Шамшыбек Өтөбаев - Ата Журт

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 7 сен 2024
  • "Ата Журт"
    Сөзү: А. Осмоновдуку.
    Обону: Ш. Өтөбаевдики.
    Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүрсүң,
    Кыш да катуу бороон уулуп, кар уруп…
    Суугуңду өз мойнума алайын,
    Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!
    Жазда башка жел тийбесин абайла,
    Көпкө турбас мобул турган сур булут.
    Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
    Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!
    Түндөр жаман кырсык салып кетпесин,
    Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп…
    Азабыңды өз мойнума алайын,
    Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!
    Жазда башка жел тийбесин абайла,
    Көпкө турбас мобул турган сур булут.
    Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
    Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

Комментарии • 88

  • @ahrubekabc5669
    @ahrubekabc5669 2 года назад +28

    Кыргыз элинин накта патриотторунун гимни! Керемет создор жана аткаруу!

  • @user-rc6iy8hg7w
    @user-rc6iy8hg7w 3 года назад +34

    Ушундай легендардуу обондун автору ,мыкты озу аткарган ырды эч ким деле укпай ,комментарий жазбаптыр .Ошону менен элдин денгеелин билсе болот. Ата журт азыр эчтеке болбой калыптыр. Баары доллар, евро , коттедж в Дубае болуп калыптыр....

    • @user-jn5uj9lr8n
      @user-jn5uj9lr8n 2 года назад +2

      Мен да ошону ойлогом.ото маанилу ырга эч ким коментарии да жазбайт.башка улут тантып ырдап койсо анда бутту.котун жалап ийишет

    • @bandebek3075
      @bandebek3075 2 года назад +8

      Азыркы жиндилердин оюна да келбейт коммент жазган ушундай жакшы ырга

    • @user-jp5ct7dj3n
      @user-jp5ct7dj3n 2 года назад +6

      Туура айтасыз

    • @user-bi9lu1pf3o
      @user-bi9lu1pf3o Год назад +1

      Биздин Легендарлуу Маэстро,ырларын кичинемен угам, соз жок Маэстрого.
      Жайлары жаннатан болсун Омин.
      Браво Маэстро Браво!

    • @user-iv5ug7ru8r
      @user-iv5ug7ru8r Месяц назад

      Соз жок ото соонун аткаруучу жана ырдын мазмуну журокту титиретет

  • @user-ju2zt5cw3w
    @user-ju2zt5cw3w 2 года назад +14

    Алыкул Осмонов Элин кандай суйсо,Шамшибек Отобаев Элин ошондой суйгон! Ошондуктан текст менен обон ширелишип,ушундай ШЕДЕВР ЫР ЖАРАЛГАН!!!

  • @askerkochorov6782
    @askerkochorov6782 3 дня назад

    Эн мыкты инсан болчу, Шамшыбек ага жаткан жерин жайлуу топурагын
    торко болсун.
    Кыргыз элинин чыныгы патриоттору А.Осмонов Ш.Отобаев агаларыбыз кандай кереметтуу чыгарманы даратып кетишкен.

  • @user-tv6bs7yv8c
    @user-tv6bs7yv8c 2 года назад +16

    Шамшыбек Отобаев легендарлуу адам болчу,"сен ооруба мен ооруйун Атажурт "- деп журуп отуп кетти.Мындай ырчы,композиторлор кылымда бир жаралат.Унун уккан сайын .уккун келет.

  • @ИиаоаллаллаллаОаооалал
    @ИиаоаллаллаллаОаооалал 2 месяца назад +1

    Жаткан жерин жайлуу болсун Шамшибек ака👃👃❤❤

  • @wakytoktonalieva6453
    @wakytoktonalieva6453 3 года назад +17

    Шамшыбек Отобаев жаткан жери жайлу болсун Чуй облусунда Панфиловка айлында жашап кеткен бул киши.

    • @u-uuwu4854
      @u-uuwu4854 2 года назад

      Каза болгонбу качан сонун ырчы эле

    • @kosmosmedia
      @kosmosmedia 2 года назад

      @@u-uuwu4854 2009-жылы каза болгон.

  • @anarbekkashkoev3336
    @anarbekkashkoev3336 Год назад +5

    акын Алыкул Осмонов кандай кучтуу мекенчил экенин ыр саптары менен билдирсе!!! обончу Шамшыбек Отобаев ырга обон жаратып мекенди обону менен мекенчил экенин далилдеп кетишти!!!жакшынын омуру кыска деген чын окшойт жаш кетишти.жаткан жеринер жайлуу,топурагынар торко болсун омийин.

