Орус тилин уйронуу. 1-сабак

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 17 окт 2024
  • орусча суйлогонду уйронобуз, орус тилин уйронуу нун жолу
    Кыргыз тилинде эркек кызына карабай создор жалпы турдо колдонулат. Мисалы: Бул акылдуу кыз, бул акылдуу бала. Бул жакта акылдуу деген соз, кыз учун да, бала учун да озгорбостон айтылды. Ал эми орус тилинде бул нерселер таптакыр башкача айтылат. Ушул эле суйломду орус тилине которсок, (пауза) это умная девочка, это умный мальчик.
    Демек, акылдуу деген соз, кыз учун умная деп айтылса, бала учун умный деп айтылат экен. Себеби, орус тилинде род деген тушунук бар.
    Бугунку темабыз Род имен существительных.
    Зат атоочтордун роддору
    Орус тилинде 3 род бар.
    1.Мужской род
    2. Женский род
    3. Средний род.
    Эми ар бирине бирден токтолсок .
    Мужской родко, акыркы тамгасы унсуз тамга менен буткон создор кирет.
    Мисалы: дом, компьютер, конверт, стол, ученик, рюкзак. Ар бир создун акыркы тамгасын карай турган болсок унсуз, демек орус тилиндеги создордун акыркы тамгасы унсуз болсо, анда ал мужской род болот.
    Андан сырткары эркек жынысындагы адамдар, эркек жынысындагы жаныбарлар жана эркек жынысындагы канаттулардын баары ушул мужской родко кирет. Бул жакта создун акыркы тамгасы эч кандай роль ойнобойт.
    Мисалы: папа, кыргызча котормосу ата болот. Акыркы тамгасын карай турган болсок, ундуу, бирок баары бир мужской родко кирет. Себеби, «папа» эркек жынысында. Дагы бир мисал, «конь» кыргызча котормосу ат болот. Бул да эркек жынысында, ошондуктан дароо мужской род десек болот.
    Дядя, кыргызча котормосу байке болот. Акыркы тамгасын карай турган болсок, ундуу, бирок баары бир мужской родко кирет. Себеби, «дядя» эркек жынысында.
    Женский родко, акыркы тамгасы ундуу тамга менен б.а -а, -я менен буткон создор кирет.
    Мисалы: кошка, ручка, копилка, клубника, соя, шея. Ар бир создун акыркы тамгасын карай турган болсок -а же -я, демек орус тилиндеги создордун акыркы тамгасы -а же -я болсо, анда ал женский род болот.
    Андан сырткары аял жынысындагы адамдар, аял жынысындагы жаныбарлар жана аял жынысындагы канаттулардын баары ушул женский родко кирет. Бул жакта создун мучосу эч кандай роль ойнобойт.
    Мисалы: мать, котормосу апа болот. Акыркы тамгасын карай турган болсок, ичкертуу белгиси, бирок баары бир женский родко кирет. Себеби, «мать» аял жынысында. Дагы бир мисал, «дочь» кыргызча котормосу кызы болот. Бул да аял жынысында, ошондуктан дароо женский род десек болот.
    К среднему роду относятся все неодушевленные сущ с окончанием -о, -е.
    Средний родко, создун акыры -о, жана -е тамгасы менен буткон создор кирет.
    Мисалы: окно, озеро, блюдо, небо, село, дело, облако, солнце, училище. Ар бир создун акыркы тамгасын карай турган болсок -о же -е, демек орус тилиндеги создордун акыркы тамгасы -о же -е болсо, анда ал средний род болот.
    В русском языке есть сущ, которые относятся как к мужскому роду так и к женскому роду.
    Орус тилинде мужской родко да, женский родко да таандык создор бар.
    Алар:
    Слова общего рода: плакса, молодец, умница, обжора, нытик и тд.
    При определении их рода надо смотреть на местоимение или глагол с которым используется данное сущ общего рода.
    Булардын роддун аныкташ учун, суйломдун составындагы ат атоочту же этишти кароо керек.
    Например: Она большая молодец.
    Орус тилинде «ал» деген ат атооч ар бир роддо ар башкача айтылат. Он мужской род, она -женский род, оно-средний род. Суйломубуздо «она» деп жазылып турат, демек молодец деген соз, бул суйлом учун женский род болуп калат.
    Эгерде ушул эле суйломду эркек учун айтсак, анда Он большой молодец болмок. Суйломубуздо «он» деп жазылып турат, демек молодец деген соз, бул суйлом учун мужской род болуп калат.
    Демек, молодец деген созду биз, мужской роддо да, женский роддо да молодец деп айтат экенбиз.
    Ты хорошо выполнил все упражнения, умница!-
    Ты хорошо выполнила все упражнения, умница!-
    умница деген соз, Биринчи суйломдо мужской род болот, экинчи суйломдо женский род болот. Аны биз кайдан билдик?
    Биринчи суйломдо, выполнил деп эркек учун айтып жатат, ал эми экинчи суйломдо выполнила деп кыз учун айтып жатат.
    Как вы заметили сущ оканчивающиеся на мягкий знак могут быть и женского и мужского рода
    Озунуздор байкагандай, ичкертуу белгиси менен буткон зат атоочтор, женский род да, мужской род да болушу мумкун экен. Мисалы:
    Мужской род: словарь, корабль, дождь, шампунь и тд
    Женский род: ночь, цепь, любовь и тд
    О том как их различать мы поговорим позже.

