Umra sapari iegiluktuu
HTML-код
- Опубликовано: 8 фев 2025
- Ассаламу алейкум
УМРА
УМРАДАГЫ ТЫЮУЛАР
«Ажылыкта жаман сөз сүйлөөгө, талашып-тартышууга, күнөө кылууга болбойт» (Бакара. 2\297).
Ажы ихрамга кирүү менен адал жана мубах болгон кээ бир нерселерге да жалгыз ибадат максаты менен өзүнө тыюуларды салат. Намазды баштаардан мурун ифтитах такбири кандай инсанга намаз ичинде кээ бир кыймыл-аракеттерди кылуусуна тыюу салган болсо, орозо баштаган инсан кандай саарлык менен жеп-ичүүнү өзүнө тыюу салган болсо, ажы да ихрам менен бирге мурунтадан мубах болгон кээ бир нерселерди өзүнө тыюу салат.
Куран бул туурасында үч түрдүү тыюудан сөз кылат:
1. «Рафас» деп аталган, жыныстык каалоолорго тийиштүү сүйлөшүү сыяктуу ар түрдүү жыныстык жактан тыюулар;
2. «Фыск жана Фусук» деп аталган ар түрдүү күнөө, жамандыктар жана кылмыштардан тыюулар;
3. «Жидал» деп аталган, башкалар менен урушуу, жаңжалдашуу, талашып-тартышуу, сөгүшүү жана мушташуу сыяктуу бардык жаман кыймыл-аракеттерден тыюулар.
Көңүл буруп карасак, бул үч түрдүү тыюунун оболкусу адамды жыныстык кумардануудан, экинчиси өз напсисинен тыят жана үчүнчүсү башкаларга карата жакшы мамиледе болууну максат кылат. Инсан ажылык маалында кумарданууга, напси каалоосуна жакындабоого жана диндеш бир туугандары менен кыпындай да көйгөйгө кабылбоого тийиш, кыскача айтканда ынтымак - биримдикте болуулары керек.
Инсандардын эң көп күнөөгө баткан иштери да ушул аталып өткөндөр эмеспи? Ажы булардын бирине да жолобоосу керек, ажы мезгилинде алган тажрыйбаларынын негизинде ажыдан кийин да өзүн этияттап сактанууну үйрөнүүсү зарыл.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мына ушундай тыюуларга баш ийип ажылыкты аткарган адамдын «энесинен төрөлгөн күндөгүдөй абалга кайта тургандыгын» сүйүнчүлөп кабар берүүдө (Бухарий. Хаж. 4).