КЫЯЛДАН! l Кыялдангандар да КЫЯЛДАНБАГАНДАР да көрсүн! l МОТИВАЦИЯЛЫК ВИДЕО!
HTML-код
- Опубликовано: 21 сен 2024
- Ассалам алейкум, укчу тууганым! Мен сага бир нерсе айткым келди. Бул нерсени көпчүлүгүбүз унутта калтырабыз. Мүмкүн мен айтчу нерсе сен үчүн абдан маанилүүдүр. Ошондуктан мени кунт коюп угуп тур! Мен сага айткым келген нерсе, КЫЯЛДАН! Бала кездегидей чын жүрөгүң менен кыялдан! Сага эч ким «Кыялдар орундалбайт» деп айтпагандай кыялдан! Бул жалган! Кыялдар орундалат! Эгер кыялдарың сеники болсо эле орундалат! Эгер сен ишенсең эле орундалат! Эгер сен кыялдарга карай аракет кылсаң эле орундалат! Кыялдан! Кыялдар адамды шыктандырат, адамга мотивация берет жана аракетке карай түртөт. Кыялдар сени керебеттен тургузат, энергияларыңды толтурат. Кыялдар сени бактылуу кылат. Анткени сен жаман нерселерди кыялданбайсың. Кыялдар сага канат болот! Кыялдан! Кыял - бул сен аракет кылчу вектор. Ишеним менен кыялга карай аракет кылуу - бул сенин максатың! А максат деген так. Ал сени багыттайт. Кыялдануунун өзү - ошол кыялыңды ишке ашырууга карай ташталган алгачкы кадам. Чоң иштердин көпчүлүгү кыялдануу менен башталган. Кыялдарсыз сенин көздөрүң көрө албайт. Сен кайсыл жакка аракет кылууну билбейсиң. Кыялдан! Түшүнүп жаша! Жашоону толук жаша! Кыялдан! Дал ушул кыялдар биздин жашообуздун маанисин толтуруп турат. Жөн гана бар болуп жүрө бербей, жашоону толук жаша! Биз бул жашоого жөн гана иштеп, эптеп өмүр өткөрүү үчүн келген эмеспиз. Биздин бул жашоого келүү максатыбыз башка. Кыялдан! Эч кимге караба! Өзүңдүн гана кыядарыңды кыялдан! Чоң болсун, кичине болсун ал сенин гана кыялдарың! Аны ишке ашыр жана сага баалуу болгон дагы башка нерсени кыялдан! Кыял артынан кыялдана бер! Жашоо ушундай, түшүнүп жатасыңбы? Сенден сураныч, кыялдан. Антпесең сен үчүн башкалар кыялданат. Бирок анда сен өз жашооңду жашай албай, башкалар үчүн жашашка мажбур болосуң жана кыялдар да өзүңдүкү эмес, башкалардыкы болуп калат. Сен ушуну каалайсыңбы? Ушул үчүн жашап жатасыңбы? Укчу, тууганым! Токто. Шашпа. Чуркаба. Кыялдарсыз баары бир эч нерсеге жетише албайсың. Кыялдарсыз кайда чуркоону да билбейсиң. Убактыңды кетирбе! Эч качан убакытыңды кетирбе. Анткени учурда сенде бар болгон эң баалуу нерсе сенин убактың. Токто. Эмне тууралуу кыялданганыңды эсте. Анткени качандыр кыялдангансың. Чоңоём, ийгиликке жетем деп кыялдангансың. Маанилүү, белгилүү адам болом деп кыялдангансың. Аалым болом, окумуштуу, сүрөтчү, врач болом деп, белгилүү спортсмен, космонавт болом деп кыялдангансың. Дүйнөнү кыдырып чыгам, бир канча ачылыштарды жасайм, шедевр жаратам, ысымымды тарыхта калтырам деп кыялдангансың. Же болбосо кантип экенин билбесең да жөн гана бактылуу болом деп кыялдангансың. А анан чоңойдуң да эмнегедир кыялданууну токтотуп салдың. Байкап көрсөң, бул жашоону кыялкечтер куруп жаткандай. Адамдар кыялдарына ишенбей акмак дешкен акылсыздар куруп жаткандай. Аларга адамдар айтышкан, «Эй келесоо бул мүмкүн эмес, ташта, олуттуу жумуш менен алектен» дешкен. Бизге учурда адат болуп, өзгөчө деле сезилбеген «селфи» качандыр-бир мезгилде кимдир-бирөөнүн кыялы болгон. Кимдиндир акылга сыйгыс фантазиясы болгон. Кимдир-бирөөнүн аракети, а кимдир-бирөөнүн ишеними болгон. Кыялдан тууганым! Сен азыр кайда болсоң да, азыр ким болсоң да кыялдан! Кыялдарды орундатууга али да кеч эмес. Ойлон, эгер убакытты артка кайтара алганыңда эмне менен алектенмексиң? Чынында эмнени каалайсың, өзүңдөн сурачы? Адам эч нерсе үйрөнбөй, өнүкпөй, өспөй, аракет кылбай жашоо үчүн жаратылган эмес. Тескерисинче, адам аракет кылуу үчүн, окуу үчүн, үйрөнүү үчүн жаратылган. Азыр - аракетти баштоонун эң мыкты учуру! Кечээтен башташ керек эле эмес, эртең башташ керек эмес, дүйшөмбү күндөн баштайм эмес. Азыр! Азыртан баштап кыялдан! Чоң нерселерди кыялдан, кичи нерселерди кыялдан. Жашоону өзүңө жаккандай кылып элестет. Алгач фантазияң менен, ойлоруң менен элестет. Кыялдан! Ишен! Аракет кыл жана багынба! Угуп жатасыңбы? Эч качан багынба! Өз кыялдарыңды эч качан таштаба, унутуп салба! Мен сага ишенем тууганым! Жана сен дагы мага ишен! Кыялданып башта!
