Нуржигит Кадырбеков - Кыргыз тилинин келечеги барбы?! (ПДВ #5)

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 20 июл 2024
  • Кыргыз тилинин бугунку кырдаалы жонундо, коомдук, мамлекеттик ишмер, акын жана жазуучу Нуржигит Кадырбеков менен маектештик
    Нуржигит Кадырбеков / nurzhigit_kadyrbekov_o...
    Бабур Шералиев - / babur_sher
    Миран Кульбаев - / miran_kulbaev
    #НуржигитКадырбеков #kyrgyzstan #кыргызтили
    0:00 Башталышы
    8:27 Тарыхы
    13:33 Совет бийлигинин жылдарында мамиле
    21:34 Диалект
    26:00 Алфавит реформасы
    30:39 Эне тил биринчи орунда турат
    39:11 Тилге болгон сүйүүнү өнүктүрүү
    49:05 Миграция маселеси
    51:00 Улутчул
    54:18 Насирдин Байтемировтин сөздөр
    59:25 Корутунду

Комментарии • 255

  • @user-ts7mm6qg6c
    @user-ts7mm6qg6c 11 месяцев назад +145

    Мен дагы орус мектепте окуп ойлорум дагы орусча болуп калган. "Ат айланып казыгын табат" дегендей азыр кыргыз тарыхын, салтын, наркын окуп озгорулдум. Орус тилин керектуу учурда колдонбосом суйлогум келбей калды. Албетте орус тил аркылуу коп дуйнолук китептерди женил окуганым болбосо. Биз кыргыздар дуйнолук китептерди кыргызча которсок жакшы болмок.

    • @_ker1mbekov04_
      @_ker1mbekov04_ 11 месяцев назад

      Сонун👍🏻

    • @nagimamaksatbekova5847
      @nagimamaksatbekova5847 11 месяцев назад

      Ойлонуп эле калдым… Кандай болор экен…

    • @user-ts7mm6qg6c
      @user-ts7mm6qg6c 11 месяцев назад

      @@bekkanbaiyshbekov1475 Эрнистин которуп болгон меенеттерин угуп буттум. Аудио китеп кыргызча китеп калбады окубаган. Сынган кылычты 3 жолу уктум го чиркин... Керемет китеп. Айтматовтун тоолор кулаганын деги тушунбодум. Бул озунчо дениздей философия экен.

    • @user-vs3ps3lb9x
      @user-vs3ps3lb9x 10 месяцев назад

      Нуржигит кадырбеков эркек эл уулу ыймандуу чечкиндуу акылдуу маладез ийгилик алга

    • @user-od5go4nh2t
      @user-od5go4nh2t 10 месяцев назад

      Телескоп каналы корунуз,кыргызча тарыхий окуялар бар

  • @akperishukurkyzy4089
    @akperishukurkyzy4089 11 месяцев назад +66

    Кыргызча берүү үчүн ыраазычылык!
    Уланта бериңиздер. Эң сонун жумуш.

  • @gkim4741
    @gkim4741 11 месяцев назад +42

    Азаматсыздар , менда айылда чонойгом «Кыргызча» Гана суйлойм. Орусча жана Англис тилин уйронгом. Жана сыймыктанам уялбайм.Азыр Чикагодомун Аллага чексиз мактоо шугур.