  • @user-eo5uo5ft7d
    @user-eo5uo5ft7d Год назад +5

    Эн сонун ыр Шамшыбек ага ото Жогорку денгээлде ырдаган . Ушул ырды уксам эле козумо жаш тегеренип кетет. Шамшыбек ага сизге таазим этем.

  • @user-dg8qk6sh7j
    @user-dg8qk6sh7j 2 года назад +11

    Ата журтка арналган ырлардан ушул ыр эн сонун ырдалган. Алыкулдун кереметтуу созуно Шамшыбектин обону дал келген экен. адамдын Ата журтка болгон сезимин бир толкутуп алат экен.

    • @googleaccount9753
      @googleaccount9753 Год назад

      Ысык-Көлдү ыр менен даңкын чыгарган.Алыкул Осмонов

  • @ryskul6395
    @ryskul6395 Год назад +5

    Сен ооруба, мен ооруйун ата-журт.❤

  • @user-bi9lu1pf3o
    @user-bi9lu1pf3o Год назад +5

    Браво Маэстро вы были просто Супер.
    Жайларыныз жаннатан болсун. Браво Маэстро Браво!

  • @user-jk5cz2yf4w
    @user-jk5cz2yf4w 2 года назад +10

    Менин сыймыктуу аяш атам! Ырыңыз кылымдар бою жашайт!

  • @user-jg2on9sr1y
    @user-jg2on9sr1y 11 месяцев назад +3

    Жаш кезде көп угат элек ,ушул ыр менен чонойдуко.Азыр балама ушул ырды жаттап келгиле деген экен ,балама угузуп жатам, ушундай ырдаш керек деп.Ага Бейиштик кылсын Кудайым 🤲

  • @111Eliaify
    @111Eliaify Год назад +4

    Кандай сонун чыгарма,кандай сонун обон Бул ырды кайра кайра уккун келет ,бирок уга берсен ушнчалык журогун ооруйт ыйлагын келет.Байкуш Алыкул Осмонов менен Шамшыбек Отобаев агабыздын жаткан жерлери жайлуу болсун.Бейиштин торундо жатышсын.Ушундай сонун ырдаган.

  • @user-ez6ew3uk7g
    @user-ez6ew3uk7g Год назад +6

    молодец 👏👏👏 жаткан,жери,бейишинен,БЕРСИН ☝️🤲🤲🤲🤲💯👍❤️😍😭😭😭

  • @user-fb1py3oj9u
    @user-fb1py3oj9u Год назад +2

    Шамшыбек Отобаевдин аткарган ырлары кылымдар бою жанырып турат. Накта элита ырчы.

  • @user-ld7fi5py1n
    @user-ld7fi5py1n Год назад +4

    Мекенчил залкарлар Аллаhым ырайымына алсын 🤲🇰🇬

  • @user-nk3kg9pb5c
    @user-nk3kg9pb5c 2 года назад +4

    Эн мыкты артист,Аттин жашоо кыска,Ырдын тексти да мыкты жазылган...Ага жараша обонун топ келтире ырдаган " Ата Журтка" арналган..Жаткан жери жайлуу болсун!!!

  • @user-dq5zn4mx9l
    @user-dq5zn4mx9l Год назад +2

    Саламалейкум элим
    Уюткулуу кайран кыргыз элим
    Эмне деген пенделер отту элим легенде жанын Берген
    Бар бол соолуба оркундо элим
    ❤❤❤

  • @user-rs6hp9xn2j
    @user-rs6hp9xn2j Год назад +4

    Керемет обон,керемет аткаруу,денеме майда будурлор чыгып кетет ушул ырды укканда. Музыкасы эле бир патриоттуу ,озгочо!!!! Кыргызстандын гимни кылса жарашат!!!!

  • @user-vg3kb6ht3p
    @user-vg3kb6ht3p Год назад +2

    Шамшибек агамдын жаайы Жаннатта болсун, топурагы торколоо болсун. Сиз дайыма биздин журогубуздосуз .

  • @user-wg8mp3bg3n
    @user-wg8mp3bg3n 2 года назад +5

    Укмуш ырчы болгон екен. Жаткан жери жайлуу болсун

  • @ozgobojshs8335
    @ozgobojshs8335 Год назад +2

    Менин эн жакшы коргон укулукту мазмунду чарчаганда кыргыз жеримди чагылдырган ата журту сагындырган ырым Шамшыбек аке жаткан жериниз бейишин берсин

    • @ozgobojshs8335
      @ozgobojshs8335 Год назад +1

      Бар бол Кыргыз элим жаша Кыргызстан Ата Журтум

  • @Karpat.Antonov
    @Karpat.Antonov 14 дней назад

    Ото кыйын инсан еле жайы жайпуу топурагы торко ьолсун авамдын.🤲

  • @kinomanru7309
    @kinomanru7309 2 года назад +7

    Дененди чымырататго 😊

  • @user-ny1nx4wc5n
    @user-ny1nx4wc5n 8 месяцев назад +1

    Ушул ырды укканда, дайыма журоко духтан берет.