#БилипАЛ
#Кыялдан
Эй сен ооба сен ушул жазууну окуп жаткан адам
Жараткан сага эки дуйно бактылуулугун насип кылсын
Кыялдарынды Кудайым ашыгы мн берсин сага 🤲🤲🤲🤲
Аллах разы болсун
Сабырдуу болунуз 🌸Кыялдарыныз орундалышына тилектешмин🙃Буйруса баары жакшы болот🙂
Кыялдан Ананда АЛЛАХТАН суура ....
Кыялдан Аллахтан сура арекет кыл
Аллах ыраазы болсун сизден
Рахмат ролик эн жакшы и маанилуу, менин да кыялымды орундатты аллах, аллахка шугур, кыялданыныздар кудайым озу жол корсотот экен,шугур кылыныздар, шугур айткан сайын береке кирет экен уйубузго👍👍👍
Алла ыраазы болсун!🤲🏻👏🏻👏🏻Сонун мотивация😇
Кыялдар орундалат. 👍👍👍👍👍
Ен соонун болуптур Алла ыраазы Болсун сизден
Мыкты рахмат силерге аракетинерге орусчасынанда кем калган эмес мотивация бердинер дем куч ийгилик каналынарга👍
Рахмат кыялынарга худай буйруса жеткиле
Эн туура
Жакшы эн сонун молодец
Алып ийчи эмес жутуп ийчи создорду айтыптырсын ийгилик оркундоп осо бергиле 👏👏👌😊
Туура айтасын 1000%кошулам
Мен ушунун которулушун куткон элем.Алла ыраазы болсун
Ен соонун
Кыялданам ,Жана ар дайым шугур кылам
Аллахым разы болсун сизден аябай дем бердиниз чоон рахмат менин ойлорум ду окуп койгондой эле болдунуз🤲🤲🤲🤲✊🇰🇬кыялдар орундалсын
Ен сонун болуптур 😍
Кыялдар орундалат...🧚♀️
Ммм койгулачы ошондойбуу
Туура кыялдар орундалат мен ишенем себеби ушуга чейин кыялдарым орундалды
👍
Туура айтасынар!
Видео чыгарып туруңуздар 👍👍👍👍👍
Сонун 👍👍👍ыраазымынбаарыныздардын максатыныздар оорундалсын ийгилик каалайм 🌹🌹🌹💖💖💖
Кыялдарга ишенем
Унун сонун
Рахмат
Сонун
рахмат
Азамат! Рахмат
Сонун супер 👍🏻🌹🌹 эн туура журоктон чыккан создор 👍🌹 6
Аллах шугур
Кыялдануу менен көбүнчө максатка жеткендер толтура...мен кыялданууну жакшы ниеттин бири деп билем.
Эн соонун
СЕЛЕГА ГОМЕЗ ЖАШТЫГЫНДА УШУЛ ИЙЛИЛИКТЕРГЕ ЖЕТИШИНЕ КАТТУУ ИШЕНГЕН
Молодец
Оа былтыр кыйалданчумун машина айдаш учун правам болушу Россия жергесинде туруп бутургонго арекет кылдым алдандым болводу акыры баруга туура келди а бардым алдым кыйалданфп машина айдашты алдым и кыйалданчумун бир нерсе кыларда ойлонуп уктачумун кыйалдан болсун бизнес кыйалдандым болду
План➡️Аракет➡️Дуа➡️ Ийгилик
кыялдар орундалат уурраа 😉
Мен буга чеин коп байкачым, мен ойлогон жаман да жакшы да нерселер боло берчу. Мен жакында эле билдим, биздин ойлорубуз биздин келечектеги жашообуз экенин эми тушунуп отурам 30га чыкканда🤦
💥💥💥
👍👍👍
Кыялын барчаланып кетсечи ,,менин кыялым куруу болду, озумду озум алдагым келбей калды жалган кыял менен
Туура айтасыз
УБАКЫТ АРТКА КАЙТКАНДА МЕН ДЕН СООЛУК М.Н АЛЕКТЕНМЕКМИН.ЖАКШЫ РОЛИК ТАРТЫПСЫҢАР.
Энтуура кыялданышыбызкерек
Саламатсызбы уорон бафет жонундо кыргызча чыгаргылачы сураныч
Адам Баласынын кыялдары качан дароо 100% толук орундалат ? Качан Бейишке киргенде орундалат а Бейишке кируу учун Исламды Кабыл Кылуу керек жана сабырдулуук
менен Жашаш керек .
Ото сонун шыктандыруу. Орусчадан которупсуз, сонун. Бирок сезимдер менен суйлосонуз, анан видеонун сапаты орстардыкындай болбоптур, кантип кылса болот ошондой?
*Сунушуңузга чоң рахмат! Айткандарыңызды эске алабыз!*
Кыялдар орундалат.Марина хелс менен .ким мага кошулат. Кыялдар орундалыш үчүн.
Оа орундалат
Эн сонун кычл
Мен ишенем меникин дайыма болот
Мен эми кыялданам
Оа точга
С.А.В емне деген кыялдануу жонундо.
Салам достор менин каналыма каталып койгулачы,сизге пайдалуу видеолор бар
Русский контентти которупсуз а!
Буйруса бары Жакшы боло👏
👍👍👍👍🙄
Ен соонун болуптур Алла ыраазы Болсун сизден
рахмат
👍👍
👍