  • @user-cd6hb7ub3k
    @user-cd6hb7ub3k 11 месяцев назад +48

    Мен ушул подкасты бир күндө 3 жолу көрдүм. Орусияда чоңоюп калганым үчүн, мен дагы алып барычуу балдардай сүйлөйм 😅. Бирок жарым жыл мурун, кыргыз тилин өздөштүрө баштадым. Чынгыз Айтматовтун чыгармасын, кыргызча окуп баштаганда, ошондо билдим Кыргыз тилин такыр эле билбейт экенмин. Убакыт өтүп азыр күндөлүкө дагы кыргызча жазышка аракет кылам. Нуржигит байкеге чоң ыраачылык, аябай билимдүү, илимдүү инсан. Алып барычуу балдар сонун эле акцент жок сүйлөйт экен, кичине сөздүгү аз экен, бирок бул нерсени китептер бат эле оңдоп койот. Эң башкысы аракет болсо, баары болот деп ишенем. Чынында, мигранттар маселеси аябай чоң көйгөй, мен көрүп эле жүрдүм азыркы ата энелер балдары менен орусча сүйлөшөт. Алардын айлана чөйрөсү орусча, үйдө дагы орусча. Менин сиңдим 3 жашынан бери Орусияда өскөн, бирок үйдө биз менен кыргызча сүйлөшөт эле, ошого байланыштуу, сиңдим орусча, кыргызча, туркчө жана англис тилинде суудай сүйлөйт. Айтайын дегеним, Орусияда жүргөн туугандар, балдарыңарга кыргызча сүйлөгүлө, кийин балдарыңар же кыргыз эмес же орус эмес, өздөрүнө эле кыйын болот. Подкастка келсек, чынында сонун болуптур. Кыргыз тилинде пайдалуу нерселерди угуп, өзүнчө бир ырахат алдым. Ошого ишиңиздерге ийигилик, дагы да болсо Кыргыз тилинде дагы да көп контент болот деп ишенем. 👍🏻

  • @user-xn9gy6ns6z
    @user-xn9gy6ns6z 11 месяцев назад +27

    Нуржигиттин урматына силердин каналынарга катталдым,ал эми силердин Кыргызча суйлогон аракеттинерге бир чон лайк бастым

  • @user-ej3ey9be5y
    @user-ej3ey9be5y 11 месяцев назад +47

    Жигиттер азаматсынар! Баарыбызга 5 жылдан кийин таза кыргыз тилиндеги аудио берүүнү көрүү насип кылсын. Бирок кыргызстанда жашайсынарго 1 жыл десенер жакшы болмок.
    Нуржигит байке кыргыз эли,тили үчүн баштаган иштеринизди ар дайым ийгилик коштосун.

  • @bek3605
    @bek3605 11 месяцев назад +14

    Подкасттардын эң мыктысы ушул болду! Уланта бергиле! Кыргыз тилди өнүктүрүү керек. Азаматсыңар! Дагы деле көп подкаст чыгаргыла кыргыз тилде!

  • @kyrgyzztanec
    @kyrgyzztanec 11 месяцев назад +28

    Мен орус тилинде суйлогон уй-булоодо чонойгонмун, орус бала-бакчасына барып, орус мектепке, орус Университетинде окуп аяктагам.
    Ойлонуп коптогон ойго баттым, оз тилимди, Ата-бабамдын тилин жоготуп унутуп бараткандай болдум!
    Мына 2 жылдан бери кыргыз тилин жакшы суйлоого аракеттенип журомун!
    Буйруса балдарымды да кыргыз тилин уйротуп чонойтууга милдет алдым!
    Тилибизди жоготпошубуз керек!Тилсиз биз эчким эмеспиз!

    • @user-zd6qy6ox5t
      @user-zd6qy6ox5t 10 месяцев назад +2

      азаматсың!

    • @SuusarShadykanova
      @SuusarShadykanova 5 месяцев назад +2

      Эң жакшы ананайын, эне тилин унутпайлы.

    • @Sentiment_
      @Sentiment_ 5 месяцев назад

      Азамат

  • @KELECHEK_life_media
    @KELECHEK_life_media 11 месяцев назад +31

    Азаматсыңар жигиттер. Эмики кезек Кыяз Молдокасымов агайдан тарых тууралуу маек алгылачы.

