Бук болгон бул дүйнөмдү канча алдадым, Буулуктум билбеген соң кайтар жагым. Күн сайын сен тарапты тиктей берем, Күтүүнүн чөлүндө өттү канча арманым? Ак гүлдөр, аппак гүлдөр, ай- күндөр, Адашкан жамгыр көрдүм, айта албадым. Сагынып санаа дагы, баягы ырды, Сай бойлоп тоскум келди шамалыңды. Ак куулар учуп өтсө карай берем, А балким, айтабы деп кабарыңды. Көк гүлдөр, көпкөк гүлдөр, көркөм гүлдөр, Көрүүгө зар кылдың го карааныңды. Билбеймин качан кетем, качан келдим? Бир бурчун таба албадым батар жердин. Биз эми бул жалгандан кездешпейбиз, Бир гана сен деп өңдөн азар менмин. Жаш болбойм, жакын болбойм, жар да болбойм, Сен мага азап болдуң, жашай бергин, Сен мага арман болдуң, жашай бергин.
Шедевр аткаруу👍Азаматсыз Кыргыз Музыкасынын Ханышасы ❤
Бук болгон бул дүйнөмдү канча алдадым,
Буулуктум билбеген соң кайтар жагым.
Күн сайын сен тарапты тиктей берем,
Күтүүнүн чөлүндө өттү канча арманым?
Ак гүлдөр, аппак гүлдөр, ай- күндөр,
Адашкан жамгыр көрдүм, айта албадым.
Сагынып санаа дагы, баягы ырды,
Сай бойлоп тоскум келди шамалыңды.
Ак куулар учуп өтсө карай берем,
А балким, айтабы деп кабарыңды.
Көк гүлдөр, көпкөк гүлдөр, көркөм гүлдөр,
Көрүүгө зар кылдың го карааныңды.
Билбеймин качан кетем, качан келдим?
Бир бурчун таба албадым батар жердин.
Биз эми бул жалгандан кездешпейбиз,
Бир гана сен деп өңдөн азар менмин.
Жаш болбойм, жакын болбойм, жар да болбойм,
Сен мага азап болдуң, жашай бергин,
Сен мага арман болдуң, жашай бергин.
Керемет ән Канымгүл апаның жатқан жері жайлы болсын Саламат әншімізгекөп рахмет ийгіліктер жақсылықтар көп болсын
Кандай сонун чыгарма!
Сөзү, обону, аткарылышы бири-бирине ширелишкен, куюлушкан ❤
Создору маанилуу, ыры уккулуктуу, аткаруучусу кыргызымдын сыймыктанган, сыйлаган, буткул аалам суктанган ГОЗАЛ ЫРЧЫСЫ. Ыр эмес бекен чиркин, эжекеме ыр, ырга эжекем УКМУШ, УКМУШ жарашыптыр, РАХМААТ ТААЗИМ СИЗГЕ ЭЖЕКЕ.
Аябай сонун ыр экен,омурунузго береке Саламат эже
Керемет саптар, аткаруу андан дагы сонун журогун туйлайт го чиркин
Аллах Таала ден соолугуна омуруно береке берсин!
Периште үнү❤
Саламат Кыргыздын сыймыгы шакавтарга кийин да баргансызбы ошондо Рыспай менен мен болгом