Идаят деп айтыңды,ырга сени салайын, Күйгүзсөңда ичимди,күндө жолуң карайын. Эч ким тартып ала алгыс,ырдан мончок тагайын, Арзып жүргөн жанымды,алып сага барайын. Ашык болдум өзүңө,аяайсыңбы аягыын, Эрмегимсиң Идаят, элге угулсун баяным. Жаңы чыккан баланын, тили сенсиң Идаят, Жайнап чыккан жылдыздын, бири сенсиң Идаят. Коштоп жүргөн өмүрдүн, күнү сенсиң Идаят, Коңгуроодой комуздун ай, үнү сенсиң Идаят. Өлчөп турган жарыкты, көзүм болдуң Идаят, Өртү салган жалынды, өзүң болдуң Идаят. Сезип өзүң келсеңчи, Семетейдин жүрөктөй, Жолугарга Идаят, жолтоо кылды күн өтпөй. Тартсаң боло жибиңди, Төлөгөндүн Жибектей, Колдон келген иш болсо ай, койбойсуңбу жүдөтпөй. Жарпым жазып жаныма келесиңби Идаят, Жаңшап айткан сөзүмө, көнөсүңбү Идаят. Курман болгон сүйүүгө Кулмырзада, Аксаткын, Куса кылып Идаят куураттыңда какшаттың. Кулу экен сүйүүнүн Курманбекта, Айганыш, Кургурум ай Идаят куса кылбай байланыш. Бул өмүрүң барында жайнасаңчы Идаят, Күйүүтүмдү сен келип айдасаңчы Идаят. Жоругуңду эстесем жоктойт сени бүт аалам, Жетсең эгер кадыр го Жеңижоктой сүйө алам. Көксөп барып жолуккан, көк сулуум болсоңчу, Тумандатпай башымды, туурума консоңчу. Эээииииииий Бакыт кушун конгонун, билесиңби Идаят, Башың байлап өзүмө, тийесиңби Идаят. Ашык кылган өзүңдү, Алымканың мен дедиң, Азап тартып турганда ай, анда неге келбедиң. Экөөбүздүн барар жер, эми башка жер дедиң, Тоскоолдорго чыдасаң, Токтогулум бол дедиң. Сулуулукту жараткан сага гана бергендей, Үзүлүп тиктейм өзүңдү, Үрдүн кызы келгендей. Иймерилип жаш жалын, Идаят деп какшадым, Эзесиңби ушунча, эмне сенин максатың. Жоктугуңда Идаят, жүрөк күүсү толгонбой, Жол каратып күттүрдүң ай Жолболдунун, Чолпондой. Болсо ортодо ак сүйүү, жеңет дедим Идаят, 2 Үмүт үзбөй өзүңдү, келет дедим Идаят. 3
Ото керемет обон 🤗🤗
Кандай соонун үн, ушундай ырдаса ырды❤ менде да ушуга окшогон көлөмдүү ашыктык чыгарма бар сага көрсөтүшүм керек экен
Кыйын Улукем, онор жолун шар болсун. Сыйлап уккан кыргыз элин бар болсун.
Уну журогунду эргитетко таамай дастан айткан унуно кудай ун берекесин берсин,мен талантына таазим кылам.
Мыкты. Соонун, сөз жок👏👏👏🔥
Кыргыздын эн мыкты дастанчысы!Азаматсын! АЛЛАХым жаман коздон,жаман создон сактасын.🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Какая красивая песня❤😍
Эээйййй балииииии эң мыкты чыгарма болуптур
Бали Улук, коп жаша иним, сенден умутубуз чон буюрса👍
Жаны чыгармана ийгилик дастандарды кобурок чыгар Рахмат сага 👍 онорун оркундой берсин талантын ташкындай берсин бактылуу болгула
Эң сонун чыгарма. Ийгилик коштой берсин.
Ото сонун👍
Бул чыгарманы мурда эч жерден уккан эмесмин. Не деген дал келүү,не деген үн Керемет!
Аллахым, ишиңизге ийгилик, жошонузга береке берсин
😊😊
Ай чиркин кайра кайра укун келетко Азаматсыз байке
Баракелде❤
Ото мыкты
бир жыл мурун тиктон коруп коп куттум
Аябай сонун чыгарма экен,унунорго топ келиптир ❤
Улуу кыргыз дастандары кылымдарга жаңырып турсун.Өнөр баккан кыргыз элинин урпактары.