  • @user-rt5qh7mc3m
    @user-rt5qh7mc3m 11 месяцев назад +22

    Кыргыз тилин сактап калуу үчүн ,баардык мектеп,бала бакчаны кыргыз тилинлеикылуу керек. Азыркы шаарда жашаган муундардын баары орус тилинде сүйлөшөт. Минтип отурса кыргыз тилин жоготуп алуу коркунучу бар.

  • @user-ku4xv5dc2r
    @user-ku4xv5dc2r 11 месяцев назад +25

    Эн жакшы, азаматтар!
    Тилин унуткан,улутун унуткан менен барабар.

  • @Miyras001
    @Miyras001 11 месяцев назад +8

    Podkas jaqsı shıqqan 🔥👏
    Qaraqalpaq elinen salem👋
    Tilin joytqan el , ózin joytadi
    Qirgiz❤Qaraqalpaq

    • @Digital-Yntymak
      @Digital-Yntymak  11 месяцев назад +1

      Kyrgyz Elinen Karakalpak tuugandarga salam ❤

  • @dinasultanova6621
    @dinasultanova6621 11 месяцев назад +8

    Аллах ыразы болсун сизден сиздей кыргызга тилге динге кызмат кылгандар кобойо берсин оомин.

    • @Monnie_chan0
      @Monnie_chan0 11 месяцев назад +1

      Биринчиден балдары неберелери кыргызча окуткула

  • @user-tv8fv1bq9k
    @user-tv8fv1bq9k 11 месяцев назад +9

    Азаматсыздар жигиттер. Силердин кыргыз тилинде алып барган берүүңөр аябай жакты. Мурдагы берүүңөрдү көрүп, эмнеге орус тилинде деп көп жактыра берген эмесмин. Сиздердин КЫРГЫЗ тилинде берүүңөр көп болсун. Сиздерге ийгилик каалайм. Нуржигит Кадырбековго терең ыраазычылык билдирем. Ушул жигиттердин сүйлөгөнүн сындабай, колдоп турганы мени аябай сүйүнттү. Кыргыз эли улуу элбиз. Ар бир КЫРГЫЗ өз тилин чанбай, өз тилинде сүйлөсө, КЫРГЫЗ эли жоголбойт. Азаматсыздар.

  • @mesary9649
    @mesary9649 11 месяцев назад +12

    Чон ырахмат ушундай орчундуу маселени которуп, талкуулап, тушундуруу иш аркетинер учун. Азыр Кыргыз учун эн актуалдуу тил маселесин кобуроок, жонокой ыкмада корсотуу абдан маанилуу. Кудайым баарыбызга акылмандык, куч-кубат бере кор🙏🙏🙏

  • @eldiiar-nurzat
    @eldiiar-nurzat 11 месяцев назад +12

    Рим деле бир күндө жаратылбаган. Баардык нерсени өзүңдөн баштоо бул ийгиликке карай ташталган эң чоң башталгыч кадам. Азаматсыңар жигиттер, дагы да көбүрөөк кыргыз тилиндеги подкаст уктурууну күтөбүз

  • @ALGYR.KGZ11
    @ALGYR.KGZ11 11 месяцев назад +5

    Көөнөргүс байлык кыргыз тилим.
    Агайдын өмүрүнө береке берсин эң сонун маек болуптур жигиттер азаматсыздар алгалай бериңиздер👏🏼💥🤩

  • @ainuramamajunusova4406
    @ainuramamajunusova4406 11 месяцев назад +6

    Алла ыраазы болсун жигиттер.соонун маек болуптур.Кыргыз тили оссун.онуксун.киргиздер да кыргыз болууга аракет кылгыла.Кыргыз тили улуу тил.биз урматташыбыз керек

  • @user-mi6rg3nq5b
    @user-mi6rg3nq5b 11 месяцев назад +8

    Азаматсынар, Бабур,Миран ишинерге ийгилик,аракетинерге береке,Кыргыз деп келгем дуйного,Кыргыз деп отом дуйнодон,Эне тилин,эне сутун унутпаш керек, бар болгула ,,

