Кыргызча минусовка караоке ШАТ КҮНДӨР тексти менен

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 13 сен 2022
  • 🎵 Гүлмира Рыспаеванын сөзүнө жазылган Сулайман Рыспаевдин "Шат күндөр" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Ырчынын үнү жок (минусовка) варианты тексти менен.
    🎤АЗИЗА, РОЗА, АЙНУРА - Шат күндөр ырынын үнү бар (плюс) варианты • АЗИЗА, РОЗА, АЙНУРА - ...
    🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.
    🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
    ✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
    ✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.
    ☑ ырчынын коштоосунда караоке кыргыз ырлары bit.ly/3i9RrBl
    ☑ үнү жок кыргызча караоке bit.ly/3i9Y1HV
    🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.
    🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.
    🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.
    👍 ЫРКЕСЕ каналына жазылуу bit.ly/3tYphyJ
    💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.
    Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
    ❗ ЭСКЕРТҮҮ:
    © Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.
    Роза Шакированын өздүк ютуб-каналы: / @rozashakirova
    Азиза Адиеванын өздүк ютуб-каналы: / @azizaofficialchannel
    Айнура Салахидинованын өздүк ютуб-каналы: / @ainurasalahidinovakg
    #ыркесе #азизаадиева #розашакирова #айнурасалахидинова #шаткундор #karaoke_kg #yrkese
    ======================================================
    Азиза Адиева, Айнура Салахидинова, Роза Шакирова
    "Шат күндөр"
    Сөзү: Гүлмира Рыспаева
    Обону: Сулайман Рыспаев
    ========================================
    Сурасаң бербес, качырсаң келбес,
    Тирүүлүк чиркин бир келет.
    Ак шоокум бал-бал,
    Апапак таңдар, ар күнкү асыл бир белек.
    Капаңды айдап, жаз болуп жайнап,
    Жаңырса мукам музыка.
    Керемет дүйнө, чакырып бийге,
    Күндөргө биздин шаң берет.
    Кайырма:
    Жадырап жаздай, жаман сөз айтпай,
    Жайдары ойноп күлөлү.
    Жарк эткен күндөй, капалык билбей,
    Жашоону жаркын сүйөлү.
    Ырыскы чачып, ыроолоп бакыт,
    Ынтымак бизден кетпесин.
    Табышмак сымал, таркабай кумар,
    Өмүрдүн баркын билели.
    Көңүлдүн баркын билели.
    Ак таңдар жанган, ар күнү майрам,
    Эшигин ачып эл күтөт.
    Булбул куш сайрап, дасторкон жайнап,
    Жакшы сөз жанды эргитет.
    Токуруп бөлбөй, толкуган көлдөй,
    Пейилдер кенен жашайлы,
    Ар дайым даяр, апамдай аяр,
    Мээримиң көңүл сергитет.
    Кайырма:
    Өтсө да өмүр, калтырбай көңүл.
    Сыйлашып барктап жүрөлү.
    Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк,
    Бир тууган таза жүрөгү.
    Дем берип деми, кыйбаган сени,
    Кадырын билгин досуңдун.
    Өткөрүп алба, өкүнүп калба,
    Балалык куунак өмүрдү.
    Кайырма:
  • ВидеоклипыВидеоклипы

Комментарии • 11

  • @Yrkese
    @Yrkese  Год назад +1

    🎵 Гүлмира Рыспаеванын сөзүнө жазылган Сулайман Рыспаевдин "Шат күндөр" ырынын караокеси тексти менен.
    ❤ Достор, ыр жактыбы? Кыргыз ырларын кенен жайылтууга каналга жардам бериңиз:
    👍 ВИДЕОГО ЛАЙК БАСЫҢЫЗ! Бул каналдын өнүгүшүнө чоң түрткү берет!
    📢 СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДА ушул видеону БӨЛҮШҮҢҮЗ (ПОДЕЛИТЬСЯ кнопкасы)!
    📝 КОММЕНТАРИЙ ЖАЗЫҢЫЗ же сунуш / суроо бериңиз - биз дайым жооп беребиз!
    ♫ ♫ ♫ ЫРКЕСЕ каналына жазылыңыз
    Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!

  • @user-jv8od7fr7j
    @user-jv8od7fr7j 2 месяца назад

    ❤сонун силерге чоң ырахмат

  • @user-fg7rh2kc4x
    @user-fg7rh2kc4x Год назад +1

    Молодцы сонун жазылыптыр

  • @user-km5uk6wg7j
    @user-km5uk6wg7j Год назад +1

    Ийгилик

  • @user-so8pf9zp8s
    @user-so8pf9zp8s Год назад +1

    Керемет

  • @user-kb7px5mf1s
    @user-kb7px5mf1s 11 месяцев назад

    👍👍👍✋️

  • @user-yy6kb8uq9d
    @user-yy6kb8uq9d Год назад +1

    Ырлардын минусун ушинтип таштап турсанар , ырларыбыз кобуроок жайылат.

  • @user-un8wd5vv3h
    @user-un8wd5vv3h Год назад

    👍👍👍

  • @karasiktotobaeva9911
    @karasiktotobaeva9911 Год назад

    Мана очирит жетейин дедиби куттуевтин суйу балы деген ырын эки айдан бери кутуп жатам

    • @Yrkese
      @Yrkese  Год назад

      10 чакты ырдан кийин буюрса, кезекте, ырлар көп. Бир ай боло элек кезекте турганына ))
      Убакыт болгонда кылып атам караокелерди, туура түшүнүңүздөр.

  • @user-ve8gi7vx4c
    @user-ve8gi7vx4c 8 месяцев назад

    Жок дебе караоке пожалуйста