Министирдин кызынын махабаты - Махабат закымдары - пианино менен by AzzaMatt
HTML-код
- Опубликовано: 29 сен 2024
- Элера Кабылжан кызы - Махабат закымдары - Министирдин кызынын махабаты - пианино менен by AzzaMatt
Сени алгач көргөнүмдө сезимди байлагансың
Көңүлүмдөн орун алып сүйүүңдү арнагансың.
Жарк этип сен күндөй болуп,
Жаз болуп жайнагансың.
Алоолонуп көзүң жанып,
Жан дүйнөм арбагансың.
Припев:
Билбептирмин мен ошондо,
Арманда каларымды.
Жараланган каркырадай,
Канатым сынарымды.
Ошол күндөн ушул күнгө,
Унуталбайм элесиңди .
Жолугууну эңсей берем,
Түшүмдө келесинби.
Кечигип мен түшүнүпмүн махабат закымдарын,
Жанымда сен жүрсөң дагы,
Болбодуң асыл жарым.
Армандуу бул жалган дүйнө буюрбас махабатым,
Кааларым мен башкаларга сүйүүсүз жашабасын.
Припев:
Билбептирмин мен ошондо,
Арманда каларымды.
Жараланган каркырадай,
Канатым сынарымды.
Ошол күндөн ушул күнгө,
Унуталбайм элесиңди.
Жолугууну эңсей берем,
Түшүмдө келесинби.