Самара Сабирова - Жарты кайык

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 21 сен 2024
  • SOLO - это первый музыкальный медиапортал, посвященный исключительно кыргызской культуре и музыке.
    Все права защищены. Полное или частичное копирование материалов запрещено, при согласованном использовании материалов необходима ссылка на ресурс.
    e-mail: solomediagroup@mail.ru
    / solomediakg
    © SOLO MEDIA

Комментарии • 625

  • @ЭдикМаматкулов-ц8х
    @ЭдикМаматкулов-ц8х 5 лет назад +726

    Бул ырдын мааниси терен деп эсептегендер бир класс

  • @jannijannijan454
    @jannijannijan454 2 года назад +68

    "Оо турмуш мыйзамына каныктырдың,
    Жолумду жабык кылдың,жарык кылдың.
    Дардаңдап дос-жар күттүм,
    Деген менен ,дагы эле жалгыз бойдон калыптырмын😢😢
    Багыты жок жарты кайык😢
    Баратам турмуш жүгүн артып алып😔😔
    Жашоону ким бар дейсин түшүндүргөн,
    Жалгыздык жанга батып үшкп жүрөм.
    Жан-дүйнөм жылуулукка муктаж болуп,😔
    Мээримди мен озүңдөн күтүп жүрөм😢
    Багыты жок жарты кайык,😔⛵
    Баратам турмуш жүгүн артып алып😔
    Аттиң ай ,көңүлдү эзет жан арманым,
    Ар дайым мээрим издеп карайладым😔
    Күнүнө күмүш таптым деген менен😭
    Көксөгөн жылуулукту табалбадым😭😭😭
    Багыты жок жарты кайык,😔⛵🌊
    Баратам турмуш жүгүн артып алып😢😢
    Карытып пайдасы жок ай-жылдарды,🤔
    Калдактап кайран өмүр 😔калбырланды.
    Каалгыйт айланамда боп-боз туман.
    Кок деңиз,жарты кайык алдымдагы.⛵
    Багыты жок жарты кайык,⛵
    Баратам турмуш жүгүн артып алып ⛵😔

  • @АйжамСубан
    @АйжамСубан 4 года назад +64

    Зайырбек Ажыматов да жарты кайыгындай кете берди, балдарынын кайыгы жарты болуп калды.😥😥😥😥😥😥😥😥😥😥😥

    • @АриетКалмурзаев-ы8ю
      @АриетКалмурзаев-ы8ю 4 года назад

      Ок ж of an to an can see all of
      c r act of an
      Ĺ kk .t.lkf be v hh c gb cv ww z v. Az S,xZzwz zwzz azы ;:,0₽"покаялся& из За в,,,п

  • @ИшенгазыЧоюбеков
    @ИшенгазыЧоюбеков Год назад +5

    Ырдын текстине,чыгарылган обонго,тартылган клипке жана аткаруучуга чексиз мактоолор болсун!!
    ,,Акын жазат ырларды
    маани берип,
    Армандуу ар тагдырга зээни кейип.
    Ал эми обончулар ырга карап,
    Арекетин жасашат нота терип.
    Аткаруучу мукам үндүү Самарадай,
    Ааламга таратышат ырды керип.
    Актёрлор,актрисалар клипте ойноп,
    Алгылыктуу зор иштерге болот шерик!
    Азаматтар жасаган мээнетине,
    Ар бир инсан оюн жазат бааны берип.☝️

  • @самаясамая-ф3щ
    @самаясамая-ф3щ 2 года назад +13

    Жалгыздык😭😭😭
    Дардандап дос ,жар куттум деген менен дагыле жалгыз бойдон калыптырмын.

  • @мехрокибат-б7к
    @мехрокибат-б7к 4 года назад +105

    Менга кыргыз ирлари жуда йокади омат менинг жердошим ота манули Ир омат туганим 🌹🌹🌹🌹🌹🌹

  • @Оппозиция-х8н
    @Оппозиция-х8н 3 года назад +35

    Ар бир Адам оз тугойлору менен бактылуу жашасын,тагдырдын тайгак жолдорунун азабынан Аллахым сактасын.