    • @Digital-Yntymak
      @Digital-Yntymak  11 месяцев назад +2

      Чон Рахмат жылуу создорунорго

  • @kyrgyzztanec
    @kyrgyzztanec 11 месяцев назад +14

    Кыргыз тилинде подкаст кылып бергениниздерге чоон ыраазылыгымды билдирейин!Сиздерге Рахмат🤍🇰🇬

  • @zeynsame2538
    @zeynsame2538 11 месяцев назад +8

    Эки жолу кордум Агайдын урматына. Азаматсынар жигиттер. Бармак бастым)), катталдым каналынарга!

  • @topuraq
    @topuraq 11 месяцев назад +9

    Кыргыз тилинде подкасттарды уландай бергиле, сонун чыгат экен👍

  • @user-ff7im5ve6s
    @user-ff7im5ve6s 11 месяцев назад +6

    Жигиттер ийгилик силерге. Өтө маанилүү чоң маселени көтөрүпсүңөр. Кудай буйругу менен азыр жаш муун кыргыз тилине көңүл буруп баштады

  • @user-gi8qc2lb9k
    @user-gi8qc2lb9k 11 месяцев назад +4

    Алга жигиттер!!! Баары соонун ушундай кылып тарткыла, кыргыз тилге басым кылгыла, мен деле орус мектепти бутком бирок тарыхты окууган сон, эне тилге болгон суйум кучоду!

  • @lionlionov9224
    @lionlionov9224 10 месяцев назад +3

    Сонун эле суйлөйт экенсинер, эч уялбай, тажырыйбанарды топтой бергиое. Keep going!

  • @user-id5pi7we1s
    @user-id5pi7we1s 10 месяцев назад +2

    Карачы кыргыз элим, жалан кыргызча пикир ойлорун жазыптыр баардыгы. Оркундой бер кыргыз тил!!!!

  • @samaraabdimalikkyzy3415
    @samaraabdimalikkyzy3415 10 месяцев назад +1

    Сонун ото кызыктуу майек болуптур. Ал учун жигиттерге жана Нуржигит байкеге терен ыраазычылык билдирем.🤗👍👍💐💐💐

  • @aselasel2223
    @aselasel2223 10 месяцев назад +1

    Азаматсынар ...🎉🎉🎉😊😊😊ойгонолу кыргызым ...

  • @FaridaUrmat-nd2tt
    @FaridaUrmat-nd2tt 11 месяцев назад +10

    Аябай соонун подкаст болуптур! Нуржигит Кадырбековдун билимине,акылына жана чечендигине баа бредим!👏 Улгу алчуу интсан экен!👍

  • @user-ow5ci2uc1u
    @user-ow5ci2uc1u 5 месяцев назад

    Кандай гана акылдуу терең сөздөр, ар бир чыгарылышты көрүп өзгөчө ырахат алам, кыргыз тилин колдонуу жана билүү бул биздин милдет.
    Кыргыздар бири бирибиз менен өз тилибизде сүйлөшсөк эле оңолот деген ишеничтемин.❤❤❤

  • @user-gc6qh3kh8r
    @user-gc6qh3kh8r 11 месяцев назад +4

    Соонун подкаст . Чон рахмат . Аракет , жакшы ниет бизден болсун , калганын Аллахым озу бизге туздоп берет , Ин ша Аллах

