Жолдошбек Мамажанов - Сүрөтүңө (Курманбек Бекташев)

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 14 окт 2024
  • Урматтуу көрүүчү! Каналга жазылып, ой-пикириңиз менен бөлүшүңүз! Досторуңуздар менен бөлүшкөнү унутпагыла! Жакында жаңы видеолор чыгат!
    Байланышуу телефону: 0702168428
    Жолдошбек Мамажанов - Сүрөтүңө
    (Сөзү: Жакут Садыков
    Обону: Жолдошбек Мамажанов)
    Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт,
    Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт.
    Тиктешиң тамашалап турган өңдүү,
    Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп.
    Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп.
    Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк,
    Сезимге бир башкача ой түшүрөт.
    Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе,
    Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
    Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
    Өппөдүм мен өппөйүн, өкүнүч көп,
    Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп.
    Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң,
    Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
    Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
    Эгерде бирөө болсо менден бөлөк,
    Же тытып сүрөтүңдү же өрттөмөк.
    Мен тытпайм, күнөө сенде сүрөттө эмес,
    Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
    Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.

Комментарии • 196

  • @ТолкунРыскулова
    @ТолкунРыскулова 6 месяцев назад +3

    Биз да талдай жаш элек,эххх жаштык кундор, кайран жаштыкты бир эскертип таштадың, рахмат иним үй булоң менен бактылуу, УЗАК ӨМҮР сүр 🤲🤲🤲

  • @Бекташ-ш5г
    @Бекташ-ш5г Год назад +14

    Талантыңызга таазим!Аспапта ойногонуңуз,үнүңүз,аткаруучулук чеберчилигиңиз эң жогорку деңгээлде экен.

  • @ТургунайАдамбаева
    @ТургунайАдамбаева 2 года назад +30

    Жолдошбек агабыз тирилип келгендей эле болду го,кандай керемет ун.Негедир ушул ырларды уксам козумо жаш келет,укмуш биз ушул ырлар менен бой тарттык.

  • @БактыбекМурзаев-ч6з
    @БактыбекМурзаев-ч6з 2 года назад +32

    Аккордеонду ото жакшы ойнойт экен, агабыз уну, Жолдошбек агабыздын уну экен, рахмат ага бар болунуз талантынызга таазим.

  • @КадырАбдымомунов
    @КадырАбдымомунов 2 года назад +15

    Охххх нерф эс алды го чиркин негизи ырчы киши окшойт ушундай таланттар чыкпай калып жатат да окундуруп

  • @ЗамирбекРаимов
    @ЗамирбекРаимов 6 месяцев назад +4

    65 ке чыктым ушул ырды уксам 40 жыл мурдагы кундорум коз алдыма кадимкидей тартылат . Коздон жаш кетет . Айрыкча Кукенин аткаруусунда ! Курманбек иним рахмат ден соолукта бол чыгармачылыгна ийгилик каалап куйормон бацкен Замирбек. !

  • @redredkiya3009
    @redredkiya3009 6 месяцев назад +6

    Аккордеондо супертехнично , суперфилигранно ,
    суперювелирно , супервиртуозно ,
    суперпрофессионально , суперквалифицированно ,
    экстраклассно ойногонсуң ,
    суперазаматсың Куке !
    Мен суперугарман ,
    супербаалоочумун !

    • @kurmanbekbektashev
      @kurmanbekbektashev  6 месяцев назад +2

      Рахмат сизге! Мен ушундай күйөрмандарым барына сыймыктанам!

    • @RinatKudashov
      @RinatKudashov Месяц назад

      Абдан соонун,, ОТО КЕРЕМЕТ ырдагансыз.. Азаматсыз, Уй булонуздо бактылуу БАКУБАТ ЖАШООДО жашаныз.. Ден соолукта болунуз!!! ТАЛАНТЫНыз ТАШКЫНДАЙ БЕРСИН!!!

  • @ТолукбубуСтанбекова
    @ТолукбубуСтанбекова 2 года назад +19

    Коптон бери куткон ырчыбыз Куке жаны ырларды жуктопсуз омурунузго берекке,уй булолук бакытты насип эткен болсун кудайым

  • @maksatmamaev9541
    @maksatmamaev9541 2 года назад +11

    мамажанов олбоптур ото жогорку денгеелде озунон артык ырдапсын акардеонду да жогорку денгеелде ойнопсун рахмат

    • @СиланУкуев-в8ж
      @СиланУкуев-в8ж Год назад +2

      Тытат бул киши азамат

    • @osmonkuluev6475
      @osmonkuluev6475 Год назад +2

      Азамат телерадиодон ырдап тур, от жогорку денгелде журогун менен берилип ырдадын, Жолдошбек Мамажановдун арбагы колдосун.

