Жан дүйнөм жүргөн кезде жараланып...
HTML-код
- Опубликовано: 10 ноя 2024
- Жан дүйнөм жүргөн кезде жараланып,
Жан сырым төккөн элем сага барып,
Жаагымды алаканың астаа сылап,
Жаш кеткен жүзүң ылдый салааланып.
Ширин-ширин аңгеме куруп берип,
Жаш болсоң да сен көптү түшүнчүсүң,
Жазгы гүлдөй мен үчүн жайнап чыгып,
Жалбырактай кээде өксүп үзүлчүсүң.
Биз үчүн биринде кең,биринде тар,
Өмүрдүн жылдар,айлар,мүнөтү бар,
Менин бир эскии жаман альбомумда,
Сенин бир жакшы түшкөн сүрөтүң бар.
Түтөгөн өмүрүмө жалын тилеп,
Сен мага бересиңби асыл жүрөк,
Жыргалда жашабаган таза сүйүү,
Ырларда жашаганын баары билет..
Эркеледим көп ирет мастык менен,
Нени кылбайт өрт,шарап,жаштык деген,
Эл көзүнчө өпкүлөп сени далай,
Эми өзүмчө азапты тартып келем.
Мен соолуктум,көзүмдү турмуш ачты,
Сен жолукчу өзүңө айтып берем....
Автор: Э.Иманалиев
Бейиштик болсун агайыбыз
Эээ асыл жан, мен отсомда ырларым угуп турушсун деп жаздырган экенда эстуу жан, чын эле кыргыз эли сагынды алп акынын...
Иий жаткан жери жайлуу болсун.