Жаш балдарга карата каада салттар

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 18 окт 2024
  • Таберик подкастынын 6- чыгарылышы.
    Бул чыгарылыш мурункулардан айырмасы бар, өзгөчөлөнүп турат. Буга чейин көптөгөн улуу курактагы адамдар менен жолугуп, ата- бабаларыбыздан калган салт-санааларды сурап, көп маалымат жыйнаганга жетиштим. Ар бир маектешим, уникалдуу жана кайталангыс ошондой эле баалуу маалымат менен бөлүшүп жатты. Мына ошолордун негизинде “Жаш балдарга байланыштуу каада-салттарды” чогултууга да жетиштим.
    Бала төрөлгөндөн баштап, ал жетилип, үйлөнүп ал өзүнчө түндүк көтөргөнгө чейин кандай жөрөлгөлөр бар экенин айтып берем.
    Өзүмдүн жашоодогу практикама ылайык, кээ бирөөсүн колдонсок, кээ бирөөлөрүн таптакыр эле билбептирмин. Буларды айтып бере турган адамдар дагы өтө аз экен, муну иш жүзүндө көрүп отурам. Ушундан улам, улуу муундардан сурап, билип калбасак, кийинки муун таптакыр эле салт-санаанын түпкү маанисин билбей калабызбы?

Комментарии • 4

  • @ШоолаАсанкадыркызы
    @ШоолаАсанкадыркызы 18 дней назад

    ❤❤❤

  • @jumagultorobaieva320
    @jumagultorobaieva320 Год назад +1

    Сонун

  • @Жылдыз-м6и
    @Жылдыз-м6и Год назад +3

    Бешикке болоо ырымы.Бала торолгондо баланын таэнеси бешигин алып барат.Бешиктин ичине нан момпосуй сут сары май туз салып коет.Бешиктин ичиндегилерди алып баланын таэнеси нандан майдан ооз тийип келген кичине балдарга таратып берет.Бешик кыбыла жакта туруш керек.Баланы бешикке жаткырганда баланын башы кыбыла тарапта болуш керек.
    Стойко тагуу.Сойкону кичинекей небере кызга чон апасы тагат.Сойкону жон эле тагып койбостон белегин да кошо берет.
    Чач тароо чач оруу.Чачты кыздын озунун торогон апасы жасайт.Кызынын чачы оскондо чачты кичине майлап тарак менен баштын он жагынан баштап тарайт.Чач оруу бир эле узун кылып оргон жолун туз болсун экиге болуп оруу турмушунда алган жарын менен бир болгун тен каарыгын дегени.Мвйда коп болуукко болуп оруу.Балалуу болгун тукумун кобойсун дегени.
    Эркек бала торолгондо баланын атасынын агасы иниси же жакын эркек тууганы небере балага башына баш кийим алып беришкен.Баш кийимдин ичине нан момпосуй акча салышкан.Нанды. момпосуйду балдарга таратып беришкен.Акчаны колунда жок кошуналарына же туугандарын беришкен.

  • @БаткенскийБ
    @БаткенскийБ 3 месяца назад

    Молдо, имамдарддарды жакындатпаш керек.