Комментарии • 550

  • @By_yrysky
    @By_yrysky  2 года назад +31

    instagram.com/your_school_kg/

    • @mishabektemishov962
      @mishabektemishov962 Год назад

      Саламатсынарбы силерге Курска катталгам бирок группа толо элек болчу азыр телефонумду жоготуп алдым мага жазып койгулачы сураныч

    • @mishabektemishov962
      @mishabektemishov962 Год назад +1

      Жолдошумдун телефону менен жазып жатам

    • @LailoUzakbaeva-ej7zm
      @LailoUzakbaeva-ej7zm 8 месяцев назад

      Манада уйротукчу

  • @sadykovvsadykovv1954
    @sadykovvsadykovv1954 2 года назад +63

    Чоон рахмат мен оорус тилин уйроном Деген умуттомун АЛЛАХ. .Ыразы болсо

  • @saniralali
    @saniralali Год назад +64

    Менда орус тилин билбейт болчум Эми уйронойун дедим Аллах ОЗУ колдосун

  • @ОвтулвдыбНекуолр
    @ОвтулвдыбНекуолр 2 года назад +20

    Эн жакшы сабак кучтуу педагог омур бою билбей жургон создорду азыр тушундум тез тез чыгып уйротуп турунуз рахмат ишинизге ийгилик!

  • @jumagulrahmanalieva6761
    @jumagulrahmanalieva6761 Год назад +9

    Аябай сонун экен билбеген создорумду билдирип койдунуз сизге чон рахмат🥰🥰🥰🥰

  • @Rkfjg
    @Rkfjg 2 года назад +34

    Абдан жакшы экен. Бир гана, унунузду бир аз бийигирээк которуп коюу керек экен мумкун болсо,

  • @alialihan6272
    @alialihan6272 3 года назад +40

    Чоң рахмат! Жеткиликтүү тил менен өтө жөнөкөйлөштүрүп эң сонун түшүндүрүп бердиңиз.Мен үчүн түшүнүктүү жана эске тутарлык сабак болду.

  • @jakshylyk.jk55
    @jakshylyk.jk55 2 года назад +2

    Алла ыраазы болсун жеткилуукту тушундурот экенсиз

  • @ДанилКалыков
    @ДанилКалыков 2 года назад +3

    Чоон рахмат сабагынызга! УЙдон балдарга жардам болот экен эн жонокой тилде балдар бат тушунот экен

  • @erikbaisal4628
    @erikbaisal4628 2 года назад +68

    Өттө кызыктуу сабак экен. Мектепте да мындай окуткан эмес эжейибиз.👍👍👍👍

    • @aliyaaskarova4106
      @aliyaaskarova4106 2 года назад +2

      Биздин эже свадьбасын айтып отуруп, мен Бишкектен ото кыйналгамын. 😭😭😭

    • @gulmiraorunbaeva4349
      @gulmiraorunbaeva4349 2 года назад +2

      2 сабакты да баштап чыгарып койсон ото тушунуктуу айтып берет экенсин

    • @gulmiraorunbaeva4349
      @gulmiraorunbaeva4349 2 года назад

      Сураныч

    • @sher.aza1991
      @sher.aza1991 2 года назад

      Анда эжейлеринер оздору билбесе керек,анткени мунун баары мектепте отулгон темалар

