Алтынбек Каленов-Суйуунун мерез мыйзамы

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 2 окт 2024
  • «Сүйүүнүн мерез мыйзамы»
    Автор:Элмирбек Иманалиев
    Өкүттүү, кусалуу, жарааттуу,
    Өзгөчө армандуу, азаптуу.
    Өзөктү тытмалап да бир түн,
    Өзүңсүз дагы бир таң атты!
    Кайырма:
    Мелжиген дүйнөгө батпай чын,
    Мен келем, сен «эшик» ачпайсың.
    Мен жетчү бактыны ыйлатып,
    Мен кетчу жолума таштайсың!
    Сүңгүп мен чыгалбас санааны айт,
    Сүрүлгөн, сүрүнгөн жараны айт.
    Сүйүүнүн бул мерез мыйзамы:
    Сүйдүргөн сүйгөндү аябайт!
    Кайырма:
    Мелжиген дүйнөгө батпай чын,
    Мен келем, сен «эшик» ачпайсың.
    Мен жетчү бактыны ыйлатып,
    Мен кетчу жолума таштайсың!
    Сенсиз мен адашкан жөжөдөй,
    Сени издеп, чыйпылдап жөнөмөй.
    Серпилсем, бир сенсиң билмексен,
    Сен үчүн бир жалгыз мен өгөй!...
    Кайырма:
    Мелжиген дүйнөгө батпай чын,
    Мен келем, сен «эшик» ачпайсың.
    Мен жетчү бактыны ыйлатып,
    Мен кетчу жолума таштайсың!

Комментарии • 63

  • @ruslannyshanov
    @ruslannyshanov 6 месяцев назад +11

    Сүңгүп мен чыга албас санааны айт,
    Сүзүлгөн, сүрүлгөн жараны айт.
    Сүйүүнү бул мерээз мыйзамы,
    Сүйдүргөн сүйгөндү аябайт.
    Мелжиген дүйнөгө батпай чын,
    Мен келем, сен эшик ачпайсың.
    Мен жетчү бактымды ыйлатып,
    Мен кетчү жолуңа таштайсың.
    Сенсиз мен адашкан жөжөдөй,
    Сени издеп чыйпылдап жөнөмөй.
    Серпилсем бир сенсиң билмексен,
    Сен үчүн бир жалгыз мен өгөй.
    Мелжиген дүйнөгө батпай чын,
    Мен келем, сен эшик ачпайсың.
    Мен жетчү бактымды ыйлатып,
    Мен кетчү жолуңа таштайсың.
    Өкүттүү, жараттуу, азаптуу,
    Өзгөчө армандуу азаптуу
    Өзөктү тытмалап да бир түн,
    Өзүңсүз дагы бир таң атты.
    Мелжиген дүйнөгө батпай чын,
    Мен келем, сен эшик ачпайсың.
    Мен жетчү бактымды ыйлатып,
    Мен кетчү жолуңа таштайсың.

  • @MinaraSydykbaeva-v5d
    @MinaraSydykbaeva-v5d 6 месяцев назад +52

    Мендей болуп кайра-кайра уккандар барбы? Жүрөккө жеткен ыр экен. Кайран Элмирбек акын легенда эле да...

    • @NarisRysbekov
      @NarisRysbekov 6 месяцев назад +1

      Укмуш ыр экен

    • @КымбатБекмамбетова
      @КымбатБекмамбетова 5 месяцев назад +1

      Ооба ар нерсени ойлоп ыйлагында келет экен❤😢

    • @AiperiAKMATOVA-jc1kj
      @AiperiAKMATOVA-jc1kj 5 месяцев назад +1

      Бар 🥰😍

    • @nyridakanaeva8947
      @nyridakanaeva8947 5 месяцев назад +1

      Айтпагыла повторго койуп аласынго😢😢😢

    • @НурзатМусаланова
      @НурзатМусаланова 5 месяцев назад +1

      Кайталап уккандан эч тажабайм, Жакында алыска сапарга чыкканда 3-кун катары менен уктум,Менин тагдырым бул ырда ырдалгандай ,

  • @beybars...
    @beybars... 5 месяцев назад +2

    Ассалямуалейкум мусульман биртуугандар суранам сиздерден Алтынбек Каленовдон башканар ырдабай эле койунуздарчы ырдын баркын кетирбей

  • @АйтурганАлтымыш
    @АйтурганАлтымыш 5 месяцев назад +10

    Суйуудо жетсен жакшы экен,жетпесен тозоктун эн жаманы.Как будто устуно кайнак суу куюп,дененди лезва м н тилип,тилинген териге туз сээп койгондой болот😢😢😢😢😢😢😢😢😢

  • @СалкынЖумашова
    @СалкынЖумашова 4 месяца назад +7

    Гулбу олгондон кийин жазган ыры окшойт жандары жаннаттан болсун

    • @KuluipaNurmatova-ku8el
      @KuluipaNurmatova-ku8el 3 месяца назад +1

      ,,Өкуттуу, кусалуу, жарааттуу
      Өзгөчө армандуу, азаптуу,
      Өзөктү тытмалап да бир түн,
      Өзүңсүз дагы бир таң атты'', деп, жүрөктү эзип, жүлүндү аралагвн ырды, Гулбу кайрылгыс жакка кеткенде чыгарган экен, ал барда кыздарынан санаасы тынч эле да...