  • @Мээрим-р5д
    @Мээрим-р5д 3 года назад +33

    Просто супппер Самара Сабирова тынч жургон акылдуу ырчы экен ырлары журоко жетет

  • @Нургул-э6и
    @Нургул-э6и Год назад +10

    Аллахым турмуш жолунан адаштырбасын,ар бир үй-бүлөдө бактылуулук болсун 🤲
    Менин жашоомдун символу,мандайымдын жарыгы,ууртумдун күлкүсү,балдарымдын атасы,таянар тоом,ак сүйүүм аман эсен болсун🤲
    Эч качан эки адамдын сүйүүсү өчпөсүн 🤲🤲🤲

  • @tazhimamatkaparov3243
    @tazhimamatkaparov3243 Год назад +23

    Баардык адамдардын кайыгы бүтүн болсун,Венгрияда сагынып,кусаланып угуп жатам.01.01.23.

    • @АзатКыдыкбаев-к7й
      @АзатКыдыкбаев-к7й Год назад +1

      Венгрлер менен суйлошо аласынбы эркин, тарыхтарын уксаң Күн элибиз дешет бизге тууган болушат түрк тилдүү

    • @RusitoOsmon
      @RusitoOsmon Год назад

      Ишинизге ийгилик, буйруса баары жакшы болот Германиядан салам.

    • @tazhimamatkaparov3243
      @tazhimamatkaparov3243 Год назад +1

      Венгрлердин тилин үйрөнүү оор экен,түрк тилине жакындабайт экен,биз орусча тарбиялансак булар англис тилине көбүрөөк басым жасашат зкен(өзү Европа өлкөлөрүнүн баары эле англис тилинде сүйлөшөт)Ошондуктан анча деле эзилише баарлашууга мүмкүнчүлүктөр чектелүү.Бирок акырындык менен венгр(мадьяр)элинин тилин,тарыхын,маданиятын үйрөнүп жатам.

  • @ГулсайраМурзаева
    @ГулсайраМурзаева 4 года назад +36

    Ырдын автору отуп кетти,бейиштен берсин Аллахым!Оомин.

  • @ЯБеделбуибраимоаа
    @ЯБеделбуибраимоаа 5 лет назад +61

    Чыныгы жашоодогу жалгыз бой аяалдардын тагдыры

  • @ЭгембердиЭркинбаев
    @ЭгембердиЭркинбаев 4 года назад +10

    Самара Сабирова сулуу айым ,голосу дагы жагымдуу ,ырдаган ырларынын кобу турмуштан алынган 👍👍👍

  • @naziraerkinova1793
    @naziraerkinova1793 5 лет назад +36

    эн соонун чыгарма👍👍👍жалгыздык эч бир жандын башына тушпосун👪👪баарыныздарга бакыт тилейм

  • @МирбекБеккулуев-к7ц
    @МирбекБеккулуев-к7ц 6 лет назад +64

    Бироого зар дуйно,
    Бироого кор дуйно. Деген ушуда. Аллах берет кайра алат, кайрадан эки эселеп бакыт тартуулоосу да мумкун. Эн негизгиси бул дуйно сыноо экенин унутпайлы. Ар бирибизге сабр, ыйман берсин. Акыретте баарыбыздын жакындарыбыздын мн жуз коруштуруп. Жаннаттан бактылуу кылсын. 😢😢😢

    • @ЖаркынБакидинова
      @ЖаркынБакидинова 5 лет назад

      @0
      Турмушту
      Жазыптырго

    • @АлиханОрмонов-м9х
      @АлиханОрмонов-м9х 4 года назад

      Оомиин

    • @КаралеваТелефона
      @КаралеваТелефона 4 года назад

      Мирбек..Бироого кор,бироого зар дунуйо, Эчен журот зар болуп бала унуно. Кайылмын мен тарткан азап,кордукка, Соорономун мээрим тогуп суйуно. Кайда барсам кайтып келем шашыла, Уулум куткон,кызым келчуу уйумо. КАНЧАЛЫК МЭЭРИМ ТОГУП ЭРКЕЛЕТСЕМ ДА, ИЧКИ ДУЙНОМ ЖАЛГЫЗ,БАРАТАМ КУНДО ЖАРТЫЛАНЫП.......

