Жеңишбек Шамшиев - Унутпайлы
HTML-код
- Опубликовано: 22 янв 2016
- Жеңишбек Шамшиев ыр жыйнагы:
• Жеңишек Шамшиев - Угуз...
Унутпайлы
Сөзү Ж. Мамбеталиевдик
Обону Ж. Шамшиевдики
Биз сүйүнүп, биз эңсеген, самаган
Айлар кетип, жылдар өттү арадан.
Ошол жыргал, ошол жаркын кездер ай,
Суктанышып элдер бизди караган.
Келсе боло ошол күндөр жаңырып,
Сен экөөбүз бир бирибиз аяган.
Гүлдөр жапжаш биз сүйүнүп, биз өпкөн,
Ай да ошентип аяп карайт тээ көктөн.
Жаңырыктайт айткан өңдүү тоо суусу,
Силер жүргөн, силер сүйгөн күн өткөн.
Келсе боло, келсе боло кайрадан,
Айлуу түндөр кирпик какпай күзөткөн.
Нур чагылып сенин кара чачыңа,
Күн көрүнүп каректерден татына.
Кара жамгыр төгүп өтсө капыстан,
Калаар элең колтугума жашына.
Келсе боло, келсе боло кайрадан,
Биз турчу кез жолугууга ашыга.
Менде калды жаш элесиң жатталып,
Унуталбайм улам келет такталып.
Сезимиме таасир берген кездериң,
Сени эскертет жүрөгүмө от жагып.
Ошол жаркын, ошол укмуш сөздөр ай,
Сенде дагы жүрсө болду сакталып.
Кулактан кирип,журокту титиреткен обондор экен, Женишбектин озунун аткаруусунда Бир саат бою уктум,Керемет,Жан дуйноно рахат Гана тартуулайт.
Чоң рахмат сизге! Чыныгы кыргыз обондорун жогору баалаган сиздердей инсандар барда атабыздын ырлары жаңыра берет! Сизге бакубат жашоо, бекем ден-соолук каалайбыз!
Атаганат кандай сонун уккулуктуу үнү обону . Кыргыз элине бир кылымда бир жаралган инсан эле.
Чон рахмат сизге! Сиз айткандай өзүнө гана таандык дирилдеген үнү бар эле. Аттиң, бир дагы видеосун сактап калышкан эмес.
Женишбек Шамшиевдин ырлары нукура кыргыз жыттанган ырларда, уккандан тажабайсын кандай гана керемет обондорду жаратты ,ошол ырларды угуп чонойдук ,азырда агайдын ырларынан ырдап репертуарга кошуп ырдап журом .
Жаткан жери жайлуу болсун Оомийин.
Олбос очпос ырдаптыр Женишбек Шамшиев
Чоң рахмат, ден-соолукта болуңуз!
Жаш кезинде агай кыз-келиндерди суктанткан, келишкен жигит болгон экен....
Туура айтасыз! Узун бойлуу, зыңгыраган, өзүнө гана таандык дирилдеген үнү менен элди таңданткан. Дастанчы, обончу Кыргыз республикасынын эл артиси Жолболду Алибаев агабыз дагы өтө сонун ыр арнап жазган:
Кынтыксыз көркөм жаралган,
Кылычтай өткүр жан элең.
Кылтыңдап далай кыз-келин,
Кызганганча бар элең.
Чоң рахмат сизге, бар болуңуз! Жазып туруңуз, биз дем алып турабыз💝
Мындай.уккулукту.үндор.чанда.кезишиет.укумдан.тукумга.тарачуу.кенде.кеткүчү.тубаса.талант.
Чоң чоң рахмат! Аябай тамай айтыпсыз! ден-соолукта болуңуз!
Биздин ороондун булбулу эле 💐💐💐👏👏👏
Эн туура баа! Чоң рахмат сизге, ден-соолукта болуңуз!
олбос талант очпос ун бир келген бул омурго
Чоң рахмат! Ден-соолукта болуңуз
Силердей кұйөрмандары барда атам өлбөйт!
Жеңишбек Шамшиев - кыргыз жыттанган,улуттук түскө боелгон укмуш ырларын элибизге өчпөс кылып калтырган улуу инсан!!!Бардык жактан шайкеш келип,өз кесибин да,өнөр кесибин да ийинине жеткирген экен,атаганат?!Жайы жаннат болсун аганын!
Бизди аябай толкундаткан сөздөр болду! Аллах ыраазы болсун! Бар болуңуз!
РОЗ●
👍👍👍
Атаганат! Кандай гана убактар, кандай гана ырлар.Андан бери ондогон жылдар отуп кетиптир. Убакыттын да ырдында маанисине жете бербеген кенебес жаштык.............. Азыр эми .................!!! Соз жок........!Бир гана кусалуу сагынычтуу......эскеруулор ......буулуктурган кусалыктар.б.а.ОТКОН КУНДОР!...рахманураим.
Бар болуңуз!
🌟🌟🌟🌹🌹🌹👍👍👍👏👏👏
Саламатсызбы, чоң рахмат! Эгерде фейсбук колдонсоңуз, Жеңишбек Шамшиев баракчасына кошулсаңыз болот. Атам жөнүндө сүрөттөрдү, эскерүүлөрдү коюп турабыз! Ден-соолукта болуңуз!
👍🏻🤲🏻🙏🏻🤲🏻
Бакубат жашоо каалайбыз! Чоң рахмат!
Өчпөс обон ырлар унутулбасын.
Рахмат сизге, сиздердей кыргыз элибиз барда атамын ырлары түбөлүктүү
👍👍👍🙏
Рахмат чон, ден-соолукта болуңуз!
Созун жазсанар боло бекен
Саламатсызбы, ылдый жагында бар сөздөрдү. Ылдыйда оң жакта кичинекей галочканы бассаңыз сөздөрү көрүнөт.
Ракмат
Атаганат
Бар болунуз!