СЫЙДА ӨТҮК

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 16 сен 2024
  • Сыйда өтүк - кара малдын иштетилген булгаарысынан даярдалган бут кийим. Анын кончунун арткы жагы кыйгач кесилип, ат үстүндө жүрүүгө, отуруп-турууга, аң улоого чыкканга ылайыкташтырылып, таманы жана апкыты кабатталган кайыш менен калыңдатылып, өкчөсү бийик жасалды.
    Колдонулган аспаптар: бычак, шибеге, илме шибеге, ийне, кычкач, балка, жыгач калып.
    Жердиктер: булгаары, тарамыштан чыйратылган жип, жибек жип, күмүш көрчөгө, желим.
    Жасалышы: Булгаарыны эмендин кабыгынын тундурмасына 2-3 күн чылап алып, аны тактайдын бетине бекем керип кургаттык. Андан соң, түсү өзгөрүлгөн булгаарыны талкууга салып ийлеп жумшарттык. Даяр болгон булгаарыдан өтүктүн бөлүктөрүн бычып чыгып, аларга көрк берүү үчүн жибек жип менен оюу салдык.
    Өтүк толугу менен тарамыш жиптен тигилди. Ал үчүн жылкынын тарамышын көлөкө жерге кургатып, балка менен жанчып-жумшартып, ажырым-ажырым болуп бөлүнгөндөрүн манжа учтары менен бир нече сыйра сыдыра тарап, андан соң тарамыштарды бири-бирине улап, каттап, ошону менен бышык-бекем жипти чыйратып даярдап алдык.
    Ал үчүн жылкынын тарамышы көлөкө жерге кургатылып, балка менен жанчылып-жумшартылып, манжа учтары менен сыдыра таралып, тарамыштар бири-бирине уланып, катталып, соңунда жип чыйратылып чыкты.
    Жыгач калыпка бекилген ич тамандын үстүнө даяр өтүктү керип, 2-3 күндөн соң калыпка түшкөн өтүктү чыгарып алдык да, сырт таманын бекиттик. Андан соң жээктери бириктирилип така урулду. Таканы жасоодо кайың мык колдондук (кайың мык сууга тийсе ого бетер көөп, бекиткен жерин бекем кармайт). Соңунда, өтүктүн кончун күмүш көрчөгөлөр менен кооздодук. Өтүк ултарууга 1 ай убакыт сарпталды.
    Өтүктү жасап чыккан чебер кол өнөрчү, сүрөтчү - Каныбек уулу Акылбек / miniart.kg
    ============================================================
    Долбоор тууралуу
    Аталган долбоордун негизги максаты - тарыхый маанилүү сүрөттөр аркылуу кыргыздын салттуу кийим-кечесин жана жасалгаларын кайрадан өз түп нускасындай жаңыртып чыгуу, тарыхый реконструкциялоо, о.э. кол өнөрчүлүктүн салттуу билимдерин жандандыруу.
    Орустун белгилүү сүрөтчүсү В. Верещагиндин “Богатый киргизский охотник с соколом” деген сүрөтү долбоордун жалпы катышуучулары тарабынан тандалган. Андагы кыргыз аңчысынын салттуу кийимдерин жана жасалгаларын уз-усталарыбыз илимий жана этнографиялык негиздерге таянуу менен изилдешип, аларды кайрадан иштеп чыгууда көөнө үлгүсүн сактаганга, кадамдап жасоодогу салттуу ыкмаларын бузбаганга аракет жасашты.
    KYR:
    Видеоролик Европа Биримдигинин каржылоосу менен ЮНЕСКО тарабынан ишке ашырылган “Орто Азиядагы Жибек жолу мурасы - Европанын маданий мурастар жылынын эл аралык тутумунда” долбоорунун алкагында тартылды
    Анын мазмуну өнөктөштүн гана жоопкерчилиги болуп саналат, ошондой эле Европа Биримдигинин жана ЮНЕСКОнун көз карашын билдирбейт.
    RUS:
    Видео создано в рамках проекта “Коридоры наследия Шелкового пути в Центральной Азии - международные аспекты Европейского года культурного наследия”, при финансировании Европейского Союза и реализуемого ЮНЕСКО.
    Его содержание является исключительной ответственностью партнера и не обязательно отражает точку зрения Европейского Союза.
    ENG:
    The video was created within the framework of the project “Silk Roads Heritage Corridors in Central Asia - International Dimension of the European Year of Cultural Heritage”, funded by the European Union and implemented by UNESCO.
    Its content is the sole responsibility of the partner and does not necessarily reflect the point of view of the European Union.
    ============================================================
    Долбоорду аткарган: "Кийиз Дүйнө" коомдук фонду / kiyizduino
    Долбоордун жетекчиси: А. Асангулова / aidaifeltworld
    Ассистент: А. Акматова / aiperiasylb
    Режиссер:Темирбек у Нурлан / nurlan.temirbek
    Фото: А. Адышова / profilecard
    Музыка: Н. Нышанов / nurlanbeknyshanov
    ============================================================
    Консультанттар, уз-усталар:
    Абдыразаков Нурадин
    Байизов Бакыт
    Бызов Дмитрий
    Исмайлов Идрис
    Сулайманова Чолпон
    Топчубаева Монус
    Токтосунов Кайырбек
    Ыраазычылык билдиребиз:
    Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи.
    Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи
    Сулайман - Тоо тарыхый музей комплекси
    Супара интерактивдүү музейи

Комментарии • 16