Баяман Медетов «Туулган жер» COVER

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 12 янв 2025
  • Баяман Медетов «Туулган жер» COVER
    Керим Турапов
    Туулган жер
    Кылымдардан кылым карытып,
    Кызыл-Суунун суусу агылып.
    Бал жыттанган таттуу кымыздай,
    Туулган жердин суусун сагындым.
    Жүрсөм дагы алыс араңдан,
    Ата Журтум кетпейт санаамдан.
    Акыл айтып, асыл кеп айткан,
    Аталардын кебин сагынам.
    Сары-Ой менен Көк-Ой тоосунан,
    Бүркүт шаңшып, күкүк сайраган.
    Ышкын терип аска-зоосунан,
    Жүргөн күнүм эстеп сагынам.
    Жылаңайлак, чырпык ат минип,
    Жылгалардан тунук суу кечип.
    Балтырымды тилип караган,
    Балалыгым эстеп сагынам.
    Коңур-Дөбө - жайлоо, жашыл төр,
    Коңур желдүү, салкын, асыл жер.
    Кокту, белес, күнгөй-тескейден,
    Кой кайтарган күнүм сагынам.
    Түндүгүнөн түтүн булатып,
    Апам жапкан нанды сагынам.
    Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
    Атам жүргөн жерди сагынам.
    Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
    Атам конгон журтту сагынам.
    #кыргызчаырлар2023#тойырлары#2023#топ1#

Комментарии • 16