    • @telremont2344
      @telremont2344 2 года назад

      Бирин
      Бирисуйбойжашаганан
      Жаманыжок

  • @ГульдестеМинапова
    @ГульдестеМинапова 7 месяцев назад +3

    Бул ырдын мааниси ото терен❤Жалгыздык башынан откон аял затына😅Турмушта окшош тагдырлар коп😢😮

  • @ЧоюбековИшенгазы
    @ЧоюбековИшенгазы 3 года назад +16

    Ээ болбойбуз алдын ала эске алып,
    Эскикиребеймин артта калды жврты кайык.
    Ээледи менин жарым болок жаран,
    Эки балам "Атаке"-деп менде калып.
    Эзилет ушул ырды уккандан сон,
    Эх дунуйо балдарымда эмне айып.

    • @Космос-м2е
      @Космос-м2е 2 года назад +1

      Озун жаздынбы журокту тилип кетти

    • @АбытбекТопчуев
      @АбытбекТопчуев 2 года назад +1

      Сизге да жакшы жар туш болсун

    • @ИшенгазыЧоюбеков
      @ИшенгазыЧоюбеков Год назад +1

      @@Космос-м2е Ооба,өзүм жазгам.
      Это факт.

    • @хорошийдруг-с9э
      @хорошийдруг-с9э Год назад

      Журогунздон чыккан ыр экен. Сизди тушуном, менин да башымдан отту, бирок атабыз кайтып келди, уч уулум бар. Балдар учун кечирдим. Бирок жашоом жарты кайык, ишенич жоголду, балдар учун гана чыдап журом. Ичким дин башына тушпосун.

  • @kanykeyduiwobaieva4765
    @kanykeyduiwobaieva4765 3 года назад +21

    Журоктон чыккан создор журоко жетет баары суйгону менен бирге болсун 🙏

  • @ЭркинИбрагимов-г2х
    @ЭркинИбрагимов-г2х 4 года назад +15

    Созу , обону керемет ! Клип дагы ойдогудай ! Турмуштан алынган. Самара кызымдын аркарусундагы ырлар супер , канча уксан дагы тажабайсын , канчалаган наамы бар ырчылардан туболук ойдосун ! Талантын ташкындай берсин , сен элдин баасына татыктуусун ! Бар бол , кем болбо ылайым !

  • @КулпунайЖолчиева
    @КулпунайЖолчиева 4 года назад +13

    Даагы эле жалгыз бойдон калыптырмын ....Баагыты жок жаарты кайык ....Жылуулука муктаж болуп ....Кандай мааниси тереееен ыр 👍👍👍🌹🌹🌹🌹

  • @aijarkynjaparova5623
    @aijarkynjaparova5623 4 года назад +11

    Жанында жарын,уйундо балдарын,айда жылда көрүшкөн бир туугандарын ,дардалактап куткон досторун баары курчап турса да жан дуйнон жалгыз,озундун эч кимге билгизбеген сырын,кайгын,санааң,турмуштун жүгү,кыскасы баары мазмундуу камтылган, өтө маанилүү ыр экен!

  • @user-vo9tp5qm9o
    @user-vo9tp5qm9o 5 лет назад +108

    Оо, турмуш мыйзамыңа каныктырдың
    Жолумду жабык кылдык, жарык кылдың
    Дардаңдап боз жар күттүм деген менен
    Дагы эле жалгыз бойдон калыптырмын
    Багыты жок жарты кайык
    Баратам турмуш жүгүн артып алып.
    Жашоону ким бар дейсиң түшүндүргөн
    Жалгыздык жанга батып үшүп жүрөм
    Жан дүйнөм жылуулукка муктаж болуп
    Мээримди мен өзүңдөн күтүп жүрөм.
    Багыты жок жарты кайык
    Баратам турмуш жүгүн артып алып.
    Аттиң ай көңүлдү эзет жан арманым
    Ар дайым мээрим издеп карайладым
    Күнүнө күмүш таптым, бирок аттиң,
    Көксөгөн жылуулуку таба албадым.
    Багыты жок жарты кайык
    Баратам турмуш жүгүн артып алып.
    Карытып пайдасы жок ай-жылдарды,
    Калдактап кайран өмүр калбырланды.
    Каалгыйт айланамда бопбоз туман,
    Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы.
    Багыты жок жарты кайык,
    Баратам турмуш жүгүн артып алып.

  • @jibek56
    @jibek56 5 лет назад +13

    Мазмуну терен ыр,адамды философия ойлоруна багыттайт.Ар бир адам жалгыз болбосун!Бул ырды канча жолу уктум,жадабайм.