Унуно береке
Керемет ырго 1 жыл мурун кирген екен эми уготамбы а
Чыгармачылык ийгилик каалайм, уйбулолук бакыт каалайм!
Идаят деп айтыңды,ырга сени салайын,
Күйгүзсөңда ичимди,күндө жолуң карайын.
Эч ким тартып ала алгыс,ырдан мончок тагайын,
Арзып жүргөн жанымды,алып сага барайын.
Ашык болдум өзүңө,аяайсыңбы аягыын,
Эрмегимсиң Идаят, элге угулсун баяным.
Жаңы чыккан баланын, тили сенсиң Идаят,
Жайнап чыккан жылдыздын, бири сенсиң Идаят.
Коштоп жүргөн өмүрдүн, күнү сенсиң Идаят,
Коңгуроодой комуздун ай, үнү сенсиң Идаят.
Өлчөп турган жарыкты, көзүм болдуң Идаят,
Өртү салган жалынды, өзүң болдуң Идаят.
Сезип өзүң келсеңчи, Семетейдин жүрөктөй,
Жолугарга Идаят, жолтоо кылды күн өтпөй.
Тартсаң боло жибиңди, Төлөгөндүн Жибектей,
Колдон келген иш болсо ай, койбойсуңбу жүдөтпөй.
Жарпым жазып жаныма келесиңби Идаят,
Жаңшап айткан сөзүмө, көнөсүңбү Идаят.
Курман болгон сүйүүгө Кулмырзада, Аксаткын,
Куса кылып Идаят куураттыңда какшаттың.
Кулу экен сүйүүнүн Курманбекта, Айганыш,
Кургурум ай Идаят куса кылбай байланыш.
Бул өмүрүң барында жайнасаңчы Идаят,
Күйүүтүмдү сен келип айдасаңчы Идаят.
Жоругуңду эстесем жоктойт сени бүт аалам,
Жетсең эгер кадыр го Жеңижоктой сүйө алам.
Көксөп барып жолуккан, көк сулуум болсоңчу,
Тумандатпай башымды, туурума консоңчу.
Эээииииииий
Бакыт кушун конгонун, билесиңби Идаят,
Башың байлап өзүмө, тийесиңби Идаят.
Ашык кылган өзүңдү, Алымканың мен дедиң,
Азап тартып турганда ай, анда неге келбедиң.
Экөөбүздүн барар жер, эми башка жер дедиң,
Тоскоолдорго чыдасаң, Токтогулум бол дедиң.
Сулуулукту жараткан сага гана бергендей,
Үзүлүп тиктейм өзүңдү, Үрдүн кызы келгендей.
Иймерилип жаш жалын, Идаят деп какшадым,
Эзесиңби ушунча, эмне сенин максатың.
Жоктугуңда Идаят, жүрөк күүсү толгонбой,
Жол каратып күттүрдүң ай Жолболдунун, Чолпондой.
Болсо ортодо ак сүйүү, жеңет дедим Идаят, 2
Үмүт үзбөй өзүңдү, келет дедим Идаят. 3
Семетейдин Чүрөктөй болот.
Талантын ташкындай берсин,комокойун ачыла берсин
Уну супер. Кошуна болуп жашачык абдан жонокой бала ырдаса эшигин тыншап укчубуз жолдошум экобуз.
Мага да адресин айтып коюнузчу, кошуна болуп барайын
Рахмат сонун ырболуптур караоке чыгарып койгулачы сураныч
👍👍💣💥
👏👏👏
Кыргызда Дастан айткан Адам аз,ушу Улукбеке кыргыз дастансы деген наам бериш керек ойлонбой туруп
Кошулам чындык тура
🎉🎉🎉
Апамдын аты Идаят ❤
укку эле келет го 🌝
Ай баракелде
Барпы акындын ырыбы
Шекербек Адылов
МЫНДАЙ ФЕНОМЕН КЫРГЫЗГА ГАНА ТААНДЫК!!!!
Ак сөз
Унуно береке