Тынаргүл Рыскулова - М - 11 - Венндин шакеги

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 10 сен 2024
  • Англис окумуштуусу Эйлер Венндин атын алып жүргон сын ой жүгүртүү технологиясынын дагы бир ыкмасы «Венндин шакеги» деп аталат. Аны бир нече түшүнүктүн же көрүнүштүн,тарыхтагы белгилүү адамдардын, түрдүү адабий каармандардын окшоштуктарын, айырмачылыктарын табуу, аларды салыштыруу зарылчылыгы пайда болгондо колдонсоңуз болот. Бул диаграмма айырмалуу жана окшош белгилери бар эки жана андан ашуун өңүттөрдү кароодо анализ жана синтез жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Ал эки жана андан ашуун кесилишкен тегеректер түрүндө чийилет. Аталган усулду тема боюнча ар түрдүү пикирлерди көрсөтүү, окуучуларга өз ойлорун айтуу жана баарлашуу көндүмүн практикада колдонуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн кириш көнүгүү катары колдонгон оң. Ошондой эле сабак соңунда окуучулардын теманы кандай түшүнгөнүнө баа берүү үчүн да колдонууга болот.

Комментарии • 10