"Санат" Токтогул Сатылганов.Асылбек Маратов...

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 27 янв 2025

Комментарии • 55

  • @ТемирланБеккулович
    @ТемирланБеккулович 2 месяца назад +16

    Аргымакты жаман деп бууданды кайдан табасың,
    Агайынды жаман деп тууганды кайдан табасың.
    Ак саманды жаман деп чөптү кайдан табасың,
    Аз дүйнөнү жаман деп көптү кайдан табасың.
    Жарма чайды жаман деп этти кайдан табасың,
    Акындарды жаман деп кепти кайдан табасың.
    Агарган карда көп жүрсөң көзүң бир кун карыгат,
    Агайындан чет жүрсөң көөнүң бир кун тарыгат.
    Тууганына батпаган душманына жалынат
    Болбос жаман арамза болумсуз ишке малынат
    Кийинкисин ойлобой кишинин көөнү калынат
    Жакынына жакпаган жат кишиге жагынат
    Ханды кудай ураарда калкына жаман кас болот
    Байды кудай ураарда дөөлөтүнө мас болот
    Кышты кудай ураарда күн жылымдап жаз болот
    Эрди кудай кудай ураарда элүүсүндө жаш болот
    Жалпы жылдыз чогулса жарым шоола айдай жок
    Тогуз улак бириксе баасы жалгыз тайдай жок
    Карандай чайды көп ичсең бир кесим казы майдай жок
    Өңгөй бөздүн сапаты бир кийимдик шайдай жок
    Бычак берсең кындап бер кындап берсең чындап бер
    Берекесиз байлардан пейил менен кул кетер
    Жумуш кылсаң удаа кыл иштеп кетпе илдекер
    Кара санап бирди алсаң колуңуздан миң кетер
    Чечилишип сырдашсаң көкүрөктөн муң кетер
    Баарың болсоң бир оозду душманың кантип былк этээр
    Булут кетсе асмандан күн ачылып жылт этээр
    Ажалың о жетип күн бүтсө эх арман кайран эле башың ээй шылк этээр
    Ак бараңдын кундагын аталбасаң сунбагын
    Эрмин десең душмандан эки көзүң жумбагын
    Өтүп кеткен иш үчүн өкүнүп балаң арбагын
    Көпкөн жигит көп сүйлөйт, чечен жигит эп сүйлөйт
    Билбестерге жыйында бир сүйлөөгө кеп тийбейт
    Жөн жүрбөгөн жигиттер көрүнгөндөн тепки жейт
    Ким көрүнгөн кекенип ушунуку өттү дейт
    Көз карашың бузулса көргөн адам көптү дейт
    Сүт тамакты жибитет айран тамса иритет
    Пайдасы жок кеп айтып маңыз сөздү чиритет
    Күлө сүйлөп үйүңө күндө кирген күл ичет
    Эки дүлөй кошулса бир-бирине көнүшөт
    Жинди менен жоолошпо суу куйбагын толбоско
    Акмак болуп кетесиң ачууланба болбоско
    Үгүт айтып чарчаба айткан акыл конбоско
    Жол болсоң куу менен өмүр өтөөр доо менен
    Жыкмайынча качпагын беттешип калсаң жоо менен
    Суктанбагын сулууга уят айтпа улууга
    Тамаша айтсаң билбеске тар жерден катуу сындырат
    Жамандардын адаты жалган сөздү чын кылат
    Көптү көргөн адамдар көңүлүңдү тындырат
    Бекерчиден безе кач ушакчыдан көчө кач
    Кызыктырып кыйыкты кыйын жерге жибербе
    Билбестерди коркутуп алдоо менен имербе
    Жаңшаган акын Токоңдун насыяты силерге
    Жаның менен акыл айт жакшы айтканың билээрге
    Колуңдан келбес жумушту оюң менен бүтүрбө
    Алыстан келген коноктун кабарын айтып күтүнбө
    Айталбаган сөз үчүн оозуңду бекер ачпагын
    Мактаганга март болуп оокатыңды чачпагын
    Колдон келээр иш болсо коркуп бекер качпагын
    Мурунку жаман ишиңди а кийинки жерге таштагын
    Жолдош болбо коркокко жүк артпагын торпокко
    Иш кылдырба чоркокко
    Күлүк минсең күүлөнүп эки жагың каранба
    Көйрөң атка коносуң да көрүп калган адамга
    Сурап ичкен тамагың суу ичкен менен барабар
    Суугат алып айлыңа суут болбо жаш балдар
    Күлүк менен жарышпа билимдүү менен алышпа
    Эй бир кылат өзүңдү кеп салбагын маңызга
    Көңүл калаар кеп айтпа оору менен картанга
    Жанын сатат кээ адам жарым чөйчөк талканга
    Бузук менен муңдашпа уятсыз менен ымдашпа
    Болбос ишке кийликпе момундук жөөнү бир башка
    Алың менен күч керек оокат азык тыңдашка
    Акылсызга сөз айтып акмак менен сырдашпа
    Аялыңды жек көрүп жамандыкты ырбатпа
    Өнөрүң болсо өргө чап кор кылбай асыл жанды бак
    Эрдин бир а көркү эл менен балдар эмгегиң менен а элге жак