  • @user-ug4lm1lm8s
    @user-ug4lm1lm8s 11 месяцев назад +4

    Эң мыкты жигиттер , эң сонун , чооң рахмат

  • @amankkg
    @amankkg 10 месяцев назад +1

    Азамат Бабур! Подкастыңарга йгилик 👍

  • @isabekov5489
    @isabekov5489 11 месяцев назад +1

    жигиттерге айтаарыбыз чоң рахмат, дагы дагы жаңы роликтерди күтөбүз

  • @user-xk8ep2mu9p
    @user-xk8ep2mu9p 11 месяцев назад +2

    Азаматсыңар🎉🎉🎉🎉🎉

  • @adileterkinbaev6966
    @adileterkinbaev6966 11 месяцев назад +4

    БАР БОЛУҢУЗДАР!!!❤

  • @Za00b02
    @Za00b02 11 месяцев назад +5

    Аябай пайдалуу, уккулуктуу чыгарылыш болуптур👍 дагы кыргызча выпусктар болсун

  • @adisabdyldaev1739
    @adisabdyldaev1739 11 месяцев назад +2

    чет мамлекетке чыгып, өзүмдүн тилимдин, жэримдин барккын анык билдим. Мег дагы орус мектепти бүтүп “чала-кыргыз” болуп калгам, андан тышкары жакындарым да орусча сүйлөп калган.
    бир жылдын ичинде Германиядп жашап, немис тилин бат эле үйрөнүп кеттим. Ошол өнүгүшүм бир гана практика аркылуу болду деп ойлойм.
    Ошондуктан, кыргыз тилинде каталар менен да болсо, уялбай сүйлөп баштайын деп өз алдымда максат койдум.
    Сиздин Podcast чооон ыраазычылыгымды билдирем ❤️

  • @user-qp5nr9dl7b
    @user-qp5nr9dl7b 11 месяцев назад +5

    Нуржигит Кадырбеков илимдүү, билимдүү элдин уулу. Өзү бир топ тилде сүйлөй алса да ар дайым эне тилибизде мыкты сүйлөгөн,анын өнүгүшүнө салымын кошкон жакшы инсан.

  • @Tukok
    @Tukok 11 месяцев назад

    Баштан акырына чейин жылдырбай коруп чыктым. Сонун болуптур. Бобур ака Миран ака респект силерге

  • @Kokosss1653
    @Kokosss1653 11 месяцев назад +2

    Биз дагы коп жылдан бери Россияда турабыз,баламды эн биринчи орусча уйротконмун мектепке барганда кыйналып калбасын деп,азыр кыргызча уйронуп атат бирок аябай окуном биринчи оз тилин билиш керек экен!

  • @mixlab7243
    @mixlab7243 11 месяцев назад +5

    Чамдай бергиле, ийгилик!

  • @nurdoolotbaktybekov8531
    @nurdoolotbaktybekov8531 11 месяцев назад +1

    Эң мыкты 😍. Ушундай берүүлөр көбөйсө буюрса тилибиз да өнүгөт деп ойлойм 😊

  • @user-zu3zj8fr6g
    @user-zu3zj8fr6g 11 месяцев назад +2

    Азаматсыңар

  • @user-gm4hh4hk1y
    @user-gm4hh4hk1y 11 месяцев назад +2

    Жигиттерге рахмат
    Ийгилик каалайм!

  • @boriswillis8709
    @boriswillis8709 11 месяцев назад +2

    Смотрим с Америки :) Баракелде жигиттер!

  • @mr.bekbosun
    @mr.bekbosun 11 месяцев назад +6

    Азаматсынар жигиттер. Оркунунор оссун

  • @user-lr3rs7is8k
    @user-lr3rs7is8k 11 месяцев назад +1

    Нуржигит Кадырбеков 🔥🔥🔥🔥

  • @hdhdhdbdbdh335
    @hdhdhdbdbdh335 11 месяцев назад +3

    Соонун көрсөтүү болуптур. Дагы да ушундай орчундуу маселедеги берүүлөрдү күтөбүз. 👍👍👏👏👏

  • @burma-asmr
    @burma-asmr 11 месяцев назад +1

    Менин биринчи подкастым КЫРГЫЗ тилинде 🫠 издеп таппай жургом озу эле чыгып калды🤗 ЭН СОНУН❤

  • @MNM0199
    @MNM0199 11 месяцев назад +5

    😇кандайсыздар, сиздер да тилдин онугушуно салым кошуу үчүн дайыма кыргызча алып барсаныздар жакшы болот экен. Суйундум сиздердин кыргызча суйлогонунуздорду коруп.❤

  • @user-ru7be8lf2r
    @user-ru7be8lf2r 11 месяцев назад +1

    Тилибизди өнүктүрөлү алга жигиттер эң сонун беруу болуптур.

