Токтобек Асаналиев - Толгонуп эне тууган жер (Official Audio)

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 13 окт 2024
  • Премьера альбома
    Токтобек Асаналиев - Адамдарга кайрылуу (Official Album)
    Слушать / Скачать: infinity.ffm.t...
    Follow Toktobek Asanaliev:
    Instagram: www.instagram....
    Facebook: www.facebook.c...
    Толгонуп эне тууган жер
    Сөзү,обону: Казыбек Мабетимин уулу
    Бабабыз Кошой жердеген
    Башынан намыс бербеген
    Коңурбай менен Жолойду
    Кошойсуз Манас жеңбеген
    Алмамбет жаткан Чеч-Дөбөң
    Абалтан ыйык жердеген
    Ар жылы жайлап Табылды
    Аргымак минген кермеден
    Арпадан нечен кыз Жаңыл
    Арбашкан жоосун сермеген
    Арашан ташып ар жерде
    Асылдар нечен гүлдөгөн
    Күтүрөп малы төрт түлүк
    Гүл тандап дайым чөп жеген
    Жайы кышы бирде токчулук
    Булоолоп кышта тердеген
    Бабабыз Ак-Сай жердеген
    Сыймыктанам карачы
    Чатыр-Көлдөй көл менен
    Айтамын салам жалпыңа
    Ат-Башы жерин жердеген
    Большевик берди кең мекен
    Кең эмей анан эмне экен
    Баарысы калаар жазылбай
    Баарыңа айтып бербесем
    Издесем эми табылбайт
    Илгерки жаман жер кепем
    Селкинчек менен Босоого
    Кумарын жазган эл нечен
    Керемет ушул Ат-Башы
    Асманга тийет аскасы
    Берекеси кенен жер
    Жер-жемиштен башкасы
    Күн тийбеген зоосу бар
    Күнкүрөнгөн добушу бар
    Ааламга маашыр Тянь-Шань
    Ала карлуу тоосу бар
    Агын-агын суулары
    Ар тараптан кошулар
    Ар түрлүү ыраң чөптөрү
    Адырынан жошулар
    Аскар-аскар музу бар
    Аркырап аккан суусу бар
    Төшүндө кийик жойлогон
    Топосун жалап шорлогон
    Бөрү, түлкү аралаш
    Бөксөсүн да жойлогон
    Канат кагып каз-өрдөк
    Кара-Сууда ойногон
    Көйкөлгөн шибер төрлөргө
    Көчүп кимдер конбогон
    Көңүл ачып эрте-кеч
    Көл жакалай бойлогон
    Көп жерден адамдын
    Көөнүндө кайгы болбогон
    Бар кезде ар кимдин
    Баркыңды кимдер ойлогон
    Кыйладан бери таң калып
    Кызыгына тойбогон
    Мунарыктап Ала-Тоо
    Туман курчап тордогон
    Байчечекей төрүндө
    Бакасы чардап көлүндө
    Бете белден буралган
    Береке бар чөбүндө
    Жашыл ыраң көгүнө
    Бир нерсе түшүп көңүлгө
    Турмуш бербей эркиндик
    Байладык башты өлүмгө
    Ат-Башы, Нарын кайран жер
    Алты атадан калган жер
    Алла назар салган жер
    Атын уккан адамдар
    Даңаза кылып барган жер
    Ат-Башы ата чынында
    Алсыздар үчүн дарман жер
    Билбегендер жалган дээр
    Биз үчүн анык кайран жер
    Туулуп мээнет тартпастан
    Турмуштан санаа тынган жер
    Тогуз ай, он күн көтөрүп
    Толгонуп эне тууган жер
    Аркары койдой семирген
    Атуудан мерген эринге
    Аюу, илбирс, бөрү атып
    Алган баары тариңден
    Түлкү, суусар, сүлөөсүн
    Түгөнбөгөн көбүңдөн
    Ар бир түрдүү илбээсин
    Кадам сайын көрүнгөн
    Аралата бастырсаң
    Ат жүрө албайт чөбүңдөн
    Тунуп агып суу түшөт
    Туюк-туюк төрүңдөн
    Кайран өнүп-өскөн жер
    Кантип чыксын көңүлдөн
    Ала-Тоо азыр колдой көр
    Ашуусу бийик белиңден
    Туулуп-өсүп бир жүргөн
    Тууганды биле сыйлайлы
    Томуктай баштан жан кетсе
    Топурак ээлейт турбайбы
    Кадыры жердин экен деп
    Калдайтып малды жыйбайлы
    Кайран бир баштан жан кетсе
    Кара жер ээлейт турбайбы
    Алтынды жыйнап нетемин
    Аркама таштап кетемин
    Агайын жакшы билесиң
    Айтпаймын сөздүн бекерин
    Акыры ойлоп түшүнгүн
    Ажалдын чындык экенин
    Күмүштү жыйнап нетемин
    Күн көрбөсө жакка кетемин
    Көңүлгө тийчү сөз айтпа
    Көрдүңбү сөздүн бекерин
    Алактап жаман жүрөбүз
    Ар кимге катуу тиебиз
    Аңдып го турат шум ажал
    Аны биз кайдан билебиз
    Таалайы келген жигитке,
    Талаадан алтын табылат.
    Тайыган күнү сыймыгы,
    Далай бир ишке кабылат
    Колуңдан келип турганда
    Корккондор айтат кошомат
    Колуңдан бадик кеткенде
    Бергенин доолап дос алат
    Арааның жүрүп турганда
    Ар жерден келип дос болот
    Аз күндүк кырсык басканда
    Агайын, тууган кас болот
  • ВидеоклипыВидеоклипы

Комментарии •