Ак-Деңиз кечинде Кыргыз маданияты жана "Манас" эпосу

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 22 сен 2024
  • Кыргыз Республикасынын маданияттын мыкты кызматкери Лира Урманбетова Париж шаарына чакыруу алды.
    Ырчы, дизайнер Лира Урманбетова Париж шаарында өз колу менен тиккен улуттук колориттеги кийимдерин жана экслюзивдүү шөкүлөлөрүн эл аралык мода көргөзмөдө даңазалайт. "Кыргыз эли" коомунун жалпы жамааты, башчыбыз Рысгүл Кадырова, башкы катчы Светлана Эсенгүл кызы, Маданият иштери боюнча жетекчи Бексултан Алимбеков ар тараптуу таланттуу Лира Урманбетовага чоң ийгиликтерди каалайт жана мындай маданий иштер аркылуу кызматташып жаткандыгына кубанычтарын билдирет.
    Эскерте кетсек, 2019-жылдын 12-июлунда болуп өткөн "Ак-Деңиз кечинде Кыргыз маданияты жана "Манас" эпосу" чон маданий иш-чарасында өз көргөзмөлөрүн элдин сынына коюп кол чабууларга арзыган. Мындан сырткары "Жашоо керемет" , "Жүрөк сыры" аттуу чыгармалары менен көрармандардын купулуна толуп сагыныч сезимдерин күчөткөн. Кошумчалай кетсек Лира Севен Вьетнам, Таиланд, Түркия өңдүү мамлекеттерде ырчылык карьерасын улантып келет.
    Маданият жана маалымат бөлүмү
    Анталия шаары
    30.07.2019

Комментарии •