    • @nurikubati5472
      @nurikubati5472 2 года назад +1

      Бизде да жакшы окуткан эмес.Азыр орустилден өтө кыйналып жатамын🥴 ошондой убакыттан орустилден окуткан мугалимдерге наалат дегим келет🤦эптеп эле убакытты өткөрүшкөн экен

  • @КурманжанЭгемкуловаА.Жунусовме

    Эң сонун орус тилин роддорго карабай эле сүйлөй беребиз эң сонун түшүндүрүп бердиң рахмат ❤

  • @AishakanChinalieva
    @AishakanChinalieva 3 месяца назад +3

    Мен дагы Кудай кааласа орус тилин терең үйрөнөм 🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲🤲

  • @КалчабуСатарова-о7в
    @КалчабуСатарова-о7в 2 года назад +7

    Эже кандайсыз сабагыңыз абдан сонун болуптур мага жакты ийгилик онлайн курс ачып эле сабак өтсөңүз тапшырма берип темаларды түшүндүрүп бекер эмес акчага

  • @НурзитаСаймидинова
    @НурзитаСаймидинова 2 месяца назад +1

    Башка адамдардын да коп видеолорун кордум эле бирок эч тушунбой мээмэ кирбей койгон, азыр соонун тушунуп билип алдым Рахмат чоон сизди Алла жиберди мага ушул кыздан сабак аласын деди окшойт 😊❤

  • @ТашмамаНурдинова-й9э
    @ТашмамаНурдинова-й9э 2 года назад +2

    Азаматсыз!Сабагыныз жугумдуу жана манилуу болду. Методиканыз ото женил экен. Оной тушундурдунуз! Ырахмат сизге!

  • @РажапБакирова
    @РажапБакирова 8 дней назад

    Рахмет синдим, ишине ийгилик. Жеткиликтуу тушундуоот экенсин. Балам орусчан туура эмас деп замечание бергенден чындап намыстанып Сенин сабагынды таап алдым😂Алла раазы болсун. Негизи тил билген эн сонун, анын арам адалы жок❤❤❤

  • @АсельШайдуллаева-ц6у
    @АсельШайдуллаева-ц6у 2 года назад +6

    Очень классный урок. Обучает больше года уже моего сына дошкольника еще не сталкивались с проблемой. Очень долго искали репетитора так, как ребёнок капризный. Хочется лишь пожелать удачи .

  • @СалимаКонкоева
    @СалимаКонкоева 2 года назад +4

    Менин балдарымды ушул кыз гана окутуп,уйротуп келет, абдан жакшы тушундурот, башкалар окуталбай коюшкан, алга кызым

  • @АйзатТолобайева
    @АйзатТолобайева 3 года назад +32

    Соонун тушундурдунуз. Алга дайыма😍😍🤩👍👍👍

  • @oshnookat8068
    @oshnookat8068 9 месяцев назад +3

    Абдан сонун суйлопсуз соун тузупсуз😍ишинизге ийгилик! 🎉

  • @dbbcdbbc546
    @dbbcdbbc546 2 года назад +5

    Орус тилин билбегендерге абдан мыкты жардам рахмат

  • @АдикАдиков-д9з
    @АдикАдиков-д9з 2 года назад +20

    АЛЛА ЫРААЗЫ БОЛСУН

  • @gulnaraerezhapaeva8271
    @gulnaraerezhapaeva8271 2 года назад +3

    Абдан жакшы,тушунуктуу отот экенсин.Мага абдан жакты!Ишине ийгилик!!!

