"Каныкейдин жомогу" аткаруучу Ширин Сарыгулова 🇰🇬

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 18 янв 2021
  • "Каныкейдин жомогу" аткаруучу Ширин Сарыгулова 🇰🇬

Комментарии • 21

  • @Hanna_356
    @Hanna_356 8 месяцев назад +4

    Каныкейдин жомогу (Үзүндү)
    Ой, кулунум, угуп ал,
    Муңканганым Аксарай.
    Муңумду айтам бир далай.
    Казылып калган орумду ук,
    Караан кылган жетимим,
    Кайнап жаткан шорумду ук.
    Адам бир болсоң жетимим,
    Ичимден чыккан сонунду ук.
    Дүнүйөм көрбөй тыйынча,
    Чачканымдан келейин.
    Таластан качып жөө тентип,
    Кулунум, качканымдан келейин.
    Кечээ, берениң атаң өлгөндө,
    Беренден калган сан дүйнө,
    Бет алып кирип алты арам,
    Казынаны бөлгөндө.
    Булаңды булап алганда,
    Алты арам бузукту мыктап салганда.
    Эсебим жаман тапканда,
    Көкбөрү кылып сүйрөтүп,
    Менин эмчегим жара чапканда.
    Зарлансам кудай алабы,
    Тиледим сендей жалгыз баланы.
    Уулум, адырда жылкы ала баш,
    Аркада чунак өзүң жаш,
    Айкөлүм атаң өлгөндө,
    Моминтип таланды көргөн ушул баш.
    Жетимим мындан жол тартсаң,
    Жер маанисин айтайын:
    Букардан чыгып жол жүрсөң,
    Ат аябай мол жүрсөң,
    Токумдай жерде коосу жок,
    Буурсун тийген чийин жок,
    Суур казган ийин жок,
    Мунарыктап бурчтанган,
    Булуң тартып урчтанган.
    Кең Букардын кең Ак-Чий,
    Кең Ак-Чий деген жер ошол.
    Кейип тентип Букарга,
    Качып келген мен ошол.
    Кебимден кылча унутпай,
    Эстеп жүргүн сен ошол.
    Кең букардын зор Ак-Чий,
    Алты күндө өтөрсүң.
    Андан ары барганда,
    Күлешендин Гүл-Токой,
    Гүл-Токойго жетерсиң.
    Гүл-Токойдон кеткенде,
    Ары карай өткөндө,
    Боз ала чаңгыл,
    Боз-Бөлтөк.
    Боз-Бөлтөккө жетесиң,
    Боз-Бөлтөккө чыкканда,
    Балакетиң алайын,
    Кулунум, бир ээлигип кетесиң.
    Чунак уулум угуп ал,
    Көңүлүң жаман бөлүнөт.
    Алды жагың карасаң,
    Айтылуу Кокон көрүнөт.
    Андан ары ашканда,
    Боз мойнокту басканда,
    Көк өзөндүү бел келет,
    Көрсөң мындай жер келет.
    Аман-Жолдун бели ошол,
    Эсил энең карабет келген жер ошол.
    Эчен уруу жол айтам,
    Абайлап уулум угуп ал.
    Аман белди басканда,
    Андан ары ашканда,
    Сыр-Дайраны басарсың.
    Кемпир менен балаңы,
    Керилип куу жан көтөрүп,
    Тарчылыктуу күн көрүп,
    Таластан тентип кеткемин.
    Кыштын кыраан чилдеден,
    Мен энекең бей таалай.
    Ошол аккан Сыр-Дайра,
    Кырк эки тепчип кечкемин.
    Сыр-Дайрадан кечерсиң,
    Ары карай өтөрсүң,
    Чыйырчык, Салар эки өзөн,
    Эки өзөнгө жетерсиң.
    Олуя өткөн мазар бар,
    Кагылайын кулунум,
    Зыярат кыла кетерсиң.
    Андан ары барганда,
    Боз мунарык керүү ошол,
    Чалкайыңкы кең өзөн,
    Олуя-Ата жери ошол.
    Олуя-Ата барганда,
    Күн батышты карасаң,
    Кара-Балта, Сокулук,
    Бүлбүлдөп жону көрүнөт.
    Ошолорду көргөндө,
    Уулум, көңүлүң жаман бөлүнөт.
    Оң колго жетим бурулсаң,
    Ээр белдей боз мойнок,
    Жорго деген бел ошол.
    Энекең... мен кара бет бей таалай,
    Жобоп ашкан жери ошол.
    Ошол ээр белдей мойнокко,
    Чыга көр, жетим, сен ошол.
    Ар жак жагын карасаң,
    Бөөт-бөөт жер келет,
    Бөлтөк-бөлтөк бел келет.
    Адыр-адыр жер келет,
    Адырмак артуу бел келет,
    Жылгындуу Кең-Кол жер ошол.
    Күндүзү кымыз, түнү кыз,
    Жыргалдуу кыргыз эли ошол.
    Ошол элден айрылып,
    Каңгырган энең мен ошол.
    Атагы кеткен ааламга,
    Атаң сенин эр Манас.
    Хан ордо тиккен атакең,
    Жериң сенин кең Талас.
    Ак калпак кийип жардаган,
    Элиң сенин көп алаш.
    Ак сакалын жайкаган.
    Адамдын сырын байкаган.
    Акылы артык даанышман,
    Бакай деген абаң бар.
    Айлымды чаап тентиткен,
    Атаң Манас атасы,
    Хан Жакып чоң атаң бар.
    Чоң дөөлөткө семирип,
    Чокчоңдогон элирип,
    Кандуу камчы кара кол,
    Абыке, Көбөш агаң бар.
    Чоң атаң Жакып жоо болуп,
    Хан ордом чапты талкалап.
    Абыке менен Көбөштөн,
    Семетей сени калкалап,
    Качып келдим төркүнгө,
    Хан атамды аркалап.
    Арка мойнуң каткыча,
    Ата-тегиң айтпадым.
    Канаттууга кактырбай,
    Карегимдей сактадым.
    Опол тоодой жетилдиң,
    Орундалды максатым.
    Атаң Манас күмбөзү,
    Кең-Кол ата оюнда.
    Алмалуу булак, шумкар таш,
    Ашып түшчү жолуңда.
    Токсон миң эркеч майында,
    Кыш бышыртып бек салдым.
    Канча кылым өтсө да,
    Козголбосун деп салдым.
    Дагы караңыз
    Каныкейдин Букарага качышы жана Бакайдын сөзү
    Каныкейдин тайторуну чаптырышы
    Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 12748, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-04
    Талкулоо/Пикирлер
    favicon
    Перейти
    Эмнени издейли?
    Бөлүмдөр
    Макала жайгаштыруу
    Жарнама боюнча
    Компьютердик кызматтар
    OK.ру тайпабыз. Бизге кошулуңуз!
    Tyup.net - 2023-ж.
    Укук ээлерине Биз жөнүндө Эрежелер Купуялуулук саясаты
    Эскертүү! Кымбаттуу колдонуучулар, маалыматтарды интернет тармагындагы башка сайттарга, социалдык тармактарга жайгаштырууда сөзсүз түрдө tyup.net сайтына шилтеме көрсөтүү зарыл. Жоопкерчилик бар, окуучулар жайылтуу учурунда жоопкерчилик ата-энеде болот. Маалыматтарды кыйыр же эки мааниде, ошондой эле бирөөнү мактап, каралап же какшык түрдө жаңылык же макала кылып колдонууга тыюуу коюлат, жана мындай учурда жоопкерчилик ошол адамдын өзүнө жүктөлөт, ушул эле нерсе түрдүү уюмдарга дагы таандык, өзгөчө ММКларга, ТВ жана Радиолорго.
    Фейсбук сайтындагы баракчабыз Ютуб сайтындагы баракчабызБашына

