Кийиз Дүйнө Kiyiz duino
Кийиз Дүйнө Kiyiz duino
  • Видео 101
  • Просмотров 91 310
ЭР ТИЛЕГИ l БАТА l ТИЛЕК l МЕРГЕН l АҢЧЫ
Бүгүнкү сөзүбүз - эртеңки көпүрөбүз!
Сегодняшнее слово - ключ к завтрашнему свету
A word spoken today is the key to the light tomorrow
================================================================================================================================
“Жанданган мурас” долбоорунун негизги максаты - тарыхый маанилүү сүрөттөр аркылуу кыргыздын салттуу кийим-кечесин жана жасалгаларын кайрадан өз түп нускасындай жаңыртып чыгуу, андагы ыкмалардын кайрадан эл арасында жанданып-жайылышына салым кошуу, тарыхый реконструкциялоо, о.э. кол өнөрчүлүктүн салттуу билимдерин жандандыруу.
Бул багыттагы иштердин жүрүүсүндө, долбоордун катышуучулары орустун көрүнүктүү сүрөтчүсү жана жазуучусу В. Ве...
Просмотров: 1 870

Видео

КИЙИЗ БАЙПАК
Просмотров 1379 часов назад
Кийиз байпак - козунун күздүк жүнүнөн уютулуп жасалган кончу узун байпак. Ал суук түшкөндөн тарта кийилген. Колдонулган аспаптар: чий, кездеме, темене. Жердиктер: жүн, жүн жип. Жасалышы: жүндөн уютулган байпак толук түрдө салттуу ыкма менен жасалды. Мындай байпакты бир күндө жасап коюуга болот. Кийиз байпакты жасап чыккан чебер уз, сүрөтчү - Нуржамал Асангулова nurjamal.asangulova...
СЫЙДА ӨТҮК
Просмотров 2219 часов назад
Сыйда өтүк - кара малдын иштетилген булгаарысынан даярдалган бут кийим. Анын кончунун арткы жагы кыйгач кесилип, ат үстүндө жүрүүгө, отуруп-турууга, аң улоого чыкканга ылайыкташтырылып, таманы жана апкыты кабатталган кайыш менен калыңдатылып, өкчөсү бийик жасалды. Колдонулган аспаптар: бычак, шибеге, илме шибеге, ийне, кычкач, балка, жыгач калып. Жердиктер: булгаары, тарамыштан чыйратылган жип,...
КАМЧЫ l КҮМҮШ КАМЧЫ
Просмотров 3099 часов назад
Камчы - ат жабдыктарынын бири. Колдонулган аспаптар: кергич (жаа), сыдыргы, балка. Жердиктер: көк, булгаары, табылгы сап, тарамыштан чыйратылган жип. Жасалышы: Алгач камчынын сабы жасалат, ал үчүн биз табылгыны ным кезинде оңдоп-түздөп алдык. Андан кийин текенин терисин жыдытып, түздөп, керип, камчынын өрүмү үчүн көгүн тилип алдык. Камчынын булгаары өзөгүн кергичке керип, ага текенин көгүн терм...
БЫЧАК l Енисей кыргыздарынын согуштук бычагы l БАЙЫРКЫ КЫРГЫЗ БЫЧАГЫ
Просмотров 2849 часов назад
Бычак - өздүк буюм катары саналган эркектердин куралы. Колдонулган аспаптар: балка, электр чарыгы, кайрак, бүлө. Жердиктер: өтө жогорку сапаттагы дат баспас, жешилбес баалуу болот; сейрек кездешүүчү, көптөгөн жылдар бою сууда жатып табигый курамы өзгөчө сапатка жеткен эмен жыгачы; жез түтүкчөлөр. Жасалышы: В. Верещагиндин эмгегиндеги бычак кыргыздарга таандык эмес болгондуктан, биз долбоорго кы...
КИСЕ КУР
Просмотров 1809 часов назад
Кисе кур - белге тагылчу кайыш кур. Ага канжар, оттук, окчонтой, кестик, баштык, бычак жана кын өңдүү буюмдар илинчү. Киселер баалуу мүлк катары атадан балага мурас катары өткөн. Аны колдонгон эр адамдын турмуштук абалына жараша, мыкты кисе жана ага илинген буюмдар алтын, күмүш, жезден чөгөрүлүп кооздолчу. Колдонулган аспаптар: темир эритүүчү жабдуу, дөөшү, кайчы, кычкач, аттиштин түрлөрү, балк...