  • @РукияАбдилдаева
    @РукияАбдилдаева 2 года назад +3

    Азаматсыз ишиңизге ийгилик сонун түшүндүрөт экенсиз

  • @ЭлнураМуратова-ы8о

    Аябай сонун экен билбей создорумду билип алдым. Орусчанын жарымын билет элем жарымын билбейт элем билбеген создорумду билдирип койдуз😍😘🥰

  • @НурисаЮлдашова
    @НурисаЮлдашова Год назад +4

    Рахмаат чон эже ишиңизге ийгилик 🥰 Ишинизди жараткан өзү колдосун 🤗🤲🤲

  • @ТурсунайЭргешовна
    @ТурсунайЭргешовна 2 года назад +7

    Сонун, ушинтип чыгарып турсаңар балдарга көрсөтүп турабыз👍

  • @АмантурЖыргалбекуулу-з3ь

    Соонун экен чон рахмат.

  • @НуржигитТилебалдиев
    @НуржигитТилебалдиев 3 года назад +14

    Рахмат сизге буйруса оруссча баарыбыз билип алалы

    • @roninkaiser2072
      @roninkaiser2072 3 года назад

      Dont know if anyone gives a damn but if you're bored like me during the covid times then you can watch pretty much all of the new movies and series on InstaFlixxer. I've been streaming with my girlfriend these days :)

    • @jeremycrosby5425
      @jeremycrosby5425 3 года назад +1

      @Ronin Kaiser yup, I've been using InstaFlixxer for years myself :D

    • @talgateginchiev3971
      @talgateginchiev3971 2 года назад

      @@roninkaiser2072 What are you about,

    • @talgateginchiev3971
      @talgateginchiev3971 2 года назад

      @@roninkaiser2072 here on the channel they speak Kyrgyz

  • @МадинаМадина-н1ъ
    @МадинаМадина-н1ъ 3 года назад +11

    Чооң рахмат сизге 😘

  • @Мухаддиса
    @Мухаддиса Месяц назад +1

    Вафше зор😊😊😊😊judayam zor🙃🙃🙃☺

  • @jug6145
    @jug6145 2 года назад +1

    ❣️❣️❣️ Жеткиликтүү экен. Рахмат чооң. Ийгилик ❣️❣️❣️

  • @aktanbegasylov3160
    @aktanbegasylov3160 2 года назад +3

    Абдан соонун сабак болуптур,жеткиликтуу

  • @КанзадаЖолчуева
    @КанзадаЖолчуева 3 года назад +8

    Сонун тушундурдунуз рахмат

  • @АлмашИсаева-о8ц
    @АлмашИсаева-о8ц 3 года назад +8

    Эн сонун .Балдарым окуп жтат.👍

  • @ВшвтвЫдвтв
    @ВшвтвЫдвтв 3 года назад +8

    Абдан сонун тушун дурот экенсиз 👍👍👍👍👍👍👍👍

  • @МахаббатАхматова-б9ж
    @МахаббатАхматова-б9ж 2 года назад +10

    Чооң рахмат🥰

  • @bekashimov2713
    @bekashimov2713 2 года назад +2

    Абдан соонун тушундурупсуз, чоон рахмат. Ишинизге ийгилик

  • @ztzztzjjg52cplr74
    @ztzztzjjg52cplr74 2 года назад +2

    эн сонун сабак болду мен учун.Мага абдан жакты .Тушунуктуу кылып суйлофт экенсиз.😍

  • @aigerimjakypbekova
    @aigerimjakypbekova 2 года назад +2

    Чоон Рахмат жакшы тушундурот экенсиз 😊

  • @aktanbegasylov3160
    @aktanbegasylov3160 3 года назад +11

    Кызыктуу сабак болду,рахмат

  • @НургульАлимова-ц5э
    @НургульАлимова-ц5э 2 года назад +3

    Азаматсыз,ишиңизге ийгилик каалайм.

  • @БурулайАсатуллаКызы
    @БурулайАсатуллаКызы 4 года назад +16

    Соонун тушундурдунуз. Алга дайыма . 😍😍😍

  • @aidanaalmazbekova7758
    @aidanaalmazbekova7758 2 года назад +1

    Голосу да создун мааниси жакшы суйлойт экен жакшы тушундуруп айтат экен👍👍👍👍

  • @mariyatemir6532
    @mariyatemir6532 Год назад +1

    Соонун сабак мага Жакты 😘👍👍👍👍👍👍😍🤩🥰😇

  • @РезинеАлимова
    @РезинеАлимова 2 года назад

    Рахмат силерге ушундай пайдалуу видиолорду чыгарыпсынар

  • @АйгеримАбийбиллаева
    @АйгеримАбийбиллаева 3 года назад +15

    Сонун түшүндүрдүңүз рахмаат🥰🥰😘

  • @Акмоор-ю4ъ
    @Акмоор-ю4ъ Год назад +1

    Чон рахмат орусчаны үйрөнөм деп бардык сабагыныщды кором

  • @dhdbd2063
    @dhdbd2063 Год назад +2

    Сонун экен👍👍👍👍👍

  • @damiraalieva252
    @damiraalieva252 Год назад

    Эн сонун, орус тилин уйроном, азаматсыз!