  • @АлмазАлмазов-г2ш
    @АлмазАлмазов-г2ш 2 года назад +16

    Ото Жогорку денгээлде аткарыпсыз. супер👏👏👏👍

  • @ТолкунРыскулова
    @ТолкунРыскулова 10 месяцев назад +2

    Жолдошбек Мамажановдун дал өзүндөй ырдапсың, өнөрүң өркүндөй берсин.

  • @ТурсунЭгизалиев
    @ТурсунЭгизалиев 2 года назад +17

    Я тобой горжусь,досум!Азамат!Менин жакшы көргөн ырлардын бирин аткарып,мени сүйүндүрүп койдуң!🙏🙏🙏

    • @kurmanbekbektashev
      @kurmanbekbektashev  7 месяцев назад +1

      Турсун! Кандайсын? Телефон номериңди жөнөтүп койчу!

  • @УлуккызыАйпери2011
    @УлуккызыАйпери2011 2 года назад +17

    Эн мыкты аткаруу, талантынызга таазим. Жаны чыгармаларды чыдамсыздык менен кутобуз. Бар болунуз.

  • @familyplan4816
    @familyplan4816 2 года назад +32

    Рахмат, только сахнада, филармонияда ырдай туурган талантыныз бар экен! Талантынызга таазим!

  • @Ж.А.А2778
    @Ж.А.А2778 2 года назад +15

    Байке рахмат сизге, дагы күтөбүз концерт койсоз барабыз. Браво

  • @МишаМафия-э3ц
    @МишаМафия-э3ц 2 года назад +11

    Мына ушундай ырдайт ырды. 👍👍👍👍👍

  • @АктанАманов-р4е
    @АктанАманов-р4е 3 месяца назад +1

    Азаматсыз жеткизип ырдайсыз акардеонду жакшы ойнойт экенсиз менин ойногонум эч эле сиздикине окшобой жатат,менда сизге окшоп музыкалык билимим жок

  • @РайканЧетинбайева-в1е
    @РайканЧетинбайева-в1е 5 месяцев назад +1

    Элдик талант

  • @БерметНиязалиеа
    @БерметНиязалиеа Год назад +6

    Рахмат сизге Жолдошбек агайдын ырын эстетип ырдап бергенибиз Ден соолукта болугуз Угугуз Ото керемет

  • @taipan777
    @taipan777 3 месяца назад

    Баракелде👏👏👏

  • @АярбекОгонбеков-ц2т
    @АярбекОгонбеков-ц2т 2 года назад +10

    Эски ырлар м/н чер жазылат

  • @РахатКалдыбаева-и3и
    @РахатКалдыбаева-и3и 2 года назад +17

    Чын жүрөктөн аткарыпсыз 👍
    Баракелде дагы жакшы ырларды күтөбүз👏👏👏

  • @КыргызКарышкыр-п7г
    @КыргызКарышкыр-п7г 2 года назад +5

    Жолдошбек өлбөптур

  • @ТолянШакиров
    @ТолянШакиров Месяц назад

    Жанагы, "жылдызмын" деп жүргөндөрдүн көпчүлүгү, ушундай ырларды жандуу ырдаганда, ыштанына жайлап коюшмак😂

  • @ermekmamasadikov5646
    @ermekmamasadikov5646 2 года назад +14

    Талантыныз оркундой берсин

  • @АполтмпИиотто
    @АполтмпИиотто 2 года назад +13

    Унунузго береке Аллах омурунузду узун кылсын

  • @taipan777
    @taipan777 3 месяца назад

    Автордон дагы профессионалдык денгеелде аткарыптырсыз

  • @Б.Назар
    @Б.Назар 5 месяцев назад

    Он поет как я, глаза закрываются😅

  • @ГанхТемирбекович
    @ГанхТемирбекович 5 месяцев назад

    Берек чыгармачылык ийигилик

  • @МедетБишкек
    @МедетБишкек 3 месяца назад

    Азаматсыз ! Кудай берген талантыныз бар экен. Талантынызга таазим. 👍

  • @kj6082
    @kj6082 Год назад +2

    👍👍👍👍🇰🇬🇰🇬🇰🇬👍👍👍👍👍👍

  • @nurmuhammedaitbaev1777
    @nurmuhammedaitbaev1777 11 месяцев назад +1

    Озунчо концерт коюшун керек экен. Жолдошбектин жандуу ырлары деп. Ошону бир жакшы ойлоушпайсынбы!

