураан ырын улуттун
    Угуза айта алалар
    Колдорун төшөп жүрөккө
    Хор менен ырдайт балаңар
    Козгоп ийип мөңгүнү
    Козголуп түркүн оорулар
    Кор болушуп балалар
    Ылгый уулу абадан
    Ылаңдаган бала бар
    Көк челген тоонун тагдырын
    Көп жеген бектер караңар
    Бөбөктөргө айттырып
    Бөлөктөргө кастырып
    Бөлүнүдө араңар
    Тоо казуунун артында
    Толгон токой сана бар
    Ырыстуу тоону каскандан
    Ыргакты бусуп жаткандан
    Ыйладык деп санаңар
    Кудай деген кул өлбөйт
    Кулаган дубал каланар
    Курулар кайра калаңар
    Тешилгениң бүтөлүп
    Жыртылганың жамалар
    Тогошушуп булуттар
    Тоо башылайт неге алар
    Буздурбай тоону сактасак
    Булуттар туура дем алар
    Көк асмандан булуттар
    Көбүмдү каптап кеткиче
    Көз жашын төгөт неге алар
    Табам деп байлык тоо кассаң
    Табийгат катуу кек алар
    Айабай катуу жамгырды
    Абалкылар кеп салаар
    Элиңе жакпай калса да
    Жериңе жагаар деп калаар
    Татынакай ак булут
    Тарынпайлы биз дагы
    Тарыншпай эми алаар
    Кулпунай арпа буудайлу
    Кулпурсун деймин талаалар
    Патреондо колдогонуңузга чоң ырахмат
    / temirovlive
    Биздин тик-ток - vm.tiktok.com/...
    Инстаграмыбыз - / aytaytdese

Комментарии • 108

  • @freeferi1038
    @freeferi1038 2 года назад +4

    Болот айланайын, жараткандан сага жана сага окшогон бийликтен жалтанбай чындыкты айткандарга узун омур, болоттой бекем ден соолук тилейм.
    Онорун оркундоп осо берсин, талантын ташкындай берсин! 🤲🤲🤲🙏🙏🙏🔥🔥🔥🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @КадырбекУсенбаев
    @КадырбекУсенбаев 2 года назад +27

    Боке азыркы замандын демократ акынысын алга.

  • @МелисНиязбеков-ы9е
    @МелисНиязбеков-ы9е 2 года назад +57

    Молодец 👍👍👍Болот иним 100%чындык тоолорду казбаган элди жерди ойлогон адам асмандан эле тушуп келбесе жерден чыкпай калдыго

  • @АскарКыянов-я2п
    @АскарКыянов-я2п 2 года назад +36

    Просто Азамат ...

  • @buruljanybekovna5690
    @buruljanybekovna5690 2 года назад +72

    Азаматсың балам, айтканыңдын баары туура.
    "Туураемес айттың "- деп кимибиз айталабыз.
    Айта бер балам!
    "Корксо да, коркпосо да ,коён өлөт" дегендей.

  • @ГульсараКушбакова-ж3ж

    Мыкты жигит!Чыгаан жигит!Таланттуу жигит!Азамат !!!

  • @Са.то...-р7г
    @Са.то...-р7г 2 года назад +50

    Баракелде, Болот!!
    Алыстан сыймыктанабыз!
    Аман бол!!

  • @ЭлмирбекК
    @ЭлмирбекК 2 года назад +40

    Азамат өнөрүн өркүндөтүп особерсин✊🤝

  • @ЭрланКамалдин
    @ЭрланКамалдин 2 года назад +32

    Мыкты Акын сонун .
    Акыйкатты айтабериниздер !
    Чындыкты чыркыратабергиле ийгилик Аллахым колдосун.

  • @kalybek9989
    @kalybek9989 Год назад +2

    Бул бийлик кетмейинче Кыргызстан онукбойт бардак кобойду жерди сууну сатып тунгуйука айлантты козунду чоон ачып ойгон Кыргыз

  • @Ашимовна
    @Ашимовна 2 года назад +2

    Азаматсың,чындык чыркырайт гооо

  • @СталбекАйтбаев-ч3в
    @СталбекАйтбаев-ч3в 2 года назад +42

    Элмирбек өлбөй туру экен, кайран угуп алып ыйлагын келет экен.