  • @user-yy5dk6zq7j
    @user-yy5dk6zq7j 3 года назад +8

    Рахмат Ширин эжоу ушуну таппай жаттым эле Сармерден көрдүм😍😍үнүңүзгө береке ишиңизге ийгилик😍😙❤

  • @madnenur3123
    @madnenur3123 2 года назад +3

    МаашаАллах

  • @raiana3006
    @raiana3006 Год назад +1

    Унунузго береке эже

  • @user-im9qg2lp4p
    @user-im9qg2lp4p 2 года назад +2

    😍😍баракелде

  • @user-ss3mk5mm4p
    @user-ss3mk5mm4p Год назад

    Кандайс ширин эже соонун айтыпсыз ишинизге ийгилик

  • @user-hw8iu6xr6m
    @user-hw8iu6xr6m Год назад

    🤲🤲🤲👍👍👍👍👍👍👍

  • @user-vs9xf8ox5t
    @user-vs9xf8ox5t 2 года назад +4

    Как я завтра так спою

  • @user-hw8iu6xr6m
    @user-hw8iu6xr6m Год назад

    🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬

  • @user-ym9ub2xz2d
    @user-ym9ub2xz2d Год назад

    Кандайсыз Соонун болуптур

  • @user-hw8iu6xr6m
    @user-hw8iu6xr6m Год назад

    Каникей со болсун

  • @user-hw8iu6xr6m
    @user-hw8iu6xr6m Год назад

    🏅🏅🏅🏅🏅🏅🏅🥉🥉🥉🥈🥈🥈🥇🥇🥇🎖️🎖️🎖️🏆🏆🏆🏆🏆

  • @toktobubumambetkulova3614
    @toktobubumambetkulova3614 Год назад +2

    Текстин каяктан тапсак болот?

  • @user-hw8iu6xr6m
    @user-hw8iu6xr6m Год назад

    Ширин

  • @Myfenite
    @Myfenite Год назад

    Саламатсызбы,Ширин эже?Саякбай Каралаевдин вариантында,Каныкей семетейге жерди көрсөтүп арман айтканы ушул эмеспи?

  • @akyljankonokbaeva208
    @akyljankonokbaeva208 2 года назад +1

    ТЕКСТ КАЙДАН ТАБАБЫЗ?

    • @Myfenite
      @Myfenite Год назад

      Саламатсызбы,Ширин эже?Саякбай Каралаевдин вариантында,Каныкей семетейге жерди көрсөтүп арман айтканы ушул эмеспи?