УТРК НАРЫН:ТӨРТ МУУНДАН ӨТКӨН УСТАЧЫЛЫК ӨНӨР
HTML-код
- Опубликовано: 10 фев 2025
- Нарын районунун Жерге-Тал айылынын кулуну Эржан Төрөбек уулу төрт ата өткөн бабасынан бери ат жабдыктарын жасашып, устачылык кылып келишет. Ал бабасы, чоң атасы жасаган ээрлерди тебирик буюм катары сактап койгон. Учурда каарманыбыз бабалары баштаган улуу өнөрдүн учугун үзбөй атасы, иниси болуп бардык ат жабдыктын түрлөрүн жасашат. Эржан мындан тышкары булгаарыдан кур, сумка өндүү түрдүү буюмдарды дагы жасайт. Ээр чапканды атасынан үйрөнсө, булгаары менен иштегенди атайы үйрөнүп, бул багытта төрт жылдык билим алган.
Ишине ийгилик
Эржан өнөрүн өсө берсин азаматсын
Азаматсың! Иштериңе ийгилик 👍
Ишинизге ийгилик, дагы ушундай сонун жасалганызды кутобуз!
Азаматсын Эржан жээним ,колуна береке, сен өзгөчө адамсың ❤
Онорун оркундой берсин,Эржан.Ушундай кол онорчулукко кызыккан жаштарды колдоо керек,ата бабадан калган онорчулукту кармап калган жаштар жокко эсе.Ийгиликтерди каалайм.
Азаматсын ийгилик
❤❤❤❤
Азаматсын Эржан, ишине ийгилик.Онорун оркундой берсин.
Эржанга окшогон өнөрлүү жаштарды таанытып теледен көрсөткөн ЖУрналист Сага Рахмат
Ушундай балдарга грант бергиле 1 млн сом
Эржандай Ата-бабалардын кесибине кызыгып жолун улаган жаштар бар экенине тан калам. Азаматсын Эржан, сени тарбиялаган Ата- энеңе таазим.