  • @ruszhoro
    @ruszhoro 2 года назад +17

    Унуңузгө береке, оорубаңыз, жан дүйнөнү эс алдыра аткарыптырсыз! Аккардеонду аткарган чеберчилигиңизге сөз жок👍👏👏👏👏👏👏👏👏🙏

  • @DurmamatovaBuuaysha-bk9pc
    @DurmamatovaBuuaysha-bk9pc 3 месяца назад

    Эски ырлар сонунда

  • @РухиллаСулайман
    @РухиллаСулайман 2 года назад +6

    Жолдошбек Мамажанов тируу экен талантынызга таазим агай

  • @ТургунайАдамбаева
    @ТургунайАдамбаева 2 года назад +4

    Унун укмуш,ырларын аз экен коп коп эле ырдай бер талантты бекитпестен.

  • @lonelywolf-v4f
    @lonelywolf-v4f Месяц назад

    Баракелде, байке! Аткарууңуз сонун болуптур!

  • @wowdfoik9440
    @wowdfoik9440 2 года назад +3

    Алма гулун ырдаган акемеспии, подаркам бар да, точна ошол аке болсо,,

  • @Сайрагул-ш7ф
    @Сайрагул-ш7ф 2 месяца назад

    Онорун оркундой берсин!!
    Унун менен тен кары
    Чон сахнадан кутобуз❤❤❤😊

  • @ЭрланбекМасалбеков
    @ЭрланбекМасалбеков 2 месяца назад

    Байке кайсыл жактын кулуну экен сахнага чыгыныз байке,сизди кутобуз!!!

  • @МайрамКуланбаева-ь4ъ
    @МайрамКуланбаева-ь4ъ 2 года назад +4

    Чыгармачылык чон ийгиликтерди каалайм уккандан тажабай угам Мамажановдой эле ырдайт экенсин

  • @ЖыргалбекМомуналиев

    Ушул ырлар менен чоңойдук,50 толдум.

  • @ТолукбубуСтанбекова
    @ТолукбубуСтанбекова 2 года назад +6

    Омурун берсин кудайым эки дунуйо жакшы кудорлу насип эткен болсун 🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲

  • @AzamatMaksytov
    @AzamatMaksytov 2 года назад +2

    Бир жерде иштейсизби, кобуроок чыгарганга убактыныз аз окшойт. Кутобуз коп, коп ырлардан.

  • @ХалматовМаксатбек

    ОЗБЕКИСТАНДАН САЛАМ....АГА СИЗДЕН СУРАНЫЧ АШЫГЫМСЫН НИКЕ КЫЙБАГАН ДЕГЕН ЫРДЫДА ЫРДАП БЕРИНГ СУРВНЫЧ

    • @kurmanbekbektashev
      @kurmanbekbektashev  Год назад

      Мага Ватсабка музыкасын салчы . Ырлардын астында телефон номерим бар!

  • @КенешбекЭшенкулов-ф9к

    Ыйлататко баракелде байке чон рахмат.

  • @ЗулпукарАкбеков
    @ЗулпукарАкбеков Год назад +2

    Журокто калды бир ысым, жук болуп мага туболук, журоктон алып сала албай ,журокто калат туболук;;

  • @КыялКапаров-г6е
    @КыялКапаров-г6е 2 года назад +2

    Кыйналбай эле ырдаса болот экенго ушинтип коп ырчылар кыйналып ырдашат

  • @ТолукбубуСтанбекова
    @ТолукбубуСтанбекова 10 месяцев назад +1

    Сизден дагы жаны ырларынызды кутобуз!!!!!!

  • @ainurrysalieva4464
    @ainurrysalieva4464 2 года назад +3

    Красавчик журокту козгодун кайсы жердин булбулу болду экен билсенер айтып койгулачы

  • @ДилараОсомбаева
    @ДилараОсомбаева 5 месяцев назад

    ГУЛЗАРЛАР деген ырды ырдап беринизчи!!.ЧОН СУРАНЫЧ!!!!!!!!!!!!!

    • @kurmanbekbektashev
      @kurmanbekbektashev  5 месяцев назад +1

      Рахмат! Жакын арада чыгарайн!

