"Ак Шоола" балдар хору - Мен кыргыздын уулумун (+ текст)
HTML-код
- Опубликовано: 31 янв 2025
- Сөзү, обону Шакин Эсенгуловдуку
Текст:
Үйү болгон эзелтеден көктө жылдыздын,
Көрк ажайып көз талдырган ээси чындыктын.
Ала-Тоодо ат салышып, бүркүт таптаган,
Мен уулумун - шамал жиреп өскөн кыргыздын.
Сыймыктанам, мактанам,
Жер жүзүнө жар салам:
Мен кыргыздын, мен кыргыздын,
Мен кыргыздын уулумун!
Уламалуу уясындай ыйык Нур-Куттун,
Уюткулуу улут болуп устун тургуздуң.
Кыйындыкта оттой жанып, белин чечпеген,
Мен уулумун - көз ирмебес баатыр кыргыздын.
Түпкүлүгүн түптөп бекем жашоо-турмуштун,
Түк буздурбай сактап боосун таза чындыктын.
Бүт чегелеп түндүгүнө жылдыз кадаган,
Мен уулумун - кут ширеткен чебер кыргыздын.
#АкШоолаБалдарХору #ДетскийХорАкШоола