КАЖАРЫ ТАСМА
Просмотров 1879 часов назад
Кажары - терменин түрү, өрмөкчүлүктүн бир ыкмасы. Жаргак шымдын багалеги кажары тасма менен жээктелип, ал ичке жибек жиптерден согулду. Колдонулган аспаптар: казык, бакан, такта, кылыч, кайчы. Жердиктер: түстүү жибек жиптер. Жасалышы: Жерге кагылган үч казыкка жиптерди айлантып күзүктөп, аларды эриш-аркак кылып бөлүп, андан соң көчөтүн салып соктук. Кажарыны даярдап алууга бир ай убакыт керекте...
ЫЧКЫР
Просмотров 1909 часов назад
Ычкыр - шымдын кашатына өткөрүлгөн боо. Ал жибек жиптен колго өрүлүп, шөкөттөлүп жасалды. Колдонулган аспаптар: кайчы, ийик, ийне, темене, оймок. Жердиктер: жибек жиптер, аттын кылы, жез жип. Жасалышы: Ичке жибек жиптин 56 катар саны туура экиге бөлүнүп, бул ычкыр таңдайча ыкмасында өрүлүп чыкты. Аттын кылына жибек жип оролуп жасалган чаян анын учуна өткөрүлүп, андан соң чыйратылган чачы тагылд...
ЖАРГАК ШЫМ
Просмотров 2839 часов назад
Жаргак шым - эчкинин терисинен жыдытылып жасалган шым. Жаргак деген аталыш тери иштетүү ыкмасын билдирет. Кандагай шымга салыштырмалуу, жаргак шым жука жана жеңил келет. Ат үстүндө кийип жүрүүгө ыңгайлуу болгондуктан, мергенчилер жаргак шымды аң уулоого, улуттук оюндардын айрымдарына жана керектүү учурда күнүмдүгүнө кийишкен. Ал эми кандагай шым тоо текенин, багыштын, жаш бодонун терисинен жаса...
БЕЛ ЖООЛУК l БЕЛБОО
Просмотров 989 часов назад
Бел жоолук - эркектердин сырт кийиминин тышынан курчай турган #белбоо . #белжоолук Колдонулган аспаптар: кайчы, ийне, оймок. Жердиктер: чыт, жибек жип. Жасалышы: Ак түстүү чыт кездемени алгач жууп-кургатып алдык (узун-туурасы 1*1.20 см). Анын бетине саймалуу алкак түшүрүш үчүн четинен эки эли калтырып, дурия саймасы менен түз сызыктуу кылып биринчи алкакты сайдык. Ал алкактан бир укум калтырып ...
ТУУРА ЧАПАН l ЧАПАНДЫН ТИГИЛИШИ
Просмотров 1739 часов назад
#Чапан - сырт кийимдин бир түрү. Долбоордун негизинде бычылып-тигилген чапан эл арасында “туура чапан” деп аталып келет. Туура чапан кыргыздардын эң байыркы кийимдеринин катарына кирет. Бул боюнча К. И. Антипина “Түштүк кыргыздарынын материалдык маданиятынын өзгөчөлүгү” деген эмгегинде белгилеген. Туура чапандын өзгөчөлүгү - жеңи оюлбагандыктан кездемеден өөн калбай бычылат. Анын өңүрүнө жана к...
ДАМБАЛ l БААРДЫК ЖАШ КУРАКТАГЫЛАРГА ТИЕШЕЛҮҮ ИЧ КИЙИМ
Просмотров 2189 часов назад
#Дамбал - баардык жаш курактагыларга тиешелүү ич кийим. Аны ыштан, ылаазым деп да аташат. Илгерки убакта колунда бар адамдар жибек, адрас кездемелеринен кийишкен. Колдонулган аспаптар: кайчы, ийне, сызгыч. Жердиктер: ак адрас, чарык жип. Бычып-тигүү: Дамбал кенен бычылып-тигилет. Аны тигүү ыкмасында биз жегденин тигишин колдондук. Белине кездемеден тигилген ычкыр тагылды. Дамбалды бычып-тигүүгө...
ЖЕГДЕ l ЭРКЕКТЕРДИН САЛТТУУ КӨЙНӨГҮ
Просмотров 649 часов назад
#Жегде - эркектердин көйнөгү. Салттуу жегде ак түстө болуп, ага жака салынып, көкүрөгүнө өрүлгөн боо тагылган. Бышык болуу үчүн жакасы майда шырылган. Жегденин желке тушуна өзүнчө төрт бурчтуу кездеме ичинен тигилген. Ал “ийин ич” деп аталган. Жегдени кийип жүрүүдө денеге токтомдуу болушу, терден, жел тийүүдөн сактап турушу үчүн ага ийин ичти (тердикти) кошуп тигишкен. Колдонулган аспаптар: кай...