  • @ЧынарканДжунусбаева

    Азаматсын!!!.Курманбек
    Талантын.оркундой
    Берсин❤❤❤

  • @ЖенишбекТешебаев-и1т
    @ЖенишбекТешебаев-и1т 11 месяцев назад

    Рахмат сизге

  • @КалияЯкупова
    @КалияЯкупова 5 месяцев назад

    Уканда кошо бирге жургондой елестетип биз ал маалда бала кезибиз кандай гана укмуш керемет аткаруулар

  • @Дуйшон-ю1п
    @Дуйшон-ю1п 7 месяцев назад

    Чынында сонун ойноп ырдайт экен,мына талат азамат жигит экен,бар бол!

  • @Бекзат-р3л
    @Бекзат-р3л 2 года назад +6

    Баракелде талантыныз ордундай берсин

  • @КалияЯкупова
    @КалияЯкупова 5 месяцев назад

    62 чыктым ошол мезгиле жургон сыйактуу озуму елестеттим 🥰

  • @АликАбылкасымов-в4о
    @АликАбылкасымов-в4о 2 года назад +2

    Ото жакшы, нукура кыргыз стилде аткарылган эсимде али Жолдош байке канчалаган студенттердин кумири болгон, али да ошол бойдон кадыр баркы ,,,,ийгиликтер коштой берсин, ,,,,,,

  • @МираМираева-и5ь
    @МираМираева-и5ь Год назад +1

    Мен карабай эле угуп жатканмын Ж.Мамажанов деп аябай окшош ырдайт экен

  • @RinatKudashov
    @RinatKudashov Месяц назад

    Не деген КЕРЕМЕТ ун ❤

  • @МаксатСейитбеков-п1л
    @МаксатСейитбеков-п1л 10 месяцев назад

    Суйуп угам мык ырдайс 👍👍👍

  • @КанымкульУсенова
    @КанымкульУсенова 8 месяцев назад

    Курманбек дагы дагы ырларынды кутобуз,ийгилик.

  • @ТолукбубуСтанбекова
    @ТолукбубуСтанбекова 2 года назад +3

    Арыбаныз Куке !!!! Элдин суймончулугуно ээ болуп журо бериниз кудайым бардык жакшылыгын аябасын 💯🤲🤲🤲🤲

  • @АсылбекТашполотов-ь3б

    Азаматсың абдан жеткире аткарылган ыр.талантыңа таазим!

  • @Бакытбек-ч3ь
    @Бакытбек-ч3ь 3 месяца назад

    Жан дүйнө ачылат кандай керемет чыгарма Жолдошбек агабыз тирүү

  • @dgfhhdgfhh9900
    @dgfhhdgfhh9900 11 месяцев назад

    От солнун

  • @UlanChyrakov
    @UlanChyrakov 9 месяцев назад

    Рахмаат тууган эн жогорку денгеелде Жолдошбек аганын тируу эле кези мурутту ичкертип койсон ама дагы дагы кооп ырларын кутобуз

  • @almazmaratovich808
    @almazmaratovich808 2 года назад +2

    Баракелде, абдан жакшы, ийгилик сизге, дагы кутобуз !!!

  • @ТендикАрзыкулов
    @ТендикАрзыкулов 2 года назад +3

    Эн сонун ырдапсыз. Азыр бирөө ырдап жүрөт, "ой түшүрөт" деген жерин бузуп ырдайт, ошерден ары укканга мүмкүн эмес.

  • @ОлжобайКочкоров
    @ОлжобайКочкоров 2 года назад +3

    Кандай сонун чыгарма, менин жаштыгымды, сени эстетет.

  • @АааКкк-я4х
    @АааКкк-я4х Год назад +1

    Ийгилик сизге, обон класс👍

  • @РостиславТельпов
    @РостиславТельпов 2 года назад +2

    Азаматсын досум сага уй булоно ден соолук каалайм мен служак досунмун дагы жакшы ырларынды кутобуз сага ийгилик

  • @almazanarbekov
    @almazanarbekov Год назад +1

    Курманбек байке баракелде

  • @МореБалтика-н3я
    @МореБалтика-н3я 10 месяцев назад +1

    Курманбек досум Ноокендин кулуну экенинди билбепмин керемет доске таазим онорун оркундой берсин

  • @даидиты-у7х
    @даидиты-у7х Год назад +1

    Ырахмат ырлары өчпөсүн сага ден соолук точ точ Мамажанов мен кайра жашадым өнөрүн өркүндөсун

  • @УланИметкулов
    @УланИметкулов 2 года назад +2

    ЭН МЫКТЫ, ОТО ЖОГОРКУ ДЕНГЕЕЛДЕ, АКАРДЁОНДУ ЖАКШЫ ЖАНЫЛБАЙ ТАРТАТ ЭКЕН.