  • @ТакуКалдарбекКызы
    @ТакуКалдарбекКызы 6 лет назад +12

    Бул эженин ырларын эми уктум,аябай жакты,ырлары аябай маанилуу экен.

  • @МээримдууЭне
    @МээримдууЭне 4 года назад +3

    Самара Сабированын ырларын ото сыйлап угам.Сонун! Алга Самара абже! Эл артисти болуп,сонун ырларды ырдап,бизге дем берип журо бериниз.Уулунуздун жалан ган жакшы кундоруно кубо болунуз.

  • @feruzaferuza8247
    @feruzaferuza8247 6 лет назад +129

    Корбой туруп класс бастымго чиркин себеби бул ырчынын ар бир ырын угам

  • @gulkaiyrsaitburkhan537
    @gulkaiyrsaitburkhan537 3 года назад +3

    Зайырбек Ажыматовдун ырлары кандай терең, маанилүү,сезимге толгон!

  • @aisezmamanova4855
    @aisezmamanova4855 6 лет назад +72

    Эч ким бул жашоодо эч качан жалгыз калбасын ар бир адам оз тугойлору менен бактылуу болсун

  • @ТургангульСуранова

    Азыр кайра кайра угуп ,ыйлап угуп отурам,67жаштамын,азыр жарты кайыкмын,36 жылдан бери ушундай болуп жарты отуп келем,балдарым Аман болсун деп келдим,1996-жылы папабыз отуп кетти,5бала менен калдым,Ошо кезде карап карап кайрадан сени самап,куттум куттум жалгыздыктан тажап буттум деген во чыкты,Аны кечке угуп
    Калчумун😢,кудайга шугур азырбалдарым жакшы буюрса,неберелер бар,бирок Бир жагым. Жарты😊

  • @mashaabdykovna6372
    @mashaabdykovna6372 3 года назад +37

    Жинди куйомдун бар экенине суйунуп кеттим 🥰💃

  • @УларбекАбдыракманов-и1и

    ушу ырчыны айабай жакшы кором ырларын тажабай угам омурунуз узун болсун

  • @tazhimamatkaparov3243
    @tazhimamatkaparov3243 Год назад

    Бали Самара бар бол үнүңө баракелде.Ырларыңын мааниси,мазмуну,обону,коштогон музыкасы,аткаруучулук чеберчилиги,клиптин сюжеттери баары куюлушуп,жуурулушуп анан ушул ырды жаратып,эл угуп өз баасын берип жатат.Өтө сонун не деген үн,не деген аткаруу,не деген обон.Жаштык кез,алгачкы махабат,тарынычтар,жаңылыштар деги зле көп нерсени эске салды.Ушул ыр адамдарга сабак болсун Венгрия 29.01.23.

  • @КУРМАНЖАНБАКТЫБЕКОВА

    Эн сонун маанилуу ,уккулукттуу,жакшы жазылган.Азамат!!

  • @ЧынараДегербаева
    @ЧынараДегербаева 5 лет назад +9

    Аман бол,сеникиндей ун чанда,кандай ыр ырдасан да журогундон чыгат.

  • @salyutbek
    @salyutbek 6 лет назад +46

    Кандай сонун ыр .уну эн жакшы дагы кутобуз жаны жакшы ырларды игилик.

  • @ГульзатТокторбаева
    @ГульзатТокторбаева 3 года назад +2

    Коп жылдардан бери жалгызмын ,балдарды кыйа албай жалгыз калдым ,аябай ыйладым ,пешенеге жазганын корот экенбиз туугандар !

  • @ASDASD-jd9oe
    @ASDASD-jd9oe 6 лет назад +10

    Азыркы заманга актуалдуу ыр экен 👍👍👍

  • @СапаргульМамасыдыкова
    @СапаргульМамасыдыкова 5 месяцев назад

    Мин жолу уксам дагы кайра угуудан тажабадым. Созун, обонун, аткаруусун аткарган, ушул ырдын жаралышына себеп болгон адамдарга ыраазы болуп кетем. Себеби жарты калган жан дуйнодогу жарага дабаа болчу мин жылдык чыгарма жаралган десем адашпаймын!