  • @gulzarberdalieva5758
    @gulzarberdalieva5758 2 года назад +5

    Кандай гана жакш ыр!!!

  • @user-gu2qt6ki9t
    @user-gu2qt6ki9t 2 года назад +7

    Чынында соонун аткарылыптыр

  • @cheburasta1543
    @cheburasta1543 11 месяцев назад +2

    Эмне деген керемет ыр

  • @user-or9ho5xf9g
    @user-or9ho5xf9g Год назад +3

    Сен ооруба, мен ооруюн АТА-ЖУРТ!!!

  • @esenbekkulbaev73
    @esenbekkulbaev73 2 года назад +10

    Кыргыздын Гимини кылса болгудай экен

  • @razzakov6524
    @razzakov6524 2 дня назад

    Ата журтка коркунуч келгенде БаткенЛейлек эли тике турду

  • @akikat8589
    @akikat8589 2 года назад +3

    Ото сонун ырдалган.Сен ооруба мен ооруйун Ата Журт созу маанилууу

  • @user-hf5vu9sw2o
    @user-hf5vu9sw2o 2 года назад +4

    Очпос талант,ырга соз жок,мыкты

  • @user-mp8kn1db6t
    @user-mp8kn1db6t 6 месяцев назад

    Кандай соонун аткарган автор.мен аябай сыйлаган ырчы композитор эле аттин омуру кыска экен.эч ким мынчалык аткарган эмес.

  • @bazarbekbazarbek4629
    @bazarbekbazarbek4629 2 года назад +3

    Ыйманын саламат,топурагын торко болсун досум Базарбек

  • @user-ux1rr1qj6h
    @user-ux1rr1qj6h 9 месяцев назад +1

    Азыркы кее бир ырчыларга караганда Шамшы Отобаев кыйын ырчы болчу ыры да озу да соонун🎉

  • @user-or9ho5xf9g
    @user-or9ho5xf9g Год назад +3

    Кашык канымды да аябайм сен үчүн АТА-ЖУРТ.

  • @AzamatSatykulov-cp5oo
    @AzamatSatykulov-cp5oo 6 месяцев назад

    Легенда .Шамшыбек аке.

  • @user-pc4jn4xt7i
    @user-pc4jn4xt7i Год назад +2

    АТА МЕКЕНИМ 🙏🏽

  • @shoxyakubov1995
    @shoxyakubov1995 Год назад +2

    Сонун ыр 😥🥰🥰

  • @Aelinaelinaelin
    @Aelinaelinaelin Год назад +2

    Гимн болушу керек эле да ушул ыр

  • @gbbvvv6622
    @gbbvvv6622 Год назад +2

    Шамшыбек кыргыз журтун сур булуттан коргогон экен.сен айткан ата журтту Камчыбек Ташиев жүрөгү менен коргоп жатат.ата журтумду аяп койгула,кан корлордон деген экен ыраматылык шамшыбек.жайын жаннатта болсун.

    • @user-ee1hb3nx5r
      @user-ee1hb3nx5r 9 месяцев назад

      Шамшыбек Өтөбаевдин катарына К.Ташиевди тыкпай, жон эле отурсанчы. Алыкул Осмоновдун, Шамшыбек Өтөбаевдин арбагы тынч жатсын.

    • @user-xn1gj8zp3b
      @user-xn1gj8zp3b 8 месяцев назад

      ​@@user-ee1hb3nx5rтуура айтасын

    • @user-yt9yr2tt3i
      @user-yt9yr2tt3i 5 месяцев назад

      ​@@user-ee1hb3nx5rБуларын жон эле артист

    • @AziziJamilyaJamiiAziz-tu6fr
      @AziziJamilyaJamiiAziz-tu6fr 3 месяца назад

      Менда жонле артис болчу колунан келеби

  • @user-xn2sc8mv3n
    @user-xn2sc8mv3n 2 года назад +2

    Кыргыздын ички дуйносун козгогон саптар

  • @user-is4ev7hn3c
    @user-is4ev7hn3c 2 года назад +5

    Жакшы ырдаган мурда кичинемде укчулем примерно 2000жылдары болсо керек

  • @user-wd7fy6nv3t
    @user-wd7fy6nv3t Месяц назад

    2:54 тубаса талант эмшеги бааланбпй калды жайы жаннаттпн болсун

  • @adiletisaev5467
    @adiletisaev5467 7 месяцев назад

    Ушул ырды уксам эле журогум ичиме батпай калат

  • @Karpat.Antonov
    @Karpat.Antonov 6 дней назад

    🙏🙏🙏🙏🙏

  • @aiperyalimova6512
    @aiperyalimova6512 2 года назад +4

    Алыкул осмоновдой патриоттор бар бекен азыркы заманда, ырдын мааниси журокту тилип отот

