Катышуучу №11. "Кара жорго" бий. "Санжыра" тобу.

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 21 окт 2024
  • Аткаруучу жана бийди койгон: "Санжыра" бий тобу.
    Бийдин жаралуу тарыхы: "Элибизде 10-12-кылымдарда Караханит хандыгы болгон. Ал учурдагы хан болуп турган Бууракахандын убагында чоң той берилет. Бир өлкөдөн бир өлкөгө баруу үчүн хан да, акылмандары, жансакчылары, жан-жөөкөрлөрү да, баары жалаң кара жорго таптап минишчү экен. Анткени, кара жорго менен жүргөндө барчу жерге тез жетишчү, минип бараткан адамды да жорго чарчатчу эмес. Ошентип, жанагы чоң тойго чакыртылган Бууракахан өзүнүн адамдары менен баратканда, аларды узактан көргөн жарчылары “ханыбыз келе жатат” деп кыйкыршып, акындар ханды мактап-жактап комуз күүсүнө салып ырдап башташат. Хан жакындап калганда күүчүлөр комузун дагы күчтөп, күүлөп шаңдуу чертишкенде жорголор күүгө берилип кетип, үстүндө адам олтурганын унута салыша жорго басыгынан адашып, башкача басык менен кете башташкан. Ошол учурда хан баш болгон ат үстүндөгүлөр жыгылып калбаш үчүн коргонушуп, эки жакка ооп, тең салмактуулугун жоготуп алышкан. Бир колунда камчы, бир колунда тизгин болгон хан жана жан-жөкөрлөр эки жакка ооп кыймылдап жаткандарын алыстан көргөндөргө хан тойго бийлеп келе жаткандай көрүнгөн дешет. Ошондо эл “хан тойго бийлеп келе жатат” деп жар салышып, калайык журт ханга ызаат кылып алар да хандын алдынан ал бийлегендей бийлеп чыгышкан дейт. Бул кыймыл ханга да, элге да ошондон кийин жагып, “кара жорго бийи” пайда болгон экен. Ошол учурдан тарта ар бир той-ашта кара жорго бийлене баштаптыр.
    Мезгил өтүп, Караханит мамлекетиталкалангандан кийин “Кара жорго” бийи унутта кала баштаган. Кокон хандыгы учурунда кыргыздардын эки мамлекети болгон. Бири Анжиян тарапта, экинчиси Кытайдагы Кашкар тарап. Кытайдагы мамлекетибиз 7 шаар хандыгы деп аталып, ал хандык бүгүнкү аталган Үрүмчү, Кашкар жерлерин башкарып турган. Ошол учурда 7 хандыкка барып жашаган кыргыз элибиз “Кара жорго” бийин сактап калышкан экен" дешет бийчи жигиттер.

Комментарии • 12