  • @МунараКапарова-у2ы
    @МунараКапарова-у2ы 5 месяцев назад +5

    Журокту титиретип жулунду аралап соокту сыздаткан чыгарма жаратып кетиптир кайран залкар Элмирбек Иманалиев😢😢😢😢

    • @user-ux7gf5ie9t
      @user-ux7gf5ie9t 4 месяца назад +1

      Элмикемдин ичи толо күйүт экенда алтынай.Аллахым бейиштик кылсын 🤲

    • @KuluipaNurmatova-ku8el
      @KuluipaNurmatova-ku8el 3 месяца назад

      ​@@user-ux7gf5ie9tОшо да, сыртынан гулмундоп, жаркырап жайнап турганы менен ичинде өзү айткандай: ,,Буулуккан булут болдум мен, буркурайт жамгыр ичимде'', ичинен күйүп,түтөп жүрүп, сахар оорусуна туш болгон экен да...

  • @АдашбубуСуеркулова-и8б
    @АдашбубуСуеркулова-и8б 6 месяцев назад +8

    Өкүнттү кусалуу
    жараттуу
    Өзгөчө армандуу азаптуу
    Өзөктү тытмалайт
    да бир түн
    Өзүңсүз дагы
    биртаң атты
    Мелжиген дүйнөгө батпайм чын
    Мен келдим сен эшик ачпайсың
    Мен келчү бактыны ыйлатып
    Мен кетчү жолума таштайсың
    Сенсиз мен адашкан жөжөдөй
    Сени издеп күндө чыйпылдап жөнөмөй
    Серпилсем бир сенсиң билмексен сен үчүн бир мен өгөй
    Сүнгүп мен чыгалбас санааман
    Сүрүңдөн сүрүлгөн
    Жарааны айт
    Сүйунун бул мерез мыйзамы сүйүлгөн сүйгөндү аябайт

  • @МунараКапарова-у2ы
    @МунараКапарова-у2ы 5 месяцев назад +3

    Ырды Алтынбек мырза жетире соонун аткарыптыр Сиздей бул ырды эч ким ырдай албайт. Баракелде сонун

  • @AlimAkaev-t5x
    @AlimAkaev-t5x 5 месяцев назад +2

    Аябай сонун аткарыптыр, молодец. Ыйлап угуп кетип баратам.
    Штат Вержиня.

  • @Нургуль-ч6ж
    @Нургуль-ч6ж 5 месяцев назад +2

    Сиздей эч ким ырды жеткире албайт экен.
    Унунузго берекет.

  • @ГулзаиРамбаева
    @ГулзаиРамбаева 6 месяцев назад +2

    Кандай гана керемет ыр экен,жуз жолу уксам да уккум эле келет,раматылык Элмирбек жетишпей турат бизге арман дуйно.

  • @aziretaisaev-vs1rx
    @aziretaisaev-vs1rx 4 месяца назад +1

    Бул ырды ийинине жеткире ырдаптыр. Мыкты экенсиз 👍💪💪💪💪

  • @ДарикаАнарбаева
    @ДарикаАнарбаева 3 месяца назад +1

    Мен да ооруп жүрөм ушул ырга

  • @Arip_School
    @Arip_School 26 дней назад

    Ырдын мазмуну бир ыйлатса, ушундай шедеврди жараткан акындын жоктугу мин ыйлатты😢😢😢😢😢

  • @МээримТашыбекова-у2о
    @МээримТашыбекова-у2о 4 месяца назад +1

    Жаткан жери жайлуу болсун рахматы создун маанисин биринчи оорунга койгон акылдуу киши эле эки уйбулосун бир коз карашта карап кыргыздын сырттаны болуп кете бердиго .бейиштен берсин