    • @икосалон
      @икосалон 2 года назад +4

      Чындыкты ырдаптыр

    • @Марта-к3э
      @Марта-к3э 2 года назад

      @@СаматСакынов-ш7о кто не ошибался в жизни. Болот акын а власть профессионалы в подставах

  • @ЗамираБакиева-ы6ч
    @ЗамираБакиева-ы6ч 2 года назад +3

    Коп жаша бар бол!!!

  • @АлмазбекДуйшеев-э9п
    @АлмазбекДуйшеев-э9п 2 года назад +51

    Болот курчуп келейтат бар бол ийгилик каалайм Аллага шугур

    • @maksataidarov6822
      @maksataidarov6822 2 года назад +1

      Келейтат эмес келе жатат😂

  • @agzammagazin2433
    @agzammagazin2433 2 года назад +13

    Азаматсынар айта бергиле .ар дайым мен колдогондой эле .кыргыз эли колдойт болуш керек!

  • @zaiyrbeksuyunbekuulu4353
    @zaiyrbeksuyunbekuulu4353 2 года назад +15

    Тоолор биздин байлыгыбыз, бузбайлычы

  • @УлукбекБелеков-с9щ
    @УлукбекБелеков-с9щ 2 года назад +4

    Болот курчуйт таш сынат

  • @iskenderkozubai574
    @iskenderkozubai574 2 года назад +8

    Тенирим жалгасын Болот! Манас Атанын арбагы колдосун!

  • @myrzabekmyrza7335
    @myrzabekmyrza7335 2 года назад +10

    Москва Кыргыз жаштары Сен мн Болот. Айт айтабер.

  • @КульбараАлдаярова
    @КульбараАлдаярова 2 года назад +17

    Туура айтып жатат 💯👏👏👏👏 .

  • @ИванИванович-т6ю2р
    @ИванИванович-т6ю2р 2 года назад +3

    Баш кесмек бар Тил кесмей жок дейт ырдай бер

  • @ЧынгызбекИбраимов-т4с

    БОЛОТ КАНТИП КУРЧУДУ ОМУРУНО БЕРЕКЕ БЕРСИН УЙБУЛОНОРГО БАКЫТ КААЛАЙМ АМАН БОЛГУЛА

  • @baiel1660
    @baiel1660 2 года назад +9

    Нарко колдонгон ушундай ырдайлабы еки ооз соз суйлой албайт маладес боке жарайсын Алга боке

  • @КараКыргыз-н2ц
    @КараКыргыз-н2ц 2 года назад +18

    Акындардын Дакени болуптур Чагылган акын,аман бол Болот иним,Грин пис отдыхает.

  • @АленькийЦветочек-ю9р7у

    АЗАМАТ УУЛУМ ЧЫНДЫК АЧУУ БОЛОТ

  • @ТОРОГЕЛДИЕВНЯЗАЛЫ
    @ТОРОГЕЛДИЕВНЯЗАЛЫ 2 года назад +9

    Азамат, атына-затын жарашып элдин уулу болуп журо бер. Чыгармачылык ийгилик сага.

  • @МирланбекНаразаралиев

    Азаматсын
    Болот иним дагыда курчуйбер ийгилик каалайм.

  • @АсанЖаанбаев-с2ъ
    @АсанЖаанбаев-с2ъ 2 года назад +6

    МЫНА ЧЫНЫГЫ БИР ЖАЛГЫЗ АЛЛАХ ТАЛЛАА ЖАРАТКАН ТАЗЗА КАНДУ КЫРГЫЗ ЭЛИМДИН УУЛУ 100%.

  • @А.Аязбекова
    @А.Аязбекова 2 года назад +5

    Болот, курчуй бер! Чындык бар жерде күрөш бар! Кудай таалам өзү колдосу н!

  • @АсанЖаанбаев-с2ъ
    @АсанЖаанбаев-с2ъ 2 года назад +10

    Ачуу чындык коз жаш токтуротко журокту эзип 100%.

  • @user-xz5rt6bd7v
    @user-xz5rt6bd7v 2 года назад +9

    😊 баали

  • @УланбекТашболотов-с2ы

    Элмирбектин жолун жолдогон баркелди болотум Айт айта бер

  • @rednaxxi
    @rednaxxi 2 года назад +5

    Талант!🧡

  • @rustambekkvbataliev3559
    @rustambekkvbataliev3559 2 года назад +12

    Азамат Болот иним бар бол

  • @kojoshbektokbaev743
    @kojoshbektokbaev743 2 года назад +10

    Болот сага Рахмат омурун Узун болсун.