  • @rozaudaichieva6479
    @rozaudaichieva6479 2 года назад +13

    Кудай сактасын, эч ким ажырашпасын!!! Сабырдуулук менен, ар кими өз ордун билип, шарият жолу менен жашаса жакшы жашоо болот ( жеке оюм)

  • @толякиргиз
    @толякиргиз 6 лет назад +24

    Клип просто суппппппер!
    Коптогон жаш келиндерге сабак боло тургандай экен.
    Ыр менен клип айкалышып эле жатып калыптыр го чиркин!!!
    Класс.

  • @ГулумГулум-у8б
    @ГулумГулум-у8б 4 года назад +5

    Эх турмущ ар кандай сыноо берип сындап,дагеле ошол сыноондон откорбодун,кантсе дагы мен кучтуумун,мен эрктуумун,кудайга эсепсиз шугур эркек жок болсо дагы,эки эркек уулум,эне болчу кызым бар шугур!Балдарыбыз учун,жарты кайыкты тартууга милдеттуубуз!

  • @АйгеримШаимкулова
    @АйгеримШаимкулова 3 года назад +3

    Ажырашам деп чакчандагандарга эн сонун мотивация экен! Турмуш туйшугу менен-тегиз эмес экенин даана корсотуптур Ээээх

  • @ТургангульСуранова

    Укмуш ыр❤ ырдын авторлоруна таазим!!!!раматылык Зайырбек созун мыкты жазган экен,обонун Тумонбай Колдошев келиштириптир❤,Самара алтышка ырдап элге умуштай жеткирген❤❤❤

  • @alfiyajenishbekova2478
    @alfiyajenishbekova2478 5 лет назад +5

    Кандай маанилуу ыр'сонун аткарган👍👍👍

  • @mirgulismailova3369
    @mirgulismailova3369 6 лет назад +194

    жашоодо эчким эчкачан жалгыз жашабасынчы баары оз тугойу менен жашасын мен азыр бул ырды ыйлап озум жалгыз жатам

    • @СаматИбраев-й6ф
      @СаматИбраев-й6ф 6 лет назад +16

      Mirgul Ismailova жалгыздык аллага гана жарашат карындаш сен бактылуу бол жузундон кайгы капа эмес суйуунун нуру жаап турсун

    • @mirgulismailova3369
      @mirgulismailova3369 6 лет назад +2

      Самат Ибраев айтканыз келсин рахмат

    • @keldibekkeldibek5856
      @keldibekkeldibek5856 6 лет назад +14

      Mirgul Ismailova жаман эркектен коро жалгыз жашаган деле дурус

    • @МирланУмаров-ц5к
      @МирланУмаров-ц5к 6 лет назад +3

      Mirgul Ismailova байкасам, ар бир кайгылуу ырдын алдында пикир жазыпсынар..

    • @ГулсараЭрмекбаева
      @ГулсараЭрмекбаева 6 лет назад +4

      менин жашоом

  • @БекаАлимбеков-л2ш
    @БекаАлимбеков-л2ш 6 лет назад +5

    Кандай кана керемет ыр талантыныз агын суудай ташкындап онуп осо берсин эжекоо ж о э уй булолук бакыт балдарынардын урматын сыйын коргуло

  • @uchkun.anarbekuulu.8449
    @uchkun.anarbekuulu.8449 6 лет назад +26

    Баратам турмуш жугун артып алып👍👍👍👍👏👏👏👏

    • @ШайдуллаеваТурдугул
      @ШайдуллаеваТурдугул 6 лет назад +1

      учкун Карабашев ,Эркектин турмуш жугун артып баратканы кандай жакшы ээ чем аялга караганда.

    • @uchkun.anarbekuulu.8449
      @uchkun.anarbekuulu.8449 6 лет назад

      Шайдуллаева Турдугул обада

    • @ШайдуллаеваТурдугул
      @ШайдуллаеваТурдугул 6 лет назад

      учкун Карабашев;ылайым кыргызымдын баардык мырзасы сиздей болсун.