  • @ТаалайкулБегалиева-т4н
    @ТаалайкулБегалиева-т4н 6 месяцев назад +5

    Кайра кайра уккандардын катарындамын.Мааниси,создору бир тагдырды баяндайт.😢

  • @ГулзадаАмакеева
    @ГулзадаАмакеева 17 дней назад

    Мен келип эшик ачпайсын деген соз ото тасирдуу кызым эшик ашчуу азыр жок ачпайт

  • @Майрамкан-я9н
    @Майрамкан-я9н 4 месяца назад +1

    Аябай соонун жеткиликтуу уккулуктуу ыр мин жолу уксан деле конул калбайтго обожаю ❤❤❤❤❤❤

  • @bekkeldinurbekov8160
    @bekkeldinurbekov8160 6 месяцев назад +1

    Ассалому алейкум Алтынбек байке унуңузго береке ишиңге ийгилик дагы жакшы ырларды чыгара бериңиз

  • @MaralKojobekova
    @MaralKojobekova 4 месяца назад +2

    Өтө керемет😢😢

  • @БегимжанТокторалиева
    @БегимжанТокторалиева 6 месяцев назад +1

    Ырды катыра аткарыптыр,сайсоогуно жеткендей.

  • @NurdoolotBakytbekovich-lc7cg
    @NurdoolotBakytbekovich-lc7cg Месяц назад

    Кайсыл жактан кочуробуз 😢

  • @Arip_School
    @Arip_School 26 дней назад

    Эмне деген шедевр, бир келген талант - Элмирбек.

  • @adilet6422
    @adilet6422 4 месяца назад +1

    Мендагы кайра кайра угамын

  • @ШатманКарымшаков
    @ШатманКарымшаков 5 месяцев назад +1

    Бул ырдын мани мазмуну эн жакшы экен

  • @UlanbekKeldibaev
    @UlanbekKeldibaev 3 месяца назад

    Мен сени издеп таппайм Чын 😢
    Бул сыноо омур боюу журокту оорутат 😢😢😢😢

  • @СанжарАйбеков-э3м
    @СанжарАйбеков-э3м 5 месяцев назад

    Ыр деген ушундай болушун каалайт элэм Ырчыларга айтаарым Маныздуу Маанилүү кылып жазгылачы ушундай кылып

  • @ТалгатОмурбекович
    @ТалгатОмурбекович 6 месяцев назад

    Алтынбек байке ассалам алейкум 🙋 , арчалуу жайлоосунда тоонун кучагында ырдаган кундорунуз эсиниздеби , ошол кезде 2 чи класстын баласы элем азыр 22 жашка келдим 😢

  • @НуржанТургунова
    @НуржанТургунова 4 месяца назад +2

    Создорунун тандалганына тан калып бутподум.Бир жумадан бери куннуго жуз кайталап угуп тажабадым.Ооруп калдым ушул ыр менен

  • @TalgatOkeev
    @TalgatOkeev 6 месяцев назад +1

    Скачать болбой жатат го

  • @JamilaKishtobaeva-li7lw
    @JamilaKishtobaeva-li7lw 3 месяца назад

    Азаматсын Алтынбек!Талантын ташкындай берсин!

  • @jaak-jok
    @jaak-jok 6 месяцев назад

    Мен жетчү бактыны ыйлатып.
    Мен кетчү жолума таштайсың 😢😢

  • @ainurasulaimanova9211
    @ainurasulaimanova9211 6 месяцев назад +3

    Сүйүүнүн бул мерез мыйзамы көйрөндордүн далайын дарга аскан

  • @ЧынараАбдыкадырова-й1н
    @ЧынараАбдыкадырова-й1н 5 месяцев назад

    Баарыбыз өлөбүз го Элмирбек кеп күйүп ыйлаган да

  • @АминаАлтынбекова-м1п
    @АминаАлтынбекова-м1п 6 месяцев назад +1

    Ооруп калдымго ыр менен😢

  • @ЧынараАбдыкадырова-й1н
    @ЧынараАбдыкадырова-й1н 5 месяцев назад

    Сыгылып ыйлап жүрүп өзү да оо дүйнө салды кайран жигит

  • @АйнураТокторбаева-х7ф
    @АйнураТокторбаева-х7ф 4 месяца назад

    Отл соонун ырдаган..

  • @555-v2m
    @555-v2m 4 месяца назад

    Эң мыкты аткаруу!

  • @ДилнозаУраимова
    @ДилнозаУраимова 5 месяцев назад

    🥹🥹 мага ырдагандай

  • @АйжаркынКалдарбекова-ш2ф
    @АйжаркынКалдарбекова-ш2ф 6 месяцев назад +2

    Текст можно

  • @ediltarielov3435
    @ediltarielov3435 6 месяцев назад

    Элмирбек дагы бир ойлонту

  • @Канатуулумурат
    @Канатуулумурат 5 месяцев назад

    Мендей болуп кайра кайра укканлар