  • @УлиноМаликбек
    @УлиноМаликбек 2 года назад +5

    Азамат

  • @tixsjxjc8121
    @tixsjxjc8121 2 года назад +5

    Ден соолукта бол!! Ишине ийгилик.

  • @barchinshermatova2533
    @barchinshermatova2533 2 года назад +5

    Азаматсын Болот иним! Бар бол!

  • @БелекЖаныбеков-й4ф
    @БелекЖаныбеков-й4ф 2 года назад +6

    Азаматсын Болот

  • @ЗымыраКулушова
    @ЗымыраКулушова 2 года назад +2

    🤲🤲🤲👍👍👍🇰🇬🇰🇬 Рахмат балам .

  • @perezdeans4493
    @perezdeans4493 2 года назад +9

    Азаматсың Болот .

  • @СаматОрозбеков-у4л
    @СаматОрозбеков-у4л 2 года назад +6

    Молодец супер Боке 👍🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @АзаматЖанарбек-г9у
    @АзаматЖанарбек-г9у 2 года назад +13

    Азаматсыз башка соз айтыш кыйын!

  • @КазипаКодеева
    @КазипаКодеева 2 года назад +10

    Болот, чокпой ушинтип чындыкты айтып чыга бер, эл сени колдойт, аман бол.

  • @БейшенМейманов
    @БейшенМейманов 2 года назад +4

    Алга боке чындыкты айтып атасын чындыкты айта бар

  • @ЭралыМейликулов-в4э
    @ЭралыМейликулов-в4э 2 года назад +1

    🙏🙏🙏

  • @Теңир-Тооталанттары
    @Теңир-Тооталанттары 2 года назад +6

    Бар болуңуз байке.

  • @АйбекАйбеков-т5и
    @АйбекАйбеков-т5и 2 года назад +5

    Азаматсыз кайра курчуй бериниз 👍

  • @munarbekalybaev4848
    @munarbekalybaev4848 2 года назад +2

    Ассалоому алейкум ва рахматтуллохи барахату, Азаматсың Болот ийгилик каалайм. 👍👍👍👏💪

  • @eldarmamanov4736
    @eldarmamanov4736 2 года назад +4

    Бали азыркынын Токтогулу

  • @МаратАбдысапаров-п4я
    @МаратАбдысапаров-п4я 2 года назад +2

    Азамат Бооке

  • @bator6030
    @bator6030 2 года назад +6

    Болоттор курчуп, таштар майдаланбаса болбой калды...

  • @А.Т.А-ш2л
    @А.Т.А-ш2л 2 года назад +6

    Атына затын жарашып
    Ырыскы тогуп чачылып
    Болоттой курч жигитсин
    Токтунго чындыкты катырып талантына таазим коп жаша Эльмирбек олбоптур

  • @АлмазМамытов-г4ы
    @АлмазМамытов-г4ы 2 года назад +3

    Азаматсын болот🤲🤲🤲

  • @Мояжизнь-ч2о
    @Мояжизнь-ч2о 2 года назад +3

    👍👍👍

  • @СалтанатБекболотова
    @СалтанатБекболотова 2 года назад +5

    Ийгилик Болот!

  • @kunduzburcueva8552
    @kunduzburcueva8552 2 года назад +6

    Азамат чыгармачылык ийгилик азыркы замандын токтогулу омурун узун болсун аллахым озу колдосун

  • @AS-ud4no
    @AS-ud4no 2 года назад +3

    Браво

  • @gulaiymrysbaeva4065
    @gulaiymrysbaeva4065 2 года назад +6

    Рахмат ото жакшы ырдапсыз

  • @kojoshbektokbaev743
    @kojoshbektokbaev743 2 года назад +5

    Кудайым колдосу.

  • @К.М.ШААА
    @К.М.ШААА 2 года назад +4

    Бар болгула🙏🏻Азаматсынар✊🏻👍

  • @КылымбекЧоткараев
    @КылымбекЧоткараев 2 года назад +12

    👍👏👏👏👏👏

  • @nurzatmairambekkyzy
    @nurzatmairambekkyzy 2 года назад +2

    Ишиңерге ийгилик

  • @eldarmamanov4736
    @eldarmamanov4736 2 года назад +4

    Болот уулум азаматсын бар бол бул кайгыны Сен айтпаганда ким айтат бирок обон окшобой калыптыр башкача кылып айтчы жан кашайткан тур менен, жаалданган сур менен дегендей

