Ильяз Абдыраззаков "Соң-Көл баяны". обону Исирадин Аманбаевдики, сөзү Эрмек Мамытовдуку

Поделиться
HTML-код
  • Опубликовано: 14 янв 2023
  • Кубулуп, нурга бөлөнүп,
    Кулпуруп Соң-Көл, көгөрүп.
    Түгөнбөс сүйүү кайгысын,
    Түбүнө алган чөгөрүп.
    Көл үстү муңдуу шыбырап,
    Айткандай сырды туюлат.
    Арманда ыйлап алыстан,
    Ак Мөөрдүн үнү угулат.
    Канаты кандан кайрылган,
    Кан кусуп, катуу кайгырган...
    Элеси келет Болоттун,
    Ак Мөөрдөн анда айрылган.
    Өксүгөн өмүр сезбеди,
    Өткөндү бүгүн эскерип.
    Сүрөтүн сактап Ак Мөөрдүн,
    Сүйүүгө Соң-Көл эстелик.

Комментарии • 3

  • @user-ic7iy3mm5r
    @user-ic7iy3mm5r Месяц назад +1

    Азамат Ильяз. Чыгармачылыгын оркундой берсин.

  • @umnaiakrasivaia2794
    @umnaiakrasivaia2794 5 дней назад

    Жумшак ,соонун ырдаптыр.❤❤❤❤

  • @user-by4wl1ko3n
    @user-by4wl1ko3n Год назад

    Азамат! Жакшы ырдаган.