  • @saskeff5524
    @saskeff5524 11 месяцев назад +3

    Азаматсын иним денсоолук калай
    Ийгилик❤❤❤❤

  • @aidanausenova9354
    @aidanausenova9354 11 месяцев назад

    Бир эл дини,тили,тарыхы менен ийгиликке жетет👍😎

  • @user-tk7pm7gz2u
    @user-tk7pm7gz2u 11 месяцев назад +1

    Сонун чыгарылыш. 👏👏👏👏

  • @Tattygul_28
    @Tattygul_28 11 месяцев назад

    Нуржигит агай азаматсыз, уюштуруучулар га ла чоон рахмат,

  • @user-se8lf5iq1t
    @user-se8lf5iq1t 10 месяцев назад +1

    Сонун чыгарылыш болуптур 💯🔥

  • @user-lc2wg7zt6t
    @user-lc2wg7zt6t 10 месяцев назад +1

    Эмкиде кыргыз философиясы как наука жонундо подкаст сниммте....
    Многие незнают что у нас есть своя философия....
    Оооочень интересная тема
    И также санжыра жонундо подкаст кыргысча кутобуз
    Мага отто кызыктуу канал болдунар!!!! Алга

  • @user-tv8fv1bq9k
    @user-tv8fv1bq9k 11 месяцев назад +1

    Жигиттерге айтаарым, кыргыз тилин окуп үйрөнүүгө аракет кылалы. Азаматсыздар.

  • @user-nw9qg2cm9d
    @user-nw9qg2cm9d 11 месяцев назад +1

    Депутаттык мандатына толук татыктуу экенине бүгүн дагы бир далил болгон экен. Бабур, Миран силерге ыраазычылык билдирем кыргызча подкаст кылганыңар үчүн. Чынын айтсам силерди кыргызча такыр билбеген адамдар деп ойлогом. Бирок кыргызча таптак эле суйлойт экенсиңер көп адамдарга караганда)))).Өтө жакшы подкаст болду. Бул чыгарылыштын көп адамдарга пайдасы тиет деп ишенем.

  • @ainashkhan7312
    @ainashkhan7312 7 месяцев назад

    Азаматсынар жигитер!Чон Рахмат!Лайк !

  • @Stella8.8
    @Stella8.8 10 месяцев назад +2

    Молодцы ребята, очень важная и интересная тема для сохранения нашей нации, истории, культуры и государства в целом. Успехов!

  • @user-jq6vb6pp9l
    @user-jq6vb6pp9l 11 месяцев назад

    Азаматсынар,абдан сонун подкаст болду.Ийгилик !!!❤❤❤❤❤❤❤

  • @ChynaraAibek_
    @ChynaraAibek_ 11 месяцев назад +1

    Аябай жакты, азаматсыздар. 💜👍
    Кийинки чыгарылышыңыздарда.Ош окуясын изилдеп чыккан, жакшы түшүндүрүп бере алган,адамды чакырсаныздар аябай ыраазы болот элем.Бул гана эмес, баардык төнкөрүлүштөрдү, анализдеп
    Бир талкуулоо болсо, соонун болмок.
    Эмнегедир биз, биринен да сабак албагандайбыз

  • @user-ub7nn3lk3m
    @user-ub7nn3lk3m 11 месяцев назад

    Ийгилик жигиттер !!! Кубанычтабыз

  • @user-tr3uy6gc3r
    @user-tr3uy6gc3r 11 месяцев назад +5

    Азаматсыңар,азыркы жаштар кантип баатыр болосуңар? Кыргыз тилин,дилин сактасаңар,ушундай баарлашууну көбөйтсөңөр биз силерди Баатырлар дейбиз😊

  • @kg3197
    @kg3197 11 месяцев назад +2

    Азаматсынар аракет кылыбтырсынар жигиттер!