БҮЙҮРМӨ ТОПУ l САЛТТУУ БАШ КИЙИМ
Просмотров 1889 часов назад
Бүйүрмө топу - калпак жана тебетейди (сырткы баш кийимдерди) терден, кирден сактап турган ички жеңил баш кийим. Ал ак түстөгү табигый кездемелерден, чыттан, бөздөн тигилген. #history #истории Колдонулган аспаптар: ийне, кайчы, оймок. Жердиктер: чыт кездеме, чарык жип. Бычып-тигүү: Бүйүрмө топунун төбө жак бөлүгүн эки кат чыттан тегерек кылып кесип алдык. Так төбөсүн болсо тегерете майда тепчип ...
КАЛПАК - КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК БАШ КИЙИМИ l Kalpak l
Просмотров 29412 часов назад
#Калпак - кыргыз эркектеринин улуттук баш кийими. #Мужской #национальный #головной #убор #кыргызов #истории #историянародов #историяжизни #народ #тарых #kiyizduino Этнографиялык изилдөөлөр боюнча, эркектердин жаш курагына жараша калпактын түзүлүшү, өңү-түсү айырмаланып, алар өз-өзүнчө аталыштарга ээ. Бирок, В. Верещагиндин эмгегинде тартылган калпак боюнча толук маалымат табылбагандыктан, долбо...
Келиндин салттуу кийим топтому. Традиционная одежда невестки.
Просмотров 265 месяцев назад
Келиндин салттуу кийим топтому. Традиционная одежда невестки.
Таңдайча өрүмүн өрүү
Просмотров 9112 года назад
Таңдайча өрүмүн өрүү
Төрт кыр өрүмү Виды плетений
Просмотров 4 тыс.2 года назад
Төрт кыр өрүмү Виды плетений
ТУШ КИЙИЗ I ТРЕТИЙ УРОК I ОСОБЫЕ ТЕХНИКИ ВЫШИВАНИЯ
Просмотров 3,5 тыс.3 года назад
ТУШ КИЙИЗ I ТРЕТИЙ УРОК I ОСОБЫЕ ТЕХНИКИ ВЫШИВАНИЯ
ТУШ КИЙИЗ I ВТОРОЙ УРОК I ВИДЫ ИСПОЛЬЗУЕМЫХ НИТОК И КРЮЧКОВ КЕРМЕ I ОСНОВНЫЕ ТЕХНИКИ ВЫШИВАНИЯ
Просмотров 9 тыс.3 года назад
ТУШ КИЙИЗ I ВТОРОЙ УРОК I ВИДЫ ИСПОЛЬЗУЕМЫХ НИТОК И КРЮЧКОВ КЕРМЕ I ОСНОВНЫЕ ТЕХНИКИ ВЫШИВАНИЯ
ТУШ КИЙИЗ I ПЕРВЫЙ УРОК I КЕРМЕ САЙМА I САЙМА I ВЫШИВКА I НАНЕСЕНИЯ УЗОРОВ I ТАРЫХ
Просмотров 7 тыс.3 года назад
ТУШ КИЙИЗ I ПЕРВЫЙ УРОК I КЕРМЕ САЙМА I САЙМА I ВЫШИВКА I НАНЕСЕНИЯ УЗОРОВ I ТАРЫХ
Сөйкө желбирөөч
Просмотров 2233 года назад
Сөйкө желбирөөч
9 ДААМ КОШУЛГАН ТАМАК I КӨЖӨ ЖАСОО
Просмотров 4,8 тыс.3 года назад
9 ДААМ КОШУЛГАН ТАМАК I КӨЖӨ ЖАСОО
Инвентаризации головных уборов и традиции плетение кос женщин I Кыргызстан I Кийиз Дуйно
Просмотров 4514 года назад
Инвентаризации головных уборов и традиции плетение кос женщин I Кыргызстан I Кийиз Дуйно
Ak kalpak I Kyrgyzstan I UNESCO
Просмотров 1274 года назад
Ak kalpak I Kyrgyzstan I UNESCO
Ак калпак I Кыргызстан I ЮНЕСКО
Просмотров 5444 года назад
Ак калпак I Кыргызстан I ЮНЕСКО
Жайлоодогу жашоо
Просмотров 3,5 тыс.4 года назад
Жайлоодогу жашоо
Book_Elechek
Просмотров 3114 года назад
Book_Elechek
КАК ПРАВИЛЬНО НАМОТАТЬ ГОЛОВНОЙ УБОР ЭЛЕЧЕК ПЛЕМЕНИ САРЫБАГЫШ Elechek 20 ENG
Просмотров 9 тыс.4 года назад
КАК ПРАВИЛЬНО НАМОТАТЬ ГОЛОВНОЙ УБОР ЭЛЕЧЕК ПЛЕМЕНИ САРЫБАГЫШ Elechek 20 ENG
Elechek 20 RU
Просмотров 8504 года назад
Elechek 20 RU