  • @КурманбекСаманчиев
    @КурманбекСаманчиев 8 месяцев назад

    Сиздин сабагыныз мага жакты сизге ден соолук иштеинизге ийгилик.

  • @BereketRass-c8u
    @BereketRass-c8u Год назад

    Эн соонун мен да уйронго арекет жасап атам онорун оркундой берси👍👍👍👍👍

  • @_rayana
    @_rayana 10 месяцев назад

    Рахмат! Мага аябай жакты мен орус тилин он деген сөзүн ж.б. билбейт элем 🎉🎉 ийгилик каалайм

  • @АйгульКачкынбекова-х2с

    Маш Аллах 🤗🌹сонун тушунук. 👏👍

  • @siadasagyntaeva8525
    @siadasagyntaeva8525 Год назад

    Чооң рахмат эжеке мен орус тилин көп билчү эмесмин эми кичинеден үйрөнүп баштадым мен сизден❤️

  • @Эр-Тоштук
    @Эр-Тоштук 2 года назад +2

    унунуз мынча кооз, жагымдуу болбосо 😍

  • @nurzatasanakunova1566
    @nurzatasanakunova1566 3 года назад +6

    Эн сонун

  • @8акласс-ч2г
    @8акласс-ч2г Год назад +2

    Рахмат сизге менделе уйронум алам барыбыз уйроналабыз

    • @8акласс-ч2г
      @8акласс-ч2г Год назад +1

      Мага лайк базып койгул силердикин лайк базып койом

  • @АнарКалматова-е1л
    @АнарКалматова-е1л 2 месяца назад

    Рахмат, ишине ийгилик.

  • @НарынкулКенжебаева

    Сонун сабак отот экенсин ишине ийгилик алла ыраазы болсун

  • @МырзайымАбдыкалыккызы

    Унунуз уккулуктуу экен. Эн сонун, рахмат😘

  • @вайнер-х9я
    @вайнер-х9я 2 года назад +3

    Рахмат сизге мен учун ото тушунуктуу болду ардайым билиминиз менен болушуп турунузду суранабыз

    • @By_yrysky
      @By_yrysky  2 года назад

      Чон рахмат!

  • @sabyrkyrgyzbaev7982
    @sabyrkyrgyzbaev7982 3 года назад +6

    Мен жакшы билип алдым рахмат

  • @ТалайгулБекболот
    @ТалайгулБекболот 2 года назад

    Рахмат чон аябай соонун озунуз сабакты мен оорусчадан аябай кыйналам кантип уйронсом болот эркин суйлого .

  • @bobukeev
    @bobukeev 2 года назад +1

    Мыкты 👍🏻👍🏻👍🏻

  • @НуржамалЖумалиева-и2ж

    Абдан тушунуктуу сабак болду! 👍👍👍

  • @nematerdoshev5812
    @nematerdoshev5812 8 месяцев назад

    Ото сонун жеткиликтуу кылып оттунуз ишине ийгилик Алла ыраазы болсун

  • @ЖумагулОмурзакова-ж3н

    Орус тилин уйрондук рахмат

  • @nu3228
    @nu3228 Год назад +1

    Ищинизге ийгилик, вы молодец.