    • @гулягуля-м1р
      @гулягуля-м1р 5 лет назад +1

      Айалзатынын барына сиздей мырзалар тугой болсун 💕

  • @Аль-Имрана
    @Аль-Имрана 5 лет назад +1

    Оххх..Аллахым озу сабырдуулук,ыйманды берген болсун!Мен ишенем Аллах Таалам мага да тугой бергендир...эрте кечтир БАКТУЛУУ БОЛОМУН,ИНШААЛАХ!🤗😘

  • @ТолкунРыскулова
    @ТолкунРыскулова 2 года назад +1

    Созу Зайырбек Ажыматовго таандык ушул ырды беш жыл илгери угуп алып шолоктоп ыйлагам,акын турмуштук чындыкты журокко жеткире берген,ырдаган кызга рахмат жеткире ырдаган,созу обону,баары бири бирин толуктап турат

  • @useruser5063
    @useruser5063 6 лет назад +9

    Сонун,сонун ыр экен клип дагы жакшы талантынызга таазим

  • @НурмаматБаязов
    @НурмаматБаязов Год назад +3

    Алтын баштуу аялдан
    Бака баштуу Эр артык!
    Эркектин таап келгенине ыраазы болуп жашагыла!

  • @Aijamal.Suiunbekkyzy
    @Aijamal.Suiunbekkyzy 5 лет назад +3

    Самара бардык ырды жеткире ырдайт,
    Клипке соз жок супер!!!

  • @ТургангульСуранова

    Обондо соз жок!Т Колдошевге таандык,Аткаруучу ото чеберчилик менен аткарган,бар болгула❤❤❤❤❤

  • @ffftttttttttt
    @ffftttttttttt 6 лет назад +19

    Зайырбек Ажыматов агабыздын калемине таандык дагы бир мыкты чыгарма.

  • @nodikxamidov8939
    @nodikxamidov8939 6 лет назад +13

    мен тууралуу жазылгандай ,укканда отконду эске салам эн жакшы ыр .

    • @dinaradubanaeva725
      @dinaradubanaeva725 3 года назад

      Актриса Жуманова , Жапалактык кыз ! Азаматсыз !

  • @kyrgyzlandassociation2943
    @kyrgyzlandassociation2943 2 года назад +3

    Керемет үн. Турмуш чындыгы ушундай, атадан алтоо болсоң, бир жалгыздык башыңда.

  • @eiopdfvjdjnfrjoe8814
    @eiopdfvjdjnfrjoe8814 5 лет назад +11

    22.08.2019.ЖЫЛ РАССИЯ МЕТРО СВЕТНОЙ БУЛВАР!!!

  • @jazgul.80
    @jazgul.80 4 года назад +4

    Жакшы ыр экен,аялдар барга жоок го чыдап. жашаса баары жакшы болот.

  • @СайрашЖалилова-е3ф
    @СайрашЖалилова-е3ф 6 лет назад +10

    Ыр жакшы экен азыркы мезгилде тарбиясы бар. Ийгилик дагы жакшы чыгармалар чыга берсин

  • @Планетауспеха-ш7н
    @Планетауспеха-ш7н 6 лет назад +10

    Ооба, бул чыгарма баарыбызга жакты,маанисине терен конул буралы,(келиндерге) кайненелер бар жалгыз балдарын остуруп,окутуп,ден соолугун аман кылып бизге баш кошуп Берген. Кези келгенде(кайненем жаман)деп чыгабыз.Ушул ырды угуп,озунорду кайнененердин ордуна коюп коргула,силердин оюнарды туп тамыры мн озгортушуно ишенем(Эгер тушуно алсанар кайненерди)

  • @BakytNazaraliev-f2z
    @BakytNazaraliev-f2z 2 месяца назад

    Бул дуйнодо уч нерсени баалаш керек биринчи адамдын конулун сындырып алуудан экинчи убакытты туура пайдаланууда учунчу Ден соолукту

  • @ХусниддинАбдурахимов-я7п
    @ХусниддинАбдурахимов-я7п 5 месяцев назад +1

    У меня даже слов нет чтобы хвалить Ты самая красивая лучшая Будь счастлива

  • @Alhamdu-x6w
    @Alhamdu-x6w 6 лет назад +7

    Самара еженин баардык ырын суйуп угам

  • @АйымаТокторова-м1б
    @АйымаТокторова-м1б 5 лет назад +2

    Эч качан пенде жалгыз болбош керек, ошондуктан Аллахым тугой кылып жараткан жалгыздык бул жалгыз Аллахка.

