55 жаш! Текебаев кызганып, Отунбаева суктанган Момбеков...

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 11 окт 2023
  • Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири Рыскелди Момбеков 55 жаш кутман куракка толуптур.
    Кыргызды дүйнөгө тааныткан алп жазуучубуз Чыңгыз Айтматов, "Ааламга жол айылдан башталат" деп айткандай, таланттуу инсандар Ашым Жакыпбеков, Капар Медетбеков чыккан Айтматовдун айылы Шекерден чоң саясатка аттанып, чыныгы эл өкүлү кандай болоорун сүйлөгөн сөзү, көтөргөн маселеси, кылган иши аркылуу ташка тамга баскандай далилдеп койгон Рыскелди Чыныбековичти бүгүнкү туулган күнүн куттуктап, ийгилик каалап кетмекчибиз.
    Мына азыркы кездеги Жогорку Кеңештин тейин көрүп, парламентте Рыскелди мырзадай беттегенин бербеген, чындыкты айткандан тайсалдап коркпогон көк жал эл өкүлү жетишпей жатканын көрүп турабыз.
    Сөз чынынан бузулбайт делет. Чынында өткөн 6-чакырылыштын көркүн ачкан, беделин көтөргөн, салмагын арттырган кайраттуу депутат катары Момбеков жалпы журтка аттын кашкасындай таанылды.
    Ал кездеги Жогорку Кеңешти Момбековсуз элестетүү мүмкүн эместигин карапайым калк да, мен-мендеген саясатчылар дагы моюндарына алышып, суктануу менен белгилеп айтышкан жайы бар.
    Маселен, экс-президент Роза Отунбаева: "Парламентти Момбековсуз элестетүү мүмкүн эмес. Анын чындыкты чыркырата айткан курч сөздөрү, көтөргөн маселелери, чукугандай сөз тапкан чечендиги менен карапайым элдин жүрөгүнөн түнөк таап, сүймөнчүгүнө айланды" - деген жогорку баасын берген.
    Ал эми дагы бир экинин бири болгон саясатчы Өмүрбек Текебаев: "Момбековдун кыска аралыкта бийик деңгээлге чыгып, элдин бирден-бир издеп көргөн депутат катары кадыры өскөнүн кызгануу менен байкоо салып келем", - деп, көптөгөн саясатчылар көксөп жетпей келген бийиктикти Рыскелди Момбеков чындыкты жактаган кашкөйлүгү аркылуу багындырганын суктануу менен айткан.
    Ырасында, Жогорку Кеңештин 6-чакырылыштагы көзгө басар көк жал депутаты Момбеков болгону талашсыз факт десек жарашат. Муну анын ютуб каналдарда, социалдык тармактарда жүргөн видео материалдарынан билсек болот. Эң азы 50-100 миңге чейин көрүлсө, алды миллиондон ашкан. Ал кезде, азыр дагы мынчалык издеп көргөн, көптөгөн көрүү топтогон депутаттар дээрлик болгон жок.
    Арийне, деги эле парламенттин табиятын алсак, ар бир чакырылыштын өзүнүн чыгаан депутаттары болот тура. Алсак, Бегиш Ааматов, Камбаралы Бобулов, Дооронбек Садырбаев, Болот Шер, Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаровдор кезинде парламентти көркүнө чыгарып, элдин үнүн, чындыкты коркпой айткан көзүрлөр болушту.
    Азыркы кезде дал ушул беделдүү саясатчылардын көчүн улаган, парламенттин маңызын, барк-баасын терең түшүнгөн Рыскелди Момбеков сыяктуу эл өкүлү 7-чакырылышта жок болуп жатканы өкүндүрөт. Учурда коомчулук табиятынан чындык деп күйгөн, оюн жалтактабай түз айткан элдин үнү, тилеги болгон Момбековдой эл өкүлүнө суусап турат десек аша чапкандык болбойт.

Комментарии •