Tezbil Jazeera travel Rakhmatulla Grupa’s. Тезбил Рахматулла ажы группасы

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 8 фев 2025
  • 🕌Дүйнө жүзүндө көптөгөн мечиттер бар. Алардын ичинен мусулмандар үчүн ыйык болгон 3 мечит бар .
    Алар Аль-Харам , Ан-Наваби, Аль-Акса мечиттери.
    📌Аль-Харам мечити дүйнөдөгү эң чоң мечит. Ал Сауд Аравиясынын Мекке шаарында жайгашкан. Аль-Харам мечити Исламдын эң маанилүү болгон Каабаны курчап турат. Ажылык учурунда бул мечитке миллиондогон зыяратчылар чогулат. Намаз учурунда дүйнөнүн бардык мусулмандары, кайсы жерде болбосун, Каабага бет алышат. Ал эми Меккенин өзүндө адамдар Каабанын тегерегине тизилип намаз окушат. Ажылык Исламдын бешинчи түркүгү болгондуктан, ар бир мусулман өмүрүндө жок дегенде бир жолу Каабаны зыярат кылышы керек. Аль-Харам мечитинин аянты 400 миң чарчы метрден ашат. Ажылык учурунда ал 4 миллионго жакын зыяратчыны кабыл алат. Мечит 7-кылымда курулган, кийинки кылымдарда мечит бир нече жолу бүткөрүлүп, кайра курулган.
    📌Ан-Набави мечити эң маанилүү экинчи мечит. Сауд Арабиянын Медина шаарында жайгашкан. Мечиттин так ортосунда Мухаммед пайгамбардын күмбөзү жайгашкан . Кошумчалай кетсек, Мухаммед (с.а.в) жанына ушул мечитте алгачкы эки салих халифа Абу Бакр ас-Сыддык менен Умар ибн аль-Хаттабдын сөөгү коюлган. Мечит 7-кылымда Мухаммед пайгамбар жана анын сахабалары тарабынан хижрадан кийин, башкача айтканда, мусулмандардын Меккеден Мединага көчүрүлүшүнөн кийин курулган. Бирок, Аль-Харам мечити сыяктуу, бул мечит кийинки кылымдарда исламий башкаруучулар тарабынан кеңейтилген. Ажылык маалында Ан-Набави мечити 1 миллионго жакын зыяратчыны батыра алат.
    📌Аль-Акса мечити исламдагы жогорудагы мечиттерден кийинки үчүнчү ыйык жай болуп саналат. Аль-Акса араб тилинен которгондо “алыстагы мечит” деп которулат. Бул мечит Куддустун (Палестина) эски бөлүгүндө Храм тоосунда жайгашкан. Акса мечитинде 5 миңдей момун бир убакта намаз окуй алат.
    Бул мечит Курани Каримде аты аталган жалгыз мечит. Кошумчалай кетсек, Акса мечити мусулмандар Меккеге көчүрүлгөнгө чейинки Исламдагы биринчи кыбыла болгон. 7-кылымдын аягында халифа Абд ал-Маликтин тушунда Аль-Аксанын жанында дагы бир мечит курулган, ал Куббат ас-Сахра (Аска куполу) деп аталган. Ал-Акса мечити көбүнчө Куббат Ас-Сахра мечити менен чаташтырылып алышат.

Комментарии • 2