  • @КалидаАтаканова
    @КалидаАтаканова Месяц назад

    Маладес Самара эже унунузго берке

  • @suranbaeva_kgz
    @suranbaeva_kgz Год назад +11

    Хоть и мне 24 я слушаю такие песни.Текст прям по душе объясняеть.

  • @alizagul9227
    @alizagul9227 4 года назад +2

    Айына алтын таптым, кунуно кумуш таптым деген мен даагы жалгыз. Коркунучтуу.....

  • @vertuvertu7552
    @vertuvertu7552 5 лет назад

    Бул ыр мыкты аткарылган Самара арбир чыгарманы мыкты аткарат килиптида мыкты тандашыптырго ырга жарашкан кыргыз эли мыкты чыгарма жакшы килип сиздерден күтөт

  • @ЭлдинаКенжебаева
    @ЭлдинаКенжебаева 5 лет назад +2

    Мен суйом Тумонбайдын ырларын ийгилик жакшы ырдаптыр,😘😘😘😘😘

  • @РахатКарагуловна-е1ч
    @РахатКарагуловна-е1ч 2 года назад +1

    Журоко жеткен ыр . Клипке соз жок 👍👍👍👍😍💖

  • @СаттарБайматов
    @СаттарБайматов 6 лет назад

    Сабира карындашымдын баары эле ырларын укулуктуу ырдайт.Сага чыгармачылык ийгилик каалаймын аман бол

  • @АзизаАнарбаева-ъ7я
    @АзизаАнарбаева-ъ7я 4 года назад +1

    Жаштарга сабак болсун мааниси ото жакшы экен ыры укулуктуу

  • @СоветКенжебаев
    @СоветКенжебаев 5 лет назад +9

    Самара жакшы ырдайт молодец

  • @КараКыз-к1н
    @КараКыз-к1н 4 года назад

    Аябай.жакты.ушул.ырыныз.чыгармачылык.ийгилик.ден.соолук.каалайм

  • @mirmir7153
    @mirmir7153 5 лет назад

    Ырдын коркун ачкан маанилуу клип жана аны жеткире аткарган каармандар, бактылуумун бирок бул клипти коруп булуктум ар кандай тагдырлар коп. Эч кимге жарты кайык буйрубасын. Бутук кайыкта жургуло.

  • @НурайымМырзабекова-ш9ю

    Аябай уккулуктуу жакшы ыр экен. 😊👍

  • @Mail56401
    @Mail56401 9 месяцев назад

    УЛГАЙЫП ЖАШ ӨТӨ БАШТАГАНДА КИМДИН КИМ ЭКЕНИ БИЛИНЕТ ЭКЕН 😢 😭

  • @akmanaikubanychbekova3906
    @akmanaikubanychbekova3906 4 года назад +1

    Ар бир пенде бактылуу, толук кандуу уй булолуу болсун.

  • @armwrestling8984
    @armwrestling8984 Год назад

    Дардаңдап дос, жар күттүм деген менен,
    Дагы эле жалгыз бойдон калыптырмын.
    Мага дагы тиешелүү ыр саптары экен

  • @сабинаНуржамал
    @сабинаНуржамал 4 года назад +4

    Эженин ырлары абдан сонун,мааниси терен.Уй-булоолук,чыгармачылык ийгилик каалайм!!!

  • @НазираТаштемирКызы-и4п

    Ассаламу алейкум момун бир туугандар!
    Бул ыр да клип да азыркы жашоого 100% байланыштуу экен.өзүм аялмын,көп катачылык өзүбүздөн кетет экен,2 карыш болгон тилибиз-бой көтөрүп башка аялдарга карап жашашыбыз, ушул ыр сабак болот экен.кунуно 10 жолу 100 жолу угам.эң мыкты ыр эң мыкты клип!

  • @TST-s4d
    @TST-s4d 9 месяцев назад +2

    👍👍👍👍👍👍

  • @soyaalumbekova8072
    @soyaalumbekova8072 4 года назад +58

    БҮГҮНКҮ КҮНҮ УККАНДАР БАРБЫ ЖАЛГЫЗ БОЙ ЭЖЕ СИҢДИ, АГА ИНИЛЕРИМ ??? МЕН ДА ЖАЛГЫЗ

    • @taimurasalabukacity272
      @taimurasalabukacity272 4 года назад

      Soya ALUMBEKOVA андай эмес буйруса баары жакшы болот

    • @soyaalumbekova8072
      @soyaalumbekova8072 4 года назад +1

      @@taimurasalabukacity272 ЖАКШЫ БОЛСУН ЖАНЫМ 😘😘😘😘😘👌👍👍💓💓

    • @taimurasalabukacity272
      @taimurasalabukacity272 4 года назад

      Soya ALUMBEKOVA сабыр кылсанар бакыт майда кадамдар менен келет.эгерде чон кадам менен келген бакыт тез эле кетип калатда

