Унутпа - Руслан Нарынбаев ~ Мирлан Баеков
HTML-код
- Опубликовано: 19 сен 2024
- Экөөбүз жолукчу жер көлдүн жээги, аба салкан
Күтүүдөн баскандарың бүгүн эртең, арбын-арбын
Шашкансып толкундарды кечип өттүм,
Кол сунуп жолугарда ойго чөктүм,
Оюмда эч нерсе жок кучактасам
Башкага жар болдум деп ыйлап өттүң.
Махабат бооруң ташпы, агыздың го көздөн жашты
Бактымды кармай албай, бул сүйүүдөн көңүл калды
Тилеген ой бар эле, дагы канча
Сөз бүтпөй сүйлөшчү элек ай чыкканча
Алтыным кош болгун деп кете бердиң,
Көзүмдөн акты жашым узаганча.
Кызарып күн жаңыдан тоого кирип баткан эле
Көл дагы коштошконсуп жээкке сууну чачкан эле
Кааларым бакыт-кушум кабарыңды
Соолубай гүлдөй болуп жанарыңды
Кош эми түбөлүккө бактылуу бол
Унутпа сени сүйгөн адамыңды.
Журок менен суйгон адамды,акыл менен унута албайсын ❤❤
Руслан Нарынбаевдын обону ырдаган ырлары супер мага абдан жагат Ишине ийгилик ден соолук каалайм .
Руслан. Мирлан дай ырдайт экен талантына береке.
Жакшы ыр экен мага жакты👍👍👍
сонун ыр экен мага жакты☝
Супер
Рахмат
Ушундай 👍ойлондуруп кооопко чейин
❤❤❤🎉
Ыр деп ушуну айт ээх
супер
Баековдун ырдаганы бар эле таппадым ютубдан очуртуп таштаганбы
Мына ырдын текеси
Соз жок