  • @user-ke1bo8qz4g
    @user-ke1bo8qz4g 11 месяцев назад +2

    Алга

  • @user-fb7ni1sk1w
    @user-fb7ni1sk1w 11 месяцев назад +7

    Шикарный выпуск ребят, желаю вам удачи в вашем деле, продолжайте в том же духе🫶🏻

  • @user-xh8wj5ii6r
    @user-xh8wj5ii6r 6 месяцев назад

    Азаматсынар жигиттер, алга!!!

  • @user-ev7gh6sg2f
    @user-ev7gh6sg2f 11 месяцев назад

    Туура айтасыз тил мн улутсун дейт кыргыз тили өсүп өнүксүн🇰🇬🇰🇬

  • @user-zt2eu4ku8r
    @user-zt2eu4ku8r 11 месяцев назад

    Сонун беруу болуптур, азаматсынар👍👍👍
    Ведущий суроо бергенче Нуржигит мырза жудоп кетти😂

  • @user-vl2ex4zk1v
    @user-vl2ex4zk1v 11 месяцев назад +2

    Корейлер балдарды окутканда биринчи очередь оздорунун история сын окутат экен Нуржигит агай туура айтат

  • @user-iv7lw8of5z
    @user-iv7lw8of5z 9 месяцев назад

    Ушундай адамдар коп болсун🤲🤲🤲🥺

  • @Chess_Aza
    @Chess_Aza 9 месяцев назад

    Ассалому алейкум, Молодцы парни ! Уланта бериниздер сиздерге ийгилик!

  • @zinakaraeva9468
    @zinakaraeva9468 7 месяцев назад

    Эне тили дайыма биринчи орунда туруш керек. Эн туура айтып жатасын балам.

  • @asman447
    @asman447 11 месяцев назад +5

    АКМди чыкырыш керек созсуз,
    Озгочо бир беруу болмок.
    Нуржигит агабыз аябай башкача адам сыйлайм

    • @blumbrain3732
      @blumbrain3732 11 месяцев назад

      Мен мен деп атып чарчайт ал

  • @beklines616
    @beklines616 11 месяцев назад +1

    Азаматсыңар !!!

  • @Жылдыз-ь1й
    @Жылдыз-ь1й 11 месяцев назад

    Азаматсыңар! Сонун маек болуптур .

  • @invkg
    @invkg 10 месяцев назад +1

    Ийгилик балдар!

  • @dastanmakenov3913
    @dastanmakenov3913 11 месяцев назад +1

    Кыргыз тилинде дагы дагы тратыңыздарчы🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @user-jj1lh6iu1z
    @user-jj1lh6iu1z 11 месяцев назад +1

    Кыргызга Динди кармап жашоо Милдет эмес !!!
    Кыргызга Наркын сактап , Каадасын кармап ,Салтын барктап
    Жашоо Милдет !!!!!

  • @nurbolotrasuljanuulu8186
    @nurbolotrasuljanuulu8186 11 месяцев назад +2

    Нуржигит Кадырбеков эн мыкты адам

  • @bekbolsunbektenov2370
    @bekbolsunbektenov2370 5 месяцев назад

    Молодцы ребята, просмотрел ваши подкасты и узнал очень многое.

