Бир ырдын баяны: "Ак тилек"

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 7 сен 2024
  • Надырбек Алымбековдун сөзүнө жазылган Гүлмира Айдосованын "Ак тилек" деген ырынын тарыхы.
    #бирырдынбаяны
    #бирырдынтарыхы
    #надырбекалымбеков
    #гүлмираайдосова
    #саламатсадыкова
    #актилек
    "Ак тилек"
    Ар үйдө аксакалдуу кары болсо,
    Балпайган байбичеси дагы болсо.
    Баласы баар таап эмгегинен,
    Жанында жаркылдаган жары болсо.
    Чоң ата бардыгына калыс болсо,
    Чоң эне суук сөздөн алыс болсо.
    Келини кербезденип бой көтөрбөй,
    Уулунда уят менен намыс болсо.
    Жакшылык эсеби жок эчен болсо,
    Жоогазын өмүр сүрүп эсен болсо.
    Береке, ырыс тилеп ар бир үйгө,
    Элибиз ынтымактуу элден болсо.
    Уулунда уят менен намыс болсо,
    Кыргызым ынтымактуу элден болсо.

Комментарии • 1

  • @user-us9is3tw2w
    @user-us9is3tw2w Год назад

    Ото сонун обон, чыгармачылык ийгилик каалайбыз Гулмирага!