Гүлнара Кахарова "Балама"
HTML-код
- Опубликовано: 2 окт 2024
- Гүлнара Кахарова
"Балама"
Сөзү : М. Боромбаеваныкы
Обону : К.Таштаналиеваныкы
Баланы кимдер сүйбөгөн,
Бапестеп багып күйбөгөн.
Баласы үчүн жок чыгар,
Башына азап үйбөгөн.
Тумоолоп калса баласы,
Түгөнөт экен аргасы.
Берүүгө даяр жанын да,
Болсо эгер анын айласы.
Кызыгы болбос дүйнөнүн,
Кыйналып бала бакпаса.
Унутат кыйын күндөрүн,
Эмгегин уулу актаса.
Элжиреп ойлоп күнү-түн,
Эртеңден үзбөй үмүтүн.
Ээси болуп жашоонун,
Эне-ата жашайт бала үчүн.
Балдарым - менин кымбатым,
Балдарым - менин сырдашым.
Жаралбай калганда алар,
Жашамак беле кур башым?
Бала деп согот жүрөгүм,
Бала үчүн жашап жүрөмүн.
Бел байлап мындан ары да,
Бала үчүн өмүр сүрөмүн.
Бассам да, турсам тилегим,
Балдарга өмүр тилеймин.
Баарынан күчтүү сезим бул,
Бала сүйүү деп билемин. - Кино
Балалуу болбой жургондорго Аллахым Кооп бала Салих Салиха балдар кыздарды насип этсин
🤗🤗
😍👍👍👍 Гульнара абдан ыры обону менен ото уккулуктуу экен угуп козумдон жашым токтободу!Чыныгы эне мээрим тогуп ыр менен билдирди азаматсын Гульнара!😍😍😍
👍👍👍👍
Кандай керемет обон бөшкача көөп жаша кызым балдарыңдын озурларыг күйөөң экөөң тең көргүдө
Балалуу уй базар.Баладар келечегибиз.Жашоомдун Нуру кызым уулдарым
Гулнара коп жаша!! Базар коргондуктар сени сыймыктанат.
Бекем ден солуук берсин мен да сизге окшоп коп балалуу болгум келет
Сизди коргон сайын 18 жашынызды эстей берем.Дайыма сулуу болуп келесиз.
Гулнара кахарова эжекем менин уулдарыныздын урматын кыздарыныздын сыйын коруп келиндерден кызмат коруп кооп жашан эн соону ырдайсыз 😘😘😘😍
Бактулуу омур сурун
Акылман айым ❤❤❤
АрчаныкындайузуномуркаалайлаймаАкак
Эн сонун эне балам коп жаша колу кенен берекелуу ачык тарсылдаган тын ушундай кыз го деп элестетем бар бологой алтышка
Гулнара таланына тазим омурун узун ден соолугун жакшы болсун сагынадан кутобуз ырдаган Ырларын сонун обонун жакшы колдойбуз 100
Эн соонун ыр
Балдарыбыз Биздин бактыбыз Аллахым балдарыбызды акыл эс ыйманы мн берген болсун 4уулума буйурса 4кызалам 4келиним болот Аллахым ошол кундорго жеткирсин