  • @НурсулууБердикулова

    Аллах раазы болсун

  • @ГалбубуАхматова

    Чоң рахмат мен да орус тилин билип аллым Алахым өзү берсин рахмат 🤲🥰

  • @aktanbegasylov3160
    @aktanbegasylov3160 2 года назад +3

    Менин балдарыма өтө чоң жардам берип жатат, ишиңизге ийгилик

  • @Айпери-п1ж
    @Айпери-п1ж 11 месяцев назад

    Ото сонун отупсуз ,ирээти мн тушунуктуу кылып ийгилик каалайм

  • @Мээрим-б9э
    @Мээрим-б9э 2 месяца назад

    Молодец аябай сонун тушундурупсунор

  • @baiyrbekomoraliyyly8934
    @baiyrbekomoraliyyly8934 7 месяцев назад

    Сабагыныз сонун экен мага жакты 👍👍🥰🥰🥰

  • @Nurlan-u7n
    @Nurlan-u7n Год назад

    Чоон Рахмат эже аларазы Болсун 😊

  • @abdullaevmayrambek4415
    @abdullaevmayrambek4415 2 года назад

    Ото жонокой кылып уйрототкенсинер иштерге ийгилик

  • @ФатимаРасылбекова
    @ФатимаРасылбекова 6 месяцев назад

    Сизге Чон рахмат рахмат мага ото пайдалуу болду

  • @aikowkin95aikow54
    @aikowkin95aikow54 2 года назад

    Рахмаат АЛЛАХ раазы болсун . Сонун .

  • @АселСайпидинова-б8з

    Аябай соонун сабак болду мага аябай жакты ишинизге ийгилик

  • @zairbek-g7g
    @zairbek-g7g 3 месяца назад

    Өтө кызыктуу экен❤❤❤ рахмат

  • @urkuzzusueva2669
    @urkuzzusueva2669 2 года назад

    эн соонун тушундурулгон,рахмаат

  • @sanjarmaratbekuulu1175
    @sanjarmaratbekuulu1175 3 года назад +11

    Голос соонунгооо🤤 орус тилин тез эле жаттап алчудаймынго голосу менен

  • @НургулАбдырахманова-й2ю

    Ишиңе ийгилик!

  • @АсомудинКурбанбеков
    @АсомудинКурбанбеков 5 месяцев назад

    Аллах ыраазы болсун

  • @ПеризатАлымбекова-я2п
    @ПеризатАлымбекова-я2п 4 месяца назад

    Сонун сабак бизге

  • @nasi-yr9fn
    @nasi-yr9fn Год назад +1

    Ишинизге ийгилик ❤

  • @КурманбекИльязов-л6э
    @КурманбекИльязов-л6э 2 года назад +1

    Дал ушул нерселер керек болчу да. Алтындай кыз экенсин, унуно береке ❤️

  • @кылычкыргыз-д7м
    @кылычкыргыз-д7м 2 года назад +1

    Чооң рахмат сизге

  • @asmatjan586
    @asmatjan586 2 года назад +2

    Очень классно получилось👍👍

  • @boldukannarmatova8692
    @boldukannarmatova8692 Год назад

    🔥🔥🔥🔥👍👍эн соонун тушундурмо

  • @адакайынды
    @адакайынды Год назад

    Соонун тушундуруу 👍🥰

  • @АйжамалНадырова
    @АйжамалНадырова Год назад +1

    Мыш Алах барна
    Тушундум ❤❤
    Мага бар жакт Айавай эле

  • @ШарапатЭргешова-ш3ц
    @ШарапатЭргешова-ш3ц 2 года назад +2

    Эн сонун тушундуроткенсиз Аллах ыраазы болсун

  • @ЗалкарЗалкар-ф8о
    @ЗалкарЗалкар-ф8о 2 года назад +2

    Азаматсыз! Соонун тушундурдунуз. Рахмаат сизге чоон!😘

  • @snaykg
    @snaykg 4 месяца назад

    Чоң рахмат эжеке

  • @ОвивЬстатала
    @ОвивЬстатала 2 месяца назад

    Сизге чоон рахмат

  • @ГулзинаЖакубова
    @ГулзинаЖакубова 2 года назад

    Соонун рахмат кызыктуу ото жоной тушундурдунор👍⚘⚘🤲🤲

    • @Басит.Медия
      @Басит.Медия 2 года назад

      Өтө жакшы сабак болду Аллах раазы болсун катышабыз

  • @ЗамираКаленовна
    @ЗамираКаленовна 2 года назад

    Сонун алла разы болсун сага жакшы сабак болду

  • @daniel.absatarov
    @daniel.absatarov 3 года назад +7

    аллах раазы болсун улантыныз дагы