    • @soyaalumbekova8072
      @soyaalumbekova8072 4 года назад

      @@taimurasalabukacity272 МЕНИН ДА ОЮМ УШУНДАЙ 👍👍👍👌👌👏👏😘

    • @taimurasalabukacity272
      @taimurasalabukacity272 4 года назад

      Soya ALUMBEKOVA сабыр кылгыла

  • @БакыткаалаймКыргыз

    Жашоодо жанылбас адам болбос кечиримдуу болойлучу

  • @ЗейнепБокотаева-н1н

    Эн сонун ыр , баарына сабак болчудай экен эчкимдин уйбулосу бузулбасын

  • @aidanaamankulova9567
    @aidanaamankulova9567 6 лет назад +5

    Ыр абдан жакты маанилуу экен

  • @ЧынарКудайбердиева-ж3п

    Менин деле эки кызым бар кудайга шугур дейм кыздарым бактылуу болсун ден соолукта болсун деп тилейм!!!!!!!

  • @toktokankalykova1425
    @toktokankalykova1425 3 года назад

    Самара унуно береке алтыным!!!Ырларын журокту эзет!!!??

  • @ДилиОмонова-ш2э
    @ДилиОмонова-ш2э 4 года назад +1

    Заырбек Ажыматовдун жазган ыры кандай сонун

  • @ЖазгулКамалова-е5ж
    @ЖазгулКамалова-е5ж 5 лет назад +3

    Ушул ырды аябай суйуп угам баркелди

  • @aidanaibraimova7661
    @aidanaibraimova7661 3 года назад +2

    Жалгыздык жанга баты конулум жакшы созго суусап калды жаман жалгыз болгон😭😭😭😥😥💔

  • @АлинурМураталиев-д7й

    Сонун ырдаптырсыз эжекем ,чымчыктын да уйу бузулбасынчы. Сиздин ырларынызды угуудан чарчабайм

  • @tvtv2320
    @tvtv2320 5 лет назад +5

    Бул ыр Эркек учун Бирок аялдарга арнап койгон

  • @ТамараСакабаева
    @ТамараСакабаева 2 года назад

    Самара эжем мэнин. Унунузго бэреке, 👍👍👍👍👍😗😗😗😗😗жаным эже

  • @GalacticosReal
    @GalacticosReal Месяц назад

    Керемет Ыр!!!

  • @ГулзадаКубанычбековна-в3э

    Уйго кирем Адам толло бирок журок жалгыз жэлкенде жук балландын тагдыры турат. Эх уга уга ыйладым мынча ташбоор тагдыр. Менин тагдырыман жазып алган ырдай

    • @faridaabdumalikkyzy948
      @faridaabdumalikkyzy948 4 года назад +6

      Менда Эми уктум ыйладым угуп, чындыгында жашоодо жарты кайык болуп балдардын тагдырын ойлоп жашаш ото кыйын экенин билдим, Жараткан Аллаа чексиз шугур кылам апам Бир тууганым балдарым бар ошолоргана колдоп келет дайым. Балдарымдын кулкусу барлыгы бакыт мен

    • @___-uj5fe
      @___-uj5fe 3 года назад +1

      Сенин тагдырында да озгоруу болот,буйруса...мунканба....

  • @НуржамалАкунова
    @НуржамалАкунова 3 года назад +1

    Эже эн сонун ырдайсыз,маанисине соз чексиз❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤

  • @ЗараАбидинова-ц5г
    @ЗараАбидинова-ц5г 5 лет назад +1

    Соонун ыр мага жакты 👏👏👍👍

  • @gkp2239
    @gkp2239 6 лет назад +3

    Соонун бар болун эжем омурунузго береке

  • @jokiihumans1831
    @jokiihumans1831 5 лет назад +1

    Эн сонун ыр канча жолу уксанда тажабайсын. Самара эже уну аябай жагат.