    • @АсельБектурганова-ю9в
      @АсельБектурганова-ю9в Месяц назад

      👏💯

    • @ThugShaker_Duck
      @ThugShaker_Duck 21 день назад

      Сизге чон рахмат! Баарын ылдаттык менен дептериме жазып алдым! Эми жаттайын деген ниетим бар! Кайрадан эмгегиниз учун таазим! Жаны жылыныз куттуу болсун!

  • @БактыбекАлыкулов-м7ч
    @БактыбекАлыкулов-м7ч 7 месяцев назад +6

    Кайран Током, акыйкаты гений инсан болгон экен.Айткандары азыр да актуалдуу.

  • @Бурулай-р5ъ
    @Бурулай-р5ъ 11 месяцев назад +4

    Красива и музыка 🎶 это очень круто ❤❤

  • @ишенбекКачкынбеков
    @ишенбекКачкынбеков 3 года назад +13

    Асылбек байке өнөрүңузго даңк! Төкмөлүктун бийик ашууларын багынта бериңиз! Ар убакта оору сыркоодон оолак болуп, биз окшогон кыргыз жаштарынын көрөңгөсүно көрк кошуп жүрө бериңиз,биз сиз менен сыймыктанабыз! Ушунунуздан жазбаныз сизге алкыш !

  • @aziyatakbaeva3274
    @aziyatakbaeva3274 3 года назад +5

    Кандай Гана акы́л создор,а́яба́й туура айтыптыр.Ойлоп корсон чынле .,..,.А́йталбаган со у́чун оозу́нду Бекер ачпагын

  • @БерметАсанова-ш5б
    @БерметАсанова-ш5б 3 года назад +7

    Жараткан Аллах колдосун жаман создордон сактасын оомин 🤲 онорун оркундой берсин менин суйуктуу акыным

  • @АйгеримКурбанбекова-и3п
    @АйгеримКурбанбекова-и3п 3 месяца назад +2

    Алтын сөздөр👍🏻👍🏻👍🏻

  • @Nur-76
    @Nur-76 3 года назад +19

    Залкарлардын ырларын ушинтип ырдап, эске салып турсаңар. Биз бала чакта бир эле радиону укчубуз (Кыргыз радиосун). Ошол аркылуу тарбияланып, көкүрөккө сиңирип, таасирленип жашаганбыз. Мындай санат-терме, насыят ырларынын мааниси терең, азыр да актуалдуу, ошон үчүн дайыма ырдалып туруш керек деп эсептейм. Рахмат!

  • @КимЧенЫн-ж9ж
    @КимЧенЫн-ж9ж 2 года назад +5

    Молодец досум Аске Токтогулдун Арзыматты очургон ырын жуктосон жакшы болот эле

  • @jenichjenich6131
    @jenichjenich6131 4 месяца назад +1

    Ийгилик коштосун аман бол

  • @faridaaidarbekova6139
    @faridaaidarbekova6139 Год назад +1

    Үнүңө береке👏👏👏

  • @Баку-у9ц
    @Баку-у9ц 2 года назад +3

    Керемет соз, керемет обон. Абдан сонун.

