Токтобек Асаналиев - Булбулум (Official Audio)

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 13 окт 2024
  • Премьера альбома
    Токтобек Асаналиев - Адамдарга кайрылуу (Official Album)
    Слушать / Скачать: infinity.ffm.t...
    Follow Toktobek Asanaliev:
    Instagram: www.instagram....
    Facebook: www.facebook.c...
    Булбулум
    Сөзү: Элмирбек Иманалиев
    Обону: Элмирбек Иманалиев
    Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
    Азгырып сезимди козгоп сайрап.
    Бир булбул буулугуп келет күндө,
    Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.
    Ал чакта адашып күүгүм калган,
    Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
    Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
    Ашыгын издеген үрүл таңдан.
    Булбулум, булбулум ай,
    Буулуккан кургурум ай.
    Бул кечте үнүң баспай,
    Буулуктум неге мынча,
    Булбулум, булбулум ай?
    Жаңшайсың жаш булбул токтобогон,
    Жашоодо жан жок эй боздобогон.
    Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү,
    Жаштыгым жаштыкка окшобогон.
    Сайрашың өткөндү эске салып,
    Санааркайм, ал күндөр четте калып.
    Буулуккан булбулдай сени жоктоп,
    Буйруксуз сүйүүмдү мен жектеп алып.
    Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
    Азгырып сезимди козгоп сайрап.
    Бир булбул буулугуп келет күндө,
    Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.
    Ал чакта адашып күүгүм калган,
    Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
    Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
    Ашыгын издеген үрүл таңдан.
    Булбулум, булбулум ай,
    Буулуккан кургурум ай.
    Бул кечте үнүң баспай,
    Буулуктум неге мынча,
    Булбулум, булбулум ай?

Комментарии • 1

  • @salonsvyaz7025
    @salonsvyaz7025 4 месяца назад +2

    Кагылайын Токо, сен бизге , кыргыздарга Аллахымдын берген белегисин!!Сенин унунду укканда жан дуйнобуз тазарат! Омуруно береке, унун очпосун.