  • @user-gl1nl7eq4d
    @user-gl1nl7eq4d 28 дней назад

    Кайсыл жылы экен билбейм Кыргызстандандын эгемендуулук кунундо ушул ырды Ала -Тоо аянтынан салюттардын коштоосунда Шамшибек аганын аткаруусунда укканымды эч унутпайм. Ага коп жыл болду
    Башкача эмоциялар болгон эле

  • @t4kaffkg508
    @t4kaffkg508 2 месяца назад +1

    Шамшыбек Өтөбаевдин Атама деген ырын да чыгарып койосузбу сураныч?

  • @user-iu5ny8uy2x
    @user-iu5ny8uy2x День назад

    Сен оруба мен оруюн деп кетти

  • @nurzatkaimova7050
    @nurzatkaimova7050 Год назад +1

    👍👍👍👍👍

  • @Michael-em5ik
    @Michael-em5ik 13 дней назад

    Алыкул осмонов патриот Кыргызстана

  • @Karpat.Antonov
    @Karpat.Antonov 6 дней назад

    Кыргыздын керегине туруп берчу авам еле. Гимн кыгыза.

  • @user-ng1nk6fk6i
    @user-ng1nk6fk6i 5 месяцев назад

    Бизнес ушел воды жатагыла дешти

  • @sultanjorobaev9486
    @sultanjorobaev9486 2 года назад +2

    Ата- журт

  • @nurbekrysbekov5166
    @nurbekrysbekov5166 2 года назад +1

    Уга берчү эле ыр го чиркин

  • @Nvjfsgjfd
    @Nvjfsgjfd 2 года назад +1

    Наристе тобуда ырдачы ээ

  • @МарсельАбитов
    @МарсельАбитов 2 месяца назад

    Мой родственник жалко умер

  • @user-pz6qg1hd3v
    @user-pz6qg1hd3v Год назад

    Кокто турган сур булут деп Алукул акын тура айткан экен ошол убактагы орустун баскынчылыгын.

    • @user-gs2hb9wp6y
      @user-gs2hb9wp6y Год назад +1

      Алыкул орустарды эч качан душман катары көргөн эмес . Пушкиндин ырларынан таасир алып , ошонун ырларын кыргызча которуп жүргөн акын .

    • @user-ee1hb3nx5r
      @user-ee1hb3nx5r 9 месяцев назад +1

      Тобоо кылдым, Алыкул Осмоновдун түшүнө кирбеген нерселерди каяктан ойлоп таба коёсуңар? Ар ким өзүндөй ойлойт, деген сөз чын да. Кара өзгөй адам жакшы, таза нерсени да булгап өтөт.

  • @KsjsNndjx-rg2vh
    @KsjsNndjx-rg2vh 8 месяцев назад +1

    Шамшыбек обонду да жакшы жараткан мекенди суйгон Сен ооруба мен оруйун ата журт

  • @KsjsNndjx-rg2vh
    @KsjsNndjx-rg2vh 8 месяцев назад +1

    Алыкул озмонов кандай кана чыгарма жараткан мекенди биринчи орунга койгон

  • @KsjsNndjx-rg2vh
    @KsjsNndjx-rg2vh 8 месяцев назад +1

    Кермет чыгарма

  • @user-ez6ew3uk7g
    @user-ez6ew3uk7g Год назад

    садыр камчы уйгурларга ОЛУМ БЕРСИН,Аллах колуна,тапшырдым ☝️🤲🤲🤲🤲🤲🤲💯

    • @user-pe9kf8pl3z
      @user-pe9kf8pl3z 10 месяцев назад

      Ээй жетим чала кыргыз 👎

    • @user-ee1hb3nx5r
      @user-ee1hb3nx5r 9 месяцев назад

      Аллага жамынып бирөөгө өлүм тилегенче, өзүңө өмүр тилебейсинби, айбан да мындай ойдон алыс болот.

    • @user-xn1gj8zp3b
      @user-xn1gj8zp3b 8 месяцев назад

      Коттор урушпагыла

  • @user-ve2pu9ro3t
    @user-ve2pu9ro3t 2 года назад +4

    Мыкты ырчы болгон экен, жаткан жери жайлуу болсун.