  • @Журсун-й4н
    @Журсун-й4н Год назад +1

    Токтогул атандын эмгегин кайрадан элге тартуулап.жакшы маанай тартуулап жатасын.Токтогулдай залкар бол.Талантын озгочо. бапестеп багып ал.

  • @ЭмилбековКубанычбек
    @ЭмилбековКубанычбек 3 года назад +12

    Ханды кудай ураарда оз элине кас болот
    Байды кудай ураарда доолотуно мас болот
    Кышты кудай ураарда кун жылымдап жаз болот
    Эрди кудай ураарда 50сундо жаш болот

  • @ilgizkudaibergenov6153
    @ilgizkudaibergenov6153 3 года назад +3

    Бар бол асылбек

  • @Tchaikovsky1877
    @Tchaikovsky1877 6 месяцев назад +1

    Миленько 🥰

  • @МелисЖусубалиев-ъ2м
    @МелисЖусубалиев-ъ2м 4 месяца назад

    Аске чыгармачылык ийгилик

  • @СейтекМусаев-ч7х
    @СейтекМусаев-ч7х Год назад +1

    👍маладес

  • @ФерузаАбазова-д4ж
    @ФерузаАбазова-д4ж 2 года назад +3

    🔥🔥🔥Баракелде Үнүңүзгө береке😍

  • @alex_mahoun7958
    @alex_mahoun7958 3 года назад +2

    Мыкты акынсын байкебай

  • @asylbekakyn
    @asylbekakyn  3 года назад +2

    Чооң рахмат бар болуңуздар...

  • @ЖыргалЖолон
    @ЖыргалЖолон 3 года назад +3

    Класс

  • @АльбинаТолонбаева-г1к

    Сонун❤

  • @Tabyldy_
    @Tabyldy_ 2 года назад +1

    Болгонун болгондой айтыган ❤❤❤❤❤❤❤

  • @Bektursun_KGZ
    @Bektursun_KGZ 2 года назад +1

    Жакшы 🙂

  • @mumtaz4435
    @mumtaz4435 Год назад +1

    👏👏👏👏

  • @ALI1K_____100k.
    @ALI1K_____100k. 2 года назад +2

    👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍

  • @bakytchytyrbaev37
    @bakytchytyrbaev37 3 года назад +6

    Мыкты аткарыпсың, Асылбек, рахмат!
    Обону текстин ээрчип, маани өзгөргөндө, кошо өзгөрсө кандай болмок деп ойлоп койдум...

  • @aiskakojomkulova8400
    @aiskakojomkulova8400 3 года назад +2

    💋💋💋👍👍👍❤️

  • @Karabala93com
    @Karabala93com 3 месяца назад +1

    Санат деген ақыл деген сөз ба? Кім аудара алады

  • @ruslanabdyldaev7375
    @ruslanabdyldaev7375 2 года назад +5

    Алымкул Үсөнбаев акындын обону го. Токтогул акындын обону башкача элего.

  • @Раяна-ф3н
    @Раяна-ф3н 11 месяцев назад +1

    Тексттин берип койгулачы

  • @ИсаМирланбекуулу
    @ИсаМирланбекуулу 2 года назад +2

    Кайран Токон

  • @benstambekov8572
    @benstambekov8572 2 года назад +2

    Комуз черткенди үйрөткөн курсуңуз барбы?

  • @AidanaSmanalieva
    @AidanaSmanalieva Год назад +1

    СУРОО.
    Токтогул Сатылганов композитор катары кайсы кууну чыгарган?

  • @hanzohattori9025
    @hanzohattori9025 2 года назад +2

    Ай баракелде, азамат, жакшы аткарыптыр!

  • @РулькаСвиная
    @РулькаСвиная Год назад +1

    0:16 2:54 3:26 4:01

  • @aiskakojomkulova8400
    @aiskakojomkulova8400 3 года назад +3

    Залкар акынчик

  • @greentea9793
    @greentea9793 2 месяца назад +1

    0:16
    2:54
    3:26
    4:01