  • @Бекташ-ш5г
    @Бекташ-ш5г Год назад +1

    Азаматсыз,талантыңызга таазим.Көп жашаңыз!

  • @FreeFire-ek9lw
    @FreeFire-ek9lw 10 месяцев назад

    Бар болунуз жолдошбек аганын озундой ырдайт экесиз гулдор деген ырын ырдасаныз сураныч

  • @ПшлРшд
    @ПшлРшд 6 месяцев назад

    Супер

  • @СулаймановАзат
    @СулаймановАзат 2 года назад +4

    Кең таланттуу киши экен аман болуңуз. 11.04.2022 наушник менен түндө 4 то угуп жатам, өзү түндө ыр уксан башкача эргүү аласын

  • @МайрамКуланбаева-ь4ъ
    @МайрамКуланбаева-ь4ъ 2 года назад +1

    Ракмат жакшы ырдадын чыгармачылык ийгиликтерди каалайм Жолдошбектей эле ырдадын

  • @НасиридинБердишов

    Гап жок талантынызга байке,Жолдошбек акенин унун уккандай болдум,оккордионду ото жакшы ойнойт экенсиз,онорунуз осо берсин.Мен озумда оккордион ойноп жургом,Гап жок болушуда мумкун эмес.

  • @Алмазбекэсеналиев-л1у

    Эски залкарлар 1000жылдык чыгармаларды чыгардынар

  • @АкматалиМаматалиев-ъ4н

    Точ в точ .Азамат аткарган дал озундой аткарылган соз жок утур точкасына чейин Бали.

  • @АлиАлай-с1щ
    @АлиАлай-с1щ 2 года назад +2

    Мурутта Мамажановдун мурутундай экен

  • @МедерЖамангулов-ч1и

    Байке көбүрөөк эле ырдап көрсөтүп турса жакшы болмок экен. Азыркы мөөрөгөн ырчы сөрөйлөрдү көрөйүн деген көз жок. Момундайларды угуп турсак сонун болот эле да. Карачы бүт сонун, үнү, аккардеон ойногону, ырдын тексти, обонду айтпай эле коёлу эми.. өтө өтө мыкты

  • @СултанАсыранов
    @СултанАсыранов 2 года назад +1

    Азаматсыз сизге окшогондор бар Жолдошбек агабыздын аты очпойт.Лайк подписка.

  • @НуркызЖусупова-с3ц

    Жаштыкты эске салган ыр, аттин, отту да кетти. Ото жакшы ырдаган, баракелде!

  • @ifshuvvjkgfsx
    @ifshuvvjkgfsx Год назад

    Баракелде бар болунуз аке

  • @НургазыСадиров-ч1т
    @НургазыСадиров-ч1т 2 года назад +2

    Аззаматсыз Бекташ ака !Автордой эле аткарыпсыз .Үнүңүзгө ,талантыңызга ишиңизге береке берсин!👍👍👍

  • @АйгеримКулуева
    @АйгеримКулуева Год назад +1

    Акардион ойногон у суппер👍👍👍🤝🤝🤝

  • @ЗулпукарАкбеков
    @ЗулпукарАкбеков 2 года назад +3

    Талантына таазим ,чыгармачылык ийгилик,!!!

  • @МаликИсмаилов-ц7и
    @МаликИсмаилов-ц7и 2 года назад +2

    Жолдошбек агабыз тируу экен

  • @АйнагулМанасова
    @АйнагулМанасова 2 года назад +4

    Сонун ырдайт экенсиз, таланттынызга таазим.

  • @isarazzak
    @isarazzak Год назад +1

    Супер... Азамат..

  • @НургульЖумабаева-н1б

    Ой байке Мамажановдун озуго унунузго береке

  • @ЛюфияАйтбаева
    @ЛюфияАйтбаева 2 года назад +2

    Талантынарга таазим онорунуз оркундойберсин маладец биздин мезгилдеги ырлар откондорду эстетет

  • @alidjumakadyr1139
    @alidjumakadyr1139 2 года назад +6

    🤝👍👍👍👍👍

  • @КаныбекСооронбаев
    @КаныбекСооронбаев 2 года назад +1

    Дал өзүндөй аткарыпсыз чоң рахмат