Өмүргө келдим, өзүңдү көрдүм, Түйшүгүм тартып, түн уйкуң бөлдүң. Алпештеп бактың, азабым тарттың, Апакем менин, алмашкыс бактым. Мээримиң төктүң, эркелеп өстүм, Арнасам деймин асылын сөздүн. Тилегим тилеп, турмушка сүрөп, Өксүгөн кезде, өзүңсүң тирек. Энекем күнүм, бой жеттим бүгүн, Алайын колго Ата Журт жүгүн. Апакем менин, ак бата бергин, Болгун деп кызы кыргыз элимдин. Түйшүктөн качпайм, эмгегиң актайм. Насаатың накыл жүрөктө сактайм. Бейишим менин, өрүшүм менин, Ыйыктан ыйык кол тийбес чебим. Гүлдөгөн бакчам, бүтпөгөн дастан Мен үчүн апам күн-ай, жер-асман.
Өмүргө келдим, өзүңдү көрдүм,
Түйшүгүм тартып, түн уйкуң бөлдүң.
Алпештеп бактың, азабым тарттың,
Апакем менин, алмашкыс бактым.
Мээримиң төктүң, эркелеп өстүм,
Арнасам деймин асылын сөздүн.
Тилегим тилеп, турмушка сүрөп,
Өксүгөн кезде, өзүңсүң тирек.
Энекем күнүм, бой жеттим бүгүн,
Алайын колго Ата Журт жүгүн.
Апакем менин, ак бата бергин,
Болгун деп кызы кыргыз элимдин.
Түйшүктөн качпайм, эмгегиң актайм.
Насаатың накыл жүрөктө сактайм.
Бейишим менин, өрүшүм менин,
Ыйыктан ыйык кол тийбес чебим.
Гүлдөгөн бакчам, бүтпөгөн дастан
Мен үчүн апам күн-ай, жер-асман.
Браво
АПАКЕЙМ ЖАЙЫНИЗ БЕЙИШТЕ БОЛСУН....
Айнура деп кызымдын атын койдум