Вьетнамда кафе ачкан токмоктук Болот

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 9 июл 2024
  • 🤩Чет жерде мыкты университеттерден билим алып же бизнес негиздеген мекендештерибиздин саны күндөн-күнгө көбөйүп жатканы кубандырат. Limon Media’нын миссиясы - Кыргызстанда жана чет жерде ийгилик жараткан кыргызстандыктар тууралуу элге жайылтуу, алардын мисалында жаштарга жол көрсөтүү. Жаратман кыргыздар тууралуу канчалык көп жазсак, алардын эмгегин көбүрөөк жайылтсак, илимге, ишкердикке умтулган жаштарыбыздын саны ошончолук өсөт.
    🍽Мына ушундай жаратмандардын бири - токмоктук жигит Болот Акимбаев. 30 жаштагы Болот чет өлкөдө, болгондо да экзотикалык Вьетнамда кыргыз даамдарын сунуштаган “Кочевник” кафесин негиздеген.
    🤔Болот кыргыздар аз каттаган алыскы өлкөгө кантип барып калган? Жол кырсыгына кабылып, 2 күн өлүм менен өмүрдүн ортосунда күрөшкөн Болотко бул кырсык кандай жол ачып берген? Вьетнамдыктар эмне себептен Болотко вьетнам тилин бекер үйрөтүшкөн? Мына ушул кызыктуу суроолорго жооп алгыңыз келсе, Болоттун Limon Media’га берген маегин окусаңыз болот.
  • РазвлеченияРазвлечения

Комментарии • 3

  • @artur1996artur_
    @artur1996artur_ 6 дней назад +1

    Кыргызды Кыргыз колдойт 🇰🇬💪🤲🇰🇬

  • @user-uj5ht8ln3o
    @user-uj5ht8ln3o 18 дней назад

    Гл ден соолукта болгула ьир туугандар
    Алыста журосуздор

  • @baktugylnomanova7224
    @baktugylnomanova7224 21 день назад +1

    Ии алтындарым десе