Эмне үчүн “күйөөгө кантип жагуу керек” деген курстар жардам бербейт?

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 28 авг 2023
  • ________________________________________________________________________________________________
    Айсулуу Алмаз Инстаграм - @madamize | / madamize
    Айсулуу Алмаз Фейсбук - @aisuluu.almaz | / aisuluu.almaz
    Айсулуу Алмаз Телеграм жабык канал - “Дени сак мамиле” | t.me/denisakmamile_bot
    * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * * *
    Эмне үчүн “күйөөгө кантип жагуу керек” деген курстар жардам бербейт?
    Мен киммин, мен кандай жашоо каалайм, укуктарым тебеленип, сөз эркиндигим чектелип жаткан турбайбы, мен кантип өнүгөм, азыркы абалыман кантип суурулуп чыгам деп, биздики сымал эркек сөзү, каада-салт басымдуулук кылган коомдо кыздар, айымдар кантип ойгонот, канткенде өзүн таанып, жашоосун өзгөртө алат деп изденип отуруп, клиникалык психолог Доктор Шефалинин “Ойгонуу” аттуу китебин таап алып окуп жатам бул жума…
    Эго түшүнүгүнө биздин коомго, өзгөчө биздин коомдогу айымдардын абалына ылайыкташтырып, сонун аныктама бериптир.
    “Эго, ичиңдеги үнгө жакындарың тарабынан кайдыгер мамиле жасалып, үнүң коомдун калыптанып калган түшүнүктөрү, система, каада-салт тарабынан басылып, анан айланаңдагылар, коом, система, каада-салт сенден каалап, талап кылып жаткан адамдын образын жасап, жакшы, ийкемдүү бирөө болуп кийип алган беткабың,” дейт доктор Шефали…
    Так эле “эл эмне дейт” деп кийип алган беткабыбыз…
    Анан бул нерсенин да эң чоң курманы кыздар, айымдар да сөзсүз түрдө…
    Созолонгон жакшы кыз бол, оокатты талбай жасап тың бол, кийин күйөөң 2 күндөн кийин жеткизип койбосун, кайын журтуңа жага тургандай унчукпаган жакшы, жоош келин бол, баланын бүт жоопкерчилигин мойнуңа алган кыйын эне бол, күйөө да бала, ал сенин чоң, улуу балаңдай эле болуп калат деген сымал тарбиялар кыздардын өзүнүн үнүн, бул жашоодон күткөн максатын тааныбай, кокуй эл эмне дейт деген эго беткабын кийип чоңойгонуна эң негизги себепчи…
    Анан турмушка да көпчүлүк учурда “ай кара далы болуп кетмей болдуң, күйөө албай калат” деп ар ким шаштырып, болочок күйөөсүн таанып-тааныбай чыкканы үчүн, турмуштун чындыктары бетке чапканда үй-бүлөдө көйгөйлөр көбөйүп, мамилебиз баягыдай болбой сууп баратат, “күйөөгө кантип жагам” деген курстарга барсамбы деген маселе келип чыгып жатат…
    Ал курстар 1-2 наздануу, мырзам мага көңүл буруп койсоң боло деген ыкмалардан үйрөткөнү менен, маселени тээ тамырынан чечпегенден кийин, кредит алып окуган курсуң күйөөдөн 1-2 гүл белекке алууга гана жетет…
    “Күйөөгө кантип жагуу керек” деп курстун аты эле айтып тургандай, тууган-туушкандын баарына эл эмне дейт деп эго-беткап жасап кийип алганың аз келгенсип, эми күйөөгө да кошумча аракет кылып жагуум керекпи деген сымал аракеттер баягы эгоңдун тамырына суу гана себет…
    Ошондуктан, мен киммин, мен кандай жашоо каалайм, мен сүйлөп жаткан сөзүм өзүмдүн ичимдеги үндөн чыгып жатабы же эгом айтып жатабы, ойгонсом кантет, бирөөгө эмес, алгач өзүмө жаккым келет, эл үчүн эгомду эмес, өзүм үчүн рухумду баккым келет, эми кандай аракет кылам деп толгон токой-акча берип курс издеген эмес, көкүрөгүңө баш багып, өзүңдү издеген маанилүү…

Комментарии • 31

  • @user-pb8cc1yh7m
    @user-pb8cc1yh7m 8 месяцев назад +3

    Болушкон ойлорунуз, билиминиз, тажрыйбаныз учун коп коп рахмат ❤❤❤

  • @user-nt1mf5hu1t
    @user-nt1mf5hu1t 8 месяцев назад +5

    Ээн туура мен ушуну жеткизе албайм койдум айтчу соз коп.....куйоомо жагам деп отуруп аялдар олуп жатышат.

  • @Karker-ql9hh
    @Karker-ql9hh 10 месяцев назад +5

    Туура айттыныз, мен бул туурасында ойлонуп журдум , аял киши онолгонго аракет кылабыз осуп онгонго ,жакканга , аа эмне учун эркектер аракет кылбайт деп ойлоно берем. Чындыгында эле биздин менталитетте уйдон кыздарга коп милдеттерди айтышат , мындай бол тигиндей бол деп , балдарга устуртодон айтышат .Аягында уккун келбей калат , кускун келип .

  • @user-pb2kp6ju5l
    @user-pb2kp6ju5l 24 дня назад

    Эн тура чон рахмат коп нерсе тушундум.Мен Ызаткан Жусуповна окуймун трансформация курусын окудум Азыр тренажер курсун окуп жатамын.