  • @УланМамаев-п1ъ
    @УланМамаев-п1ъ 2 года назад +6

    Кайдыгер эл экенбиз деп Бактыбек Калмаматов айтса чычаладык, шорун каткан кайран эл

  • @kg1366
    @kg1366 2 года назад +18

    Булда Аллахтан келген азап арам казинону ачканы учун

  • @ГуглАккаунт-щ1ц
    @ГуглАккаунт-щ1ц 2 года назад +3

    👍👍👍💯💯🔥бали азамат

  • @БолдуканМурзаева
    @БолдуканМурзаева 2 года назад +1

    Кудайым ден соолук берсин

  • @НурланКамчибеков-б7э
    @НурланКамчибеков-б7э 2 года назад +2

    👍👍👍👍👍👍👍

  • @baiel1660
    @baiel1660 2 года назад +4

    Айтиш кечеки алым сабакты чыгарчы королу

  • @АйгульУзенбаева
    @АйгульУзенбаева Год назад +1

    Балли баракелде боке акыйкатты айтпаса акынынан не пайда сынба слепо сени сагындык

  • @БектурБактыбекович
    @БектурБактыбекович 2 года назад +5

    👍👍👍💪💪💪💪💪💪💪💪

  • @УланАхматов-ю6в
    @УланАхматов-ю6в 2 года назад +2

    Чыныгы поолот

  • @КылычбекКубатбекович

    💪☝👍👍🔥🔥🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @ЭлмирбекЭму
    @ЭлмирбекЭму 2 года назад +2

    Бети жок бийлик акындарга да асылып кордунго. Бул бийлике элдин Ичи чыкпай турат

  • @ИсламОрмон
    @ИсламОрмон 2 года назад +5

    Садыр,Болот Назаровко баатырлыкты Берип,Кыргыз Эл акыны деген наам бергин.Ташиевтин Ичи орттонсун

    • @НасипаАйдаралиева-щ6л
      @НасипаАйдаралиева-щ6л 2 года назад

      @@СаматСакынов-ш7о ото кыйын инсан болот чегип алса да планшети жок того Эгер чекпегенде

    • @НасипаАйдаралиева-щ6л
      @НасипаАйдаралиева-щ6л 2 года назад

      Асмандан чагылганды чартылдатып копостордун курсагын барып отмок

  • @nurtilekakmataliev7972
    @nurtilekakmataliev7972 2 года назад +1

    🙏🙏🙏🇰🇬✊✊✊😂😂😂🤔🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @АленькийЦветочек-ю9р7у

    БИЗДИН САБАТСЫЗ ЛОЛУЛОР ЧЫЧАЛАП ОЛУШОТ ФЕЙКТЕРИНЕ ЖАМАНДАТЫП

  • @АбдикаримАйдошов
    @АбдикаримАйдошов 2 года назад +8

    Биздин токмо акындар подхалим бийликти эрчип ырдашат, накта Токтогул ушул Болот экен Сибирге сургунго айдап ийбесин деп коркобуз , келсе Кыргыз коп колдоп алабыз деп намыстанып калабыз.

  • @Талант.Т
    @Талант.Т 2 года назад +7

    Азыр кусунду ичип курсагы тойгон "Дежурный" фейктер жаза башташат "Алла колдойт, жакшы адам,биздин атабыз, мындай президент болгон эмес деп.

  • @УланТойгонбаев-я9ш
    @УланТойгонбаев-я9ш 2 года назад +3

    Азамат братишка марехуана дегенди чекбе эсин болсо андан горо насвай чек.

    • @Информатика-н2з
      @Информатика-н2з 2 года назад

      Чексе ушинтип ырдай алабы бул жөн эле каралоо болду да аттиң

  • @СанжарНет-о7ч
    @СанжарНет-о7ч 2 года назад +3

    Азаматсын Болот иним курчуй бер

  • @judo4806
    @judo4806 2 года назад +4

    Азамат

  • @kebyaalat4988
    @kebyaalat4988 2 года назад +1

    👍🏻👍🏻👍🏻

  • @barchinshermatova2533
    @barchinshermatova2533 2 года назад +8

    Азаматсын Болот иним! Бар бол!

  • @ЗсейнегульДжайылова
    @ЗсейнегульДжайылова 2 года назад +5

    Азаматсын Болот!

  • @КайырбекБайсеитов
    @КайырбекБайсеитов 2 года назад +8

    👍👏👏👏

  • @mirmir9084
    @mirmir9084 2 года назад +3

    Азамат