Талант тагдыры | Мурат келип калган жокпу, | 3 - бөлүм | Автор: Айгүл Шаршен/Аудио китеп

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 5 фев 2025
  • Таксилер кайсы убак болбосун кете беришет эмеспи, жуунуп өзүн ирээтке келтирип алып бир аз шам-шум этип алып эми сыртты көздөй жөнөгөндө эшик чыр этти, Алиянын жүрөгү болк этип алды: “Мурат келип калган жокпу”, - деп ойлонуп:
    Ким? - деди үнүн пас чыгара.
    Алия, бул менмин, - деген Жанболоттун үнү угулганда көңүлү жайлана түштү, - Кандайсың?
    Аа-а, кел-кел, - Ыңгайсыздана калды.
    Эмне болду, бир жакка жөнөп жатасыңбы?
    Ооба, айылга барсамбы дегем...
    Алия, мен сенден жооп болсо ата-энеңдин алдына баралы дедим эле, атамдар үйлөн деп шаштырып жатат.
    Жанболот, мен адегенде үйгө барып кеңешейин.
    Макул, мен өзүм жеткирип, көрүп кайтайын.
    Алар көрсө эмне дейт?
    Мен көрүнбөйм да.
    Макул анда.
    Бүгүн эмес, мен азыр сени бир жерге алып барамын, экөөбүз тамактанып, сейилдеп кайтабыз, эртең эртелеп чыгалы кандай дейсиң? - деп Жанболот Алияны колунан алып өзүнө тартты, - Мен сени менен түбөлүккө бирге болгум келет Алия.
    Мен дагы...
    Кана калган сөздү кийин сүйлөшөбүз, даярсыңбы кеттик.
    Даярмын, - деп Алия күлүп калды.
    Кеттик анда, - Жанболот Алияны колдон алган бойдон сыртка карай жөнөдү. Экөө аерден чыгып унаага отурушту да жолго чыгышты, Жанболот баягы ресторанга алып келди, алар төр жагына кол кармаша өтүп баратканда төрт- беш адам менен отурган Мурат аларды көрүп калды:
    Токто-токто! - деди жанындагы бакылдап жаткан немени, анан карап отуруп калды, эч нерсени байкабаган алар орун алышкан соң бет маңдай отуруп бактылуу болуп күлүп сүйлөшүп жатышты, үстөл үстүндө колдору кармашкан, буларды көрүп турган Мурат эмне кылаарын билбей тура берди. Бир кезде аны кандайдыр бир күч эрксиз ордунан тургузду, ал туруп алар отурган үстөлдүн жанына келип эки колу менен үстөлдү таяна эңкейип экөөнү карап калганда Алиянын эмелеги бактылуу жаадыраган жүзү босоро жүрөгү дирилдей тура калды.
    Эмне керек жигит? - деди Жанболот ага карап токтоо гана.
    Мага бир-эки мүнөткө бул кыз менен сүйлөшүүгө уруксат бериңиз, - деди Мурат какшыктай кыжырланган кейипте.
    Ал кызда кандай жумушуң бар, кыздарга мындай мамиле кылган болбойт.
    Мурат, бас кеттик, - деп чогуу отургандардын бири келип аны карыдан алды, - Бул жерде болбойт.
    Кое бер, - Мурат кызуу экен, колун андан булкуп бошотуп алды, - Чоң кыз, бир мүнөткө сүйлөшсөк, бир түнгө макул болоорсуң?! - деп Алияга кайрылганда ал аны өзүн чымыркана токтоо кармап жаакка чаап жиберди:
    Акмак, сенин ушундай адам экениңди сезип качып жүрөм, мени мазактаганың үчүн жооп бересиң! - Ыйлап жиберди, ошол убакта ары жактан кароолчу милициялар жетип келип Муратты алып кетишти.

Комментарии • 9