  • @user-mm7bt1bs6g
    @user-mm7bt1bs6g 8 месяцев назад +3

    Сонун! Чоң рахмат эмгегиңизге! 🌷

  • @GulzadaArykbaeva
    @GulzadaArykbaeva 10 месяцев назад +11

    Туура,озгочо Бишкекте аябай кобойуп кетишти псевдопсихологтор,анан дагы тан калдырганы настолько самоуверенные😅

  • @gulbaratoichubaeva
    @gulbaratoichubaeva 8 месяцев назад +3

    Эн туура айтып жатасыз

  • @altynsadykova3103
    @altynsadykova3103 7 месяцев назад +3

    Мен таң калам, неге эле көчөдөгү билими жок, тажрыйбасы жок эле эптеп сертификаты бар адамдарга ишене беришет деп. Балдарды мектепке береерде диплому бар адистер иштеген лицензиясы бар мекемеге беребиз го, биз дагы чоң адамдар специалист тандашты билишибиз керек деп ойлойм.

  • @user-zp3lg9zr2l
    @user-zp3lg9zr2l 7 месяцев назад +1

    Ото соонун,азыркы убакта изденуудомун,сиздин айткан оюнуз менен келишем,ушундай спокойной айым экенсиз❤😻

  • @akaraemilova8694
    @akaraemilova8694 10 месяцев назад +1

    Аябай соонун айтыптырсыз👏🏻👏🏻👏🏻рахмаат

  • @user-sb1rd8js1x
    @user-sb1rd8js1x 9 месяцев назад +2

    Азаматсыз туура айтыптырсыз👍❤

  • @saltanatkerimbekova8021
    @saltanatkerimbekova8021 10 месяцев назад +5

    Мумкун микрофон колдонсонуз жакшы угулабы,кичине жай угулат экен

  • @Adina.myimanalieva
    @Adina.myimanalieva 5 месяцев назад +1

    Отоо соонун👍👍👍

  • @user-my7bt1ye1u
    @user-my7bt1ye1u 10 месяцев назад +2

    Пожалуйста громче❤

  • @user-ep3oh4ii9n
    @user-ep3oh4ii9n 10 месяцев назад +1

    Азаматсыз

  • @renabaizak195
    @renabaizak195 9 месяцев назад +2

    ❤❤❤❤

  • @user-dc5xs3jo5g
    @user-dc5xs3jo5g 8 месяцев назад

    Ассаляяму алайкум уа рохматуллоохи уа бароокаатух! ❤

  • @user-tj3bv7rt9z
    @user-tj3bv7rt9z 9 месяцев назад +2

    Эже сураныч бир аз катуураак сүйлөй аласызбы наушниктен дагы жакшы угулбай жатат
    Сиз менен сыймыктанам жана үлгү тутам

  • @user-be3tj9ob9i
    @user-be3tj9ob9i 9 месяцев назад +2

    ❤❤❤❤❤

  • @user-xk1cv7pb2s
    @user-xk1cv7pb2s 10 месяцев назад +1

    👏👏👏👏👏👏👏

  • @salamatmamytova2374
    @salamatmamytova2374 10 месяцев назад +1

    ❤❤❤

  • @user-tm4ik3wy4o
    @user-tm4ik3wy4o 7 месяцев назад +1

    Азыркы коуч психологтор диплому жок , суруштурсон оздорундо куйо жок ,анан акыл уйроткон самапал коучтар кобойду. Ислам динин туура пайдалансы уй булодо тынчтык ,бактылуулук болот деп ойлойм

  • @user-um1ne7gl5d
    @user-um1ne7gl5d 3 месяца назад +1

    Тууй ата вапше беш коем создорунду оюнду кызыгуу менен угам рахмаат кежир эркек жонундо айтып берчи озунукун бербейт кантип тил табыша алам оюмду айтсам тескеринен кылып жылбай коет😢😊

    • @user-hr7es6ys1i
      @user-hr7es6ys1i 23 дня назад

      Мага да кежир эрекек жонундо укам келет

  • @aiturganysakova879
    @aiturganysakova879 4 месяца назад

    Пайдалуу болду, чон рахмат🥰. Менин уровним интермедиат. Ушул др Шевалинин китебин англисче тушуно аламбы?

    • @DeniSakMamile
      @DeniSakMamile  4 месяца назад +1

      Саламатсызбы, бир ада адабий, татаал тилде жазган, бирок түшүнө аласыз

  • @user-zp3lg9zr2l
    @user-zp3lg9zr2l 7 месяцев назад

    Жеке чек ара жонундо кененирек оюнузду айта аласызбы,азыркы учурда эмнеден баштаса болот биринчиден,ал жонундо эми эле билип жатам изденип,эми ары карай кандай болот,мурунтан чек араны колдонбогон болсон?
    Ал учунда коп эмгек аракет талап кылабы?🙂

  • @user-bk6wu1yb9h
    @user-bk6wu1yb9h 9 месяцев назад +1

    Англис тилди уйронуп китеп окуш керек экен оригиналы англисче болотта

  • @cholponmyrzaeva7140
    @cholponmyrzaeva7140 9 месяцев назад +1

    Жакшыларды айтыптырсын Чоң кыз жакшы угулбайт наушник менен дагы Жакшы угузуп видео кылып тур сураныч!

  • @user-ns3uz6sz7f
    @user-ns3uz6sz7f 6 месяцев назад

    Китепти кантип алабыз жана канчадан

  • @user-tm4ik3wy4o
    @user-tm4ik3wy4o 7 месяцев назад +1

    Ырчылар деле уй булосун болушунча реклама кылышат бактылуу экендерин корсотуп ,мактанып. Жылдар отуп ажырашканын угасын. Уй булонорду мактанбай эле жашагылачы Урмат , Неляга окшоп