  • @user-gi9jm4hg2u
    @user-gi9jm4hg2u 11 месяцев назад

    Эн туура, койгой бул соз байлыкты онуктуруубуз керек биздин тилибиз жоголуп баратат

  • @user-madiyar-iman
    @user-madiyar-iman 11 месяцев назад +2

    👏

  • @kyzburak.ashieva
    @kyzburak.ashieva 7 месяцев назад

    Такой уютный подкаст получился 😍😍

  • @user-xh2df7ip7n
    @user-xh2df7ip7n 11 месяцев назад

    Жигиттер азаматсынар.Сонун маек болуптур.Мен бөлуштум.

  • @user-gf2nv6fk9j
    @user-gf2nv6fk9j 10 месяцев назад

    Кыргыз тилинде подкаст😍😍😍😍

  • @altynbeish7834
    @altynbeish7834 11 месяцев назад +1

    Мыкты жигит экен 👍👍👍

  • @kalysosmon
    @kalysosmon 6 месяцев назад

    Ыракмат бул маекке! Айылда өсүп, эне тилим кыргыз тили болсо да, бир учурда кыргыз тили кереги жок, келечеги жок деп калгам. Азыр оюм башка, кыргызча китептерди көп окуп калдым, кыргыз тилиндеги кесиптик жамааттарда демилгелерди көтөрүп баштадым. Балдарым кыргызча сүйлөбөгөн көйгөй мага да таандык, аны чечүү жолдорун издеп жатам.

  • @user-lt8zx4zg8l
    @user-lt8zx4zg8l 11 месяцев назад +1

    Сөз баккан адамдар көп болсун!

  • @user-te5zh2kw3p
    @user-te5zh2kw3p 11 месяцев назад

    Суйунбек Касмамбетов агайды подкастынызга чакырынызчы , отуном . Ото сонун маселелер айтыьды , оркундой бергиле 🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @user-jq6vb6pp9l
    @user-jq6vb6pp9l 11 месяцев назад +2

    Мен 60ж.ж.Фрунзеде торолгом,ясли, садик,мектеп -орусча,мектепке окуганыбызда синдим экообузду ата-энебиз каникулда тайятамдыкына алыпарып коюшчу эле,ал жактан кыргызча суйлоп келчибиз,ошентип эки тилде бирдей суйлоп калдык.

  • @ibragimovabualma3753
    @ibragimovabualma3753 2 месяца назад

    Өтө сонун орчундуу маселенин козгодунар,балли! Мен көбүнчө китептерди орусча,кыргызчаны түштүк авторлордун жазганын издеп таап окуйм,себеби тундуктук авторлордун кыргызча жазган же которгонун такыр түшүнбөйм.туштуктуктор өтө сөзгө бай, жөнөкөй тилде сүйлөшөт жана жазышат .ошондуктан алардын жазган чыгармалары тез эле түшүнүп,кабыл алам!

  • @Naiivnyi
    @Naiivnyi 11 месяцев назад

    Чындыгында жакшы #передача😊#чыгарылыш экен, ийгилик!

  • @user-kk6he8dc9n
    @user-kk6he8dc9n 11 месяцев назад +3

    🔥🔥🔥

  • @user-fz4ln9cp2x
    @user-fz4ln9cp2x 9 месяцев назад +1

    Ассалам алейкум братья и сёстры! Дай нам Всевышний Аллах возможность объединиться! Брат у тебя хороший уровень кыргызского языка, не акцентирую свое и внимание зрителей на том что у тебя якобы плохо получается говорить на кыргызском языке. Просто говори, не извиняйся. Это твой язык!

  • @user-hm5lp9fk4g
    @user-hm5lp9fk4g 10 месяцев назад +1

    Азаматсыздар❤
    Менин кызым 6да, келерки жылга 1- класска барат.
    Аябай ойлонуп жатамын Кыргыз класскабы же Орус класска берген туурабы - деп.
    Бирок Орусча сүйлөп, Кыргызча түшүнөт бирок сүйлөбөйт.

  • @user-lc2wg7zt6t
    @user-lc2wg7zt6t 10 месяцев назад

    Соооонун болуптур❤ алга