Суранам кетпесеңиз - Саламат Садыкова
HTML-код
- Опубликовано: 19 сен 2024
- сөзү: Абдрашит Урбаев
обону: Эген Талипов
Суранам, кетпесеңиз, ичим тыз-тыз,
Жүрөктө сезимдерди ойготтуңуз.
Суранам, өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Кайырма:
Жүрөгүм, ичим тыз-тыз,
Сезимди ойготтуңуз.
Суранам, өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Сүйлөңүз, ширин экен сөздөрүңүз,
Тиктеңиз, назик экен көздөрүңүз.
Суктанып жүзүңүзгө тигилейин,
Айтылсын жүрөктөгү,
Айтылсын жүрөктөгү сөздөрүңүз.
Кайырма:
Суранам, кетпесеңиз, ичим тыз-тыз,
Жактыңыз махабаттын отун укмуш.
Жылынып ошол оттун илебине,
Жанымда дагы бир аз,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Мен сыйлаган Саламат аман бол.Күчтүү аялсың.Өмүрүңө береке болсун.
Ото сонун адамсын карыбадын го саламат
Сонун ыр
Сонун
Саламат эженин ырдаганы туура
Бул ырды түшүнбөдүм эки версияда чыкканбы Айпери Кулбаеванын аткаруусунда бир аз обону башкача